И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 2021-2030-жылдардагы өнүгүү стратегиясы

Учурда өлкөбүздө коомдун керектөөлөрү жана ЖОЖдордун дүйнөлүк деңгээлдеги адистерди даярдоодогу мүмкүнчүлүктөрүнүн арасындагы карама-каршылыктардын өсүшү менен байланыштуу көйгөйлүү маселелер жаралууда. Бат өнүгүп жаткан ишканаларга татаал илимге таянып жасалган продукцияларды дүйнөлүк рынокко чыгаруу үчүн инновациялык технологиялык алга жылуу керектелет, ал эми ЖОЖдор кээде андай алга жылууну камсыздоого жарамдуу кадрларды даярдоого күчү жетпейт.

Окутуу жараянын олуттуу факторлорунун бири болуп билим берүү технологиялары, материалдык-техникалык база жана окуу жайларынын материалдык-техникалык жактан камсыздалышы эсептелет. ЖОЖдун материалдык-техникалык камсыздалышы илимий-техникалык прогресстин өнүгүүсүн, кадрларды мезгилден озуп даярдоону эсепке алууга тийиш.

Квалификациялуу кадрларды даярдоодо заманбап технологиялык базанын (конкреттүү жумуш орундарда колдонулуучу жабдуулар, саламаттыкты сактоо мекемелеринде толук кандуу өндүрүштүк практиканы уюштуруунун мүмкүн эместиги) жоктугу КРдеги билим берүүнүн башка өлкөлөрдөгү даярдоо менен атаандаша албашынын башкы себеби болуп калышы мүмкүн.

 

СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТТАР
  1. Окутуу программаларына жана билим берүү жараянына инновацияларды кийирүү;
  2. Илимий-багытоочу окутууну окуу жараянына кийирүү;
  3. Медициналык илимди практикалык саламаттыкты сактоого кийирүү жана өнүктүрүү;
  4. Коомдун азыркы керектөөлөрүнө ылайык тарбиялык иштердин системасын жакшыртуу;
  5. Илим-билим берүүчү продуктулар/кызматтардын бардык баскычта жүзөгө ашырылышындагы сапатын системалык камсыздоо;
  6. Кызыктар уюмдар менен стратегиялык өнөктөштүктү камсыздоо, эл аралык кызматташтык;
  7. Инновациялык билим берүү жана илимий технологияларды кийирүү үчүн материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү;
  8. Инновациялык инфраструктураны башкаруу системасын түзүү.
1-СТРАТЕГИЯ. ОКУТУУ ПРОГРАММАЛАРЫНА ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАРАЯНЫНА ИННОВАЦИЯЛАРДЫ КИЙИРҮҮ

Максат – билим алуучунун ички мотивациясын жана таанып-билүүчүлүк активдүүлүгүн стимулдаштыруу аркылуу окутуунун натыйжалуулугун көтөрүү, системалык ой жүгүртүүнү, маалыматтык дүйнөдө багыт табууну жана  билимин жогорулатууга жөндөмдүүлүктү калыптандыруу.

Милдеттер:

  1. Билим берүүнүн алдыңкы системасындагы заманбап инновациялык тенденциялар менен технологияларды системалуу талдоо;
  2. Инновациялык билим берүү технологияларын иштеп чыгуу жана КММАнын билим берүү жараянына кийирүү;
  3. КММАдагы окутуунун натыйжалуулугун жана билим алуучулардын компетенциясын талдоонун негизинде билим берүү программалары менен окутуунун технологияларын азыркы дүйнөлүк нормалар жана талаптарга ылайык жакшыртуу;
  4. КММАнын билим алуучуларынын клиникалык даярдыгын көтөрүү;
  5. КММАнын билим берүү жараянында маалыматтык-коммуникативдик технологияларды пайдаланууну кеңейтүү;
  6. Инновациялык билим берүү технологиялары боюнча окутуучулар менен кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу;

Күтүлгөн жыйынтыктар (Индикаторлор):

  1. КММАда пайдаланылган билим берүү усулдары менен технологияларга канааттанган билим алуучулардын пайызынын өсүшү;
  2. Окутуунун инновациялык технологияларын пайдалануу менен иштелип чыккан окуу-усулдук комплекстердин санынын көбөйүшү;
  3. Окутуучуларды 100% билим берүү жараянындагы инновациялык технологияларды билишет жана пайдаланышат;
  4. КММАнын бүтүрүүчүлөрүнө эмгек рыногунда талап көп, жумушка орношкон КММАнын бүтүрүүчүлөрүнүн пайыз бийик.
  5. Эл аралык ЖОЖдордун рейтингинде КММАнын рейтингги жогорулайт.

