- propedhirurgiya@mail.ru
- 0 (312) 62-10-18
- Бишкек ш., Тоголок Молдо к.,1а
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент м.а.
- Кызматы:
- Кафедранын башчысы м.а.
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- КР УИА корреспондент-мүчөсү
- Кызматы:
- Профессор
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент м.а.
- Кызматы:
- Ассистент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- профессор
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент м.а.
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Улук лаборант
Доцент Царенко П.П.
- Кафедранын тарыхы : Продевтикалык хирургия кафедрасы 1941- жылы түптөлгөн. №116 буйругу менен 1941-жылдан баштап Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Институтунун доценти Царенко Петр Петрович жалпы хирургия кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучусу болуп дайындалган. 1941- жылы 1- сентябрда пропедевтикалык хирургия кафедрасынын эшиги КММИнин биринчи топтолгон 3-курсунун студенттери үчүн ачык болгон. Царенко П.П. жана жаш хирургдар И.К. Ахунбаев жана Игембердиев З.И. ассистент болуп иштей башташкан. Доцент П.П Царенко 1941-жылдан 1945-жылга чейин кафедраны башкарган.
Ал Ташкент медициналык институтунан Кыргыз ССРинин саламаттык сактоо эл комиссариатынын орун басары тарабынан кафедра башчысына чакырылган. 1946 - жылы ассистент И. К. Ахунбаев "бала курагындагы апендицит" деген темадагы м. и. к. окумуштуулук даражасын алуу үчүн, Круглов А. Н.дин жетекчилигинин алдында диссертациясын жактаган, ушул эле жылы жалпы хирургия кафедрасынын доценти болуп, ал эми 1946-жылдын сентябрынан тартып 1975-жылдын 5-январдагы кайгылуу кыйроого чейин кафедра башчысы болуп иштеп келген.
Эндемикалык зобду хирургиялык дарылоонун алдын алуу ыкмаларын жигердүү изилдеп 1948-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Ушул эле жылы ал КММИ профессору, СССРдин МИА мүчө- корреспонденти болуп шайланган. Согуштан кийинки он жыл аралыгында И.К. Ахунбаев менен ишенимдүү жардамчылары, мыкты хирургдар — ассистенттер Пефти И. Д., Волох Ю. П., Мухамедзиев М. М., Шубладзе Б. К. эмгектенишкен. Алардын баары практикалык саламаттык сактоонун маанилүү маселелерин гана чечпестен, илимий - изилдөө иштерин жүргүзүшкөн . И.К. Ахунбаев менен анын кызматкерлери эндемикалык зобдун өнүгүшүнүн негизги этнологиялык факторлорун аныктап, клиникалык, патологиялык анатомия жана хирургиялык дарылоо ыкмаларын изилдешкен .
Академик И.К.Ахунбаев
Мамлекеттик масштабда йоддук профилактика уюштурулуп, Республикадагы атайын обочо кызмат түзүлгөн, Кыргызстанда эндемикалык зобду толугу менен жоюунун жолдору түптөлгөн. Аналитикалык акылы менен жогорку жарандык позицияларга ээ болгон , авторитеттүү мыкты окумуштуу- хирург- дарыгер профессор И.К.
Ахунбаев 1952-жылы төраганын орун басары, андан кийин СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасы кызматына көрсөтүлгөн. Ал эми 1954-жылы түзүлгөн Кыргыз ССР ИА биринчи президенти жана Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги болгон.
И.К. Ахунбаев дүйнөдөн кайткандан кийин 1975-1976- жылдары жакын досу жана анын жардамчысы, улук хирург жана окумуштуу доцент Шубладзе Б. К, ал эми 1976-1977-жылдары Ахунбаева Н.И оор мезгилде кафедраны жетектешкен.
1977-жылдын январь айында жалпы хирургиянын кафедра башчысы болуп профессор Червинский Анатолий Александрович конкурс боюнча шайланган. Ал Кыргызстанга Россиядан келген, ага чейин көкүрөк хирургия жана анестезиология кафедраларын (1964-1972 жж., Новокузнецк ш.), госпиталдык хирургия кафедрасын (1972-1977 жж.) жетектеген. А. А. Червинский көп жылдар бою калыптанып калган салттарга кылдат жоопкерчиликтүү мамиле кылган. Профессордук- окутуучулук курамдын жана дарыгерлердин жамаатына таянып,
Профессор Червинский А.А
илимий-изилдөөнүн негизги багыттарын сактап калып, жогорку прогрессивдүү адис катары хирургиянын өнүгүшүнө чоң салым кошкон, изилдөөнүн жана хирургиялык дарылоонун алдыңкы жаңы ыкмаларын өнүктүрүүгө түрткү берген. Профессор А.А. Червинский 1990-жылы Израилге туруктуу жашоого кеткен . 13 жылдын ичинде жалпы хирургия кафедрасынын башчысы болуп иштеп Червинский А.А 8 кандидат жана 2 илимдин докторун даярдаган.
