Хирургиялык стоматология жана бет-жаак хирургиясы кафедрасы
Байланыш маалыматы
Кафедра кызматкерлери
Ургуналиев Бакыт Кубанычбекович
Ургуналиев Бакыт Кубанычбекович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Кафедра башчысы
Курамаева Ульяна Кудайкуловна
Курамаева Ульяна Кудайкуловна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Кызматы:
Баш мугалим
Бакиев Бактияр Абдуллаевич
Бакиев Бактияр Абдуллаевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Шаяхметов Давлетша Белекович
Шаяхметов Давлетша Белекович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор м.а.
Токтосунов Айтмамат Токтосунович
Токтосунов Айтмамат Токтосунович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Тажибаев Адылжан Юлдашбаевич
Тажибаев Адылжан Юлдашбаевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Токтосунова Салтанат Айтмаматовна
Токтосунова Салтанат Айтмаматовна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Миникеев Ильдар Масхутович
Миникеев Ильдар Масхутович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Ассистент
Джумалиев Аскар Артыкбаевич
Джумалиев Аскар Артыкбаевич
Кызматы:
Ассистент
Кубанычбеков Мирлан Кубанычбекович
Кубанычбеков Мирлан Кубанычбекович
Кызматы:
Ассистент
Шигабутдинова Мария Равильевна
Шигабутдинова Мария Равильевна
Кызматы:
Ассистент
Кемелбекова Айсанат Кемелбековна
Кемелбекова Айсанат Кемелбековна
Кызматы:
Ассистент
Исаков Арген Осмонович
Исаков Арген Осмонович
Кызматы:
Ассистент
Шаршенов Урмат Эмилбекович
Шаршенов Урмат Эмилбекович
Кызматы:
Ассистент
Алмакунова Жыпара Бактыбековна
Алмакунова Жыпара Бактыбековна
Кызматы:
Ассистент
Медербеков Кубан Максатбекович
Медербеков Кубан Максатбекович
Кызматы:
Ассистент
Степанчук Игорь Викторович
Степанчук Игорь Викторович
Кызматы:
Ассистент
Абдибали уулу Өмүрзак
Абдибали уулу Өмүрзак
Кызматы:
Ассистент
Дербишалиева Аруан Аспековна
Дербишалиева Аруан Аспековна
Кызматы:
Ассистент
Ибраимова Арисель Адильбековна
Ибраимова Арисель Адильбековна
Кызматы:
Ассистент
Исмаилова Айжан Болотбековна
Исмаилова Айжан Болотбековна
Кызматы:
Ассистент
Кадыров Кубатбек Мусаевич
Кадыров Кубатбек Мусаевич
Кызматы:
Ассистент
Слесаренко Евгений Андреевич
Слесаренко Евгений Андреевич
Кызматы:
Ассистент
Тажибаев Азизбек Адылжанович
Тажибаев Азизбек Адылжанович
Кызматы:
Ассистент
Эшпаев Жоомарт Кайратович
Эшпаев Жоомарт Кайратович
Кызматы:
Ассистент
Эрмекбаева Алтынай Апсаматовна
Эрмекбаева Алтынай Апсаматовна
Кызматы:
Медайым
Романова Кулясина Джусупбековна
Романова Кулясина Джусупбековна
Кызматы:
Улук лаборант
Абесова Сауле Айткеримовна
Абесова Сауле Айткеримовна
Кызматы:
Лаборант
Кыскача тарыхы

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын хирургиялык стоматология жана бет-жаак хирургия кафедрасынын негизделиши болуп 1946-жыл эсептелет. 1946- жылы КММИнин госпиталдык хирургия кафедрасынын (ССМ РКОнун госпиталдык хирургия бөлүмүнүн) клиникалык базасында стоматология боюнча курс негизделген. КММИнин “дарылоо иши” факультетинин студенттери, тиштердин жана бет-жаак системасынын патологиялары жана бет-жаак хирургиясынын негиздери тууралуу маселелерди окуп-үйрөнүшкөн (ассистент Я. М. Снежко окуткан). Я. М. Снежко 1951-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, 1956-жылы доцент наамын алган. Андан кийин КММИнин ошол эле госпиталдык хирургия кафедрасынын клиникалык базасында стоматология боюнча доценттик курс болуп өзгөртүлүп, стоматологиялык сабактар окутулуп келген.

