Окуу иштери боюнча проректор

Ырысов Кенешбек Бакирбаевич
Ырысов Кенешбек Бакирбаевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
КР УИА корреспондент-мүчөсү
Кызматы:
Окуу иштери боюнча проректор

Билими
  • 2015-2016-жж. «Жаш лидерлер» программасы. «Саламаттыкты сактоодогу башкаруу» багыты боюнча тажрыйбалык такшалма. Темасы: «Хирургическая тактика и техника операций при множественных аневризмах сосудов головного мозга». Япониядагы Нагоя университетинин Илимдин магистри диплому.
  • 2005-ж. КР Саламаттыкты сактоонун улуттук хирургиялык борборунда нейрохирургия боюнча «Диагностика и нейрохирургическое лечение вестибулярных шванном (неврином VIII нерва)» деген темада докторлук диссертация.  Медицина илимдеринин доктору диплому.
  • 2001-2003-жж. «XXI кылымдын кадрлары» программасынын алкагында ГФР Ганновер шаарынын университетинде нейрохирургиялык клиникадагы илимий изилдөөлөрү жана тажрыйбалык такшалмадан өткөндүгү тууралуу диплому.
  • 2000-ж. КР Саламаттыкты сактоонун улуттук хирургиялык борборунда нейрохирургия боюнча «Особенности нейрохирургического лечения осложненных форм грыж поясничных межпозвонковых дисков» деген темада кандидаттык диссертациясы. Медицина илимдеринин кандидаты диплому.
  • 1992-1993-жж. Жалал-Абад шаарында КММАнын жалпы хирургиясы боюнча адистик интернатурадан өткөндүгү тууралуу диплому.
1984-1992-жж. Бишкек шаарынын КММИнин дарылоо факультетин бүтүргөн диплому.

Ишмердүүлүгү
  • 2017-ж. – бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарындагы И.К.Ахунбаев атындагы КММА мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору.
  • 2008г. – бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарындагы И.К.Ахунбаев атындагы КММА дипломго чейинки жана дипломдон кийинки нейрохирургиялык билим берүү кафедрасынын профессору.
  • 2008–2011-жж. И. К. Ахунбаев атындагы КММА илимий иштер жана клиникалык окутуу боюнча проректору.
  • 2003–2008-жж. И. К. Ахунбаев атындагы КММА дипломго чейинки жана дипломдон кийинки нейрохирургиялык окутуу кафедрасынын доценти.
  • 2001–2003-жж. «XXI кылымдын кадрлары» программасы. ГФР, Ганновер шаарынын университетинин нейрохирургиялык клиникасында такшалган врач-нейрохирург.
  • 1994–2001-жж. Бишкек шаардык улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүндө врач-нейрохирург.
  • 1993–1994-жж. Жалал-Абад шаарындагы Жалал-абад областтык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө врач-нейрохирург.
1985-1987-жж. Советтик армиянын катарында - РСФСРдин Приморский крайындагы Пограничный кыштагында Кызыл Туулуу Ыраакы Чыгыш аскердик округунун 25159- аскердик бөлугүндө улук сержант.
Сыйлыктары
  • 1999-2000-жж. Баткен областындагы уюшулган чет элдик кастыктарды жок кылуу жана ага чек коюу боюнча согуштук кыймылдарга катышкандыгы тууралуу № 01161 “Республикалык Баткен согушунун ардагери” күбөлүгү.
  • 2001-2003-жж. «XXI кылымдын кадрлары» программасынын президенттик стипендианты, ГФР Ганновер университетинин медициналык жогорку мектебинин нейрохирургиялык клиникасында илимий иштерди жүргүзгөндүгү жана тажрыйбалык такшалуудан өткөндүгү тууралуу диплому.
  • 2006-ж. Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин профсоюзунун БК Ардак грамотасы.
  • 2007-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоонун отличниги» төш белгиси.
  • 2010-ж.. «2010-жылдын мыкты хирургу». «Press KG» гезитинин версиясы боюнча.
  • 2011-ж. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Сузак райондук Көк-Арт айыл округунун «Ардактуу инсаны».
  • 2011-ж. Кыргыз Республикасынын Жаштар саясаты боюнча министрликтин Ардак грамотасы .
  • 2012-ж. «Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги» төш белгиси.
  • 2012-ж. «2012-жылдын мыкты хирургу». «Press KG» гезитинин версиясы боюнча.
  • 2013-ж. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Сузак районунун  «Ардактуу инсаны».
  • 2014-ж. Бишкек шаарындагы ГФР Элчилигинин «Ыраазычылык грамотасы» (Dankesurkunde).
  • 2015-ж. 1999-2000-жж. Баткен окуясына катышкандыгы үчүн «Кайраттуулук жана эрдиги үчүн» медалы..
  • 2016-ж. «2016-жылдын мыкты дарыгери» наамы, «Жетиген» журналынын версиясы боюнча.
2017-ж. «2017-жылдын мыкты проректору» наамы, «Инсан Кыргызстан» гезитинин версиясы боюнча.
Публикциялары
323 илимий иштери, анын ичинде 5 монографиясы, 3 ойлоп табуусу, 50 рационализатордук сунуштары жана  10 окуу-методикалык куралдары бар.  Илимий жетекчи катары диплом алган 8 медицина илимдеринин кандидатын даярдаган.