И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сектору
Бейшеналиева Наргиза Эрнисовна
Бейшеналиева Наргиза Эрнисовна
Кызматы:
Бөлүм башчысы
Орозалиева Арзыкан Абдираимовна
Орозалиева Арзыкан Абдираимовна
Кызматы:
Лингвист-эксперт
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” №958 токтомуна ылайык И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын ректору И.О. Кудайбергенованын буйругу менен 2009-жылдын 3-мартында  И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору ачылган.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун укуктук негизин: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары жана Өкмөттүн токтомдору, КММА  ректорунун буйруктары түзөт жана алардын аткарылышы Мамлекеттик тил боюнча проректордун  жетекчилиги астында көзөмөлгө алынат.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору КММАда  мамлекеттик тилди өнүктүрүү, аны жайылтуу жана ага байланыштуу башка иштерди уюштуруу максатында түзүлгөн. Сектор КММАнын бардык кафедраларынын жана бөлүмдөрүнүн мамлекеттик тилде жүргүзгөн иштерин жана иш кагаздарын жетекчиликке алат жана аны Мамлекеттик тил боюнча проректордун жетекчилиги астында көзөмөлдөйт.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунда төмөнкү штаттык бирдиктер каралган:

- сектор башчысы;

- лингвист-эксперт  (КРнын Өкмөтүнүн №581 токтомунун негизинде КММАнын  2018-жылдын 3-мартындагы №116 буйругу менен алмаштырылган).

КММА  ректорунун 2009-жылдын 3-мартындагы буйругунун негизинде Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун  башчысы болуп Мамытов Аркарбек Жолборсбекович  дайындалган. (2009-2018-жылдар).

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун лингвист-эксперт кызматында (2017-2018-жылдар)  Турар кызы Жанара, 2018-2019-жылдары Асанова Эльвира эмгектенген. 2020-жылдан баштап, Абдраев Алмаз Бешкемпирович иштеп жатат.

2018-жылдын 1-мартынан баштап, сектор башчысы кызматында  Наралиева Сапаргүл Курсановна эмгектенип келе жатат.

2022-жылдан баштап сектордун лингвист-эксперт кызматына Орозалиева Арзыкан Абдираимовна дайындалып, ушул күнгө чейин эмгектенип келет.


2023-жылдын 1-сентябрынан баштап Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы кызматында Бейшеналиева Наргиза Эрнисовна эмгектенип келе жатат.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан кыргыз тили курсу боюнча атайын БИМден лицензия алынып, учурда кыргыз тилинин толук курсу А2 (базалык) деңгээл 72 саат - 75 кызматкер тастыктамага ээ болушту.
Кыргыз тилинин толук курсу В2 ( ортодон жогору) деңгээл - 150 кызматкер тастыктамага ээ болушту.
Жалпы 225 кызматкер курстан өтүп, тастыктама алышты.

Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдарга чейин Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы – КР Конституциясына, “КР Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан. Бул  программаны ишке ашыруу максатында И.К. Ахунбаев атындагы КММА алдына 5 багыт боюнча төмөнкүдөй милдеттерди койгон:

1. Мамлекеттик тилди окутуу

2. Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү

3. Илим чөйрөсүндө мамлекеттик тилди ишке киргизүү

4. Мамлекеттик тилде окуу китептерин чыгаруу

5. Маданий-массалык иш чараларды мамлекеттик тилде өткөрүү

Сектор КММАдагы аталган  5 багыт  боюнча иштеп,  ар кандай иш-чаралардын, жыйындардын жана илимий-конференциялардын мамлекеттик тилде өтүлүшүнө салымын кошууда жана жаңы методикалык колдонмолорду пайдалануу менен КММА  иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө жана медтерминдерди которуу маселесине багыттылган окуу курстарын уюштуруп, усулдук жардам көрсөтүп турат.

