Медакадемияда Ак калпак күнү белгиленди
Университетская жизнь 59 5 Марта 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 5-мартында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясында Ак калпак күнү белгиленди. Ири алды, ЖОЖдун киреберишине улуттук баш кийимдин ар кыл түрлөрүнүн сүрөттөрүнөн турган чакан көргөзмө уюштурулду. Андан соң жамааттын мүчөлөрү, өңчөй ак калпакчан мугалимдер менен студенттер салтанаттуу жыйынга чогулушту.


Жыйынды ачып жатып КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова бул күндүн табиялык, таануучулук маанисине кеңири токтолду. Майрамдык ырлар, күүлөр жаңырды.
Белгилей кетчү нерсе, Медакадемиядагы аземеге ошондой эле береги Ак калпак күнүн белгилөөнүн демилечиси Рысбек Жабиров катышты жана сөз сүйлөдү.