М.С. Мусуралиев атындагы акушерлик жана гинекология кафедрасы
Байланыш маалыматы:
Кафедра кызматкерлери
Алмаз Макенжан уулу
Алмаз Макенжан уулу
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Кызматы:
Кафедра башчысы
Кангельдиева Айгуль Аманбековна
Кангельдиева Айгуль Аманбековна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Макенжанова Мээрим Макенжановна
Макенжанова Мээрим Макенжановна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Баш мугалим
Рыскулова Бубайша Абдывачаевна
Рыскулова Бубайша Абдывачаевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Сеитова Райхан Дуйшанбековна
Сеитова Райхан Дуйшанбековна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Теппеева Татьяна Хаджимусаевна
Теппеева Татьяна Хаджимусаевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Джетигенова Салима Ашымбековна
Джетигенова Салима Ашымбековна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Карымшакова Каныш Карымшаковна
Карымшакова Каныш Карымшаковна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Исакова Жылдыз Казыбаевна
Исакова Жылдыз Казыбаевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Насирдинова Жылдыз Мамытовна
Насирдинова Жылдыз Мамытовна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Иманкулова Чолпон Байышевна
Иманкулова Чолпон Байышевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Кызматы:
Ассистент
Омуркулова Гульжан Самудиновна
Омуркулова Гульжан Самудиновна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Кызматы:
Ассистент
Мырзалиева Индира Замировна
Мырзалиева Индира Замировна
Кызматы:
Ассистент
Болджурова Жаннат Бакачиевна
Болджурова Жаннат Бакачиевна
Кызматы:
Ассистент
Аманбекова Айкерим Эмильбековна
Аманбекова Айкерим Эмильбековна
Кызматы:
Ассистент
Сулайманова Нурайым Рашидовна
Сулайманова Нурайым Рашидовна
Кызматы:
Ассистент
Бейшеналыева Фарида Бейшеналыевна
Бейшеналыева Фарида Бейшеналыевна
Кызматы:
Ассистент
Оморкулова Элнура Акылбековна
Оморкулова Элнура Акылбековна
Кызматы:
Улук лаборант
Качаганова Сауле Доктурбаевна
Качаганова Сауле Доктурбаевна
Кызматы:
Лаборант
Кыскача тарыхы

КММИнин акушерлик жана гинекология кафедрасы 1941-жылы негизделген. Акушерлик жана гинекология илиминин өнүгүсүнө чоң салым кошкон биринчи окумуштуулар, кафедраны жетектеген профессорлор: М.И. Выдрин (1941-1944) жана Л.Е. Гуртовой (1944-1948), С.Л. Кейлин (1948 - 1954), М.Н. Лехтман (1954-1976).

Профессор И.М.Лебедева кафедраны 1976-1992 жылдары башкарган. Анын жетекчилиги менен бийик тоо шартында перинаталогия тармагы боюнча 1 докторлук жана 18 кандидаттык диссертациялар жакталган:

  • М.С. Мусуралиев, 1984;
  • Б.А.Рыскулова, 1985;
  • К.К.Карымшакова, 1985;
  • А.Я. Шаменова, 1989;
  • Г.Д. Бейшенбиева, 1990;
  • Ш.Медербекова, 1990;
  • Ч.К. Калканбаева, 1992;
  • Э.Б.Шабыкеева, 1992 ж.б.

 

 

1992-2021-жылдары кафедраны медицина илимдеринин доктору, профессор, Көз карандысыз илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (Москва, 1992), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери М.С.Мусуралиев жетектеген. Анын 290дон ашык эмгектери, анын ичинде монографиялар, окуу куралдары - 28, студенттер жана акушерлик жана гинекология боюнча дарыгерлер үчүн 31 окуу китеби жарык көргөн, 12 патент алган. М.С.Мусуралиев 6 медицина илимдеринин докторун (А.К. Шаршенов, 2001; Б.А. Какеев, 2007; Бейшембиева Г.Ж., 2011; Хушвахтова Э.Х., 2012; Байгазаков А.Т., 2017, Ф.С. Джаманкулова, 2021) жана 11 медицина илимдеринин кандидаттарын даярдаган.