Мыйзам  базасы

Кыргыз Республикасынын Конституциясы

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө КР мыйзамы

«Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө» КР мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары

КР Президентинин N 358 жарлыгы

КР Президентинин №155  жарлыгы 

КР Президентинин N 119 жарлыгы

Кыргыз Республикасынын 319 жарлыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору

КР Жогорку Кеңешинин  З N 830-II токтому

КР Жогорку Кеңешинин N 567-IV токтому

КР Жогорку Кеңешинин N 1592-IV токтому

КР Жогорку Кеңешинин  N 370-V токтому

КР Жогорку Кеңешинин N 908-V токтому

КР Жогорку Кеңешинин токтому № 4938-V

КР Жогорку Кеңешинин токтому № 591-VI

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору жана буйруктары

Токтомдор:

КР Өкмөтүнүн  N 195_3 токтому

КР Өкмөтүнүн  N 958_1 токтому

КР Өкмөтүнүн  N 114_1 токтому

КР Өкмөтүнүн № 430_1 токтому

КР Өкмөтүнүн  № 757_1 токтому

КР Өкмөтүнүн № 186_1 токтому 

 КР Өкмөтүнүн № 120  токтому

Жаңы типтүү нускамага тиркемелер

КР Өкмөтүнүн токтому № 510_1

Буйруктар:

КР Өкмөтүнүн буйругу № 151-р_1

КР Өкмөтүнүн буйругу № 41-р_1

Маданий-массалык иш-чараларды мамлекеттик тилде өткөрүү

Мамлекеттик тил күнү

И.К. Ахунбаев атындагы КММАда улуттук нарк боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар

4-декабрь - «Манас» эпосунун күнүн белгилөө 

4-декабрь -«Манас» эпосунун күнүн  күнүн белгилөөгө карата 2019-жылдын 3-декабрында И.К. Ахунбаев атындагы КММАда  «Манас» - бардык илимдин булагы» аталышындагы  илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияда «Манас» эпосунан медицинанын хирургия, фармакогнозия, акушерлик жана гинекология, травматология ж.б. багыттары, философия жана кыргыз тили боюнча изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Илимий практикалык конференцияга КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жана КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү, Бишкек мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча бөлүм башчысы, «Манас» жана Ч.Айтматов улуттук академиясы мамлекеттик  мекемесинин президенти, БГУ профессору Ташболот Садыков жана манасчы Рысбай Исаковдор   катышып, жогорку бааларын берип кетишти.    

Конференция катышуучулары медакадемиянын кафедра окутуучулары жана профессорлору катышып, жалпы 17  илимий макала окулду. Катышкан профессордук окутуучулар курамына сертификаттар берилди.

Медакадемияда мамлекеттик тилге байланыштуу иш-чаралар  дайыма медицина менен байланышта ɵткɵрүлүп келе жатат. Жыл сайын «Манас» эпосунун күнүн белгилɵɵ манасчылардын, филолог илимпоздордун катышуусу менен ɵткɵрүлүп, «Манастагы» медицина, же манасчылык феномен сырларын ачуу боюнча иликтɵɵлɵр жүргүзүлүүдɵ.

Д.Сыдыковдун «Ала-Тоо» аянтында 14 сааттан ашык "Манас"  айтуу учурунда

  Манасчылык феноменди изилдɵɵнү 2020-жылдын 12-ноябрында Биохимия кафедрасынын жана жалпы, биоорганикалык химия курсунун кызматкерлери Бишкек шаарынын  "Ала-Тоо" аянтында  жүргүзүштү.

Бул сүрөттө, Дүйнɵлүк Гиннестер китебине кирүү максатын кɵздɵгɵн манасчы Дɵɵлɵт Сыдыковдун  «Манас» айтууга чейинки кан басымын, салмагын ɵлчɵɵ учуру. (Ушул күнү таӊкы 6:00да барып, кан анализин алышкан).

14 саат 27 минута «Манас» айтуудан кийинки кан басымын, салмагы  да ɵлчөндү .

