Жалпы бөлүм
Байланыш маалыматы
Петрушевская Татьяна Николаевна
Петрушевская Татьяна Николаевна
Кызматы:
Бөлүм башчысы
Мамадалиева Айнса Уркунбаевна
Мамадалиева Айнса Уркунбаевна
Кызматы:
Иш кагаздарын жүргүзүүчү - курьер
Кыскача тарыхы

Канцелярия 1939-жылы медициналык институт ачылгандан баштап

негизделген. Ал мезгилде канцелярияда кат ташуучу машинист-катчы иштеген.

2002-жылдын май айында канцелярия жалпы бөлүм болуп  кайрадан уюштурулган. 2007-жылдын ноябрь айында кадрлык, юридикалык иштер жана иш кагаздарын башкаруу (КЮИБ) болуп түзүлүп, жалпы бөлүм иш кагаздарын башкаруу сектору катары кайрадан  уюштурулган.

2016-жылы иш кагаздар сектору жалпы бөлүмгө 3 штаттык бирдик  менен  (бөлүм башчысы, иш кагаздарын жүргүзүүчү жана курьер) киргизилген.

Жалпы маалымат

Жалпы бөлүм төмөнкү функцияларды ишке ашырат:

- КР Ѳкмөтүнүн 1995-жылдын 25-августундагы №370 токтомунда бекитилген, башкаруу ишин документтештирүүнү камсыз болушу боюнча Типтүү нускамага ылайык иш кагаздарын жүргүзүүнүн аткарылышын камсыз кылат жана КММА документтердин жүргүзүлүшүн   көзөмөлдөөнү ишке ашырат.

- кабыл алууну, кат-кабарларды оңдоону жана жиберүүнү жүргүзөт;

- аткарылуучу документтердин жеткирилишин камсыздайт;

- төмөнкү документтерди тариздейт, нускалайт, каттайт:

- негизги ишмердик боюнча буйруктарды;

- ректордун жана проректорлордун буйрутмаларын;

- жогорку уюмдардын буйруктарын;

- ар кайсы уюмдардан келген документацияларды;

- документтердин жүргүзүлүшүн жана аткаруу мөөнөттөрүн көзөмөлдөөнү ишке ашырат;

- иш кагаздарын жакшыртуу боюнча иш-чараларды уюштурат;

- КММА маалыматтык-сурап-билүү боюнча тейлөөнү ишке ашырат;

- иш номенклатураларын даярдайт жана документтерди сактоонун бирдиктүү тартибин камсыз кылат;

- архивге өткөрүү үчүн көктөмөлөрдү даярдайт;

- КММА ишмердигине байланыштуу документтердеги кызматкерлердин кол тамгасын Жалпы бөлүм бурчмөөр менен бекитет;

- КММА штамптарын, бурчмөөрлөрүн, гербдик мөөрлөрүн жана эсепке алуу, даярдоо, сактоо, колдонуу боюнча иштерин иш жүзүнө ашырат.