Гигиеналык дисциплиналар кафедрасы
Байланыш маалыматы:
Кафедра кызматкерлери
Атамбаева Раиса Минахмедовна
Атамбаева Раиса Минахмедовна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
Кафедра башчысы
Эсенаманова Марина Кадыровна
Эсенаманова Марина Кадыровна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
Тамактануу гигиенасы жана диетология курстары боюнча бөлүм башчы
Сыдыков Жумабек Сыдыкович
Сыдыков Жумабек Сыдыкович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы курсу боюнча бөлүм башчы
Бурабаева Анара Айдарбековна
Бурабаева Анара Айдарбековна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Жалпы, Аскердик, Радиациялык гигиеналар жана Медициналык экология курстары боюнча бөлүм башчы
Кочкорова Феруза Атамырзаевна
Кочкорова Феруза Атамырзаевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
доцент
Эрбаев Анарбек Ташбаевич
Эрбаев Анарбек Ташбаевич
Кызматы:
Улуу окутуучу, Коммуналдык гигиена курсу боюнча бөлүм башчы
Цивинская Татьяна Алексеевна
Цивинская Татьяна Алексеевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Кызматы:
Эмгек гигиенасы курсу боюнча бөлүм башчы
Бапалиева Гульназ Орозалиевна
Бапалиева Гульназ Орозалиевна
Кызматы:
Окутуучу
Сомкулова Элнура Джаныбековна
Сомкулова Элнура Джаныбековна
Кызматы:
Кафедранын окуу бөлүм башчысы
Керимбаева Изат Болотбековна
Керимбаева Изат Болотбековна
Кызматы:
Окуутучу
Аманова Жылдыз Амановна
Аманова Жылдыз Амановна
Кызматы:
Окуутучу
Абдраева Клара Ишеновна
Абдраева Клара Ишеновна
Кызматы:
Уул лаборант
Кыскача тарыхы

1953-жылы КММИде санитардык-гигиеналык факультет уюштурулган.

Факультеттин ачылышы менен кафедраны адистештирүү зарылчылыгы келип чыккан, анын жетекчиси болуп профессор Ф.С.Околов дайындалган.

Анын Кыргызстанда иштеген мезгилинде КММИнин бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан гигиенисттердин кадрлары даярдалган, анын ичинде Кыргызстандын биринчи гигиенисттери: м.и.к. Гудзовский Г.А., Рыспаев С.Р., Кожомкулов Т.А., Мамытов Б.М., Пухов Б.И., Недвига Р.А., Дооронбеков Д.Д., Шпирт М.Б., Джумабаев А.Ж., Эсенаманова М.К. ж.б. окуу жана илимий иштерди жүргүзүшкөн.

1941—1958-жылдар аралыгында кафедранын кызматкерлери тарабынан 1 докторлук жана 7 кандидаттык диссертациялары жакталган.

Проф. Ф.С. Околов Кыргызстандан кеткенден кийин кафедраны доцент Гудзовский Г.А. (1956-1958) башкарган.

1982-жылдан 1998-жылга чейин М.Б. Шпирт санитардык-гигиеналык жана педиатрия факультетинин гигиена кафедрасын жетектеген. Ал 1982-жылы «Техникалык айыл чарба сырьёлору менен иштөөдө өндүрүш факторлорун гигиеналык анализдөө жана алардын терс таасирин алдын алуу» деген темада докторлук диссертациясын жактаган.

М.Б.Шпирттен кийин кафедра башчысы болуп проф. О.Т.Касымов даыйндалган.  Ал эпидемиология, жалпы гигиена жана санитардык-гигиеналык факултеттин гигиенасы кафедраларын бириктирип, гигиена жана эпидемиология кафедрасы деп аталган. Башкаруу мезгилинде (1998-2002) эки медицина илимдеринин кандидатын жана илимдин докторун даярдаган.

Шпирт Б.М.

Шпирт Б. М.

Касымов О.Т.

Касымов О.Т

2003-2008-жылдары кафедраны доцент Ж.С.Сыдыков, андан кийин доцент А.А.Бурабаева жетектеген (2008-2009).