Изилдɵɵ кɵрсɵткɵндɵй, 14 сааттан ашык "Манас" айткан манасчынын организминде биоорганикалык ɵзгɵрүүлɵр байкалган. "Манас" айтууга чейинки абалга караганда, андан кийинки учурда манасчынын канында глюкозанын саны жогорулаган. Ошондой эле кан басымы, жүрɵктүн согуусу тездеген. Буга  эмоционалдык гормон адреналининин жогорулашы себеп болгон.

КММАда "Манас" эпосунун күнү белгиленди

2020-жылдын 4-декабрында – "Манас» эпосунун күнүн белгилɵɵ  манасчылар: Рысбай Исаков, Дɵɵлɵт Сыдыков, Замир Баялинов жана  Нурбек Талантбековдор менен ɵтк манасчы келип, Медакадемиянын конференц-холлунда күпүлдɵтɵ Манас айтып, окутуучулар менен студенттерди Манас дүйнɵсүнɵ алып кирип, кɵɵнɵрбɵс ɵнɵрдүн кайталангыс ырахатын тартуулашты.

Бул күнү Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти Мээрим Карыпова элдик ырларды созолонто ырдап, анын уккулуктуу үнү дүркүрɵгɵн кол чабуулар менен коштолду. ϴзгɵчɵ Кара жорго» бийи эч кимди кайдыгер калтырган жок.

К.Карасаевдин 120 жылдыгы

Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтүнүн жана КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын буйругуна ылайык, мамлекеттик тилди ɵнүктүрүүгɵ багытталган «Тилим жүрɵгүмдɵ» аталышындагы 2 айлык акцияга жана К.Карасаевдин 120 жылдыгына карата 5 айлыкка медакадемия жигердүү катышты.          

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында белгилүү тилчи, академик Кусейин Карасаевдин 120 жылдык маарекеси белгиленди. Иш-чарага К.Карасаевдин кызы – белгилүү окумуштуу Алтынай Карасаева, Кыргыз Эл Баатыры, академик, медицина илимдеринин доктору Миталип Мамытов, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук  комиссиянын тɵрагасы (ошол кездеги КР УИА корреспондент-мүчɵсү) Сыртбай Мусаев, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев (ошол кездеги министрдин орун басары),  коомдук ишмер Роза Айтматова, филология илимдеринин доктору Лайли Yкүбаева катышып, сɵз сүйлɵштү. Конференцияны КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Кеӊешбек Ырысов ачып, иш-чаранын катышуучуларынын ишине ийгиликтерди каалады.

Илимий конференцияда КММАнын ординатору Айгерим Эргешбекова  К.Карасаевдин "Накыл кептериндеги медицина» аталышындады илимий макаласын окуду. Макала катышуучулар тарабынан жылуу кабыл алынып, колдоого татыды.

Ошондой эле илимий конференцияда медакадемиянын кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Бүрабия Шайжигитованын «Орфографиялык сɵздүктɵгү медициналык терминдер» аттуу илимий макаласы  кызыгууларды жаратты.

Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган илимий иш-чара республикалык 5-канал жана СТВ телеканалдарында кеӊири чагылдырылды. Ошондой эле «Тил жана маданият» жана башка мезгилдүү басма сɵздɵргɵ жарыяланды.

К.Карасаевдин «Накыл кептериндеги медицина»

К.Карасевдин "Орфографиялык сөздүгүндөгү медициналык терминдер"

"21-Февраль – Эл аралык эне тил күнү"

       "21-Февраль – Эл аралык эне тили күнүнɵ" карата иш-чара  морфологиялык корпуста жайгашкан нормалдуу жана топографиялык анатомия кафедрасы, медициналык биология, генетика жана паразитология кафедралары тарабынан белгиленди.  

" 3-Март - КР Мамлекеттик туу күнүн"  жана "5-Март - Ак калпак күнү" 

2021-жылдын 3-мартында КММАда "3-Март - КР Мамлекеттик туу күнүн"  жана "5-Март - Ак калпак күнүн"  ɵткɵрүүдɵ аскер-медициналык даярдык жана экстремалдык медицина кафедрасы ɵзгɵчɵ даярданып жогорку деӊгээлде белгиленди.  

