Чет тили жана латын тили кафедрасы
Кафедра кызматкерлери
Бөлүмдүн башчысы
Галия Сарасовна Замалетдинова
Галия Сарасовна Замалетдинова
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Бөлүмдүн башчысы
Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын аспиранты
Байжигитова Айзада Асрановна
Байжигитова Айзада Асрановна
Кызматы:
Окуу бөлүмүнүн башчысы
Тентимишева Бурул Давлетбековна
Тентимишева Бурул Давлетбековна
Кызматы:
Улуу окутуучу
КРАОнун аспиранты
Дюшекева Айзада Кубанычбековна
Дюшекева Айзада Кубанычбековна
Кызматы:
Улуу окутуучу
Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын аспиранты
Байгазиева Нургул Кубатбековна
Байгазиева Нургул Кубатбековна
Кызматы:
Улуу окутуучу
Эрназарова Улпат Авазовна
Эрназарова Улпат Авазовна
Кызматы:
Мугалим
Качкинбаева Рахат Султанбековна
Качкинбаева Рахат Султанбековна
Кызматы:
Мугалим
Сыдыкова Жыргал Жапышовна
Сыдыкова Жыргал Жапышовна
Кызматы:
Мугалим
Мамытканова Елена Асыранкуловна
Мамытканова Елена Асыранкуловна
Кызматы:
Мугалим
Казыбекова Рахат Баатырбековна
Казыбекова Рахат Баатырбековна
Кызматы:
Мугалим
Таирова Феруза Уразбаевна
Таирова Феруза Уразбаевна
Кызматы:
Мугалим
Абдимажит кызы Гүлзада
Абдимажит кызы Гүлзада
Кызматы:
Мугалим
Байболова Асель Догдурбаевна
Байболова Асель Догдурбаевна
Кызматы:
Улук лаборант, мугалим
Кыскача тарыхы

Чет тилдер жана латын тили кафедрасы КММАнын эӊ эски кафедраларынын бири болуп саналат, медициналык институту 1939-жылда негизделген. Кафедранын биринчи башчысы улук окутуучу В.В. Ганн-Мюльман (1939-1946 жж) болгон. Кийинки жылдарда Э.А. Пише, А.М. Савруцкая, А.И. Гладильщикова, Турсуналиев Т.Т. кафедранын жетекчилери болгон. П.и.к., проф. Турсуналиев Турдалы Турсуналиевич 1977 – 1998 жылдары кафедраны жетектеген.

Белгилүү усулчу, кыргыз мектептери үчүн англис тили окуу китептеринин автору, чет тилдерди гана эмес, латын тилин да окутуу ыкмаларын өнүктүрүү жана жакшыртуу иштерине бараандуу салым кошкон, эӊ мыкты педагогикалык жана уюштуруучулук жөндөмдөргө ээ болгон.  Окуу процессин оптималдаштыруу жана усулдук иштерди жакшыртуу максатында тажрыйбалуу улук окутуучулар тарабынан жетектелген үч секция негиздеген: англис тили, немец тили жана  латын тили секциялары.

1998-жылы кафедраны ф.и.к., доцент Тулеева Ч.С., 1999-жылдан 2002-жылга чейин  Замалетдинова Г.С. жетектеген. 2002-жылы кыргыз жана орус тилдер кафедрасы менен кошулгандыгына байланыштуу тилдер кафедрасы деп аталып, ф.и.к. Койчуманова Н.М. кафедра башчысы болгон. 2005-жылы кайрадан кыргыз, орус тилдери жана  латын жана чет тилдери кафедраларына бөлүнгөн.    

2005-жылдан тартып кафедраны Билим берүүнүн отличниги, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КММАнын Ардак грамоталары менен сыйланган, АКШ жана Англиянын алдыӊкы ЖОЖдорунда такшалма курстарынан өткөн доцент Замалетдинова Г.С. жетектейт. 2018-жылы педагогикалык ишмердүүлүк тармагындагы мыкты жетишкендиктери үчүн Кыргызстан мугалимдер конгрессинин диплому жана алтын медалы менен сыйланган.  

Бүгүнкү күндө кафедрада 14 окутуучу эмгектенет: чет тилдери секциясында  1 доцент, 2 улук окутуучу,  4 окутуучу жана 1 улук лаборант; латын тили секциясында  2 улук окутуучу, 5 окутуучу.  Секцияларды улук окутуучулар Н.К Байгазиева жана Билим берүүнүн отличниги, Саламаттык сактоонун ардак кызматкери Б.Д. Тентимишева жетектейт; 2019 жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланган.

  

2010 жылы

2024 жылы

Дисциплиналар

Кафедранын окутуучулары КММАнын бардык факультеттеринин 1-курсунун студенттерине латын, англис жана немец тилдери боюнча сабак өтүшөт. Мындан тышкары аспиранттарды, клиникалык ординаторлорду жана изденүүчүлөрдү чет тили боюнча кандидаттык минимумдарда тапшыруу сынагына даярдоо үчүн  англис тили боюнча сабак беришет. 

Сабактар  ар бир адистик үчүн Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык кафедранын мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн жумушчу программалардын негизинде окутулат.

Илимий жетишкендиктер

2015-2017-жылдары кафедра «Кесиптик багытта чет тилдерди окутуу» боюнча Темпус программасына катышкан. Аталган программанын алкагында морфорпуста чет тилдерди үйрөтүү борбору ачылган. Темпус программасы

Европа союзу тарабынан каржыланат жана Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Азербайжан өнөктөш-мамлекеттердеги жогорку билим берүүнү модернизациялоо процессин колдоого багытталган. Темпус аркылуу 14 компьютер, сервер, принтер, проектор жана камера-документ алынган. Мындан тышкары кафедра башчысы, доцент Замалетдинова Г.С., Элгондиева Т.А., окутуучу Тешебаева Д.Т. Темпус программасы боюнча Англиядагы, Эстониядагы, Азербайжандагы семинарларга катышып келишкен.

2019 жылы улук окутуучу Дюшекеева А.К. «Сабаттуу бол» республикалык проектке катышып кыргыз тилинде диктант жазуу боюнча 1- чи даражадагы дипломго ээ болгон.

Жыл сайын латын тили боюнча “Invia est in medicina via sine lingua Latina” урааны астында кафедралык олимпиадалар, конкурстар, студенттик конференциялар өткөрүлөт жана англис тили, жана латын тили боюнча ийримдер иштейт, алардын мүчөлөрү кафедралык конференцияларга, олимпиадаларга  катышышат. Былтыркы окуу жылында 1-чи  курстун студенттери Асаналиева А. жана Кыязбекова А. (жетекчи Тентимишева Б.Д.) эл аралык «Жандуу Латынь» конкурсунда III-чү орунду, ал эми бул окуу жылында 1 курстун студенттери Дуйшенбекова А. аталган конкурста I-чи орунду жана Эсра А. III-чү орундарды ээлешти (жетекчиси Тентимишева Б.Д.). Ошондой эле КГМАнын илим күндөрү – 2024 эл аралык конференциясында Нурпазылова А. 1-чи даражадагы дипломго ээ болду (жетекчиси Замалетдинова Г.С.) АТОДИ факультетинин студенттери дагы латын тили боюнча эл аралык жана республикалык олимпиадаларга катышып дипломдорго ээ болушкан: Сахаваж Аалам – I даражадагы диплом, Пракрити Басу – III даражадагы диплом; Манаси Вади I даражадагы диплом, Швета Кумари III  даражадагы диплом (жетекчиси  Дюшекеева А.К.)