Жогорку медайымдык билим берүү факультети

Байланыш маалыматы:
Кызматкерлер
 Джураева Умида Адыловна
Джураева Умида Адыловна
Кызматы:
Секретарь

 

Кыскача тарыхы

Саламаттыкты сактоону өнүктүрүү борборунда;

Республикалык ден-соолукту чыңдоо борборунда;

Шаардык ден-соолукту чыңдоо борборунда;

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында;

КММАнын медициналык борборунда;

Кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда;

Кыргыз Республикасынын медициналык колледждеринде;

БНИЦТО, НЦО, ГПЦ жана башка саламаттыкты сактоо мекемелеринде;

Бишкектеги жеке стоматологиялык борборлорунда;

Бишкек шаарындагы ҮМБ, ҮДТ жана башка саламаттыкты сактоо мекемелери башкы медайымдар жана улук медайымдар катарында;

Алыскы чет өлкөлөрдө (АКШ жана башка өлкөлөрдө);

КМШ өлкөлөрүндө, Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында.

  • 2004-жылдан 2010-жылга чейин "Жогорку медайымдык билим берүү" факультетинин деканы болуп м.и.д., доцент Айгүл Аскаровна Какеева эмгектенген.
  • 2010-2011-жылдары факультеттин деканы болуп медицина илимдеринин доктору, профессор Бакасов Сталбек Сабдракунович иштеген.
  • 2011-жылдан 2015-жылга чейин Медайымдардын жогорку билим берүү факультетинин деканы болуп медицина илимдеринин доктору, профессор Абилов Болот Арипович иштеген.
  • 2015-жылдан 2016-жылга чейин Медайымдардын жогорку билим берүү факультетинин деканы болуп м.и.к., доцент Мусуркулова Бубалима Авлабековна иштеген.
  • 2016-жылдан 2017-жылга чейин "Жогорку медайымдык билим берүү" факультетинин деканы м.и.к., доцент Мамбетова Мадина Кубанычбековна.
  • 2017-жылдан 2023-жылга чейин "Жогорку медайымдык билим берүү" факультетинин деканы медицина илимдеринин доктору, профессор Шаршембиев Жолдош Асангазиевич
  • 2022-жылдан 2023-жылга чейин "Жогорку медайымдык билим берүү" факультетинин деканы м.и.к. Терехова Оксана Игоревна .
  • Учурда Медайымдардын жогорку билим берүү факультетинин деканы болуп Богомолец Ксения Юрьевна иштеп жатат.
Жалпы маалымат

Факультет квалификациялуу педагогикалык жана башкаруу адистерин, кесиптик компетентүүлүгүнө ээ болгон бейтаптарды кароодо жана эффективдүү башкаруу ишмердүүлүгүндө, ресурстарды рационалдуу пайдаланууда жана түркүн профильдеги ДПМ кызматкерлеринин уюштуруу иштерин так аткаруу боюнча даярдайт.

2002-жылы жогорку медициналык билим менен 31 алгачкы бүтүрүүчүлөр чыгарылган. Азыркы учурда Жогорку медайымдык билим берүү факультетинде 135 стедент билим алышууда. Жогорку медайымдык билим берүү факультетинин кызматкерлери –бул жогорку профессионалдуу билимдүү адистердин, алардын ичинде медайымдык иш алкагындагы менеджерлердин бир командасы.

Милдеттери: Квалификациялуу медайымдарды даярдоо жаңы типтеги – медайымдык иш менеджерлерин даярдоо. Медайымдарды окутууда медициналык билим берүүдө эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен жаңы технологиялардын жана медайымдык практиканын далилдүү принциптерин киргизүү. Окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүү. Медайымдарды окутуунун жүрүшүнө “Кыргыз Республикасындагы медайымдык билим берүүнү өнүктүрүү Концепциясы” жобосун киргизүү.

Илимий изилдөөлөрдүн багыттары:

Кыргызстандагы  медайымдык иштердин азыркы абалы, алардын  жогорку эффективдүүлүккө жетишүү жолдору жана калкка болгон медайым жардамынын учурдагы социалдык-экономикалык шарттаргы сапаты.

Факультеттин бүтүрүүчүлөрүнө төмөндөгү квалификациялар ыйгарылат: медайымдык иш менеджери, медайымдык иш окутуучусу.

Окуу мөөнөтү: 5 жыл

Окутуунун түрү : бюджеттик жана контрактык, күндүзгү

Студенттик жашоо

Факультеттин студенттери өз ыктыярлары менен пандемия учурунда Covid-19 менен күрөшүү иш-чараларына активдүү катышты.

Токтогулова Гульбара и Нурпери,4 курстун студенттери.

Кыргызстан-Корея кызматташтыгы боюнча «Жаркын Кыргызстан» уюмунун уюштуруучулары аркылуу Корея жана Кыргызстандын  жогорку медайым факультетинин студенттеринин жолугушуулары болду

Биздин студенттер патофизиология боюнча профессор Френкельдин жаркын элесине арналган олимпиадага катышышып, I орунду ээлешти.

Бексултанова Адинай стол тенниси боюнча факультеттер аралык олимпиадада 3 орунду ээледи.

Дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү

Эл аралык  конференция «Балдардын ден-соолугу жана медайымга билим берүү»

Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күнү. 4 курстун студенттери мугалимдери менен