Видеолор

СЛАЙД-1 критерийлер

25 Слайд -4 ИЗИЛДОО Н. Жумагуловна

Чынгыз Айтматов

Эргешбекова Айгерим Илимий изилдоо

Мамлекеттик тилде окуу китептерин чыгаруу

Медициналык академияда 2018-2019-жылдарга караганда 2020-2021-жылдары бир топ окуу-усулдук колдонмолор жазылып, жарык кɵргɵн. Окуу-усулдук колдонмолор эки жолку текшерүүдɵн ɵтɵт: биринчиден, мамлекеттик тил комиссиясынын мүчɵлɵрү болуп эсептелген адистер тарабынан текшерилсе, экинчиден, лингвистикалык экспертиза жүргүзүлɵт.

Китеп жана окуу колдонмолорунун аталышы

Жооптуу аткаруучу

Аткаруу мɵɵнɵтү

2020-жыл.

2021-жыл.

1-жарымы

2-жарымы

1-жарымы

2-жарымы

КИТЕПТЕР

1.

Акушерлик / Акушерство

Мусуралиев М.С.

+

2.

Кесиптик оорулар/ Профессиональные болезни

Сыдыков Ж.С.,

Сыдыков Н.Ж.

+

3.

Кургак учук/ Туберкулез

Сыдыков Ж.С.,

Сыдыков Н.Ж.

+

4.

Бала багуу баяны, аларды кургак учуктан сактоо жана алдын алуу ыкмалары

Субанбеков М.Ж.

+

5.

Адам анатомиясы / Анатомия человека

Абаева Т.С.

Дүйшенова К.Ш.

Жанганаева М.Т.

Сыдыков Ж.С.

+

6.

Медициналык психологиянын негиздери / Основы медицинской психологии

БешкемпировЭ.Б.

+

7.

Биология

Куттубаев О.Т.

Абдылдаева Т.А.

+

8.

Жалпы гигиена / Общая гигиена

Джорбаева А.А.

Султашев А.Ж.

+

9.

Биомеханика

Абдувалиева К.

Аманбаева Г.

+

10.

Жалпы жана биоорганикалык химия боюнча көнүгүүлөр / Упражнения общей и биоорганической химии

Бообекова С.

+

11.

Тиштери толук түшкөн бейтаптарды ортопедиялык дарылоо

Амираев У.А.

+

12.

Адам физиологиясынын негиздери / Основы человеческой физиологии

Эсенбекова З.

+

13.

Инфекциялык оорулар / Инфекционные болезни

Сыдыкова А.Б.

+

14.

Микробиология, вирусология, иммунология жана эпидемиология

+


ОКУУ-УСУЛДУК КОЛДОНМОЛОР


1.

Микробиология, вирусология жана иммунология илимин практикалык өздөштүрүүдө методикалык иш жүргүзүү / Методические проведения работ по освоении науки микробиологии, вирусологии и иммунологии

Адамбеков Д.А.,

Адамбекова А.Д.,

Мурзакулова А.Ж.

Абдыкеримова Н.А.

+

2.

Темир жетишпеген аз кандуулукту бийик тоо шартында дарылоо / Лечение в условиях высокогорье железодефицитной анемии

Раимжанов А.Р., Раимжанов А.А.

+

3.

Ички оорулардын пропедевтикасы дисциплинасынын эндокриндик система оорулары / Эндокринные системные болезни дисциплины пропедевтики внутренних болезней

Молдобаева А.С.

Жалилова Б.С.

Аширкулова Н.А.

+

4.

Эндокриндик системасынын оорулары. Ички оорулар./ Болезни эндокринной болезни. Внутренние болезни

Молдобаева М.С.

Наркулова Г.О.

+

5.

Баш-мээ жаракаты /Поражение головного мозга

Жапаров Т.С.,

Турганбаев Б.Д.

