Профессор А. Д. Джумалиев атындагы жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасы

Байланыш маалыматы:
Кафедра кызматкерлери
Кафедра башчысы
Махмудова Жылдыз Ахматовна
Махмудова Жылдыз Ахматовна
Окумуштуу даражасы:
биология илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Кафедра башчысы
Пищугин Федор Васильевич
Пищугин Федор Васильевич
Окумуштуу даражасы:
химия илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Турдубекова Айтбүбү Саипбакасовна
Турдубекова Айтбүбү Саипбакасовна
Окумуштуу даражасы:
биология илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Дюшеева Бегимжан Мукамбетовна
Дюшеева Бегимжан Мукамбетовна
Окумуштуу даражасы:
химия илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
доцент
Дилара Автандиловна Субанкулова
Дилара Автандиловна Субанкулова
Окумуштуу даражасы:
химия илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Аскалиева Нургуль Ракыевна
Аскалиева Нургуль Ракыевна
Окумуштуу даражасы:
химия илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Бердалиева Жылдыз Имакеевна
Бердалиева Жылдыз Имакеевна
Окумуштуу даражасы:
химия илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Кызматы:
Окутуучу
Келгенбаева Жазгүл Коконбаевна
Келгенбаева Жазгүл Коконбаевна
Окумуштуу даражасы:
химия илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Окутуучу, PhD
Таалайбекова Мээрим Таалайбековна
Таалайбекова Мээрим Таалайбековна
Окумуштуу даражасы:
биология илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Окутуучу
Абдылдаева Нурзат Эсенбековна
Абдылдаева Нурзат Эсенбековна
Кызматы:
Улук Окутуучу
Светлана Машарипова Ибрагимова
Светлана Машарипова Ибрагимова
Кызматы:
Улук Окутуучу
Баатырова Нурайымкан Жумабековна
Баатырова Нурайымкан Жумабековна
Кызматы:
Улук Окутуучу, Кафедранын окуу бөлүм башчысы
Бектурганова Асель Орумбековна
Бектурганова Асель Орумбековна
Кызматы:
Улук Окутуучу
Ниязалиева Жамилийла Карыбековна
Ниязалиева Жамилийла Карыбековна
Кызматы:
Окутуучу
Акынбекова Нуриза Болотовна
Акынбекова Нуриза Болотовна
Кызматы:
Окутуучу
Исмаилов Фурхат Абазканович
Исмаилов Фурхат Абазканович
Кызматы:
Окутуучу
Акатова Майрам Бактыбековна
Акатова Майрам Бактыбековна
Кызматы:
Окутуучу
Исманкулова Аида Момунжановна
Исманкулова Аида Момунжановна
Кызматы:
Улук лаборант, Окутуучу
Кулматова Гүлсана
Кулматова Гүлсана
Кызматы:
Лаборант
Ташкараева Зарина Абдиназаровна
Ташкараева Зарина Абдиназаровна
Кызматы:
Лаборант
Кыскача тарыхы

Кыргыз мамлекеттик медициналык институту 1939 -жылы ачылган, ал эми 1940- жылы биохимия кафедрасы түзүлгөн.

1940-1945-жылдары Москва Мамлекеттик университетинин «биохимия» кесибинин бүтүрүүчүсү Иванов Илья Ильич КММИ биохимия кафедрасынын алгачкы башчыларынан болот.

Профессор Иванов И.И КММИнун биохимия кафедрасынын куралышына жана кадрларды даярдоодо көп көңүл бурган. Ошондой эле профессор И.И.Ивановдун өздүк документинде академиктер В.А.Энгельгардттын жана Б.И. Збарскийдин илимий ишкерликтери жөнүндө оң пикирлер айтылган.

1941-жылы КММИ кафедрасы менен Харьков мединституту кошулган.

Петербург технологиялык институтунун химия факультетинин бүтүрүүчүсү Бродский Александр Леонидович 1945-1948-жылдары биохимия кафедрасын башкарган, ошол эле учурда ал органикалык химиядан лекцияларды  окуган.

