Эл аралык байланыштар бөлүмү
Кызматкерлер
Юсупова Турниса Бахирдиновна
Юсупова Турниса Бахирдиновна
Кызматы:
Бѳлүм башчысы
Дюшеева Нурзада Шабдановна
Дюшеева Нурзада Шабдановна
Кызматы:
Жетектөөчү адис
Саяков Куттубек Уметалиевич
Саяков Куттубек Уметалиевич
Кызматы:
Адис
Тилек к. Ажар
Тилек к. Ажар
Кызматы:
Адис
Тагаев Туголбай Жумабекович
Тагаев Туголбай Жумабекович
Калилова Гульчехра Борубаевна
Калилова Гульчехра Борубаевна
Кызматы:
Чет элдик жарандардын паспорттук-визасы боюнча иштердин испектору
Орозобекова Эльмира Алыевна
Орозобекова Эльмира Алыевна
Кызматы:
Чет элдик жарандардын паспорттук-визасы боюнча иштердин испектору
Кыскача тарыхы

Эл аралык бѳлүм 1998-жылы КММАнын эл аралык жана инвистициялар боюнча проректору А. А. Айдаралиев  тарабынан түзүлгѳн.  Өнѳктѳштүк байланыштарды түзүүдѳ биринчи кадам 1998-жылы Америкалык Эл Аралык Саламаттыкты Сактоо Биримдиги менен келишим түзүү жасалган.  Невада штатындагы университеттин катышуусу менен 5 багыт аныкталган:

  • Эл аралык саламаттыкты сактоону өнүктүрүү
  • Үй-бүлѳлүк медицинаны өнүктүрүү
  • Медайымдык ишти өнүктүрүү
  • Академиянын илимий-изилдѳѳ потенциалын өнүктүрүү
  • КММАнын ресурстук борборун  өнүктүрүү.

Айдаралиев Арсен Асылбекович – проректор по международным связям и инвестициям, к.ю.н. с 1 сентября 1998 – 29 октября 2004 года.Айдаралиев Арсен Асылбекович –1998-жылдын 1-сетнябрнан баштап,  2004-жылдын 29-октябрна чейин ю.и.к., эл аралык байланыштар жана инвистициялар боюнча проректору болуп иштеген

Башында эл аралык бѳлүмдүн иши эл аралык фонддор, уюмдар менен кызматташууга, ѳнѳктѳш ЖОЖдор менен жаңы технологияларды окуу жана илимий изилдѳѳлѳрдү киргизүү максатында, финансылык каражаттарды тартуу үчүн пайдалуу долбоорлорду ишке ашырган.

Үч жылдык жумуштун жана эл аралык кызматташуунун  тажрыйбасы бѳлүмдү ѳз алдынча үч түзүм менен иштөөгө алып келген, ар бири  ѳз алдынча КММАнын эл аралык байланыштарын ѳнүктүрүү  багытында иштеп башташкан.

Ошондой эле КММАнын Эл аралык Кызматташуу борбору түзүлгѳн, башкы милдеттери болуп билим берүү кызматынын ишин эл аралык деңгээлге чыгаруу жана чет элдик студенттерди тартуу эсептелген. КММАнын эл аралык бѳлүмү чет элдик ЖОЖдор, эл аралык уюмдар жана фонддор менен кызматташкан.

Бѳлүм аркылуу, кѳптѳгѳн эл аралык долбоорлор боюнча окуу ыкмаларын, илимий-изилдѳѳлѳрдү жакшыртуу максатында, ЖОЖдорду башкарууну оптималдаштуруу ишке ашырылган.

Үчүнчү түзүмдүк бөлүм-Маалыматтык технологиялар борбору болуп эсептелген. Бул бѳлүмдүн милдети эл аралык маалымат мейкиндигине чыгуу, КММАнын кызматкерлерин заманбап медициналык маалымат менен камыз кылууга мүмкүнчүлүгү болгон.

Аткарылып жаткан иштер КММАнын эл аралык мамилелерин ѳнүктүрүүдө натыйжалуугун жана КММАнын эл аралык медициналык билим берүү системасына катышуу мүмкүнчүлүгүн  кѳрсөттү.

Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн алгачкы кызматкерлери

2008-жылы эл аралык кызматташтык борбору жоюлуп, Эл аралык байланыштарды башкаруу болуп түзүлгөн. 2009-жылы Эл аралык байланыштарды башкаруу Эл аралык байланыштар бөлүмү болуп кайрадан түзүлгөн. И.К. Ахунбаев  атындагы Кыргыз медициналык академиясы 2009-жылдын 22-январындагы №17 буйругуна ылайык Эл аралык байланыштар бөлүмү - И.К. Ахунбаев  атындагы Кыргыз медициналык академиясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

Жалпы маалымат

Эл аралык мамилелер бөлүмү жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн университеттери жана билим берүү мекемелери менен кызматташтык ишин жүргүзөт.

