Дерматовенерология кафедрасы
Байланыш маалыматы
Кафедра кызматкерлери
Кафедра башчысы
Койбагарова Асель Алмазбековна
Койбагарова Асель Алмазбековна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Кафедра башчысы
Балтабаев Мир- Али Курбан –Алиевич
Балтабаев Мир- Али Курбан –Алиевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Усубалиев Мейкин Бейшенбаевич
Усубалиев Мейкин Бейшенбаевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
доцент
Кожанов Анвар Салыкович
Кожанов Анвар Салыкович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Ассистент
Ахмедов Мухаммаднаби Тургунович
Ахмедов Мухаммаднаби Тургунович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Ассистент
Ибраимова Айгуль Джумадиловна
Ибраимова Айгуль Джумадиловна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Дилмурат уулу Тилек
Дилмурат уулу Тилек
Кызматы:
Ассистент, Окуу бөлүмүнүн башчысы
Калыбекова Гульбара Мамбетовна
Калыбекова Гульбара Мамбетовна
Кызматы:
Ассистент
Шакирова Айнура Таласбаевна
Шакирова Айнура Таласбаевна
Кызматы:
Ассистент
Голяева Камила Сергеевна
Голяева Камила Сергеевна
Кызматы:
Ассистент (Профус)
Курбанова Диана Чингиcхановна
Курбанова Диана Чингиcхановна
Кызматы:
Ассистент (Дива-эффект)
Кичина Татьяна Васильевна
Кичина Татьяна Васильевна
Кызматы:
Ассистент (Профус)
Замирбекова Курманжан Замирбекова
Замирбекова Курманжан Замирбекова
Кызматы:
Ассистент
Азыков Шамен Медетбекович
Азыков Шамен Медетбекович
Кызматы:
Ассистент
Амангулова Айпери Амангуловна
Амангулова Айпери Амангуловна
Кызматы:
Ассистент
Окомбаева Перизат Нурлановна
Окомбаева Перизат Нурлановна
Кызматы:
Ассистент
Инжас Ахмад Баясович
Инжас Ахмад Баясович
Кызматы:
Ассистент
Кыскача тарыхы

Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун Дерматовенерология кафедрасы 1941-жылы түзүлгөн. Кафедранын алгачкы жетекчиси илимдин эмгек сиңирген ишмери, профессор Б.С. Ябленик болгон (1941 – 1952-жж.).

1952-жылдан тарта кафедраны эмгек сиңирген дарыгер – Республикалык тери-венерология кызматынын негиздөөчүсү жана башчысы доцент А.А. Северов жетектеген. 1956-жылдан баштап аталган бөлүмдүн жетекчиси болуп, м.и.к., доцент В.В. Теплиц дайындалган. Бул мезгил аралыгында сифилисти аныктоо жана дарылоо маселелери, ошондой эле дерматомикоздорду дарылоонун жана алдын алуунун айрым өңүттөрү изилденген.

1974-жылдан 1978-жылга чейин кафедраны профессор И.Е. Сосонкин жетектеген. 1978 – 1979-жылдары кафедра башчысынын милдеттерин м.и.к., доцент А.Б. Болжиев аткарган.

1979-жылдан 1993-жылга чейин бөлүмдү м.и.к., доцент И.Е. Сизов жетектеген. 5 кандидаттык диссертация жакталган. Дерматовенерология кафедрасынын өнүгүүсүндө кафедрада эмгектенген жетектөөчү адистер - м.и.к. В. И.Тартаковскийдин, м.и.к. И. К.Тулаинованын, Г.М.Калыбекованын, м.и.к. Ж.Ж.Токталиевдин жана башкалардын салымы зор.

1993 – 2002-жж. кафедранын башчысы болуп, м.и.к., доцент М.К. Осмоналиев эмгектенген. 90дон ашуун илимий иштин, колдонмонун, 8 методикалык сунуштаманын автору. Анын жетекчилиги астында кафедрада венерология тармагында реформалар ишке ашырылган – сифилиис менен ооругандар амбулатордук дарылоого өткөрүлгөн, мамлекеттик кызматтар менен катар эле, альтернативдик кызматтар уюштурулган. Дерматовенерологдордун биринчи эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлгөн. 

2002-жылдан 2004-жылга чейин кафедра м.и.к., доц. И.К.Тулаинова тарабынан жетектелген. Бул мезгил аралыгында 1 медицина илимдеринин кандидаты чыгып, 2 илимий-практикалык конференция уюштурулган жана методикалык иштеп чыгуулар менен окуу куралдары жарык көргөн.  