Ал эми 1948-1954-жылдары биохимия кафедрасын медицина илимдеринин доктору Рашкован Борис Абрамович жетектеген. Бул мезгилде кафедрада биохимия кесибинин ээлери жеткиликтүү болуп калган.

Иванов Илья Ильич Бродский Александр Леонидович Рашкован Борис Абрамович

 1945-жылдын 1-февралынан баштап 1963- жылга чейин Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, профессор, м.и.д. Конопелько Кузьма Гаврилович биохимия кафедрасын жетектеген. Андан кийин 1963-1986 – жылдары профессор, медицина илимдердин доктору Копытин Борис Михайлович башкарган. Б.И. Копытин 1944-жылы  Москва медициналык институтун бүтүргөн. Андан кийин Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун Медициналык илимдер академиясынын Эксперименталдык биология институнун «Патологиялык физиология» кафедрасында аспирантурасын аяктаган. Андан кийин профессор Б.М. Копытин тарабынан 100дөн  ашык илимий иштер жарыяланып, 5 илимдердин кандидаты даярдалган. Анын окуучулары кафедранын доценттери Кучук Э.М жана  Бозумова К.А. Профессор Б.М. Копытин СССРдин билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмер деген наамга жана Кыргыз ССРнин саламаттыкты сактоонун отличнигине ээ болгон.

Чотоев Жакен Айтиевич Сыдыков Жумабай Сыдыкович Копытин Борис Михайлович

2002-жылы «Жалпы жана биоорганикалык химия», «Биологиялык химия» жана «Жогорку математика курсу менен Медфизика» кафедраларын бириктирип, «Табигый-илимий дисциплиналар» кафедрасын уютурушкан. Бул кафедранын башчысы болуп, УИАнын академиги, корр-мүчөсү, х.и.д.      Ф. В. Пищугин дайындалат, ал эми 2004-жылдан тарта кафедраны профессор Аденов Жумабай Аликеевич башкарат.

2005-жылдын сентябрь айынан тартып 2009-жылга чейин биохимия кафедрасын доцент, биология илимдеринин кандидаты Бозумова Куляй Асановна жетектейт, ал эми  кафедранын профессор-консультанты болуп,  УИАнын академиги, биология илимдеринин доктору, профессор Алдашев А.А. дайындалат.

Бозумова Куляй Асановна кандидат биологических наук доцент

Алдашев Алмаз Адулхаевич д.б.н., академик НАН КР, профессор

2009-жылдын сентябрь айынан тарта кафедраны Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, биология илимдеринин доктору, профессор Алдашев А.А башкарат.

Алдашев Алмаз Абдулхаевич:

  • Кыргыз Республикасынын УИАнын вице-президенти,
  • УИАнын «Химия-технологиялык, медико-биологиялык жана айыл-чарба илимдери» бөлүмүнүн төрагасы,
  • академик М. Миррахимов атындагы «Кардиология жана терапия улуттук борборунун алдындагы молекулярдык биология жана медицина илимий изилдөө» борборунун негиздөөчүсү жана директору,
  • УИАнын президиумунун мүчөсү болуп эмгектенген.

 Ал көптөгөн баяндамалардын жана эмгектердин автору:

  1. Blunted activation of Rho – kinase in yak pulmonary circulation.- Biomed Res INT.- 2015;720250
  2. Cerebral oxygenation in highlanders with and without high altitude pulmanoryhypertensi on.
  3. Pathophysiology andtreatment of high – altitude pulmanory vascular disease.- Circulation.- 2015.Feb 10;131(6): 582- 90. Review.
  4. The zinc transporter ZIP 12 regulates the bpulmonary vascular response to chronic hypoxia.- Naturew.- 2015.-Aug.10. doi:10.1038 nature 14620.(Epub ahead of print)
  5. Ассоциация полиморфного маркера G276Т гена адипонектина с абдоминальным ожирением в кыргызской популяции.- Проблемы эндокринологии.-2015.-Т.61.-№1.- С.46-50.
  6. Связь Т455С полиморфизма гена аполипопротеинаС- IIIс инсулинорезистентностью и компонентами метаболического синдрома.- Кардиология.-2015.-№6.

