КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайы
Байланыш маалыматы:
  • muprikgma@mail.ru
  • +996 (312) 56 02 17
  • И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайы 720020. Бишкек шаары. Ахунбаев көч. 92б
Асанбекова Назгуль Муктарбековна
Асанбекова Назгуль Муктарбековна
Кызматы:
Мүдүрү
  • muprikgma@mail.ru
  • +996 (312) 56 02 17
  • И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайы 720020. Бишкек шаары. Ахунбаев көч. 92б
Жумалиева Акимжан Мыктыбековна
Жумалиева Акимжан Мыктыбековна
Кызматы:
Адис
Тойтиева Назгул Муратбековна
Тойтиева Назгул Муратбековна
Кызматы:
Инструктор-тарбиячы
Кыскача тарыхы

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайы

Билим берүү мекемеси 1999-жылы Кыргыз Республикасынын азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасынын өтүнүчү жана макулдугу менен «Майыптарды колдоонун улуттук программасын бекитүү жөнүндө» жарлыгы менен И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы Медициналык орто окуу жайынын базасында массажист адистиги боюнча окуу мөөнөтү 1 жыл 10 ай, начар көргөндөрдү колдоо максатында (билим берүүнүн бюджеттик формасы) ачылган.

2001- жылы биринчи кабыл алуу башталып, “Азиздер жана дүлөйлөр коомунун” мүчөлөрүнөн 16 студент кирген. Кийинки жылдары 10 бюджеттик орун бөлүнүп берилип турган. Алгачкы 16 бүтүрүүчү 2003-жылы окутуп чыгарылган.

1998- жылдан баштап 2005 - жылга чейинки мезгилде медициналык орто окуу жайынын директорунун милдеттерин аткаргандар: Т.А.Шаханова, Н.Э.Уметалиева, М.М.Макешова, 2005-2017 –жылдары Т.О.Маатов, 2017-жылдан баштап азыркы күнгө чейин Н.М.Асанбекова.

Медициналык орто окуу жайынын директору Уметалиева Н.Э. 2000ж.

Медициналык орто окуу жайынын директору Макешова М.А. 2002-2003ж.

Медициналык орто окуу жайынын директору КР БИМ нин отличниги, КР нын ССМ нин отличниги, КР ССМ эмгек синирген кызматкери, м.и.к  Маатов. Т.О. 2005-2017ж.

Медициналык орто окуу жайынын директору Асанбекова Н.М. 2017-жылдан тартып азыркы күнгө чейин

Жалпы маалымат

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайынын миссиясы:

Көрүүсү боюнча майыптардын социалдык абалын жана денгээлин жогорулатуу, аларды окутуу, интелектуалдык, кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү болуп эсептелинет.

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы медициналык орто окуу жайы (мындан ары -МООЖ) орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүүпрограммаларын базалык денгээлде ишке ашыруучу орто кесиптик билим берүү мекемеси болуп саналат.

МООЖдун негиздөөчүсү И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академия.

МООЖ өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин тиешелүү ченемдик укуктук актылары, окуу жайдын уставы,  КММАнын ректорунун буйруктары жана чечимдери, КММАнын Окмуштуулар кенешинин жана КММАнын башка жергиликтүү ченемдик укуктук актылары жана окуу жайдын жергиликтүү ченемдик актылары боюнча жүзөгө ашырат.

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайына республиканын бардык аймактарынан келишет.Окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр «Медициналык массаж» адистиги боюнча мамлекеттик үлгүдөгү диплом алышат. Бүгүнкү күндө медициналык орто окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү республиканын поликлиникаларында, ооруканаларында, мамлекеттик, жеке менчик реабилитациялык жана ден соолукту чыңдоо борборлорунда ишке орношкон.          Студенттердин окуу-практикалык сабактары тиешелүү жабдыктар менен камсыздалган окуу бөлмөлөрүндө өткөрүлөт. Китепканада аудиокитептер, аудиолекциялар жана Брайл арибиндеги китептер бар.          И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайда билим алып жаткан студенттер өз каалосу боюнча  окуу корпусунун жанында жайгашкан жатакана менен камсыз болушат.          Окуу планына ылайык И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайынын студенттерине профессионалдык циклдеги массаждын техникасы жана методикасын окутуу, КММАнын клиникалык реабилитация жана физиотерапия кафедрасынын окутуучулары тарабынан жүргүзүлөт. Бул кесиптик даярдоонун жогорку деңгээлде экендигин тастыктайт.           И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайынын клиникалык базалары №6 шаардык клиникалык ооруканасында,  №18 ҮМБда, Бишкек шаардык карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесинде жайгашкан. Медициналык орто окуу жайдын окутуучулары ар бир студенттин көндүмдөрүн өздөштүрүү процессин жеке көзөмөлгө алуу менен окутат.Эн жакшы окуган студенттерге стипендия берилет.

