Офтальмология кафедрасы
Офтальмология кафедрасы боюнча маалымат
Офтальмология кафедрасы
Офтальмология кафедрасы
Кафедра кызматкерлери
Кафедра башчысы
Джумагулов Олжобай Джумакадырович
Джумагулов Олжобай Джумакадырович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
Кафедра башчысы
Асанкулова Бермет Кубановна
Асанкулова Бермет Кубановна
Кызматы:
Баш мугалим
Сейдахметова Чолпон Турсункуловна
Сейдахметова Чолпон Турсункуловна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Сейдахметов Тимур Беккулович
Сейдахметов Тимур Беккулович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Ассистент
Чакиева Айжан Рыскулбековна
Чакиева Айжан Рыскулбековна
Кызматы:
Ассистент
Оморова Гульзат Кульчороевна
Оморова Гульзат Кульчороевна
Кызматы:
Ассистент
Тультемиров Алмаз Усенбекович
Тультемиров Алмаз Усенбекович
Кызматы:
Ассистент
Калиева Анара Мукашевна
Калиева Анара Мукашевна
Кызматы:
Ассистент
Генералова Александра Сергеевна
Генералова Александра Сергеевна
Кызматы:
Ассистент
Чолпонбаев Алтынбек Чолпонбаевич
Чолпонбаев Алтынбек Чолпонбаевич
Кызматы:
Ассистент
Байкучукова Аида Ишенбековна
Байкучукова Аида Ишенбековна
Кызматы:
Ассистент
Боромбаева Жаркын Таалайбековна
Боромбаева Жаркын Таалайбековна
Кызматы:
Ассистент
Момункулов Кылычбек Осмонбекович
Момункулов Кылычбек Осмонбекович
Кызматы:
Ассистент
Осконбаева Айканыш Масалбековна
Осконбаева Айканыш Масалбековна
Кызматы:
Ассистент
Босумбекова Алина Таалайбековна
Босумбекова Алина Таалайбековна
Кызматы:
Ассистент
Кубанычбеков Нурсултан Кубанычбекович
Кубанычбеков Нурсултан Кубанычбекович
Кызматы:
Ассистент
Сулейманова Флора Мухамеджановна
Сулейманова Флора Мухамеджановна
Кызматы:
Улук лаборант
Кыскача тарыхы

Офтальмология кафедрасы 1941-жылдын 10-декабрында КММИнин ректорунун №226 буйругунун негизинде түзүлгөн.  Кафедраны 1941-1955-жылдары м.и.д., профессор Дудинов Олимпий Аврамиевич башкарган.  Ушул жылдары практикалык саламаттыкты сактоого багытталган алгачкы офтальмологиялык кызматкерлер даярдала баштаган.

1956 – 1981-жылдары кафедраны профессор С.М. Доброва башкарган. Бул убакыт аралыгында, кафедра кызматкерлеринин активдүү аракеттеринин негизинде көз микрохирургиясы түптөлө баштаган.
1981 – 1994-жылдары кафедраны профессор А.Н. Медведев башкарган. Аталган жылдары көрүү органын дарылоонун заманбап технологияларын активдүү өздөштүрүү башталган.
1994 -1997-жылдары кафедраны м.и.к., доцент М.К. Дикамбаева башкарган.
1996-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын офтальмологиялык кызматынын тарыхында алгачкы жолу Эл аралык «Оrbis» (АКШ) офтальмологиялык уюму менен кызматташуу башталган. Учак микрохирургиялык госпиталы бир ай ичи «Манас» аэропортунда болгон. Лайнер бортунда көрүү органынын ар түрдүү ооруларына операциялар жасалган. Кечинде көз клиникасында алдыңкы кесипкөйлөр тарабынан республиканын ар кайсы региондорунан келген көз доктурларга лекциялар окулган.

«Orbis» учак госпиталынын келиши республиканын коомунда жандуу кызыгууну пайда кылган: лайнердин бортуна республиканын тунгуч президенти А.Акаев жана саламаттыкты сактоо министри Н.Касиевдер келишкен.

