Сапатты башкаруу системасы

Сапатты башкаруунун документтештирилген системасынын жардамы менен билим сапатын камсыз кылуу системасын киргизүү

   КММАда билим сапатын башкаруу системасын киргизүү 2008-жылы башталган. 2008-жылдын 28-дакабрында КММАнын Окумуштуулар кеӊешинин чечими менен билим сапатын башкаруу системасын документтештирүү 2009-жылы башталып, 2009-жылдын 28-майындагы №81-буйрук менен сапатты башкаруу бѳлүмү түзүлгѳн. 2009-жылдын 12-мартындагы №151 буйрук менен сапатты башкаруу бѳлүмү жана Билим сапаты боюнча кеӊеши жөнүндө жобо, бѳлүм  кызматкерлеринин кыматтык нускамасы жана СБС үчүн жооптуу кызматкерлердин тизмеси бекитилген. 2010-2020-жылдарга КММАнын стратегиялык ѳнүктүрүү жана анын максатын камтыган сапатты камсыз кылуу саясаты 2009-жылдын 25-декабрында иштелип чыккан жана бекитилип, КММА сайтына жарыяланган.

   2016-жылы КММАнын сапатты башкаруу системасы ISO 9001-2005 эл аралык стандартына ылайык кайра иштелип чыккан. КММАнын стратегиялык ѳнүктүрүү жана билим берүү максатына, миссиясына түзѳтүүлѳр киргизилген. 2017-2020-жылдарга КММАда стратегиялык ѳнүктүрүүнү ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыккан. КММА жетекчилигинин кызматтык милдеттери бекитилген. Анда билим берүүнү камсыз кылууда жетекчиликтин жоопкерчилиги аныкталган.

   БСК(СКО), БСББ(ОМКО) жѳнүндѳ жобо кайра каралып, КММА процесстеринин аталыштары жана БСК курамы бектилген.

   2018-жылдын 21-ноябрында Билим берүү сапаты боюнча кеӊештин чечими менен сапат боюнча жетекчиликтин жобосу кайра иштелип бекитилген. Анда сапатты камсыз кылуу саясатын камтыган КММАнын сапатты башкаруусистемасы жазылган. Ошондой эле түзүмдүк бѳлүмдѳр жана жооптуу кызматкерлерди аныктаган КММАда билим берүү процессинин сапатын баалоо жана мониторинг боюнча усулдук жетекчилик    бекитилген.