Чет тилдерди окутуу борбору
Байланыш маалыматы:
Кыргызбаева Канзада Рахманалиевна
Кыргызбаева Канзада Рахманалиевна
Кызматы:
директор
Саралинов Руслан Маратович
Саралинов Руслан Маратович
Кызматы:
адис
Кыскача тарыхы

Борбор 2016-жылы “Темпус” программасынын колдоосу менен “Кесипттик максаттарды ишке ашыруу үчүн чет тилдерди окутуу” долбоорунун алкагында түзүлгөн.

Чет тилдерди  окутуу  борбору  структуралык бөлүм катары чет тили, латын тили кафедрасынын жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн негизинде иштейт.

Чет тилдерди окутуу борборунун билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укугу жана лицензиясы бар. №LE160002496 (КР Илим жана билим министрлигинин 2016-жылдын 29-июнундагы №1023/1 буйругу,

2016-жылдын 27-июнундагы №1-11-24  протоколу) – “Англис тили”, “Немец тили” даярдоо курстары.

1. Башталгыч (Elementary, A1)

2. Улантуучу (Pre-intermediate, A2-B1)

3. Жогорку (Upper-intermediate, B2-C1)

 

         Борбордо көрсөтмөлүү ачык сабактар, викториналар, студенттик илимий конференциялар, «Digestive system», ачык сабактар: «Nerves system», «Respirator system», «Vitamins»  ошондой эле “Кыргызстанда жана Россияда медициналык билим берүү”, « Healthy lifestyle», «Nutrition», « Antibiotic» деген темада викториналар, “Тамеки чегүү жана адамдын ден соолугу” деген темада илимий студенттик конференция, «Best of the best» олимпиадасы ж.б. чет элдик жарандарга сабактарды англис тилинде өтүүчү окутуучулардын тестирлөөсү.

         Борбор окуу группалары үчүн адиовизуалдык материалдар жана окуу китептери менен  жабдылган.

- 12 файл сабак - баштапкы деңгээлде , 10 файл сабак - Intermediate деңгээлинде башталат;

- маек үчүн студенттерди кызыктуучу жаңыланган тексттер;

- англис тилиндеги бүгүнкү сүйлөшүүлөр;

- 70-90 мүнөт жаңы видео;

- интерактивдик көнүгүүлөр;

-тыбыштарды, сөздөрдү туура айтуу боюнча ошондой эле тексттерди окуу жана угуу видеолорунун көнүгүүлөрү, аудио-грамматикалык жана лексикалык материалдар боюнча көнүгүүлөр;

- студенттерге каталарын табуу, алардын үстүнөн иштөөнү жүргүзүү үчүн жумуш дептерлер, тесттер жана аудиоматериалдар;

- англис тилинин (чоңдор үчүн) бардык курстары боюнча  Oхford Online Skills Program- универсалдык программасы.

- чет тилин билүү деңгээлин аныктоо үчүн  тесттер бар.  ПОК – 500 суроо, студенттерге – 500 суроо.