Кафедранын мурунку кызматкерлери доцент А.Б. Болжиевдин, м.и.д. Т.В. Соколованын (ишин Москва ш. коргогон), З.С. Ярмухамедованын, А.Б. Буранчиевдин эмгектери өзгөчө баага татыктуу. Алар эмгектенген мезгилде калк арасында ден соолукту чыңдоого багытталган иштер аткарылып, көптөгөн тери жана венерологиялык оорулардын патогенезин изилдеп чыгуу багытында илимий изилдөөлөр ишке ашырылган.    

2005-жылдан 2015-жылга чейин кафедраны медицина илимдеринин доктору, профессор Балтабаев Мир-Али Курбан-Алиевич жетектеп келген. Ал кызматка келген учурдан тарта жаңы этап башталган – Кыргыз Республикасынын дерматовенерология боюнча заманбап илимий мектеби түзүлгөн. 2 док­тордук жана 7 кандидаттык диссертация жакталган. М.К. Балтабаев 248 илимий эмгектин, анын ичинде 2 монографиянын, 30 эл аралык (европалык, россиялык) патенттин жана ойлоп табуунун автору. М.К.Балтабаев КР Дерматовенерологдор жана косметологдор ассоциациясынын вице-президенти, КР Саламаттыкты сактоонун отличниги. КР өкмөтүнүн Ардак грамотасы, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалы (Швейцария) жана Блинниковдун Алтын медалы менен сыйланган.

2015-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин кафедраны м.и.д., профессор   Койбагарова Асель Алмазбековна жетектеп келет.

10 жылдан бери радионуклиддердин кишинин организмине тийгизген таасирин изилдөө менен алектенген Асель Алмазбековна, уран туюккаптарына жакын аймактарда жашаган бейтаптарды текшерүүдөн өткөрүү жана дарылоо максатында Ысык-Көлдүн түштүк жээгине барган көчмө экспедицияларга катышкан. Көп эмгекти талап кылган бул иштин натыйжалары герпестик инфекцияны (учук) дарылоонун жаңы патогенетикалык ыкмасын иштеп чыгуусу үчүн өбөлгө болгон. Бул ыкма практикалык колдонууга киргизилген жана 2014-жылы «Тери жана венерологиялык оорулар» жана «Патологиялык физиология» адистиктери боюнча «Уран туюккаптарына жакын жайгашкан тоолуу шарттарда жашаган кишилерде латенттик инфекциянын өрчүүсүнүн этиопатогенетикалык өзгөчөлүктөрү»  («Этиопатогенетические особенности развития латентной инфекции у лиц, проживающих в горных условиях вблизи урановых хвостохранилищ») темасында доктордук диссертациясын жактоосуна негиз болгон. Ошентип, 2014-жылы «Дерматовенерология» адистиги боюнча Кыргызстандагы алгачкы илимдин доктору болгон А.А. Койбагарова Кыргыз Республикасынын окумуштуу айымдарынын плеядасынын катарын толуктаган.

Асель Алмазбековна 2008-жылы эле Кыргыз Республикасынын Дерматовенерологдор жана косметологдор ассоциациясынын вице-президенти болуу менен, Ассоциацияны түзүүгө катышкан. 2011-жылдан баштап КМШ өлкөлөрүнүн дерматовенерологдорунун жана косметологдорунун Координациялык Кеңешинин мүчөсү болуу менен, коңшу өлкөлөрдөгү (Казакстан, Россия) гана эмес, алыскы чет өлкөлөрдөгү (Франция, Германия, Швеция ж.б.) кесиптештер арасында кесиптик тыгыз байланыштарды түзүп жана өркүндөтүп келет. 

А.А.Койбагарова Урология жана дерматовенерология боюнча Диссертациялык кеңештин төрагасынын орун басары. 100 илимий иштин, ойлоп табууга 3 патенттин, 1 рац. сунуштун автору, монографиясы, методикалык окуу куралдары жарык көргөн. А.А. Койбагарованын жетекчилигинде 1 кандидаттык дисертация жакталып, 4 аспиранттын илимий иштери аткарылууда. 