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын №1 акушерлик жана гинекология кафедрасын 1992-жылдан жетектеп турганда Мусуралиев М.С. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана эл аралык уюмдар менен биргеликте эл аралык программанын алкагында дарыгерлер үчүн  50дөн ашык клиникалык окуу курстарын өткөрдү. Ошондой эле тажрыйбалуу дарыгер катары Мусуралиев М.С. санитардык авиация аркылуу республикада шашылыш акушерлик жардам көрсөткөн. Ал 12 миңден ашык татаал акушерлик-гинекологиялык операцияларды жасаган.

 

Профессор Мусуралиев М.С. “Акушерлик жана гинекологиядагы типтүү операциялар жана шашылыш акушерлик жардам көрсөтүүдө хирургиялык кийлигишүү технологиясынын өзгөчөлүктөрү” тренинг-семинарынын алкагында операция учурунда.

 

2021-жылдан азыркы учурга чейин кафедраны медицина илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун отличниги Алмаз Макенжан уулу жетектейт. Ал Кыргыз Республикасындагы Перинаталдык өлүмдүн жашыруун аудитинин  биринчи (2020) жана экинчи (2021) изилдөөсү боюнча эксперт. Ал 2022-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүлгөн Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-турумунун (HBSC) биринчи улуттук изилдөөсүнүн башкы изилдөөчүсү. 2011-жылдан бери республикада санитардык авиация аркылуу тез акушерлик жардам көрсөтөт.

Кафедранын башчысы Макенжан уулу Алмаз жана кафедранын ассистенти Макенжанова М.М. кесардык кесүү операциясы учурунда.

 

М.С.Мусуралиев атындагы акушерлик жана гинекология кафедрасынын коллективи.

 

М.С.Мусуралиев атындагы акушерлик жана гинекология кафедрасынын кызматкерлери Нооруз майрамында «Жалпы медицина 2» факультетинин командасынын курамында.

Окуу-методикалык иш

Акушерлик жана гинекология боюнча окутуу комплекстүү узак мөөнөттүү программа боюнча контракттык жана бюджеттик окутуунун медициналык факультетинин 3, 4, 5, 6-курстарында жалпы практикалык дарыгерди даярдоонун алкагында жүргүзүлөт.

Акушерлик жана гинекология боюнча жаңы мультимедиялык лекциялар коопсуз энелик принциптерин киргизүү менен, далилдүү медицинага жана Улуттук программага негизделген. Практикалык сабактар клиникалык практика менен өткөрүлөт. Дарылоо иши, педиатриялык жана медициналык алдын алуу иши факультеттеринин  бардык курстары боюнча окуу көрсөткүчтөрүн баалоо КММА тарабынан бекитилген баллдык-рейтингдик система боюнча жүргүзүлөт.

Кафедрада окутуу процессинде негизги окуу китептеринен тышкары акушерлик жана гинекология боюнча студенттер үчүн окуу-методикалык колдонмолор колдонулат, кафедра кызматкерлери тарабынан түзүлүп, проф. Мусуралиев М.С. редакциясы менен басылып чыгарылган: «Акушерство», (1996, 332 б.); «Гинекология», (1998, 139 б.); «Obstetrics and Gynecology» (Abstract book)» (2011, 122 б.). Врачтар, ординаторлор жана интерндер үчүн окуу куралдары: «Избранные вопросы акушерства» (1-бөлүк, 2-басылышы, - Б.: 2006 - 326 б.; 2-бөлүк. 2-басылышы, - Б.: 2006. 352 б.); «Акушердик терминдик түшүндүрмө сөздүк» (2011, 188 б.); «Практические навыки, используемые в акушерстве и гинекологии (обучение клиническим навыкам)» (2017, 128 б.).

