- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент м.а.
- Кызматы:
- кафедра башчысынын м.а.
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент
- Кызматы:
- Окуу бөлүмүнүн башчысы
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
Дарылоо факультетинин балдар оорууларынын кафедрасы 1942- жылы уюштурулуп, төмөнкү кафедралардын уюткусу катары 1970- жылы факультеттик педиатрия, госпиталдык педиатрия болуп ачылган.
1976-жылдан 1995-жылга чейин дарылоо факультетинин педиатрия кафедрасынын кафедра башчысы Миршакиров О.М. болгон. Жогоруда көрсөтүлгөн кафедра 1997-жылы неонатология курсу менен пропедпедиатрия кафедрасы болуп кайра түзүлүп м.и.д., профессор Бөкөнбаева С. Дж. жетектеген, илимий багыты: “Неонатологиянын көгөйлөрү”.
2002-2005-жылдары кафедраны м.и.д., профессор Батырханов Ш.К. жетектеген жана илимий темасы: “Дем алуу органдарынын ооруулары”.
2005-2008-жылдары кафедраны м.и.к., доцент Абдылдаева З.Э. жетектеп, “Дем алуу органдарынын оорулары” илимий темасын уланткан.
2008-2009-кафедраны м.и.д. Абдылдаев Т.Т. жетектеп, ошол эле багыттагы илимий теманы аркалап келген.
2009-жылы кафедра балдар оорууларынын пропедевтикасы болуп аталган. 2009-2014-кафедраны м.и.д., профессор Боконбаева С.Дж. жетектеп, ал кишинин жетекчилиги менен 1 докторлук 12 кандидаттык диссертациялары жакталган.
2014-2019 жылдары кафедраны м.и.к., доцент Бектурсунов Т.М. жетектеген.
2019 жылдан баштап убактылуу кафедраны м.и.к., доцент Ишаева Э.Ш. жетектеп келет.
- 2-3-5- курстардын «Дарылоо иши» факультеттери, чет элдик студенттер үчүн жана стоматология, педиатрия факультеттеринин студенттери үчүн толуктап иштеп чыгылган.
- “Чет элдик студенттер” жана “Дарылоо ишинин” студенттери үчүн “Клиникага киришүү” бөлүгү боюнча “Клиникалык текшерүүлөрдүн педиятриядагы негиздери” деген модуль системасы жазылган.
- Жогоруда көрсөтүлгөн программа “Педиятрия” факультети жана чет элдик студенттерге англис тилинде түзүлгөн.
- Дарылоо иши факультетинде төмөнкү модулдардын программалары өтүлөт: “Репродукция системасы”, “Сөөк булчуң системасы”, “Дем алуу системасы”, “Заара чыгаруу системасы”, “Жүрөк кан жаратуу системасы”, “Тамак сиңирүү системасы”, “Эндокриндик система”.
- 5-курстун стоматология факультетинде “Балдардын ооруулары” деген цикл өтүлөт.
- Диплом алган клиникалык ординаторлорго “Педиатрия”, “Неонатология” боюнча даярдыктар журөт.
Азыркы учурда кафедранын базасында “Бийик жана жапыс тоолуу шартта жашаган ымыркайлардын жатындан жуккан инфекциянын клиникалык агымдарынын өзгөчөлүктөрү” деген темага илимий-изилдөө иши жүргүзүлүп жатат. Кафедрада студенттик илимий ийрим иштейт. Ийримдин катышуучулары жыл сайын жаш окумуштуулардын конференциясына катышып, байгелүү орундарга татыктуу болушат.
Кафедранын кызматкерлери өздөрүнүн адистик деңгээлдерин семинарларда эл аралык конференцияларга жана жакынкы, алыскы өлкөлөрдүн илим-изилдөө институттары уюштурган илимий практикаларга активдүү катышуу менен жогорулатышат. Жыл сайын усулдук көрсөтмөлөр жана лекциялар далилдүү медицинанын принцибинин негизинде кайрадан иштелип чыгып мамлекеттик жана англис тилине которулат.
Кафедранын кызматкерлери коомдук жана санитардык-агартуу жумуштарын жүргүзүп турушат. Көпчүлүк учурда лекциялар менен массалык маалымат каражаттарында чыгып турушат. Лекциялардын темалары көпчүлүк учурда алдын алуу мүнөзүнө ээ болуп,“Табыгый тамактандыруу”, “Йод жетишсизик абалы, анын алдын алуу” – темаларына арналган.
Медицина илимдеринин доктору, профессор Боконбаева С.Дж. жетекчилики астында кафедрада 3 кандидаттык диссертация жакталган. Какеева А.А. темасы: “Азыркы шарттагы ымыркайлардын ириң-септикалык оорууларынын өзгөчөлүктөрү”, Жакшылыкова А.А. темасы: “Ымыркайларды жатында жуккан оорулары (этиологиясы, клиникасы, дарылоо)”, Нуржанова С.Т. темасы: “Тубаса жана неонаталдык пневмониянын этиологиялык структурасы, клиниклык агымынын өзгөчөлүктөрү”. Дагы 1 доктордук жана 2 кандидаттык диссертация даярдалууда. Кафедранын студенттер, клиникалык ординаторлор жыл сайын өтүүчү “КММА илим күндөрү” аттуу жаш окумуштуулардын конференциясына катышып, байгелүү орундарга татыктуу болушат.
Кафедра ГДКБСМП дарылоо-кенеш берүү менен көп иштерди жүргүзөт. Кафедранын кызматкерлери педиатриянын актуалдуу суроолору боюнча илимий-практикалык конференцияларды өткөрөт, патолого-анатомиялык конференцияларга катышып, “чарчап калган” балдардын оору баяндарынын рецензиялары менен чыгып суйлөшөт.
Дареги: Бишкек ш. Байтик Баатыр көчөсү 8А, телефону: +996(312) 59-54-56