14.01.10 -ж. «Дерматовенерология» программасы боюнча ординатура жана «Тери жана венерологиялык оорулар» профили боюнча аспирантура ачылган («Урология» менен биргелешип).  2014-жылдан баштап А.А. Койбагарованын жетекчили астында дерматокосметология багыты өнүктүрүлө баштап, дерматолог дарыгерлер, клиникалык ординаторлор Diva Effect, Profus, «клиника доктора Кичиной» сыяктуу эстетикалык косметология боюнча алдыңкы клиникалардан окуп келүүдө. Кафедранын алдында  дерматокосметология боюнча ийрим активдүү иштеп келет. 2017-жылы дарылоо, педиатрия жана башка факультеттердин 4-6-курстарынын студенттери үчүн  «Дерматокосметология» боюнча элективдер алгачкы ирет киргизилген. 2018-жылы «Дерматокосметология» адистиги боюнча кайра даярдоо, «Мезотерапия» жана «Ботулинотерапия» боюнча квалификацияны жогорулатуу курстары ачылган. Жылына 5-6 жолу КР Дерматовенерологдор жана косметологдор ассоциациясы менен биргелешип уюштурулган «Дерматологиялык окуулар», көчмө конференциялар, Ден соолук күндөрү, клиникалык консилиумдар ж.б. өткөрүлүп турат.

2019-жылы алгачкы жолу чет өлкөлүк студенттер үчүн дерматовенерология боюнча онлайн жана оффлайн режимдерде англис тилинде Олимпиада болуп өткөн (уюштуруучулар -  А.А.Койбагарова жана А.Т. Шакирова А.Т.), жыл сайын дарылоо жана стоматология факультеттери үчүн ар түрдүү олимпиадалар уюштурулуп турат.

Кафедранын ассистенттери Проф.стандарттарды (дерматовенерология, дерматокосметология), Медициналык адистиктердин номенклатурасын иштеп чыгууга, ошондой эле И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жана дерматовенерологиялык кызматтын коомдук жашоосуна активдүү катышып келет. Соңку жылдардын ичинде кафедра тарабынан 300дөн ашуун илимий иш жарыяланган.

Ковид-19 пандемиясынын учурунда кафедранын окутуучулары менен клиникалык ординаторлору кызыл зоналарда, тез жардам кызматында иштеп, блок посттордо жана колл-борборлордо нөөмөткө турушкан, бейтаптарга, волонтёрлорго жана ар кандай кызматтардын кызматкерлерине медициналык жана материалдык жардам көрсөтүшкөн. 

Кафедранын кызматкерлери жыл сайын ымыркайлар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө кайрымдуулук сапарларын ишке ашырып, балдарга жана майыптарга кийим-кече, дары-дармек, азык-түлүк түрүндөгү ж.б. жардамдарды көрсөтүп келишет. Ден соолук күндөрүн уюштуруп, спикерлер калкка лекцияларды окушат,  жетектөөчү адистердин – дерматологдордун, трихологдордун, эндокринологдордун, косметологдордун ж.б акысыз консультацияларын өткөрүп турушат. А.А.Койбагарова ветерандарыбызга, улгайган жарандарыбызга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кол сунган коомдук ишмер катары дагы белгилүү.  А.А.Койбагарованын үй-бүлөсүнүн атынан чоң атасы – Кыргыз ССР Жогорку советинин депутаты (1947-1967-жж.) жана Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин төрагасы (1945-1955-жж.) Макиш Койбагаровдун наамын алып жүргөн орто мектепке көрсөтүлүп келе жаткан даректик жардам өзгөчө баага татыктуу. Ар бир окуу жылынын аягында Асель Алмазбековна үй-бүлөсү менен жогорку класстардын мыкты окуучуларына мактоо баракчаларын, стипендияларды тапшырып турат.

А.А.Койбагарова көптөгөн сыйлыктардын ээси: КМШ мүчө мамлекеттеринин парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасы,  Санкт-Петербург (2019-ж.), КР Президентинин Ардак грамотасы, Бишкек (2020-ж.), Бишкек шаардык кеңешинин Күмүш төш белгиси (2022-ж.), Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы (2023-ж.) ж.б.

Кафедранын ассистенттери эмгеги үчүн бир катар сыйлыктар менен сыйланган: Кызматтын ветераны Г.М.Калыбекова – КММА алдында сиңирген эмгеги үчүн медаль, билим берүүнүн отличниги ж.б., А.Т.Шакирова  – КММАнын илимий-инновациялык ишмердүүлүгү үчүн Төш белги, Шаардык кеңештин Ардак  грамотасы, Н.Т.Ахмедов, А.С.Кожанов – КР Саламаттыкты сактоонун отличниги, Шаардык кеңештин Ардак  грамотасы ж.б.