 

2-СТРАТЕГИЯ. ИЛИМИЙ-БАГЫТООЧУ ОКУТУУНУ ОКУУ ЖАРАЯНЫНА КИЙИРҮҮ

Максат: КММАда билим алуучулардын илимий изилдөөлөрүнүн компетенттүүлүгүн, маалымат мейкиндигинде бат жана туура багыт алуу жөндөмүн, сынчыл ой жүгүртүүсүн, маалыматты талдоосун, корутундуларды негиздөөсүн, турмушта конкреттүү милдеттердин практикалык чечимдерин кабыл алуу үчүн маалыматтардын тактыгына баа берүүнү өнүктүрүү.

Милдеттер:

  1. Билим берүү программалары менен окуу пландарын илим изилдөө компененттерин кошуу менен кайра карап чыгуу;
  2. КММАда билим алгандарды илимий изилдөөлөргө активдүү аралаштыруу;
  3. КММАда билим алгандар үчүн гранттык изилдөөчүлүк долбоорлорду өнүктүрүү.

Күтүлгөн жыйынтыктар (Индикаторлор):

  1. Изилдөө долбооруна тартылган билим алуучулардын пайызынын өсүшү; 2. Студенттердин илимий публикацияларынын санын өсүшү;
  2. Билим алуучулардын илимий-практикалык конференцияларга катышуусунун өсүшү;
  3. КММАда билим алгандардын катышуусу менен гранттык изилдөө борборлорунун санын көбөйүшү;
  4. Эл аралык студенттик олимпиадалардагы байгелүү орундардын санынын өсүшү.

 

3-СТРАТЕГИЯ. МЕДИЦИНАЛЫК ИЛИМДИ ПРАКТИКАЛЫК САЛАМАТТЫКТЫ САКТООГО КИЙИРҮҮ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ

Максат: Инновациялык технологияларды практикалык саламаттыкты сактоого алып келүүнүн негизинде жогорку технологиялык инновациялык продуктуларды/кызматтарды түзүүгө багытталган медициналык илимди өнүктүрүү. КММАнын илимий изилдөөлөрү менен иштеп чыгууларын дүйнөлүк деңгээлге чейин жеткирүү жана глобалдык илимий мейкиндикке интеграциялануу.

Милдеттер:

  1. Окуу жайынын мазмунуна чеүүчү таасир этүүчү мезгилинен озгон илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  2. Саламаттыкты сактоонун ири илимий жанр же практикалык проблемаларын чечүүгө багытталган комплекстүү дисципиналар аралык долбоорлорду түзүү, ЖОЖдор аралык илимий долбоорлорду жана илимий кызматташууну өнүктүрүү;
  3. Фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун көтөрүү;
  4. Инновациялык продукцияларга туруктуу талапты камсыздоочу шарттарды түзүү жана аларды практикалык саламаттыкты сактоого кийирүү;
  5. Эл аралык деңгээлдеги проблемалык илимий лабораторияларды түзүү;
  6. Профессордук-окутуучулук курамдын профессионалдык өсүшүн илимий-квалификаялык жактан камсыздоо.

Күтүлгөн жыйынтыктар (Индикаторлор):

  1. ИИИ каржылаган жана эл аралык илимий-изилдөө долбоорлорун көбөйүшү;
  2. КММАнын кызматкерлерин цитаталоонүн жана илимий деңгээлдин жогору индексине (Хирштин индекси) ээ илимий материалдардын санынын өсүшү;
  3. Практикалык саламаттыкты сактоого кийирилген патент жана актылардын санынын өсүшү.

 

4-СТРАТЕГИЯ. КООМДУН АЗЫРКЫ КЕРЕКТӨӨЛӨРҮНӨ ЫЛАЙЫК ТАРБИЯ ИШТЕРИНИН СИСТЕМАСЫН ЖАКШЫРТУУ

Максат: Билим алуучулардын жалпы адамзаттык жана ата мекендик нарктарынын негизиндеги өнүгүшү үчүн шарт түзүү; алардан турмуштан жолун табууга, адеп-ахлактык, жарандык жана адистик жактан жетилүүсүнө жардамдашуу, инсандын мүмкүнчүлүгүнүн ачылышына шарт түзүү.