Академия Белоруссия, Испания, Казахстан, Кытай, Россия, Таджикистан, Турция, Өзбекстан, Украина, Түштүк Корея жана башка университеттери менен түздөн-түз келишимдерди жана макулдашууларды түзүү менен кызматташат.

Россия, Казахстан, Турция жана Кытай өлкөлөрүнүн университеттеринин студенттери менен академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча жыл сайын илимий-практикалык конференцияларга, олимпиадаларга катышуу жана өндүрүштүк практикаларды өткөрүү үчүн  активдүү байланыш жүргүзөт.

Алгачкы жолу ЭББ бөлүмүнүн кызматкерлеринин аракети менен Дарылоо иши факультетинин студенттери  хирургия цикли боюнча Дагестан мамлекеттик медициналык университетинде 2 жумалык мөөнөт менен өндүрүштүк практикадан өтүп келишкен. Мындан сырткары ДИ факултетинин  4-5-курсунун студенттери  Турциянын Эрзинджан шаарындагы Эрзинджан университетинин клиникасында 1 айлык практикадан өтүшкөн. Ал эми окуу жайлардын  окуу программалары алдын ала макулдашылган.

2018-жылы КММА  2019-жылдын аягына  чейин ишке ашырыла турган Испаниянын Жирона университети менен дарт аныктоо иштерин практикалык жол менен көрсөтүү үчүн биргелешкен Эразмус Мундус магистрдик программасы  боюнча Эразмус+КА107 академиялык мобилдүүлүк  программасынын чегинде грант алган.

Женева университетинин медициналык факультети менен кызматташуу аркылуу И.К. Ахунбаев атындагы КММА дипломго чейинки жана дипломдон кийинки окутуу боюнча мамлекеттик билим берүү стандартына жаңы окутууну киргизди.

Дүйнөлүк банктын (WB) колдоосу менен Швейцария бюросу менен кызматташуу боюнча, ошолндой эле Швейцария Элчилиги менен бир катар долбоорлор ишке ашырылды. Атап айтканда КММАда клиникалык көндүмдөр боюнча окуу борбору жана клиникалык көндүмдөр жана билимди баалоо боюнча борбор ачылган.

КММА Германиянын Академиялык Алмашуу Кызматы (DAAD, Эразмус+, Ачык Медициналык Институт (ЭББ), Эл Аралык Кызыл Крест Коому (ICRC) сыяктуу эл аралык уюмдар жана программалар менен тыгыз байланышта. КММАнын студенттери, ординаторлору жана кызматкерлери үчүн ар түрдүү билим берүү жана илим маселелери боюнча биргелешкен семинарларды өткөрүп турат.

КММА үчүн Эразмус+ “Кыргызстандын саламаттыгын сактоодо биомедициналык инженерия жана аны башкаруу чөйрөсүндө жогорку билим берүүнү өнүктүрүү» долбоору өзгөчө орунду ээлейт. Бул долбоордун негизги максаты – кызыкдар болгон жактардын жабдыктарды башкарууда, колдонууда жана аны сатып алууда көмөктөшүү. ЖОЖдордун ѳнѳктѳштүгүнүн катышуусунда гана биомедициналык инжинеринг  жана медициналык информатика боюнча окуу программаларын иштеп чыгуу максаты  ишке ашат.

2017-жылы белгиленген долбоордун алкагында КММАда телемедицинага мүмкүнчүлүктөр  жана аралыктан окутуу борбору ачылган. 2018-жылы ушу эле долбоор боюнча биомедициналык инжинерия лабороториясы ачылган.  Академия 2017-жылдан баштап Түштүк Кореянын Кенхи университетинин “ Бишкек шаарындагы конуштардын мектепке чейинки жаш балдарынын ден-соолугун жакшыртуу” долбоорунун алкагында Корея агенттигинин алдындагы KOICA эл аралык кызматташтыгы боюнча тыгыз иштешип келет. Азыркы мааалга чейин долбоорлорду каржылоонун натыйжасындпа кѳптѳгѳн иш-чаралар ѳтүп турат: №12 ҮМБдун медициналык кызматкерлеринин кадыр-баркын жогорулатуу үчүн жалпы жана Клиникалык эпидемиология жана Педиатрия факультети кафедраларынын окутуучулары тарабынан семинарларын, ал эми Медайымдык иш кафедрасынын окутуучулары жогорку Медайымдык билим берүү факультетинин чон курстары үчүн окутуу курстарын иштеп чыгышкан. Мындан башка белгилеген кафедралар жана Балдар ооруларынын пропедевтикасы кафедрасы мектепке чейинки курактагы балдардын ар кандай кѳйгѳйлѳрү тууралуу үч илимий-изилдѳѳ долбоорлорун ишке ашырып жатышат. Медайымдык иш кафедрасынын бир канча окутуучулары оюнду талдоо боюнча тренингтерге катышып турушат, ал жакта балдардын оюн маалында физикалык жана эмоционалдык абалынын кѳндүмдѳрүнѳ баа берүү окутулат.