Ошондой эле үч ирет (1997, 1998, 2000-жж.) жогоруда аталган Эл аралык уюмдун өкүлдөрү Кыргызстанга келип, КММАнын офтальмология кафедрасынын жана Улуттук госпиталдын кызматкерлерине лазер технологиясы(анын ичинде Lasik), окулопластика жана катарактанын факоэмульсификациясы боюнча окуу программаларын сунушташкан.
1997-жылдан азыркы учурга чейин кафедраны профессор О.Д. Джумагулов башкарууда. 2001-жылдан тартып республикабыздын офтальмологдору «Түрк тилдүү офтальмологдордун уюмуна» мүчө болушкан. 2000-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын офтальмологдору жыл сайын Түркия Республикасына барып, офтальмологдорунун конгрессинде катышып келишүүдө.

Дисциплиналар

Кафедрада «офтальмология» дисциплинасы дарылоо иши, педиатрия, стоматология жана медициналык алдын алуу иши факультеттеринин студенттерине окутулат.

Окуу-усулдук иши

Далилденген медицинанын принциптеринин киргизилүүсү менен коштолгон жана онлайн окутуу мүмкунчүлүгү менен офтальмология боюнча мультимедиалык лекциялар даярдалды.
Практикалык сабактар заманбап технологияларыды колдонуу менен өткөрүлөт(видео-презентациялар, LED-экран).
Жетишкендиктерди баалоо балдык-рейтингдик системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Акыркы жылдары студенттер үчүн иштелип жана басылып чыгарылган окуу куралдары:  «Офтальмология боюнча тесттердин жыйнагы», «Тордомо челдин макулодистрофиясын дарылоодогу жаңылык», «Көз ооруларынын клиникасындагы нейроофтальмологиянын тандалган бөлүктөрү», «Офтальмологиядагы ролдук оюндар», «Көрүү органынын травмалары», «Көздүн контузиясы», «Glossary on Ophthalmology», «Көздөр сүйлөшөт», «Кератоконус», «Офтальмологиядагы оптикалык когенеренттик томографиянын негиздери», «Орусча-латынча-кыргызча офтальмологиялык терминдердин сөздүгү».

Илимий иштер

Кафедранын илимий ишмердиги глаукоманы, көрүү нервинин ооруларын, тордомо челдин курактык макулодистрофиясын, катарактанын мануалдык хирургиясын,  көрүү органынын патологиясынын натыйжасында келип чыккан көздүн баштапкы майыптыгын, жаш чыгып кетүүчү жолдордун патологияларын окутууга багытталган.
1998-жылдан тарта кафедрада 8 кандидаттык диссертация жакталып, алардын  бири Иорданиянын жараны тарабынан жакталган. Кафедра тарабынан 35 ойлоп табуучулук жана 40тан ашуун рационализатордук сунуштар катталган.

2023-жылы эки аспирант – Островерхов А.И., «Түссүз челдин кератэктазиясын дарылоодогу кросслинкинг», Маралбаева А.А., «Төрөттөн кийинки мезгилдеги миопиянын өрчүп кетүүсүн алдын алуу» темаларына кандидаттык диссертацияларын жакташты.
«Офтальмологиядагы заманбап бийик технологиялык методдору. Теоретикалык иштеп чыгуулар жана кыргыз окумуштууларынын көз микрохирургиядагы практикалык тажрыйбасы» темаларындагы иш циклдери үчүн профессор О.Д.Джумагуловго 2018-жылы илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.
2022-жылы доцент Сайдахметова Ч.Т. илимий жана педагогикалык иштериндеги жетишкендиктери үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды.
2023-жылы Джумагулов О.Д. илимий жана педагогикалык иштериндеги жетишкендиктери үчүн Айтматов академиясынын «Ардак академиги» болуп шайланды.
Офтальмология кафедрасы «Дордой офтальмик-сервис» медициналык борбору менен биргеликте офтальмология боюнча  5 Эл аралык Борбордук-Азия конференциясын өткөргөн.