«Физикалык жана коллоиддик химия курсу менен жалпы химия» кафедрасы 1939-жылы түзүлгөн. Кафедра түзүлгөндөн бери аны

  • Кравченко Сергей Семенович (1939-1963жж.),
  • доцент Зуев Борис Николаевич (1964-1972 жж),
  • доцент Ташматов Калыс Ташматович (1972-1976 жж),
  • медицина илимдеринин доктору, профессор Джумалиев Артыкбай Джумалиевич (1976 -1994 жж),
  • доцент, медицина илимдеринин кандидаты Чотоев Жакин Айтиевич (1994-1999 жж),
  • УИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор Пищугин Федор Васильевич (2002-2004жж),
  • химия илимдеринин доктору, профессор Аденов Жумабай Аликеевич (1999-2012 жж) жетектешкен.

Кафедранын түптөлүшүнө жана врачтарды даярдоодо Слатвицский С. Е., Джунусов А. Д., Бегалиев Т. Б., Абыкеев К. А., Стваночук И. А., Ботонбекова А. Б., Султанова К. С., Исманова З. Б. чоң салым кошушту.

Профессор Аденов Ж. А жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо республикада билим берүү жана илимде кошкон салымы үчүн КР Ардак грамотасы менен сыйланган, 2010-жылы КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган.

  

Ал эми профессор Пищугин Ф. В. КР УИАнын ардак грамотасы менен сыйланган. 2012-жылы «Биологиялык химия» жана «Жалпы жана биоорганикалык химия» кафедралары кошулуп, жаңы «Фундаменталдык дисциплиналар» кафедрасы түзүлөт. 2016-жылдын июль айынан тарта кафедра «Жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасы» деп аталат жана башчысы болуп доцент Махмудова Ж.А. дайындалат. 2016-жылдын 29-ноябрында Махмудова Ж.А. «Кардиоспецифические ферменты, как маркеры особенностей течения кардионекроза в условиях высокогорья» деген темада доктордук ишин ийгиликтүү жактаган жана КР ЖАК Президиумунда бекитилген. Учурда кафедрада 17 окутуучу (2 илимдин доктору, 1 профессор, 3 доцент, 7 илимдин кандидаттары, 4 ага окутуучулар жана 6 окутуучу) эмгектенет. Кафедранын кызматкерлеринин көпчүлүгү КР билим берүүнүн жана КР саламаттыкты сактоонун отличниктери (профессор, УИАнын корреспондент-мүчөсү Пищугин Ф. В., б.и.д., доцент Махмудова жана б.и.к., доцент Бозумова К.А.).

2017-жылдан бери кафедра медицина илимдеринин доктору, профессор, СССРдин саламаттыкты сактоосунун отличниги, Кыргыз ССРинин саламаттыкты сактоо жаатындагы эмгек сиңирген кызматкери Джумалиев Артыкбай Джумалиевичтин ысымын алып жүрөт.

Профессор Джумалиев А. Дж.

Джумалиев А.Дж. биохимия, физиология жана бийик шарттуу тоолордогу зат алмашуунун патологиясы жаатындагы адис. Докторлук иштин темасы: "Особенности патогенеза и проявлений аллоксанового диабета в условиях высокогорной адаптации и деадаптации организма ". Ал Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы радиациялык оорунун жана кант диабетинин патогенезинин өзгөчөлүктөрүн эксперименталдык түрдө изилдөө менен алектенген. Кафедранын түптөлүшүнө жана дарыгерлерди даярдоодо зор салым кошкон. 