Кыргызстандагы стоматологиянын өнүгүшүндөгү эң маанилүү учур болуп, 1960-жылы КММИге караштуу стоматология факультетинин негизделиши жана стоматология боюнча доценттик курстун базасында өз алдынча стоматология кафедрасынын ачылышы саналат (кафедра башчысы доцент Снежко Яков Макарович болгон): 

Стоматология кафедрасынын базасында 1962-жылы эки кафедра: хирургиялык жана балдар стоматологиясы кафедрасы, тиш дарылоо жана ортопедиялык стоматология кафедрасы түзүлгөн. 

Хирургиялык жана балдар стоматологиясы кафедрасын (клиникалык базасы болуп ССМ РКОнун бет-жаак бөлүмү эсептелип) 1962-жылдан тартып, 1973-жылга чейин м. и. к., доцент Я.М.Снежко жетектеген.

Доцент Я. М. Снежконун жетекчилиги менен кафедрадагы кызматкерлердин клиникалык ишмердүүлүгүндө окутуучулук иштер менен бирге илимий изилдөөлөр айкалышкан. Тиштердин жана бет-жаак бөлүгүнүн сезгенме ооруларынан жабыркаган бейтаптарга адистештирилген медициналык жардам көрсөтүлө баштаган. Сезгенме ооруларынан жабыркаган, бет-жаак бөлүгүнүн жумшак жана сөөк ткандары жаракатка кабылган жана онкопатологиялуу бейтаптарга жардамдар берилип, мындан тышкары жергиликтүү пластикалоо ыкмалары колдонулган.

1973-жылы 1-ЛММИде “Астыңкы жаак сөөктѳрүнүн кемтиктеринин пластикасы” аттуу докторлук диссертацияны жактагандан кийин (Ленинград ш., 1972-ж.),  Павлов Борис Львович КММИнин хирургиялык кафедрасынын башчысы кызматына конкурстун негизинде тандалып алынып, кафедраны 1981-жылга чейин жетектеген. 

1981-жылы хирургиялык стоматология кафедрасы өз алдынча болуп бөлүнгөндөн тартып, 2004-жылга чейин кафедраны м.и.д., профессор  Шейнман Виктор Юльевич жетектеген:

2004-жылдан 2010-жылга чейин кафедраны, учурдагы м.и.д., профессор  Бакиев Бахтияр Абдуллаевич башкарган.

2010-жылдан 2015-жылдары кафедраны м.и.к., доцент Токтосунов Айтмамат Токтосунович жетектеген.

2016-жылдан, бүгүнкү күнгө чейин кафедраны м.и.к., доцент  Ургуналиев Бакыт Кубанычбекович жетекчилик кылып келет.

Кафедранын клиникалык базасы болуп төмөнкүлөр саналат: КР ССМге караштуу УГнын бет-жаакты калыбына келтирүүчү жана пластикалык хирургия бөлүмү, стоматологиялык окуу-илимий-клиникалык борбор (СОИКБ), КР ССМ караштуу Улуттук онкология жана гематология борборундагы баш-моюн онкологиялык шишиктери бѳлүмү (КР ССМ УОжГБ) жана  №4, №5 шаардык стоматологиялык бейтапканалар.

Профессордук-окутуучулар курамында 22 кызматкерлер эмгектенишет: алар 2 м.и.д., профессорлору, 5 доценттер, 2 доценттин м.а., 2 м.и.к. жана 13 ассистент. 

Студенттердин илимий-изилдөө иштери кафедранын ИИИ (илимий-изилдөө иштер) алкагында жана “Патологиялык абалдар жана оперативдик кийлигишүүлөрдү моделдөөнүн негизинде студенттерди фантомдук окутуу” темасы боюнча жүргүзүлөт. СИИИнин негизги жыйынтыктары тууралуу КММАнын жана КР Стоматологиялык ассоциациясынын жыл сайын өткөрүлүүчү конференция, съезддеринде, мындан тышкары студенттердин эл аралык конференцияларында баяндамалар жасалып, 6 грамота жана дипломго татыктуу болгон.

