Оториноларингология кафедрасы
Байланыш маалыматы  
Кафедра кызматкерлери
Кафедра башчысы
Насыров Вадим Алиярович
Насыров Вадим Алиярович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
Кафедра башчысы
Нуркеев Нургазы Бактыбекович
Нуркеев Нургазы Бактыбекович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Кызматы:
Окуу бөлүмүнүн башчысы
Арзыкулова Гульмира Сатаровна
Арзыкулова Гульмира Сатаровна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Закиров Токтомат Мамасалиевич
Закиров Токтомат Мамасалиевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Нарматова Каниза Каныбековна
Нарматова Каниза Каныбековна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Тургумбеков Азамат Зарифович
Тургумбеков Азамат Зарифович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Жолдошева Чолпон Асанбаевна
Жолдошева Чолпон Асанбаевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Беднякова Наталья Николаевна
Беднякова Наталья Николаевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Ассистент
Кулиева Эльмира Самидиновна
Кулиева Эльмира Самидиновна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Ассистент
Буваев Шухрат Икрамович
Буваев Шухрат Икрамович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Ассистент
Малаев Нимат Сеитович
Малаев Нимат Сеитович
Кызматы:
Ассистент
Шабданбаева Нуржан Халиловна
Шабданбаева Нуржан Халиловна
Кызматы:
Ассистент
Солодченко Николай Витальевич
Солодченко Николай Витальевич
Кызматы:
Ассистент
Бедельбаев Самат Арстанбекович
Бедельбаев Самат Арстанбекович
Кызматы:
Ассистент
Каримова Бактыгуль Калбековна
Каримова Бактыгуль Калбековна
Кызматы:
Ассистент
Бакиева Калыс Кулмырзаевна
Бакиева Калыс Кулмырзаевна
Кызматы:
Ассистент
Асанкулов Эрмек Кубанович
Асанкулов Эрмек Кубанович
Кызматы:
Ассистент
Мамажанова Сырга Алимбековна
Мамажанова Сырга Алимбековна
Кызматы:
Ассистент
Токторов Азамат Баишбекович
Токторов Азамат Баишбекович
Кызматы:
Ассистент
Кыскача тарыхы

1939-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ачылышы Кыргыз ССРдеги илимдин бардык тармактарында зор роль ойногон. 1941-жылы биринчилердин катарында оториноларингология кафедрасы уюштурулуп, негиздөө мезгили Улуу Ата Мекендик согушка туш келди. Илимдин эмгек сиңирген ишмери А. Л. Брудный кафедранын биринчи башчысы болгон. 1959-1976-жылдары кафедраны Ю. Д. Василенко жетектеп, анын аты хирургияга киргизилген. 1976-1977-жылдары кафедраны доцент М.Х. Ибрагимов жетектеген. Анын тамак, мурун, кулак - рак оорулары боюнча эмгектери калкка көрсөтүлгөн жардам иретинде чоң роль ойноп, алар жаш адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурушкан. 1977-1997 – жылдары Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, м.и.д., профессор Г. А. Фейгин кафедраны жетектеп келген.

1997-жылдан бери кафедраны Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери м.и.д., профессор В. А. Насыров жетектеп, кафедрада медицина илимдеринин 9 кандидаты иштейт. Кафедранын жамааты диагностикалык-дарылоо, илимий-педагогикалык жана методикалык иштерди ийгиликтүү жүргүзүүдө.

Азыркы кафедранын курамы: кафедранын башчысы, м.и.д., профессор В.А. Насыров; окуу бөлүмүнүн башчысы, м.и.к, доценттин милдет аткаруучу Н.Б. Нуркеев; м.и.к, доцент Г.С. Арзыкулова; м.и.к, доцент Т.М. Закиров; м.и.к., доцент К.К. Нарматова; м.и.к, доценттин милдет аткаруучу А.З. Тургумбеков; м.и.к, доценттин милдет аткаруучу Ч.А. Жолдошева; ассистенттер –м.и.к. Н.Н. Беднякова, м.и.к. Э.С. Кулиева, м.и.к. Ш.И. Буваев,  Н.В. Солодченко, С. А. Бедельбаев, Б.К. Каримова, К.К. Бакиева, Э. К. Асанкулов, К.З. Биржанова, С.А. Мамажанова, А.Б. Токторов.