Окутуунун ишмердүүлүгү

Кафедрада окутуу бардык факультеттерде: орус, кыргыз жана англис тилинде жүргүзүлөт. Мындан тышкары, фармацевтикалык орто билимдин базасындагы жогорку фармацевтикалык билим алуунун кечки бөлүмүндө студенттер билим алышат. Окутуу 3 программанын негизинде өтүлөт: 1- дарылоо иши жана педиатрия, экинчиси стоматология, ал эми үчүнчүсү фармацевттерге. Мында атайын багытталган бөлүктөр: балдардын организминдеги зат алмашуулардын өзгөчөлүктөрү, ооз көңдөйүнүн биохимиясы жана ксенобиотиктердин алмашуусу камтылган. Мындан сырткары кафедранын окутуучулары «Дарылоо иши» факультетинин 3-курсунун студенттер үчүн клиникалык биохимия боюнча сабак окутушат.

Кураторская работа на кафедре ведется согласно плану всеми преподавателями. Проводятся кураторские часы. Наша кафедра курирует лечебный факультет №2. Студентами 1 курса лечебного факультета всегда проводится вечер знакомств под руководством старшего куратора и кураторами. Также кураторами были организованы поездки со студентами в  детский дом в с. Беловодское.  Кафедра принимает активное участие в проведении мероприятий КГМА: “Нооруз”, “Ко дню победы”, “ Посвящение в студенты”. Проводятся дежурства в общежитиях №7,№8.

Химия илимдеринин кандадаты Аскалиева Н.Р. «Кребс циклинин субстраттары» темасында лабораториялык сабак жүргүзгөн учурда

Ага окутуучу Баатырова Н. Ж. жетекчилиги астында

 илимий-практикалык сабак өткөрүүлүдө

Илимий изилдөө иштери

Илимий-изилдөө иштери боюнча, учурда кафедрада “Течение катехоламинового кардионекроза в условиях реадаптации в низкогорье у животных, и научное обоснование его фармакотерапии в эксперименте” темасынын алкагында адабияттык издилдөө жүрүп жатат.

Б.и.д Ж.А. Махмудованын жетекчилик астында кафедра аспиранты М.Т. Таалайбекова биохимиялык жана морфологиялык изилдөөнү төмөнкү темада:  «Влияние милдроната на метаболизм миокарда у животных с катехоламиновыми некрозом миокардав условиях высокогорья и при реадаптации к низкогорью” жүргүзүдө. Ошондой эле Ж.А. Махмудова КММАнын гистология, цитология жана эмбриология кафедрасынын аспирантары Ж.Т. Кеңешов «Морфологическая и биохимическая характеристика сердца при экспериментальном кардионекрозе в условиях низкогорья после реадаптации» жана Ч.К. Мукаева  «Морфологическая и биохимическая характеристика почек при экспериментальном кардионекрозе в условиях низкогорья после реадаптации» темалары боюнча илимий иштерин жетектейт.

Профессор Пищугин Ф.В. «Синтез биологически активных и лекарственных препаратов» деген темада илимий иш аткарып жатат. Окутуучу Аскалиева Н.Р. «Синтез исследования свойств и строение металлокомплексов антраниловой кислоты" темасында кандидаттык диссертациясын корогоду. Х.и.к., окутуучу  Бердалиева Ж.И төмөнкү темада: «Синтез, строение  и свойства  координационных соединений N-N содержащих легандов с солями  бивалентных металлов» изилдөө жүргүзүдө.  Ага окутуучу Абдылдаева Н.Э. “Синтез амидов кислот в тройных системах из аллофанамида, солей ряда переходных металлов» темасынын алкагында илимий ишин аткарууда.

Окутуучу Бектурганова А.О. “Морфофункциональные изменения лейкоцитов периферической крови организма человека и животных при адаптации и деадаптации к условиям высокогорья” деген темада илимий-иш аткарууда. Окутуучу Келгенбаева Ж. К. «Синтез и изучение наноструктур систем Fe-, Sn- и In -, методом импульсной плазмы в жидкостях» темасында илимий диссертациясын  Японияда (2015 ж) жактаган. Жаш окумуштунун диплому КР ЖАКде нострифицирленип (таанылып), 26.12.2018  химия илимдердин кандидаты даражасы ыйгарылган.