Илимий изилдөө  багыты

·         «КР калкына хирургиялык стоматологиялык жардам көрсөтүү жана уюштуруу иштерин жакшыртуу» (кафедранын темасы);

·         Негизги стоматологиялык ооруларды аныктоонун, дарылоонун жана алдын алуунун заманбап ыкмаларын иштеп чыгуу жана практикалык стоматологияга киргизүү;

·         БЖХнын негизги бөлүмдөрү боюнча ооруну алдын алуу жана дарылоо: сезгенме оорулар, онкологиялык оорулар, травматология, кемтиктер жана деформациялар, имплантология.

·         Кыргызстандын бийик тоолуу райондорунда жашагандарга хирургиялык стоматологиялык жардам көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү;

·         Тиш дарыгерлеринин иштөө шарттарын баалоо; 

·         Майыптардын, улгайган жана карыган адамдардын стоматологиялык жардамга муктаждыктары; 

·         Тиш-жаак системасынын ооруларын заманбап ыкмаларды колдонуу менен алдын алуу жана комплекстүү дарылоо.

Окуу иштери
  • 1-5 курстагы тайпаларда календарлык пландын негизинде практикалык сабактарды өткөрүү.
  • Календарлык планга ылайык лекцияларды окуу.
  • Ассистенттин көзөмөлүндө студенттердин өз алдынча иштерин (фантомдорду даярдоо, оорулууларды кабыл алуу) уюштуруу, конспектилерди түзүү.
  • Графиктин негизинде кайра тапшырууларды кабыл алуу жана кеңеш берүү.
  • Көчүрүү жана мамлекеттик жыйынтыктоочу сынактарды өткөрүү.
  • Жаш ассистенттер менен иштөө.
  • Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу (КЖФ), КР Стоматологиялык ассоциациясынын конференцияларында, съезддеринде жана отурумдарында баяндама жасоо.
Усулдук иштер
  • 2,4 жана 5-курстун студенттери, интерн жана клиникалык ординаторлор үчүн сынактык суроолорду түзүү жана басып чыгаруу
  • Жетишпеген студенттер менен иштөө
  • Мыкты окуган студенттер менен иштөө
  • Студенттер арасында олимпиадаларды өткөрүү
  • Студенттер үчүн жаңы окуу-усулдук иштелмелерди басып чыгаруу
  • Көрсөтмөлүү жана ачык сабактарды өткөрүү
  • Практикалык сабактарга жана лекцияларга катышуу
  • Практикалык сабактарга жана лекцияларга өз ара катышуу
Дарылоо-кеңеш берүү иштери
  • Кафедранын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын жана республиканын райондорунун жашоочуларына дарылоо жана кеңеш берүү жардамдары көрсөтүлөт;
  • Жыл сайын республиканын райондорунда жана стоматологиялык бейтапканаларында практикалык конференциялар өткөрүлөт;
  • Кафедрада ооруларды хирургиялык жол менен дарылоонун заманбап ыкмалары ишке киргизилет;
  • Ар түрдүү конструкцияларды колдонуу менен имплантациялоо;
  • Жакынкы жана алыскы чет элдик адистерди чакыруу менен мастер-класстар өткөрүлөт.
Фотогалерея

“Хирургиялык стоматологиянын жана бет-жаак хирургиясынын актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык (Россиянын, Украинанын, Казакстан, Озбекстандын окумуштууларынын катышуусундагы) илимий-тажрыйбалык конференция. Ысык-Көл, 2017-ж., июнь.

Студенттер менен кураторлук иштер. Ботаникалык бакчадагы ишембилик

Балдар үйүнө баруу

Россиянын Сиалологдор ассоциациясынын президенти, Москва шаарындагы МММСУнун бет-жаак бөлүгүнүн травматологиясы кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор В.В.Афанасьевдин 70 жылдык мааракесине арналган “Сиалоадениттен жабыркаган оорулууларды дарылоо иштеринин көлөмүн аныктоо” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция, 25.10.2016.

Эл аралык конференция (FDA Бүткүл дүйнөлүк стоматологдор ассоциациясынын президенти).

Токтосунов А.Т.- к.м.н., доцент кафедры хирургической стоматологии и челюстно-лицевой хирургии КГМА им. И.К. Ахунбаева

Кафедра кызматкерлеринин эс алуу учурлары (Ысык-Кѳлдѳ).

Майрам күндөрдөн бир элес.