Илимий-практикалык жана окуу ишмердүүлүгү

Профессор В.А. Насыровдун жетекчилиги астында кафедрада 6 аспирант окуйт, алардын 4сү кандидаттык диссертациясын коргоого даярданып жатат. Кафедранын илимий ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары - тамак, мурун, кулак ооруларын, анын ичинде онкологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоонун жаңы натыйжалуу ыкмаларын издөө болуп саналат.

Кафедранын окутуучулары оториноларингологдордун Эл аралык конференцияларына, симпозиумдарына жана конгресстерине үзгүлтүксүз катышып турушат.

Улуттук госпиталдын жана КММАнын окуу-дарылоо-илимий медициналык борборунун базасында кафедранын кызматкерлери тарабынан оперативдүү иш аракеттеринин кеңири спектри аткарылып, ошол эле жерде клиникалык ординаторлордун жана студенттердин окутуу процесси өтөт.

Кафедранын кызматкерлери жыл сайын КМШ өлкөлөрүнүн, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн алдынкы медициналык билим берүү мекемелерине, клиникаларына барып, квалификациясын жогорулатышып, студенттерди окутуу боюнча заманбап ыкмаларды үйрөнүп келет.

2019 - жылдын март айында оториноларингология боюнча студенттик илимий ийримдин студенттери - Халилова Карима, Касымова Айгерим жана Бондаренко Валерия кафедранын устаты, ассистенти Н.В. Солодченко жетектеген Орусиядагы Пермь шаарында өткөн оториноларингология боюнча Бүткүл россиялык Студенттик олимпиадага катышты.

Ийримдин студенттери бардык сынактарга ийгиликтүү катышып, КММАны жогорку деңгээлде көрсөтүштү.

Олимпиададан кийин И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана академик Е.А. Вагнер атындагы Пермь Мамлекеттик медициналык университети ортосунда эки тараптуу кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.


2021-жылы КММАнын окуу-дарылоо илимий медициналык борборунда биринчи жолу кулактын протези жасалган. Борбордук Азия үчүн жаңылыктын автору - м.и.к., отохирург Буваев Шухрат Икрамович болду.

Ш.И. Буваевдин сөзү боюнча: "Кулакты протездөө - төрөлгөндөн баштап кулагынын кабыгын жоготкон же анын жоктугунан жапа чеккен адамдар үчүн чыгуу жолу болушу мүмкүн. Косметикалык функциядан тышкары, кулак протездери угуу толкундарын кулак каналына багыттап, угууну жакшыртат, көз айнек жана угуу аппараттарын кармайт. Жогорку сапаттагы медициналык силикондон жасалган кулак протези дени сак кулактан эч айырмаланбайт, анын конфигурациясын толугу менен аткарат, табигый пропорциясы жана түсү бар, ал эми тийүү сезими боюнча адамдын чыныгы терисине окшош"


2021 - жылдын октябрында Орусиянын оториноларингология улуттук медициналык изилдөө борборунун билим берүү борборунда ассистенттер Б.К. Каримова жана К. К. Бакиева квалификацияны жогорулатуу программасынын алкагында "Баш жана моюн онкологиясындагы актуалдуу маселелер жана жаңы технологиялар" (куратор-м.и.д. Виноградов С. С.) окутуу циклинен өтүштү, ал кесиптик ишмердүүлүк жана кесиптик деңгээлди жогорулатуу үчүн зарыл болгон жаңы компетенцияны өркүндөтүүгө жана үйрөнүүгө багытталган.

Жалпы маалымат

2022-жылы клиникалык ординаторлор дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатка зыярат кылышты. Угуусу начар балдарды окутуунун өзгөчөлүктөрү жана аларды коомдогу реабилитациялоонун негиздери менен таанышышты.

Кафедранын кызматкерлери жана клиникалык ординаторлор Нооруз, Ак калпак күнү сыяктуу улуттук майрамдарды майрамдоого активдүү катышып келет.

Дисциплиналар

3 курс дарылоо иши факультети:

  • Респиратордук система модулю
  • Нервдик система модулю

3 курс стоматология факультети:

  • оториноларингология

3 курс ЧЭЖ дарылоо иши факультети:

  • оториноларингология

4 курс дарылоо иши, педиатрия, МАИ факультеттери:

  • оториноларингология
Клиникалык борборлору
  • Бишкек ш., Тоголок Молдо к.,1а. Улуттук госпиталь
  • Бишкек ш., Тыныстанова к., 1. И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын ОДИМБ