JHPIEGO корпорациясынын акушерлик жана гинекология боюнча эл аралык билим берүү программасынын алкагында Джонс Хопкинс университети (Балтимор) менен кызматташуунун негизинде БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду Мусуралиев М.С. жана кафедранын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жумушчу тобу менен бирдикте студенттерди жана дарыгерлерди «Репродуктивдүү ден соолук жана үй-бүлөнү пландаштыруу» окуу программасына дипломго чейинки жана дипломдон кийинки даярдоо деңгээлинде иштеп чыгышкан (1997), ошондой эле программа Кыргыз Республикасында акушер-гинекологдорду дипломдон кийинки даярдоо практикасына жана үй-бүлөлүк медицина боюнча дарыгерлерди даярдоого киргизилген.

Жарыяланган окуу куралдары: «Минилапаротомия и типичные оперативные вмешательства в акушерстве» (2004, 176 б.); «Клиническое преподавание практических навыков» (2005, 346 б.); «Предоставление услуг по планированию семьи в послеродовом и послеабортном периодах» (2009, 168 б.); «Малоинвазивная органосберегающая технология при коагулопатических массивных акушерских кровотечениях», Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин методикалык сунуштары, Бишкек, 2010, 36 б. (Мусуралиев М.С., Кангельдиева А.А, Бошкоев Ж.Б., Макенжан уулу А. ж.б.); «Оказание помощи при неотложных акушерских состояниях», Акушерлик уюмдардын медициналык кызматкерлери үчүн методикалык колдонмо, (2013, 252 б.).  Мусуралиев М.С., Джетигенова С.А. Теппеева Т.Х. Сеитова Р.Д., Исакова Ж.К. курамындагы жумушчу тобу тарабынан «Акушер-гинеколог» адистиги боюнча компетенциялар каталогун (дипломдон кийинки даярдоо) иштеп чыгарылган жана бекитилген.

Кафедранын кызматкерлери клиникалык ординаторлордун, дарылоо иши факультетинин 4, 5, 6-курстарынын, педиатриялык факультетинин 4, 5-курстарынын студенттеринин окуу процессине жана  практикалык саламаттык сактоого киргизилген улуттук клиникалык протоколдорду даярдоого активдүү катышкан.

Кафедранын кызматкерлеринин катышуусу менен улуттук клиникалык протоколдордун тизмеси:

  • Мусуралиев М.С.: Затяжные и обструктивные роды; Послеродовый сепсис;
  • Рыскулова Б.А,. Исакова Ж.К.: Железодефицитная анемия, скрининг, профилактика и лечение;
  • Макенжан уулу А.: Анестезиологическая и реанимационная  помощь при критических состояниях в акушерстве; Профилактика и лечение послеродового кровотечения; Кесарево сечение.

Улуттук изилдөө отчеттору жарыяланган:

  • Кыргыз Республикасынын пилоттук саламаттык сактоо уюмдарында жашыруун перинаталдык аудиттин жыйынтыктары жөнүндө экинчи отчет. 2021г. (Макенжан уулу А.).
  • «Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму» аттуу биринчи улуттук изилдөөнүн отчету (Health Behavior of School aged Children, HBSC). 2022г. (Макенжан уулу А.)
https://kyrgyzstan.un.org/sites/default/files/2023-02/HBSC%20final%20rus%20short_1.pdf.
Окуу иштери

Кафедра студенттерге үч тилде: орус, кыргыз жана англис тилдеринде билим берилет. Дисциплиналар:

Дарылоо иши факультетинин 3-курсу:

  • Репродуктивдүү система

Дарылоо иши англис тилинде окутуу факультетинин 3-курсу:

  • Репродуктивдүү система

Дарылоо иши факультетинин 4-курсу:

  • Патологиялык акушерлик
  • Гинекология
  • «Бөйрөктүн, боордун жана мээнин сейрек кездешүүчү ооруларында кош бойлуулукту жана төрөттү алып баруунун практикалык принциптери» элективдик курсу
  • «Оорукананын дарыгеринин жардамчысы» өндүрүштүк практикасы