2007-жылы кафедра гигиеналык дисциплиналар кафедрасы болуп өзгөртүлгөн.

Сыдыков Ж.С.

Бурабаева А.А.

2009-2017-жылдары кафедраны медицина илимдеринин кандидаты, профессор М.К.Эсенаманова жетектеп, тамак-аш гигиенасы боюнча үч медицина илимдеринин кандидатын даярдаган. Ал жетектеген мезгилде кафедранын окуу-методикалык жана илимий-изилдөө иштери боюнча бир топ иштер аткарылып, мындан тышкары кафедранын кызматкерлери тарабынан коомдук иштер да аткарылган.

Эсенаманова М.К.

2017-жылдан азыркы учурга чейин кафедраны медицина илимдеринин доктору, профессор Р.М.Атамбаева жетектеп келет.

Р.М.Атамбаева

Кафедранын илимий иштери

Кафедрада 1-6 курстагы факультеттин студенттери учун лекциялар окулуп, төмөнкү дисциплиналар боюнча практикалык иш сабактар өтүлөт:

  • Адистикке киришүү
  • Медициналык экология
  • Жалпы гигиена
  • Коммуналдык гигиена
  • Эмгек гигиенасы
  • Тамактануу гигиенасы
  • Балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы
  • Аскердик гигиена
  • Радиациялык гигиена

Жогорку медайымдык билим берүү факультетинин 3 - курсунун студенттерине тамактануу гигиенасы боюнча, ал эми педиатрия факультетинин 4-курсунун студенттерине балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы боюнча жана англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультеттеринин 2-3-курсунун студенттерине англис тилинде жалпы гигиена боюнча лекциялар окулуп, практикалык иш сабактар өтүлөт.

Дисциплиналар
  • Медициналык экология
  • Жалпы гигиена
  • Коммуналдык гигиена
  • Эмгек гигиенасы
  • Тамактануу гигиенасы
  • Балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы
  • Аскердик гигиена
  • Радиациялык гигиена
Жалпы маалымат

Бөлүмдүн кызматкерлери чет өлкөлүк: КР ДСУ, КР MercyCorps, USAID, Швейцариянын Кызыл Крест компаниялары менен биргеликте иш алып барышат. Калктын айрым топторунун физиологиялык тамактануу ченемдерин иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине; Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги - министрликтин социалдык стационардык мекемелеринде жашаган жарандар үчүн минималдуу керектөө корзинасын, тамактануу ченемдерин иштеп чыгууда; Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине тамак-аш азыктарынын сапаты жана коопсуздугу боюнча техникалык регламенттерди иштеп чыгууда өндүрүштүк көмөк көрсөтүп келет.

Илимий иштери

Кафедрада 6 доктордук жана 25 кандидаттык диссертация корголгон. Андан сырткары 4 монография, 3 жыйнак, 1 окуу китеби, 1 маалымдама китеп, 2 окуу куралы орус тилинде жана 5 окуу китеби кыргыз тилинде жарык көргөн. Кафедрада 60 тан ашык методикалык сунуштар иштелип чыгарылып, алар КР ББжИМ, ССМ жана башка ведомстволор тарабынан  бекитилген.

Илимий жетишкендиктери

“Медициналык алдын алуу иши” факультетинин гигиеналык дисциплиналар профилдик кафедрасында, Япония элчилигинин гранттык колдоосу менен тамак-аш азыктарынын сапатын жана коопсуздугун аныктоочу лаборатория ачылган. Лаборатория Россиянын, Германиянын, Швейцариянын, Япониянын жана Американын заманбап приборлору менен жабдылган; мисалы, Къельдаль (белок аныктоо), Сокслет (майды аныктоо), рефрактометр (углеводдорду аныктоо), спектрофотометр, программа менен жабдылган электр микроскобу ж.б. изилдөөнү сапаттуу жүргүзүүгө жана анализдердин так натыйжаларына кепилдик берген жабдуулар.