- Кызматы:
- Кафедра башчысы
- 0 (312) 54 58 49
- ул.Ахунбаева, 92. Главный корпус
- Кызматы:
- Окуу бөлүмүнүн башчысы
- Кызматы:
- Улук окутуучу
- Кызматы:
- Улук окутуучу
- Кызматы:
- Улук окутуучу
- Кызматы:
- Улук окутуучу
- Кызматы:
- Окутуучу
- Кызматы:
- Окутуучу
- Кызматы:
- Улук окутуучу
- Кызматы:
- Окутуучу
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Улук Лаборант
- Кызматы:
- лаборант
- Кызматы:
- лаборант
Кыргыз мамелекеттик медицина академиясынын алдында Дене тарбия кафедрасы 1939 жылы 10 кафедранын катарында уюшулган. Азыркы учурда Дене тарбия кафедрасында 11 окутуучу эмгектенет.
И. К. Ахунбаев атындагы КММА-да спорттун 17 түр боюнча спорттук секциялар иштейт, алар: баскетбол, волейбол, стол үстүндөгү теннис, сууда сүзүү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, самбо, улуттук “Күрөш”, дзюдо, оор атлетика, жеңил атлетика, футбол, ордо, тогуз коргоол, шахмат, бий фитнес.
Дене тарбия кафедрасы жыл сайын спорттун 6 түрүнөн: футбол, баскетбол, волейбол, ордо, шахмат жана жеңил атлетика боюнча факультеттер аралык студенттердин Cпартакиадасы өткөрүлүп турат. Бул мелдештерге чет элдик студенттерда активдүү катышып келет.
КММАнын спорттун түрлөрү боюнча курама командалары жыл сайын Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун Универсиадасында жана башка Республикалык жана Эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп келишет.
Спорт менен машыгууга жана Дене тарбия сабактарын өткөрүү үчүн КММАда эки ачык футбол аянтчасы, спорттук залы, күрөш залы, ачык волейбол жана баскетбол аянтчалары (2х1), бадминтон аянтчасы жана баскетбол аянтчасы, ошондой эле, шахмат жана тогуз-коргоол боюнча аудиториялары, ал эми төртүнчө корпуста фитнес класстары үчүн спорт залдар жайгашкан. Морфологиялык имаратта күрөш залы жана оор атлетика залы, стол тенниси ойноочу зал жайгашкан. Келечекте 100 метрлик трассаны, секирүүчү чуңкурду жана 4х1 спорт аянтчасы куруп бүтурүү 2021 жылдын сентябрь айына пландаштырылган (футболдук аянтча, эки баскетбол жана бир волейбол аянтчасы, чуркоо трассасы).
Биринчи курстун чет өлкөлүк студенттери үчүн тоо арасында көркөм жерде жайгашкан "Таш-Дөбө" кампусу бар, ал жерде дене тарбия сабактарын өткөрүү үчүн жана спорт менен машыгууга "крекет", бадминтон, футбол, волейбол аянтчалары, шахмат боюнча аудитория жана фитнес ошондой эле стол үстүндө ойнолуучу теннис боюнча залдары бар.