4-курс «Медициналык алдын алуу иши» факультети:

  • Акушерлик
  • Гинекология
  • «Оорукананын дарыгеринин жардамчысы» өндүрүштүк практикасы

Педиатрия факультетинин 4-курсу:

  • Акушерлик
  • «Оорукананын дарыгеринин жардамчысы» өндүрүштүк практикасы

Дарылоо иши англис тилинде окутуу факультетинин 4-курсу:

  • Патологиялык акушерлик
  • Гинекология
  • «Бөйрөктүн, боордун жана мээнин сейрек кездешүүчү ооруларында кош бойлуулукту жана төрөттү башкаруунун практикалык принциптери» элективдик курсу
  • «Үй-бүлөнү пландаштырууда КРT (көмөкчү репродуктивдүү технологиялар) ролу» элективдик курсу
  • «Оорукананын дарыгеринин жардамчысы» өндүрүштүк практикасы

Дарылоо иши факультетинин 5-курсу:

  • «Үй-бүлөнү пландаштырууда КРT (көмөкчү репродуктивдүү технологиялар) ролу» элективдик курсу

Педиатрия факультетинин 5-курсу:

  • Гинекология
  • «Үй-бүлөнү пландаштырууда КРT (көмөкчү репродуктивдүү технологиялар) ролу» элективдик курсу

Дарылоо иши англис тилинде окутуу факультетинин 5-курсу:

  • Поликлиникалык акушерлик жана гинекология
  • «ΥДТ врачтын жардамчысы» өндүрүштүк практикасы

Дарылоо иши факультетинин 6-курсу:

  • Поликлиникалык акушерлик жана гинекология
  • Симуляция курсу
  • «Веноздук тромбоэмболиялык татаалдашуулардын алдын алуу» элективдик курсу
  • «ΥДТ врачтын жардамчысы» өндүрүштүк практикасы

 

Ассистент Макенжанова М.М. дарылоо иши факультетинин 4-курсунун студенттерине «Үй-бүлөнү пландаштыруу. Контрацепция» аттуу практикалык сабагын өткөрүүдө.

Ассистент Аманбекова А.Э. дарылоо иши англис тилинде окутуу  факультетинин 4-курсунун студенттерине «Акушерликте текшерүү ыкмалары» аттуу практикалык сабагын өткөрүүдө.

 

Илимий жетишкендиктер

Кафедранын илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыты болуп аялдардын репродуктивдүү ден соолугун, тоодогу акушерлик жана перинаталдык татаалданууларды, ошондой эле төрөт мүмкүнчүлүгүн коргоонун гендердик аспектилерин жана төрөттү калыбына келтирүү көйгөйлөрүн изилдөө, органдарды сактоочу реконструкциялоо операцияларынын технологиясын иштеп чыгуу саналат.

Жалпысынан 6 медицина илимдеринин доктору (Шаршенов А.К., 2001; Какеев Б.А., 2007; Бейшембиева Г.Ж., 2011; Хушвахтова Э.Х., 2012, Макенжан уулу А., 2016, Байгазаков А.Т., 2013-ж.) жана 13 медицина илимдеринин кандидаты даярдалган.

Жалпысынан 700дөн ашык илимий эмгектер, анын ичинде акушерлик жана гинекология боюнча студенттер жана дарыгерлер үчүн 24 монография, окуу куралдары бар жана 9 патент алынган.

Учурда кафедрада медицина илимдеринин доктору илимий даражасын алуу үчүн 3 илимий иш аткарылууда.

Бөлүмдүн кызматкерлери эл аралык уюмдар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, USAID, UNICEF, GIZ, UNFPA менен тыгыз кызматташат. Эл аралык уюмдардын техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары үчүн семинарлар өткөрүлөт.

