Тарбия жана уюштуруу-массалык иштер бөлүмү
Байланыш маалыматы
Ешимбекова Талайкуль Сүйүмбековна
Ешимбекова Талайкуль Сүйүмбековна
Кызматы:
Бѳлүм башчысы
Орумбеков Аруун Мирланович
Орумбеков Аруун Мирланович
Кызматы:
Жалпы иштерди уюштуруу боюнча адис
Шипулина Марина Сергеевна
Шипулина Марина Сергеевна
Кызматы:
Жалпы уюштуруу иштери боюнча адис
Курманалиева Чынара Мырсабековна
Курманалиева Чынара Мырсабековна
Кызматы:
Хореограф
Талантбеков Марат Талантбекович
Талантбеков Марат Талантбекович
Кызматы:
Жалпы уюштуруу иштери боюнча адис
Кыскача тарыхы

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун тарыхында,      андан кийин академиянын, студенттерди адеп-ахлактык, патриоттук, эстетикалык жактан тарбиялоо жана дене тарбиялык жактан чыңдоо зор мааниге ээ болгон. Ушул максатта 1939-жылы институтта окуу-уюштуруу-массалык иштер бѳүлүмү түзүлүп, ѳз учурунда ал  башкармалык  институттун комсомолдук уюму деп аталган.  Уюмдун биринчи секретарлыгына Л.В.Букина шайланган.

Университеттин тарыхынын ар кайсы жылдарында бул багытта мүнөздүү тенденциялар байкалат: 60-жылдардагы студенттердин чыгармачылык активдүүлүгү, 70-жылдардагы СТОнын интенсивдүү иши. 1973-1976-жылдарда медициналык студенттик отряд 400 жоокерден турган жана Якут АССРинин объектилеринде иштеген. Курулуштагы жогорку ѳндрүштүк кѳрсѳткүчтѳрү жана калк арасындагы коомдук-саясий жана маданий иштерге активдүү катышкандыгы үчүн отряд эки жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, эстелик ленталары жана комсомолдун Борбордук Комитетинин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана грамоталары менен сыйланган. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин ѳтмѳ Кызыл Туусу,Кыргызстан Компартиясы жана Кыргыз ССР Министрлер Совети. 80-жылдары студенттердин окуудан тышкаркы иштери массалык пропагандалык мүнөзгө ээ болуп,    90-жылдары мамлекеттин түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөрдүн, моралдык-эстетикалык артыкчылыктардын кайра бааланышынын кырдаалында өттү. Жаңы миң жылдык жоголгонду кайра калыбына келтирүүгө умтулуу, жаштардын жаңы кыймылдарынын өнүгүшү, адеп-ахлактык багыттардын жаңы системасынын пайда болушу менен өзгөчөлөнөт.

Азыркы учурда тарбия иштери, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын  2023-2027-жылдарга карата  иштелип чыккан Өнүгүү стратегиясына ылайык  иш алып барууда.

Жалпы маалымат

Академияда тарбия иштери ар тараптуу жүргүзүлѳт. Студенттер бош убактысын кызыктуу  ѳткѳрүшѳт. Бѳлүм тарабынан жыл сайын 100дон ашык иш-чаралар уюштурулат. Анын ичинен майрамдык кечелер жана концерттер, тематикалык кечелер, дарстар, семинарлар, фестивалдар, факультеттер арасында таанышуу кечелери, КММАнын 1-курсунун студенттерине арналган иш-чара, белгилүү даталар,  окуяларга, КММАнын бүтүрүүчүлѳрүнѳ арналган ж.б.у.с. иш-чаралар жогорку деңгээлде ѳткѳрүлѳт.

 КММАнын жаштары «Бишкек Жазы» республикалык фестивалына жана ошондой эле конференцияларга, симпозиумдарга активдүү катышышат.