Студенттерди жана кызматкерлерди тейлөө борбору
Байланыш үчүн маалымат
Иштөө убагы

Студенттерди жана кызматкерлерди тейлөө борбору иштөө убагы

Дүйшөмбү 9:00 -- 17:30
Шейшемби 9:00 -- 17:30
Шаршемби 9:00 -- 17:30
Бейшемби 9:00 -- 17:30
Жума 9:00 -- 17:30
Ишемби эс алуу күн
Жекшемби эс алуу күн
Борбордун кызматкерлери
Томилина Светлана Вячеславовна
Томилина Светлана Вячеславовна
Кызматы:
Директор
Рыскулова Махабат Сейдибалиевна
Рыскулова Махабат Сейдибалиевна
Кызматы:
Кеңсе каттоочусу
Жакыпова Аксейил Курбанбековна
Жакыпова Аксейил Курбанбековна
Кызматы:
Кеңсе каттоочусу
Сиябекова Жазира Суюнбековна
Сиябекова Жазира Суюнбековна
Кызматы:
Кеңсе каттоочусу
Усманбетова Назика Уланбековна
Усманбетова Назика Уланбековна
Кызматы:
Кеңсе каттоочусу
Осконбекова Марифат Осконбековна
Осконбекова Марифат Осконбековна
Кызматы:
Кеңсе каттоочусу
Кудайбергенова Жибек Кудайбергеновна
Кудайбергенова Жибек Кудайбергеновна
Кызматы:
Кеңсе каттоочусу
Эркинбек кызы Насыйкат
Эркинбек кызы Насыйкат
Кызматы:
Кеңсе каттоочусу

Борбор жөнүндө кыскача маалымат
Борбор ректордун 2023-жылдын 20-ноябрындагы №344 буйругу менен документтерди тариздөө боюнча кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу, убакытка кеткен чыгымдарды, кезек күтүүнү кыскартуу, КММАнын кызматкерлери жана студенттери үчүн башка ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ачылган. Бирдиктүү терезе принцибин, ошондой эле КММАнын маалымат тутумдарынан маалымат алуу аркылуу кеңеш берүүчүлүк жана маалым кат берүү кызматтарын көрсөтөт. Бүгүнкү күндө 12 терезе бир убакта иштейт, аларда кеңсенин каттоочулары кеңеш айтып, талап кылынган документтерди беришет.
Борбордун негизги милдеттери
  • Студенттердин жана кызматкерлердин кызматтарды колдонуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана аларды көрсөтүүгө кеткен убакытты кыскартуу;·      
  • Кызмат көрсөтүүлөрдүн ыңгайлуулугун жогорулатуу;·      
  • Кызмат алуу үчүн арыз ээлери тарабынан берилген документтердин санын кыскартуу;·      
  • Кызмат көрсөтүү (көрсөтүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алган кызмат адамдары менен арыз ээлеринин жеке байланыштарын алып салуу;
  • Коррупцияга  каршы аракеттенүү жана ортомчулук кызматтарын жоюу;
  • Кызмат  алуучуларга  жардам көрсөтүүнүн сапатына канааттануусун жогорулатуу;
  • Студенттердин билим берүү кызматтарын алуу тартиби жана шарттары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу;
  • Мамлекеттик  бийликтин аткаруу органдарынын кызмат адамдарынын ишинин ачык-айкындуулугун жана көзөмөлүн жогорулатуу;
  • Билим берүү чөйрөсүндө студенттерге көрсөтүлүүчү кызматтардын маданиятын жана сапатын жогорулатуу;
  • Мамлекеттик  кызматтарды көрсөтүү процессин үзгүлтүксүз өркүндөтүү;
  • Иш кагаздарын жүргүзүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшүүчү университет ичиндеги иш кагаздарынын формаларын иштеп чыгуу жана автоматташтыруу, студенттер үчүн электрондук кызматтарды өнүктүрүү.
Борбордун функциялары 

Бирдиктүү терезе системасын уюштуруу жана колдоо, кызмат керектөөчүлөр жана кызмат көрсөтүүгө тартылган түзүмдүк бөлүмдөр менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.

Окуу процессинде студенттерге/ординаторлорго: которуу, калыбына келтирүү, кайра даярдоо, окуудан чыгаруу жана башка академиялык маселелер боюнча кеңеш берүү.

Калыбына келтирүү, которуу, академиялык өргүү, окуудан чыгаруу жөнүндө арыздарды кабыл алуу («КММАнын студенттерин калыбына келтирүү жана которуунун тартиби жөнүндө жобого» ылайык документтердин топтомунун болушун текшерүү жана көзөмөлдөө).

Маалым каттарды  жана башка документтерди берүү боюнча бирдиктүү терезе принциби боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана көрсөтүү:

  • студенттер/интерндер/ординаторлор үчүн КММАда окууну ырастоо жөнүндө;
  • Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна студенттер/ординаторлор/интерндер үчүн;
  • окуу жөнүндө элчиликке виза алуу үчүн;
  • военкоматка;
  • студенттер/интерндер/ординаторлор үчүн академиялык тастыктамаларга арыздарды кабыл алуу;
  • студенттер/практиканттар/ординаторлор үчүн транскрипттерди берүү;
  • студенттер/интерндер/ ординаторлор үчүн аяктагандыгы жөнүндө тастыктамалар;
  • студенттер/практиканттар/ ординаторлор үчүн айланып өтүү? (кыдыруу) баракчасы;
  • студенттер/интерндер/ ординаторлор үчүн архивдик маалымдамалар;
  • AVN колдонуу боюнча кеңештер;·       студенттин жеке кабинетине логинди жана сыр сөздү берүү;
  • студенттерге окуу акысын төлөө, себепсиз калтырылган сабактардын ордун толтуруу, жатакана, кошумча билим берүү программалары ж.б. боюнча кеңеш берүү;
  • окууга жана жатаканага акы төлөө боюнча бухгалтердик эсептин маалыматтарынын негизинде сессияга электрондук кабыл алууну жана тастыктамаларды алууну камсыз кылуу;
  • окуу акысын жеңилдетүүгө арыздарды кабыл алуу жана каржы комитетине өткөрүп берүү;
  • окуу акысын көзөмөлдөө үчүн бухгалтерия менен макулдашуу;
  • окуу үчүн төлөмдөрдү кайтарып берүү/кредиттөө боюнча арыздарды кабыл алуу жана кароо;
  • окутуу үчүн бюджеттик/гранттык каражаттардын ордун толтурууга арыздарды кабыл алуу;
  • жатаканадан бөлмө үчүн арыздарды кабыл алуу;
  • жатаканага кирүү үчүн каттоо жана ордер берүү;
  • кызматкерлер үчүн киреше күбөлүктөрү үчүн арыздарды кабыл алуу;
  • кызматкерлер үчүн эмгек китепчесин алуу үчүн айланып өтүү (кыдыруу) баракчасы;
  • 2016-жылга чейин кызматкерлерге жана студенттерге арыздарды кабыл алуу жана архивдик маалым каттарды берүү.