КММАда Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш чара оттту
Университеттин жашоосу 12 Декабрь 2025

2025-жылдын 12-декабрында кыргыз тили кафедрасы жана КММАнын алдындагы лицей биргеликте улуу жазуучу, дүйнөлүк адабияттын классиги Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган " Айтматов - адамзаттын акылманы" аттуу адабий кече өткөрүштү.

Иш-чаранын максаты - жазуучунун эл аралык деңгээлдеги чыгармачылык мурасын даңазалоо, адамзаттык баалуулуктарга багытталган идеяларын кеңири жайылтуу жана студенттердин руханий - адептик тарбиясын өнүктүрүү болуп эсептелет. Студенттер тарабынан Айтматовдун чыгармаларынан алынган эпизоддор боюнча сахналык композициялар көрсөтүлүп, каармандардын образдык чечмелөөлөрү чеберчилик менен берилди.

Иш-чаранын соңунда улуу жазуучунун идеялары бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой, жаңы муундун дүйнө таанымын калыптандырууда маанилүү роль ойной турганын белгилешти. Адабий кече жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышкан студенттер үчүн таасирдүү жана тарбиялык маанайдагы иш-чара болду