Студенттик илимий ийрим

Студенттик илимий ийримдин (СИИ) жетекчилери доцент Теппеева Т.Х., ассистент Макенжанова М.М. Кафедранын  илимий ийримдин студенттери жыл сайын илимий конференцияларга, кафедранын жана КММАнын коомдук иштерине активдүү катышышат.

Кафедранын доценти Теппеева Т.Х., кафедранын ассистенти Макенжанова М.М. жана кафедранын студенттик илимий ийрими СИИ 2019 жарманкесинде.

Кафедранын доценти Теппеева Т.Х., кафедранын ассистенти Макенжанова М.М. жана кафедранын студенттик илимий ийрими СИИ 2021 жарманкесинде.

Кафедра башчысы медицина илимдеринин доктору Макенжан уулу А., кафедранын доценти Теппеева Т.Х., Карымшакова К.К., кафедранын ассистенти Сулайманова Н.Р. жана кафедранын студенттик илимий ийрими СИИ 2023 жарманкесинде.

Куратордук иш

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын М.С.Мусуралиев атындагы акушерлик жана гинекология кафедрасы №1, 4, 8 студенттик жатакананын базасында куратордук иштерди алып барат.

Кафедранын кызматкерлери күзөт графиги боюнча кафедрага бекитилген №1, №4 жана №8 жатаканаларга барышат. Күзөт учурунда жашап жаткан студенттердин бөлмөлөрү текшерилет.

Кафедра ошондой эле дарылоо иши факультетинин 4-курсунун студенттеринин топторунун арасында окуу жылы бою окутуучуларга бекитилген насаатчылык иштерин жүргүзөт. Ар бир мугалим өзүнүн студенттеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын окуу-тарбия процессинде пайда болгон ийгиликтерин жана кыйынчылыктарын гана эмес, башка проблемаларды да билет. Окуу жылында мугалимдер ар кандай темадагы куратордук сааттарды өткөрүп, балдар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө, музейлерге, театрларга топтор менен барышат, ишембиликке катышышат. Кафедра жыл сайын куратордук топтордун ортосунда “Жигитке 70 өнөр аздык кылат” аттуу сынагын өткөрүп келет.

«Жигитке 70 өнөр аздык кылат» сынагынын катышуучулары. Кураторлор: кафедранын доценттери Теппеева Т.Х., Насирдинова Ж.М., кафедранын ассистенттери Макенжанова М.М., Болжурова Ж.Б.

Бишкек шаардык карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык мекемесине баруу. Кафедранын доценти Теппеева Т.Х., кафедранын ассистенти Макенжанова М.М. жана дарылоо иши факультетинин 4-курсунун 26 жана 27-тайпаларынын студенттери. Студенттер бейтаптардын жашоо шарттары менен таанышып, мекеменин короосун тазалашты.

«Путь к цвету» сүрөт көргөзмөсүнө баруу, кафедранын ассистенти Макенжанова М.М. дарылоо иши факультетинин 4-курсунун 23-тайпасы менен.

Кафедранын клиникалык базалары
  1. Шаардык перинаталдык борбор (ШПБ) – Суеркулов көч., 1а
  2. Адамдын репродукциясы боюнча Кыргыз илимий борбору - 7-кичи район, 14/1.
  3. Чүй облустук төрөт үйү – Чапаев көч., №1а.
  4. Улуттук онкология жана гематология борбору – Ахунбаев көч., 92
  5. M.M. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору. (УХБ), септикалык гинекология бөлүмү - 3-линия көч., 25
  6. Шаардык гинекологиялык оорукана - Логвиненко көч., 30
  7. Репродуктивдүү ден соолук жана көмөкчү репродуктивдүү технологиялар клиникасы - Юнусалиев көч., 300
  8. №6 үй-бүлөлүк медицина борбору– Жукеев-Пудовкин көч., 75
  9. №8 үй-бүлөлүк медицина борбору– Сухэ-Батор көч., 1
  10. №18 үй-бүлөлүк медицина борбору –Касыма Тыныстанов көч., 1