(которгондор)

+

6.

Ѳт баштыкчасынын таш оорусунун катуу сезгениши

Кудаяров Э.Э.

+

Посттромботикалык дарт

Кудаяров Э.Э.

+

7.

Борбордук нерв тутумунун кургак учугу /Туберкулез центральной нервной системы

Байталиева А.К.

+

8.

Жаш балдардын ревматологиялык оорулары /Ревматические болезни детей

Кудаяров Д.К.

Муратов А.А.

Мусуркулова Б.А....

+

9.

Заара бөлүп чыгаруу системасы


(Дарылоо факультетинин 3-курсунун студенттери үчүн) Система выделение мочи. (Для студентов 3 курса лечебного факультета)

Жунушова Д.А.

(перевод)

+

10.

Дем алуу системасы


(Ички оорулардын дисциплинасы боюнча окуу-усулдук колдонмо) Система дыхания. ( Учебно-методическое пособие по дисциплине внутренних болезней)

Дүйшеева Г.К.

(перевод)

+

11.

Психиатриядагы жана наркологиядагы тез жардам абалдары /Состояние скорой помощи в наркологии и психиатрии.

БешкемпировЭ.Б.

+

12.

Теринин курт оорулары /

Дилмурат у.Тилек,

Калыбекова Г.М.,

Шакирова А.Т.

+

13.

Теринин түзүлүшү жана милдети, теринин өсүндүлөрү, морфологиялык элементтердин өзгөчөлүктөрү, теринин патогистологиялык өзгөрүүлөрү /

Дилмурат у.Тилек,

Калыбекова Г.М.,

Шакирова А.Т.,

Ибраимова А.Дж.

+

14.

Пиодермалар / Пиодермии

Дилмурат у.Тилек,

Калыбекова Г.М.,

Шакирова А.Т.

+

15.

Зооноздук инфекциялар / Зоонозные инфекции

Тойгомбаева В.С.,

Карагулова С.Т.

Эгембергенов Ч.Э.

+

16.

Гистология, цитология жана эмбриология боюнча атлас / Атлас по гистологии, цитологии и эмбриологии

Оморова Г.Б.

(котормо)

+

17.

Студенттердин өз алдынча иштеринин тексттер жыйнагы

Абдрасулова Э.К.

+

18.

Ѳпкө артериясынын тромбоэмболиясы

Бейшеналиев А.С.,

Байсекеев Т.А.

+

19.

Сөөк муундарын нурландырып изилдөө

+

МЕДИЦИНАЛЫК ТЕРМИНДЕРДИН СϴЗДYГY ( ПРЕДМЕТТИК )

1.

Акушерлик терминдердин түшүндүрмө сөздүгү

Мусуралиев М.С.

+

2.

Саламаттыкты сактоо экономикасы предмети боюнча орусча-кыргызча сөздүк

Чоюнбекова Г.А.,

Орозалиева А.А.

+

3.

Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо

Орозалиева А.А.

+

4.

Андрология жана репродуктология боюнча клиникалык-анатомиялык терминдердин орусча-кыргызча кыскача түшүндүрмɵлүү сɵздүгү

Усупбаев А.Ч.

Стамбекова К.Н.

+

5.

Дары өсүмдүктөрдүн орусча-кыргызча-латынча-англисче сөздүгү

Мураталиева А.Д.

Замалетдинова Г.С.

+

6.

Ички оорулардын пропедевтикасы боюнча түзүлгөн орусча-кыргызча сөздүк

+

7.

Орусча-кыргызча-англисче неврологиялык терминдердин сөздүгү

Мамытова Э.М.

Карбозова К.З.

Молдокулова М.З.

Замалетдинова Г.С.

+

8.

Офталмологиялык оорулардын орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү

+

9.

Жалпы гигиена боюнча орусча-кыргызча кыскача түшүндүрмɵлүү сɵздүгү

+

10.

Балдар жугуштуу ооруларынын орусча-кыргызча сөздүгү

Чыныева Д.К.