Илимий ишмердиги

Китептери жана монографиялары;

  • Осмоналиев М.К. “Жыныстык жугуштуу инфекциялар жана АиВ/СПИД”
  • М.К. Балтабаев “Жалпы теривенерология” КОСУ басма үйү, 2013-ж. 482 барак. 
  • М.К. Балтабаев, Д.Н. Сыдыкова. “Атопикалык дерматит” (патогенетикалык аспекттери жана дарылоону жакшыртуу), Hambert academic publishing (Германия). 2013-ж. 125 барак.
  • Усубалиев М.Б. “Кыргыз Республикасындагы мите козу карын ооруларынын эпидемиологиясынын аспекттери жана аны дарылоону жакшыртуу” Бишкек, 2013-ж. 268 барак.
  • Койбагарова А.А. “Жашыруун инфекциялар, радиация,” Кыргыз Республикасы, “Алтын тамга” басма үйү 2014-ж. 124 б.
  • Койбагарова А.А. жана авторлоштор “Амбулатордук практикада микробдорго каршы каражаттарды рационалдуу колдонуунун тактикасы жана стратегиясы”. Евразиялык клиникалык сунуштама. ММО “Альянс” 2016-ж. 224 б.

Макалалар жана тезистер

  • Кожанов А.С. Усубалиев М.Б. “Кыргыз Республикасында псориаздын клинико-эпидеиологиялык аспекттери”, “Коомдук саламаттык сактоо боюнча Борбор Азиялык илимий-практикалык” журналы, Алмата, 2015-ж. №1 21-29 б.
  • Кожанов А.С., Усубалиев М.Б., Койбагарова А.А. “Жөнөкөй псориаздын жергиликтүү дарылоонун түрдүү методдорунун натыйжалуулугу илим жана билимдин акыркы көйгөйлөрү”, Москва 2016-ж №6 168-175-б.
  • Балтабаев М.К., Балтабаев А.М. “Диффуздук чач түшүү энтеропатикалык акродермиттин бир көрүнүшү”, “Трихология” журналы, “Косметика жана медицина” басма үйү. Москва ш. Орус Федерациясы, “2016-ж. №3 44 ;7-б.
  • Балтабаев М.К., Шакирва А.Т., Балтабаев А.М. “Rosaceaны дарылоонун жаңы жолдору”, КОСУ жарчысы 2016-ж. 16-том, №11 8-12б.
  • Балтабаев М.К., Ткачев В.П., Балтабаев А.М. “Уялуу тасты дифференциалдык дарт аныктоо алгоритми”, “Тери жана венерология оорулары” журналы (Россия). Москва 2016-ж. 19(6) 359-364-б.
  • Балтабаев А.М., Ниязов Б.С.,Балтааев М.К.,Токталиев Дж.Дж.. “Уялуу тастын жүрүшүнүн азыркы мезгилдеги клиникалык аспектилери. Сonsilium medicum (Тери жана венерология). Москва. 2016. №4.10-14 б.
  • Балтабаев М.К., Шакирова А.Т.,Балтабаев М.К.. “Розацеанын дарылоосунда L-аргинин жана урсодезоксихол кычкылынын клиникалык натыйжасы”, “Тери жана венерология” жарчысы. Москва- 2016- ж., №6, 34-42 б.
  • Усубалиев М.Б., Исламова Г.Р. “Кыргыз Республикасында 27 жыл аралыгында котур менен оору динамикасы”, (1990-2016- жж.), “Медициналык микология маселелери”- Санкт-Петербург, 20 том №2 – 121 б.
  • Усубалиев М.Б., Кожанов А.С., Ибраимова А.Дж. “Кадимки псориаз менен ооругандардын социалдык-гигиеналык мүнөздөмөсү”, “Илим жана билимдин акыркы убакыттагы көйгөйлөрү”
  • Шакирова А.Т. “Орто жана оор абалдагы кадимки безетки менен ооруган жаш курактуу бейтаптардын комплаесин дарылоо натыйжасына  жана жашоосунун сапат көрсөткүчтөрүнө болгон таасири”. “Колдонмо жана фундаменталдык изилдөөлөөр”- Эл аралык журнал. Москва – 2017-ж. №2 (1 бөлүм), 2017-ж. – 33-36 -б.
  • Усубалиев М.Б., Койбагарова А.А., Ибраимова А.Дж., Кадырова А.И., Нурматова Б.Н.. “Баштын түктүү жагынын ширелме-ириң трихофитиясы менен ооругандардын иммундук статусуна байланыштуу комплекстик дарылоо” КММА жарчысы – 2018, №1 49-53 б.
  • Койбагарова А.А., Балтаев М.К., Усубалиев М.Б., Эрнисова М.Э.. “Өнөкөт жайылмалуу (бүртүктүү) кандидоз: узак каралган клиникалык окуя”. И.К.Ахунбаев атындагы КММА жарчысы. Академик К.Р. Рыскулованын 100 жылдыгына арналган КММА-2018-жылдагы илим күнүнө карата материалдар жыйнагы. Бишкек 2018-ж.  98-103 б.

