КММАда "Ж.Абдрахманов, К.Тыныстанов - кыргыз интеллигенциясынын жүзү" аттуу онлайн конференция болуп өттү
Университетская жизнь 22 25 Июня 2021

Бүгүн, 25-июнь 2021 жылы И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында  Ж.Абдрахманов жана К.Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган "Ж.Абдрахманов, К.Тыныстанов - кыргыз интеллигенциясынын жүзү" аттуу онлайн конференция болуп өттү.

Анын жүрүшүндө академиянын проректору  Гүлсүмкан Жунушалиева, философия жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы ф.и.д. Чолпон Усупова жана кыргыз тили кафедрасынын башчысы п.и.к, доцент Эльмира Абдырасулова сөз сүйлөп, конференциянын катышуучуларына алкыш жана куттуктоо сөздөрүн айтышты.

 

Иш-чарада ИИМ академиясынын жана КММАнын мугалимдери жана студенттери Ж.Абдрахманов жана К.Тыныстанов тууралуу баяндамаларды жасашты.

Айта кетсек, иш-чараны КММАнын философия жана коомдук илимдер кафедрасы кыргыз тили кафедрасы менен биргеликте уюштурушту.