Милдеттер:

  1. Инсандын дүйнө таануусун жана базалык нарктарынын системасын, моралдын жалпы адамзаттык нормаларын, коомдун адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарын сактоого жана көбөйтүүгө каалоосун калыптандыруу;
  2. Билим алуучулардын энетилин, расмий тилди, ошондой эле эл аралык тилдерди эркин билген көп тилдүү жаңы муунун калыптандыруу, тил маданиятынын деңгээлин көтөрүү;
  3. Билим алуучулардагы укуктук билимди, мыйзамдарды, академиялык салттарды сактоого жооптуу мамиле жасоону калыптандыруу, университеттик корпоративизмдин духунда тарбиялоо;
  4. Чыгармачыл инсандын өнүгүүсүн жана аны социалдык-психологиялык колдоону камсыздоо;
  5. Натыйжалуу профессионалдык ишмердүүлүк үчүн керектүү инсандык сапаттарды, профессионалдык этика менен ар-намысты калыптандыруу;
  6. Жашоонун жаркын образына инсандын ички керектөөсүн тарбиялоо;
  7. Жаратылыш менен социомаданий чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу;
  8. Студенттик өзүн өзү башкаруу системасын өнүктүрүү.

Күтүлгөн натыйжалар (Индикаторлор):

  1. Ыктыярчылардын программалары менен катышуучулардын санынын көбөйүшү;
  2. Билим алуучулардын жамаатынын активдүүлүгүнүн жана алардын КММАнын билим берүү кызматынын сапатын көтөрүүдөгү ролунун өсүшү;
  3. Билим алуучулардын КММАнын билим берүү кызматынын сапатына канатануусунун өсүшү;
  4. КММАнын ички иш тартибинин жана корпоративдик этикасынын эрежелеринин бузулушунун санынын кыскарышы;
  5. Кыргыз тилинде билим алуучулардын санынын, кыргыз тилиндеги иш кагаздардын пайызынын көбөйүшү.
5-СТРАТЕГИЯ. ИЛИМ-БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ ПРОДУКТУЛАР/КЫЗМАТТАРДЫН БАРДЫК БАСКЫЧТА ЖҮЗӨГӨ АШЫРЫЛЫШЫНДАГЫ САПАТЫН СИСТЕМАЛУУ КАМСЫЗДОО

Максат: Билим берүү жараянынын бардык баскычтары менен этаптарындагы сапат көрсөткүчтөрүн көтөрүү үчүн шарттарды түзүү.

Милдеттер:

  1. Жумуш берүүчүлөрдүн жана жалпы коомдун күтүүлөрү менен суроо-талаптарын, рыноктун керектөөлөрүн баалоо;
  2. Медициналык жана фармацевттик билим берүү менен илимдин системасын өнүктүрүүнүн заманбап тенденцияларын талдоо;
  3. КММАнын билим берүү кызматынын сапатын жана керектөөчүлөрдүн билим берүү кызматына канаатануусун баалоо;
  4. Билим берүү системасы менен саясатын, мындайча айтканда, билим берүүнүн сапатынын жана моноторингдин ички системасынын натыйжаларын жакшыртуу;
  5. КММАнын кадр потенциалын көтөрүү, өзүн өзү өстүрүү жана квалификацияны көтөрүү үчүн персоналды стимулдаштыруу системасын жакшыртуу;
  6. Билим берүү жараянын окуу-усулдук камсыздоонун сапатын көтөрүү;
  7. Билим алуучуну өзүнүн окуу ишмердүүлүгүн пландаштырууга, өзүн өзү өстүрүү ыктарын өнүктүрүүгө шыктандырган билим менен тажрыйбаны көзөмөлдөө системасын жакшыртуу.

Күтүлгөн натыйжалар (Индикаторлор):

  1. Билим алуучулар менен окутуучулардын билим алуу жараянынын сапатына канаатануунун пайызынын көбөйүшү ;
  2. Эл аралык аккредитациядан өтүү;
  3. КММАнын медициналык профилдеги ЖОЖдордун арасындагы рейтингнин өсүшү.
6-СТРАТЕГИЯ. КЫЗЫКТАР УЮМДАР МЕНЕН СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНӨКТӨШТҮКТҮ КАМСЫЗДОО, ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК

Максат: КММАнын билим берүү кызматынын жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн натыйжаларынын керектөөлөрү болуп эсептелген, ЖОЖ менен биргеликте билим берүү жана профессионалдык ишмердүүлүк чөйрөсүндө узак мөөнөттүү жүзөгө ашырган жана анын өнүгүшүнө катышкан өнөктөштөр менен институтционалдык маилелерди түзүү жана өнүктүрүү, КММАны дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо.