Кафедранын кызматкерлери илимий макалаларды Кыргызстандын жана жакынкы, алыскы өлкөлөрдүн илимий журналдарына чыгарууда. Студенттердин илимий коомдун мүчөлөрү болгон студенттер өлкөдөгү жана чет мамлекеттерде өткөрүлгөн илимий конференцияларда докладдарын окуп жүрүшөт. Студенттердин илимий коомун биология илиминин доктору  Махмудова Ж.А. жетектейт.

Бектурганова А. О. илимий тажырыйбаларды жургузу учурунда

Х.и.к., окутуучу Бердалиева Ж.И. КР УИАсынын химия институнда илимий- изилдоо иштерин жургузу учурунда

2018 – жылы 16 майда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары К.Г. Кожобеков

авторлорго «Биохимия» окуу китебин ыйгарды.

«Кыргыз Республикасында 2015-2020 жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын» алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Биохимия» окуу китеби 2018 жылы май айында басылып чыккан. Авторлор: Бозумова К А.,Турдубекова А С., Дюшеева Б.М. жана Баатырова Н. Ж.

Дисциплиналар
Жалпы жана клиникалык биохимия, жалпы жана биоорганикалык химия. 
Кайрымдуулук акциялар

Ар окуу жылындагы кафедранын жамаатынын жана студенттеринин кайрымдуулук акциялары

Беловодск балдар үйүнүн тарбиялануучуларына оюн-зоок программасы тартууланды. Иш-чаранын соңунда балдарга таттуулар жана белектер берилди

Студенттердин илимий конференцияларга жана олимпиадаларга катышуусу

Кыргыз –Түрк-Манас Университетинде II Эл аралык биологиялык конгресстин БИОМЕДИЦИНА секциясында дарылоо иши факультетинин 1- курсунун 3-тайпадагы студенти А.В. Вахидов илимий доклад окуду

КММАнын илимдер күнүнѳ карата
М.Т. Таалайбекова жаш илимпозчулар менен доклад окуду

Профессор А.Ж. Жумалиевдин 90 жылдыгына арналган КММАнын студенттери арасында биохимия боюнча олимпиада

Башкыр Мамлекеттик медициналык университетинде
“Биохимик-21” секция боюнча Бүткүл россиялык интеллектуалдуу олимпиаданын алгачкы жеӊүүчүлѳрү

И.М. Сеченов атындагы Биринчи Москвалык Мамлекеттик медициналык университетинде “Педиатриянын виртуозу” аттуу студенттердин жана жаш окумуштуулардын үчүнчү Бүткүл Россиялык педиатриялык форумунун “Билимдин калейдоскопу” секциясына педиатрия факультетинин студенттери катышты

Башкыр Мамлекеттик медициналык университетинде “Биохимик-22” секция боюнча Бүткүл россиялык олимпиаданын жеӊүүчүлѳрү

С.Д. Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университетинде “Биологиялык химия” секциясы боюнча эл аралык олимпиаданын жеӊүүчүлѳрү

С.Д. Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университетинде “Биологиялык химия” секциясы боюнча эл аралык олимпиаданын жеӊүүчүсү англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультетинин 2-курсунун студенти Mahendra Kumar Kashyap

С.Д. Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университетинде “Биологиялык химия” секциясы боюнча эл аралык олимпиаданын жеӊүүчүсү дарылоо иши факультетинин 3-курсунун студенти Э. Зикиров

И.К. Ахунбаевдин туулган күнүнүн 115 жылдыгына арналган фундаменталдык дисциплиналар боюнча медициналык ЖОЖдордун студенттеринин Эл аралык олимпиадасы.

“Биологиялык химия” секциясы