1991-жылдан 1996-жылга чейин жалпы хирургия кафедрасын профессор Д. Н. Нурманбетов жетектеген. Ушул мезгилде мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрү менен байланыш үзүлгөндө, "кайра куруу" оор жылдарында клиниканын бүт эмгегин, рухун, каада-салтын жана кафедранын
Профессор Нурманбетов Д.Н.,
жетишкендиктерин сактап калуу өтө маанилүү болгон. Профессор Д. Н. Нурманбетовдун жетекчилиги алдында материалдык жана моралдык кыйынчылыктарга карабастан илимий иштер улантылып хирургиялык дарылоонун прогрессивдүү ыкмаларын жаңылануу жүргүзгөн.
1996-жылдан 2003-жылга чейин медицина илимдеринин доктору, профессор Республикасынын Эмгек сиңирген врачы Бебезов Х.С. жетектеген. 1996-жылы сынак боюнча жалпы хирургия, анестезиология жана реаниматология кафедрасынын башчысы болуп шайланат. Ошол убактан тартып, клиникада жаңы технологияларды, илимий-изилдөөлөрдү киргизүү жана өнүктүрүү үчүн жаңы түрткү берилет
Профессор Х.С.Бебезов
2003-2004- жылдары кафедранын жетекчилигин профессор Чынгышпаев Ш.М аткарган. 2004-жылдын сентябрь айынан тарта кафедранын башчысы болуп КРИА мүчө корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор Бейшеналиев А. С. дайындалган. Анын жетекчилиги астында 2 доктордук жана 16 кандидаттык
Профессор Бейшеналиев А.С.
диссертация жакталган. 100дөн ашык илимий иш, 6 монография жарык көргөн. Заманбап медицина тармагында маанилүү көйгөйлөр изилдене баштаган. Илимий студенттик ийрим иштер жүргүзулүп, хирургиядагы ар кандай маселелер боюнча студенттердин докладдары бир нече жолу жаш окумуштуулардын илимий жыйындарында алдынкы орундарга ээ болгон.
2020 жылдын сентябрь айынан тартып медицина илимдеринин кандидаты, доцент Кочконбаев Ж. А. кафедра башчысынын милдетин аткаруучусу болуп дайындалып, азыркы кунго чейин ийгиликтуу жетектеп келе жатат. Учурдун талабына жараша жаңы окуу программалары каралып чыгып, дистанциондук, онлайн форматындагы видео, мультимедиа усулдары киргизилип жатат. Кафедрада студенттердин кружогу, тарбия иштери жандандырылып активдүү иш жүрүүдө. Бугунку кундо кафедрада 20 кызматкер -анын ичинде 3 профессор, 4 доцент, 8 медицина илимдеринин кандидаттары иштейт. Кафедрада дарылоо иши, педиатрия, стоматология, медициналык алдын алуу иши ,чет өлкөлүк факультеттер адистиги боюнча 3-курстун студенттери билим алышат.
Пропедевтикалык хирургиясы кафедрасы Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрилигинин Улуттук госпиталында жайгашкан. И.К. Ахунбаев атындагы клиникасында отурукташкан . Бул клиника көп профилдүү болгондуктан, кафедра ар тараптуу дарылоо иштерине катышат. Кафедранын ассистенттери ичеги карын жана бездер хирургиясы , кан тамыр, пластикалык жана реконструкциялык микрохирургия, өпкө хирургия, ириңдүү хирургия бөлүмдөрүндө күндүзгү жана түнкү нөөмөттөрдө да кызмат өтөп келишет. Хирургиялык жол менен дарылоонун жаңы ыкмаларын дайыма киргизүүгө аракеттерин үзбөй келүүдө.
- Кафедранын ассистенти медицина илимдердин кандидаты Ашиналиев А. А. доцент наамын алды.
- Кафедранын ассистенти медицина илимдеринин кандидаты Байсекеев Т. А. кафедранын доценттин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
- Кафедранын ассистенти Мамышов А. Ж. илимий кандидаттык диссертациясын коргоду.
- Кафедрада студенттер үчүн 1 окуу китеби, 4 окуу методикалык колдонмо , 1 ойлоп табуу, 13 илимий статия жазылып, 6 рационализатордук сунуштар, жаңы операциялык ыкмалар киргизилди.
Кафедранын ассистенти м.и.к. С. К. Тукешовдун 2018-жылдагы иш сапары.
- 2018- жылдын 27-28- апрелинде Турция мамлекетинин Стамбул шаарында “Rhinoplasty course by Dr. Baris Cakir” аттуу конференцияга катышты.
- 2018- жылдын 26-27- апрелинде Турция мамлекетинин Стамбул шаарында “Cadaver course” аттуу конференцияга катышты.
- 2018- жылдын 2-3- июлунда Россия мамлекетинин Санкт- Петербург шаарында “Rhinoplasty course by Dr. Baris ” аттуу конференцияга катышты.
- 2018- жылдын 31- августтан 2- сентябрга чейин Азербайжан мамлекетинин Баку шаарында “Baku Rhinoplasty Days” аттуу конференцияга катышты.
- 2018- жылдын 27-30- ноябрында Турция мамлекетинин Стамбул шаарында “Preservation Rhinoplasty” аттуу конференцияга катышты
- 2018- жылдын 22-25- декабрында Казхакстан мамлекетинин Алматы шаарында “Aesthetic surgery in Otorhinolaryngology” аттуу конференцияга катышты.