Конференциялардын алкагында офтальмологиядагы актуалдык көйгөйлөр боюнча окуу курстары уюштурулду. Лектор катарында Россия, АКШ, Япония, Германия, Италия жана Турциянын белгилүү офтальмологдору катышкан.

Юбилейлик бешинчи Эл аралык Борбор-Азиялык конференциясы 2018-жылы Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Рух-Ордо» борборунда өткөрүлгөн.

Конференцияны саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.Каратаев жана Индия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси H. E. Ms. L. Savitri ачып беришкен. Анын чыгып сүйлөгөнү Индия (Chennai) – Кыргызстан (Ысык-Көл) – «Жандуу хирургия» телемостунда чагылдырылган. Аталган иш-чаранын алкагында КМШ, Грузия жана Балтия өлкөлөрүндөгү глаукоманын көйгөйлөрү боюнча XI Улуттар аралык эксперттик кеңеш отуруму өткөрүлдү. Конференцияга алгачкы жолу Япониянын, Индиянын, Түштүк Кореянын белгилүү окумуштуулары катышышты.

2023-жылы офтальмология кафедрасы «Дордой офтальмик-сервис» медициналык борбору менен биргеликте «Көз ооруларын жана көздүн жаракаттарын дарылоонун заманбап тактикалык-технологиялык аспекттери» темасына Түрк республикаларынын офтальмологдор коомунун Эл аралык симпозиумун өткөрдү.

Башка иш аракеттер

Офтальмология кафедрасы Нарын облусунун Ат-Башы районуна жүрүш жүргүзүп келет. Кафедра кызматкерлери аталган регионго байма-бай барып турушат жана калк арасында профилактикалык көрүүлөрдү жүргүзүшөт.

Кафедранын эки кызматкерлери Т. Асизбнков, А.У. Тультемиров 2018 жана 2022 жылдары Мали Республикасынын калкына гуманитардык жардам берүү максатында катарактанын факоэмульсификация операциясын 1000 ден ашык бейтапка жасап келишти.

2023-жылдын декабрь айында кафедранын кызматкери Н.Кубанычбеков Оксфорд жана Сент-Галлен университеттери тарабынан уюштурулган жылдык GLC 2023 (Global Leadership Challenge 2023) программасына катышты. Бул программанын алкагында ал Бириккен Улуттар Уюмунун максаттарына ылайык туруктуу өнүгүүгө арналган эл аралык командада сөз сүйлөп, КММАнын атынан ийгиликтүү катышты. Активдүү катышуунун жана көрсөткөн кесипкөйлүгүнүн натыйжасында Н.Кубанычбеков жогоруда аталган абройлуу уюмдун ардактуу бүтүрүүчүсү статусуна ээ болду.

  

Жалпы маалымат

Кафедранын илимий ишмердиги глаукоманы, көрүү нервинин ооруларын, тордомо челдин курактык макулодистрофиясын, катарактанын энергетикалык хирургиясын,  көрүү органынын патологиясынын натыйжасында келип чыккан көздүн баштапкы майыптыгын окутууга багытталган. 1998-жылдан тарта кафедрада 8 кандидаттык диссертация жакталып, алардын  бири Иорданиянын жараны тарабынан жакталган. Кафедра тарабынан 22 ойлоп табуучулук жана 26 рационализатордук сунуштар катталган.

Офтальмология кафедрасы «Дордой офтальмик-сервис» медициналык борбору менен биргеликте офтальмология боюнча  V Эл аралык Борбордук-Азия конференциясын өткөргөн.

Лектор катарында Россия, АКШ, Япония, Германия, Италия, Турция жана Түштүк Кореянын  белгилүү офтальмологдору катышкан.

Кафедранын клиникалык базалары

Улуттук госпиталь, №1 жана №2 көз микрохирургия бөлүмдөрү.

Тоголок Молдо көч. 1

Телефондору:  (0)312 66 32 56; (0)312 66 10 19.