Билим берүү программасы

Адистиктин коду

Адистиктин аталышы

Окуунун ченемдик мөөнөтү

Окууну аяктагандан кийин билими жөнүндө документ

1

060112

Медициналык массаж

1 жыл 10 ай

Диплом

Биринчи семестрден башка окуу семестрлеринин бардыгы окуу-өндүрүштүк практика менен аяктайт. Өндүрүштүк практиканын максаты студенттерди кесиптик жактан даярдоого багытталган. Толук көзү көрбөгөн жана көрүүсү начар студенттердин колдору өзгөчө сезимтал болгондуктан, массаж жасоодо эң чоң артыкчылыгын көрсөтөт

Массаждын техникасы жана ыкмасы сабагынын окутуучусу Попенко Н.А. сабак учурунда

Студенттер педиатрия боюнча медайымдык иш сабагын өтүү учурунда,

окутуучу Жумалиева А.М.

Студенттер КММАнын муляждык борборунда практикалык сабакты медициналык орто окуу жайынын директору Асанбекова Н.М. менен өтүшүүдө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары биздин студенттерди Жаштар күнү жана Эл аралык студенттер күнү менен дайыма куттуктап турушат

КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайдын студенттери спорт менен да алектенишет. “Run the Silk Road” эл аралык марафонуна катышкан студенттер (Экиден)

Электрондук китепкана аудио, Брайл арибиндеги китептер менен толук камсыздалып, студенттерде үн жазгычтар, таякчалар жетиштүү

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын ректору И.О. Кудайбергенова КРнын ЖК депутаты Д.Д. Бекешов менен жолугушту

Медициналык орто окуу жайдын студенттери таланттуу. Алар окуудан тышкары искусство менен алектенишет: ырдайт, гитарада, комузда ойношот

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын ректораты КММАнын алдындагы МООЖдун студенттерине уюштуруу иш-чараларына активдүү катышкандыгы үчүн Ардак грамоталарды тапшырууда

 

КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайдын бүтүрүүчүсү Жоробекова Ширин Токио шаарындагы илимий жетекчиси Hiroshi Kondo. Ph.D. менен

Жетишкендиктери

КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайдын окмуштууларынын жана студенттеринин билим берүүдөгү жана окуудагы жетишкендиктеринин көрсөткүчтөрү

Мойдунова Айпери Карыбековна көрүү мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасынан массаж боюнча эл аралык катышуудагы менен Россиянын VIII Чемпионатында «Терапевтик массаж» багыты боюнча, III орунду ээледи.

 

Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин ФМБ Кисловодск медициналык колледжи жана Нарын медициналык колледжинин ортосунда меморандумга кол коюлду

2-курстун студенти Асамудинов Бактыбек мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шахмат боюнча чемпионатка катышты

Лидерлик дараметин жана окуудагы жетишкендиктерин көрсөткөн 2-курстун студенттери азиздер үчүн Корея Республикасынын “Силоам” социалдык борборунан 20 миң сом өлчөмүндөбир жолку стипендия алышат (Силоам борбору азиздер үчүн)

Корея Республикасынын "Силоам" азиздер борборунун колдоосу менен бир жолку стипендияга ээ болгон окуудагы эң мыкты студенттер

КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайынын  2-курсунун студенти Емцева Анастасия “Парамарафон КМШ-2022” катышты

Абдыкадырова Алина айымдар арасындагы Республикалык Парамарафондо 3000 метрге чуркоодо 3-орунду ээледи