Академия медициналык жардам жана билим берүү тармагындагы долбоор боюнча Великобританиянын Лондон шаарындагы GreenShoots Foundations Limited фонду менен биргеликте ѳзүнүн кызматташтыгын баштаган. 2017-жылы «Royal Free Hospital» ооруканасында  2 окутуучу эки жумалык АИЖ-инфекциясын окуу жѳнүндѳ такшалуудан ѳтүшкѳн. КММА Испаниянын Овьедо университетинин Эразмус Мундус прграммасы боюнча “табигый кырсыктарда коомдук саламаттыкты сактоо “ багытында кызматташып келишет. ЖОЖдор ортосунда “Каалоо жөнүндөгү катына” кол коюлган, Анын натыйжасында КММА биригишкен борборлордун тизмесиине киргизилген. КММАнын окутуучулары окута алат жана бүтүрүүчүлѳр бул магистрдик программага тапшыра алат жана биргеликте магистрдик диссертацияны коргой алышат.

Эл аралык бѳлүмдүн башкы милдеттери
  • И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын эл аралык кызматташуусун ѳнүктүрүүгѳ кѳмѳктѳшүү;        
  • Бѳлүмгө тиешелүү маселелер боюнча ар түрдүү ЖОЖдор жана уюмдар менен кат алышууну жүргүзүү;
  • Расмий чет элдик жолугушууларды уюштуруу жана сүйлѳшүүлѳрдү ѳткѳрүү;
  • Эл аралык кызматташтык жѳнүндѳгү келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүү  жана ага көмөк көрсөтүү;
  • КММАнын башка бѳлүмдѳрү менен биргеликте эл аралык иш чараларды (конференция, симпозиум, конкурс, кѳргѳзмѳ жана фестивалдарды ж.б.) уюштуруу жана ага катышуу;
  • Чет элдик ѳнѳктѳштѳр менен студенттерди алмашаштырууну уюштурууда көмөктөшүү, КММАнын студенттери жана кызматкерлери үчүн илимий-изилдѳѳлѳрдү, окутуу жолдорун, такшалуудан өтүү мүмкүнчүлүгүн издѳѳ жана натыйжаларына баа берүү;  
  • Окуу программалары боюнча жана эл аралык илимий-изилдѳѳ иштерине  катышуу үчүн гранттарга  билдирмелерди сунуштоо жана иштеп чыгуу, долбоорлорго даярданууда  КММАнын башка бѳлүмдѳрүнѳ жардам берүү;
  • Билим берүү сапатын жакшыртуу чөйрөсүндө  КММАнын ѳнгүү стратегиясын  жана башкаруу сапатынын принциптерин жайылтууга көмөктөшүү;
  • Чет элдик медициналык билим берүү  системасы жѳнүндѳ КММАнын билим берүү тартибине дүйнѳлүк тажрыйбаны жана аны андан ары билим берүү технологиясына киргизүү үчүн маалыматты чогултуу жана КММАда билим берүү үчүн жакынкы жана алыскы чет ѳлкѳлүк жараандарды тартуу  
  • КММАда жакынкы жана алыскы чет ѳлкѳлүк жараандарды окутуу  максатында КММАнын окуу процессине окутуунун жаңы технологияларын мындан-ары да киргизүү  жана дүйнөлүк тажрыйбаны үйрөнүү үчүн чет өлкөлөрдүн медициналык билим берүү системасы жөнүндөгү малыматтарын жыйноо
  • Чет элдик абитуриенттерге Кыргыз Республикасыны мыйзамдарындагы  талаптар жөнүндө, медицина тармагындагы билим берүү программасы жөнүндѳ кеңеш берүүнү сунуштоо  (саламаттыкты сактоо тармагындагы жогорку профессианалдуу жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программасы боюнча  жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо).