КММАда мамлекеттик тилде окутуу курстары башталат
Университетская жизнь 42 3 Октября 2019

Жакында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясында окутуучуларды, кызматчыларды дифференциалдык ыкма менен мамлекеттик тилде окутуу курстары башталат. Бул иш-чара ЖОЖдун мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан жүргүзүлмөкчү.
Аталган сектор Медакадемиянын 995 кызматкеринин, анын арасында мугалимдер да бар, тил билүү деңгээлин аныктады. Анын ичинен 7 адам С2 деңгээлине, 439 адам С1 деңгээлине жетип, жогорку упайларды топтошту. В1 деңгээлине 153, В2 деңгээлине 143 адам ээ болду. Ал эми 74 адамдын А2, 179 адамдын А1 деңгээлинде кыргыз тилин өздөштүрөөрү ачыкка чыкты.
Сектордун жооптуу кызматкерлеринин айтканына караганда, мындай сынакты өткөрүү улана берет.