+

11.

Жугуштуу оорулардын түшүндүрмө сөздүгү

+

Билим, илим жана маданият чөйрөсүндө мамлекеттик тилди ишке киргизүү

Кыргыз тили илимдин тили боло алабы?   

Медициналык окуу жайлардагы улуттук идеология

Медицинадагы мамлекеттик тилдин орду

№2 акушерлик жана гинекология кафедрасынын окуу бөлүмүнүн башчысы Г.Жолдошбекованын «Манас» эпосунан акушерликти изилдөөсү

Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү

Мамлекеттик тилди окутуу

КРнын Президентинин 2014-жылдын  2-июнундагы «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары  мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыгын  аткаруу максатында 2018-жылдын  сентябрь жана октябрь айларында  КММАда иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү максатында  семинар өткөрүлдү. 

Семинарды  Бищкек мэриясынын мамлекеттик тил боюнча бөлүм башчысы Эльвира Ниязбекова, Кыргыз-Түрк Манас университетинин  улук окутуучусу,  «Иш кагаздарын жүргүзүү» китебинин автору К. Кулалиева иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча  жана синхрондук котормо бөлүмүнүн улук окутуучусу Р. Аскарова  которуу жолдору боюнча лекция окушту. Семинарга бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери (150 киши) катышышты. 

Медакадемиянын ар бир түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик тил боюнча жооптуулары сектор менен тыгыз байланышта болуп, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча тиешелүү электрондук варианттагы китептерди, сөздүктөрдү жана маалыамттарды алып турушат.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун Тилчилер курамы каталар менен иштөө, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана котормо иштерине тиешелүү болгон маселелер боюнча медакадемиянын кызматкерлерине семинарларды, сабактарды өтүп турат.

Медакадемиянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторуна караштуу Тилчилер курамы медакадемиянын иш кагаздарына тиешелүү терминдерди топтоп, аны бирдейлештирүү максатында жума сайын жыйналыш өткөрүлөт.

2019-жылы «Кыргызтест» тутумунун «ϴзүн-ɵзү баалоо индикатору» боюнча медакадемия кызматкерлеринин тил билүү деӊгээли болжолдуу аныкталган.

Бул боюнча тɵмɵнкүдɵй жыйынтык чыгарылган. Индикатор боюнча жалпы 995 кызматкер тил билүү деӊгээлин аныктаган.

С2 деӊгээлинде                       7 кызматкер
С1 деӊгээлинде                       439 кызматкер
В2 деӊгээлинде                       143 кызматкер
В1 деӊгээлинде                       153 кызматкер
А2 деӊгээлинде                       74 кызматкер
А1 деӊгээлинде                       179 кызматкер

Жыйынтыгында медакадемиянын 742 кызматкери (С2, С1 ,В2, В1) мамлекеттик тилде иш жүргүзɵ алат деп аныкталган. Ал эми калган 253 кызматкер  (А1, А2) тилди үйрɵнүү курсунан ɵтүшү керек.

2020-жылдын 23-июнундагы КММА ректору И.О. Кудайбергенованын «И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясындагы окутуу мамлекеттик тилде жүргүзүлгɵн группалар жɵнүндɵ» №150 буйругу чыккан. Бул буйрукка ылайык «2020-2021- окуу жылынын 1-сентябрынан тартып, КММАнын бардык факультеттеринде  кыргыз группаларынын ачылышы каралсын» деп белгиленген. 

2022-жылдын февраль айында мамлекеттик тилди ɵнүктүрүү сектору КММАнын окутуучулар курамын иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдөгү кетирилген каталары боюнча сабак ɵттү.

Кыргыз группасындагы сабак

№2 АГ кафедрасынын окуу бөлүмүнүн башчысы Г.Жолдошбекованын  англис тилиндеги дарылоо иши факультетине өткөн тарбиялык сабагы

Медициналык окуу жайларда мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча түзүлгөн колдонмолор