 Окуу-методикалык колдонмолор.

  • Балтабаев М.К., Койбагарова А.А., Усубалиев М.Б., Токталиев Дж. Дж., Калыбекова Г.М., Кожанов А.С., Шакирова А.Т., Ахмедов М.Т., Ибраимова А.Д.. “Пиодермиялар (методикалык сунуштар)”. Бишкек, КММА басма борбору. 2016-ж. 24-б.
  • Усубалиев М.Б., Кожанов А.С.”Псориаз” (этиологиясы,патогенези,эпидемиологиясы,дарылоо). И.К. Ахунбаев атындагы КММА басма борбору. 2016- ж. 46 б. 
  • Шакирова А.Т. “Skin-structure,functions,pathogistology,elements of rash. Diagnostic methods on dermatovenerology”. И.К. Ахунбаев атындагы КММА басма борбору. 2017 -ж. 25 -б.

Патенттер жана рационалдуу сунуштар.

  • Койбагарова А.А.”Кызыл жалпак чакалайдан дарылоо ыкмасы”. Официалдуу бюллетень. “Ителекктуалдык менчик”. Патент №1268. – Бишкек, 2010-ж., №7, 29-б.
  • Койбагарова А.А.”Герпесвирус жугуштуу илдеттин дарылоо ыкмасы” (ойлоп табууга патент). “Интеллектуалдык менчик”. – Патент №1403. – 2011. - №11. – 17 с.
  • Балтабаев М.К., Балтабаев А.М. “Чыныгы акантолитикалык ыйлаакчанын лаборатордук дарт аныктоо ыкмасы”. Ойлоп табууга патент №383.30.01.2015- ж. “Интеллектуалдык менчик”. Официалдуу бюллетень, Бишкек, 2015, №1.
  • Балтабаев М.К., Шакирова А.Т.”Кызгылт безеткилерди дарылоо ыкмалары”. Ойлоп табууга патент №1759 31. 07.2015- ж.. “Интеллектуалдык менчик”, Официалдуу бюллетень, Бишкек,№7
  • Усубалиев М.Б., Кожанов А.С., Койбагарова А.А., Юсупова Д.М., Мырзамамытова А.М. “Псориаздын алдын алуунун медико-социалдык модели”, (рационалдуу сунуш, 2016).
  • Кожанов А.С.,Усубалиев М.Б., Койбагарова А.А. “Кадимки псориазды дарылоо ыкмасы”, (рационалдуу сунуш,2016-ж.)
  • Балтабаев М.К., Балтабаев А.М. “Тасты дарылоо ыкмасы”. Ойлоп табууга евразиялык патент №025550. Евразиялык Патенттик Уюм, Евразиялык Патенттик Мекеме. Москва ш. Патент берилген күнү 2017 -жылдын 30-январы.
Фотографиялар

Дисциплиналар
  1. Дерматовенерология
  2. Дерматокосметология (4 курстун студенттери үчүн элективдик курс)
  3. Дерматовенерологдор үчүн «Дерматокосметология» (576с), кесиптиги боюнча, профессионалдык даярдоо.
  4. Дерматокосметологдор үчүн классификацияны жогорулатуу курсу «Мезотерапия»(72с), «Ботулинотерапия» (72с).
  5. Дерматовенерологдор үчүн классификацияны жогорулатуу курсу «Псориаз жана кызыл жалпак чакалай» (72с).
  6. Дерматовенерологдор үчүн классификацияны жогорулатуу курсу «Учурдагы клиникалык маселелер, диагностика жана жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларды дарылоо»  (72с).
Кафедранын клиникалык борборлору
  • КГМА Медициналык борбору,  Бишкек ш, К. Тыныстанов көчөсү 1, Тел: (0312)565552
  • Республикалык Дерматовенерология борбору, Бишкек ш,  Суеркулов көчөсү 1.
  • Клиника “Профус”,  Бишкек ш, Байтик Баатыр 3\2
  • Клиника “Дива-эффект” Бишкек ш, Разакова 15, 7мкр 173, Токтогул к. 169.