Милдеттер:

  1. Билим алуучуларды өндүрүштүк жана технологиялык практикадан өткөрүү үчүн клиникалык базаларды кеңейтүү жана өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо уюмдарынын базасында филиалдарды түзүү;
  2. КММАнын дарылоо потенциалын КРнын саламаттыкты сактоосунун дарылоо-диагностикалык, илимий-практикалык жана профилакктикалык милдеттерин чечүүгө пайдалануу;
  3. Билим алуучулар менен профессордук-окутуучулук курамдын академиялык мобилдүүлүгүн андан ары жакшыртуу;
  4. Кош дипломдуулук программасын өнүктүрүү, дүйнөлүк ири дисиплина аралык консорциумдар менен бирикмелерге катышуу;
  5. Биргелешкен илимий-изилдөөчүлүк жана инновациялык иштерди өткөрүүдө КММАнын эл аралык байланыштарын күчөтүү, биргелешкен илимий-билим берүү жана инновациялык структураларын түзүү;
  6. КММАнын жана бизнес-коомчулуктун стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү.

Күтүлгөн натыйжалар (Индикаторлор):

  1. Клиникалык базалардын, анын ичинде чет мамлекеттеги базалардын санынын көбөйүшү;
  2. Билим алуучулар менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн, ириде, алыскы чет мамлекеттердеги мобилдүүлүгүнүн өсүшү;
  3. Кош дипломдуулук программасынын болушу;
  4. Эл аралык долбоорлордун санынын көбөйүшү.

 

7-СТРАТЕГИЯ. ИННОВАЦИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМИЙ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КИЙИРҮҮ ҮЧҮН МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ

Максат: Инновациялык билим берүү жана илимий технологияларды кийирүү үчүн КММАнын материалдык-техникалык базасын модернизациялоо.

Милдеттер:

  1. Имараттар менен бөлмө-жайларды модернизациялоо (капиталдык жана агымдагы оңдоп-түзөө);
  2. Жаңы окуу корпустарын, клиникаларды куруу;
  3. Окутуунун жана изилдөөнүн жаңы технологиялары, техникалык каражаттары (компьютерлер, лабороториялык жана медициналык жабдуулар ж.б.) камсыздоо:
  4. Билим берүү жана илимий-изилдөөчүлүк жараяндарды зарыл материалдар менен камсыздоо;
  5. Материалдык-ресурстарды модернизациялоо, билим берүү жараянын электрондук(санариптик) жана программалык ресурстар менен камсыздоо;
  6. Студент, окутуучу жана кызматкерлердин жашоо шартын жакшыртуу;

Күтүлгөн натыйжалар (Индикаторлор):

  1. Материалдык-техникалык базанын негизги билим берүү программаларына ылайык келиши жана анын соңку 5 жылдагы динамикасы (ЖОЖдун окуу жабдууларын сатып алууга чыгымы);
  2. Материалдык базанын окуу жараянында пайдаланылышынын даражасы жана окуу-лабороториялык жабдуу менен жабдылышынын деңгээли;
  3. Адистерди даярдоодо пайдалануучу сейрек жабдуу жана башка техникалык каражаттардын болушу.

 

8-СТРАТЕГИЯ. ИННОВАЦИАЛЫК ИНФРАСТРУКТУРАНЫ БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫН ТҮЗҮҮ

Максат: КММАнын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн инновациялык мамилени камсыздоого жөндөмдүү натыйжалуу башкаруу системасын өнүктүрүү;

Милдеттер:

  1. КММАнын инновациялык инфраструктурасынын объектериндеги керектөөлөрдү пландаштырууну рационализациялоо;
  2. Жаңыларын кийирүү жана колдогу маалыматтык система/технологияларды өнүктүрүү аркылуу ЖОЖду башкаруунун натыйжалуулугун көтөрүү;
  3. Кадр саясатынын сапатын көтөрүү, инновациялык чөйрөнүн кызматкерлерин стимулдаштыруу;
  4. Бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу, жеке-мамлекеттик өнөктөштүктүн механизмдерин жузөгө ашыруу.

Күтүлгөн натыйжалар (Индикаторлор):