Клиникалык реабилитология жана физиотерапия кафедрасы
Байланыш маалыматы:
Кафедра кызматкерлери
Сманова Джаныл Койчукеевна
Сманова Джаныл Койчукеевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Кафедра башчысы
Джаманкулова Надира Муратбековна
Джаманкулова Надира Муратбековна
Кызматы:
Улук окутуучу
Анварбекова Ырысбүбү Анварбековна
Анварбекова Ырысбүбү Анварбековна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Мамбеталиева Анара Сариевна
Мамбеталиева Анара Сариевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Осмоналиев Жетиген Осмоналиевич
Осмоналиев Жетиген Осмоналиевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Шмакова-Крафт Кристина Дмитриевна
Шмакова-Крафт Кристина Дмитриевна
Кызматы:
Ассистент
Югай Антонина Александровна
Югай Антонина Александровна
Кызматы:
Ассистент
Сопубекова Айкан Yсɵнбековна
Сопубекова Айкан Yсɵнбековна
Кызматы:
Ассистент
Айбашева Назгуль Осконовна
Айбашева Назгуль Осконовна
Кызматы:
Ассистент
Жумашова Назгуль Кубанычбековна
Жумашова Назгуль Кубанычбековна
Кызматы:
Ассистент
Асанов Айбек Акылбекович
Асанов Айбек Акылбекович
Кызматы:
Ассистент
Курманбекова Баян Курманбековна
Курманбекова Баян Курманбековна
Кызматы:
Улук лаборант

Кафедранын тарыхы

Кафедра 1957 жылы курортология жана физиотерапия КИИИунун базасында  түзүлгөн. М.и.к., доцент  Бабаханов Б.В ИИИК  жана физиотерапиянын биринчи  жетекчиси  жана мүдүрү болгон. Ал Кыргыз ССРинде курортология жана физиотерапия илиминин өнүгүүсүнүн негизги жолдорун аныктаган жана Кыргызтандын курорторунда  климатотерапияны колдонулушун негиздеген. Курорттордун дарылоочу факторлору, минералдык суунун, гальваникалык баткактын, ичеги-карын ооруулары менен ооруган бейтаптаптарга тийгизген таасирлерин изилдеген. Курорттордо жана клиникалык шарттарда дарылоо дене тарбиянын (ЛФК) ар кандай түрлөрүн колдонууга чоң көңүл бурулган, орто тоолуу шарттарда физикалык күчтүн  кыймылынын организмге тийгизген өзгөчөлүктөрүн аныктаган,  Кыргызстандын курортторунда  ден- соолукту чыңдоо үчүн   теренкур иштелип чыкан.

1980-2000 жылдары кафедраны  м.и.д., профессор Алымкулов Д.А жетектеген. Ушул мезгилдин ичинде кафедранын кызматкерлери менен союздук  маанидеги көйгөй “Тышкы чөйрөнүн  физикалык факторлорун дарылоо- профилактикалык максаттарда колдоонунун илимий негиздери”  боюнча илимий –изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Кийинчерээк жугуштуу оорулар кафедрасы менен биргеликте, бруцеллез менен ооруган бейтаптарды дары-дармектер  менен жана  бейтаптын    канын ультро-кызгылт көк  нурландыруу (УФО) дарылоо  айкалыштырган ыкмасын иштеп чыккан.       1989 жылы Алымкулов Д.А  медицина илимдерин өркүндөтүүдө, дарыгерлерди,  адистерди даярдоодо  сиңирген эмгеги үчүн  Кыргыз ССРнин илимине эмгек сиңирген ишмер деген наам ыйгарылган. Ошондой эле ал СССРдин саламаттык сактоонун мыкты кызматкери, СССРдин профсоюзунун отличниги  болуп саналган жана эки жолу  Кыргыз ССРнин  Жогорку Кеңешинин  грамотталары менен сыйланган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана  “ Каарман эмгеги  үчүн “ медалдын ээси.

М.и.д., профессор  Алымкулов  Р.Д  2000-жылдан 2020 жылга чейин кафедраны жетектеген. Анын жетекчилигинин астында кафедранын кызматкерлери ар кандай ооруларда физикалык факторлорду колдонуунун оптималдаштыруу боюнча илимий-изилдөө жана  окуу-усулдук  иштерин улантышкан.. Ошентип, денедеги йоддун жетишсиздигин  трансдермалдык электрофорез ыкмасы менен дарылоону ойлоп таап жана  патенттелген. Жамбаш органдарынын  өнөкөт сезгенүү ооруларында,    аялдардын төрөө функциясын  калыбына келтирүүчү  физиокинезологиялык айкалыштырылган  ыкмасын иштеп чыккан. Жалпы парадонт оорусун физиотерапиялык дарылоо боюнча клиника-эксперменталдык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. “ Физиотерапия жана куротология” жана  “ Дарылоо дене тарбия” сабактары боюнча окуу китептери басылып чыккан.  Азыркы учурда Кыргызстандагы салттуу медицинанын медициналык социиологиялык аспектилери изилденүүдө.  Тилекке каршы, профессор Р.Д. Алымкулов 2020жылы 10-июлда коронавирус инфекциясынан күтүүсүздөн көз жумган.

 2020жылдын сентябрь  айынан баштап кафедранын башчысыны милдетин      м.и.к., доцент Сманова Дж.К аткарып жатат.

Кафедра кызматкерлери

Дисциплиналар
  • Жалпы  физиотерапия,
  • жеке физиотерапия,
  • стоматологиядагы физиотерапия,   
  • медициналык реабилитация,
  • рефлексотерапия,
  • дарылоочу классикалык  массаж,
  • дарылоочу дене тарбия жана дарыгерлик кѳзѳмѳл,  
  • спорттук медицина.
Илимий жетишкендиктери

2017-жылдан 2020 жылга чейин чет өлкөлөрдө 15 тен ашык макала жарыяланган,  “ Профилактическая детоксикация организма спортсменов” окуу китеби чыгарылган ,  “Денени айыктыруунун  ыкмалары” жана “Аутоинтоксикациянын деңгелин 5 баллдык система менен  баалоо боюнча жадыбалга №1701 КР 30.01.15 жылы  патент алынган.

Студенттер жана клиникалык ординаторлор үчүн окуу программаларын, усулдук жана илимий колдонмолорду түзүү жана кайра карап чыгуу, бейтаптарды ар кандай категорияларын калыбына келтирүүнүн жаңы ыкмаларын изилдөө, кандидаттык жана доктордук диссертациялар үчүн темаларды иштеп чыгуу жана  адистердин дипломдон кийинки квалификациясын жогорулатуу  боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат.