Онкология кафедрасы
Байланыш маалыматы
Кафедра кызматкерлери
Саяков Уметалы Карагулович
Саяков Уметалы Карагулович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Кафедра ашчысы
Дыйканбаева Сайкал Качкыновна
Дыйканбаева Сайкал Качкыновна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Окуу бөлүмүнүн башчысы
Ахунбаев Стальбек Медерович
Ахунбаев Стальбек Медерович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Джумабаева Фатима Туруспековна
Джумабаева Фатима Туруспековна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Амерханов Хожахмед Косумович
Амерханов Хожахмед Косумович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Лим Евгения Федоровна
Лим Евгения Федоровна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Ситникова Юлия Георгиевна
Ситникова Юлия Георгиевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Ассистент
Алимжонов Нодирбек Юльчибекович
Алимжонов Нодирбек Юльчибекович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Ассистент
Орозалиев Мурат Батырханович
Орозалиев Мурат Батырханович
Кызматы:
Ассистент
Кемелбекова Айнура Кемелбековна
Кемелбекова Айнура Кемелбековна
Кызматы:
Ассистент
Омокеева Бактыгуль Алмазбековна
Омокеева Бактыгуль Алмазбековна
Кызматы:
Асссистент
Ванинов Абдурахман Сулейманович
Ванинов Абдурахман Сулейманович
Кызматы:
Ассистент
Кылчыкбаев Азамат Кенешбекович
Кылчыкбаев Азамат Кенешбекович
Кызматы:
Ассистент
Ким Андрей Миронович
Ким Андрей Миронович
Кызматы:
Ассистент
Саяков Орунбек Уметалиевич
Саяков Орунбек Уметалиевич
Кызматы:
Ассистент
Абсатарова Азаткул Турдалыевна
Абсатарова Азаткул Турдалыевна
Кызматы:
Ассистент
Кыскача тарыхы

Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун онкология кафедрасы 1974-жылы ректордун буйругу менен уюштурулган.

Кафедра негизделген күндөн баштап, көзү өткөнгө чейин (1986) кафедранын биринчи  башчысы, СССРдин илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор Алексей Ильич Саенко болгон. Профессор А.И. Саенко Кыргызстандагы медициналык илимдин калыптанышына баа жеткис салым кошкон легендарлуу дарыгерлердин тобуна  кирет.

1959-жылы А.И. Саенконун  демилгеси боюнча Кыргызстанда Кыргыз онкология жана радиология илим изилдөө институту (КОжРИИИ) уюштурулган, анын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 2000-жылы КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук онкология борбору уюштурулган. 1959-1982-жылдары профессор А.И.Саенко  КОжРИИИнин директорлук кызматын үзгүлтүксүз аркалап келген. Анын тушунда 180 орунга эсептелген аз кубаттуу мекемеден чыккан КОжРИИИ 700 орундуу СССРдин алдыңкы илимий борборлорунун бирине айланган. Профессор А.И.Саенконун жетекчилиги астында 3 докторлук жана 48 кандидаттык диссертация корголгон. Муну менен кыргыз онкология мектебинин негиздөөчүсү деп айтсак жаңылышпайбыз. Ал 200дөн ашык илимий эмгектерди, анын ичинен 2 монографияны жарыкка чыгарган.

Кафедра түзүлгөн күндөн баштап белгилүү окутуучулар жана онкологдор, доценттер Г.В. Задорожная, Л.Н. Канунникова, А.И.Айдарбековдор онкология илиминин  жана онкологияны сабак катары окутуунун методикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошушкан.

Онкология кафедрасынын башатында турган кызматкерлер

1976-жыл, кафедранын негиздөөчүсү кызматкерлер менен

Саяков У.К. операция учурунда

Ошол жылдардагы онкология кафедрасынын илимий изилдөөлөрүндөгү негизги багыттар, Кыргыз ССРиндеги зыяндуу шишиктердин эпидемиологиялык аспектилерин изилдөө жана ашказандын залалдуу шишигин дарылоонун ыкмаларын өркүндөтүү болгон.

1988-1996-жылдары кафедраны КРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин эмгек сиңирген дарыгери, профессор Х.С.Бебезов жетектеген. Х.С.Бебезовдун тушунда торакалдык онкология өнүгүү импульсун  алды. Ал торакалдык онкологиянын күнүмдүк практикасына кызыл өңгөчкө, өпкөгө,  кокуроктун орто кондойундо жасалуучу эң татаал операцияларды киргизген, ошону менен бирге бронхиалдык дүмүрдү тигүүнүн жаңы ыкмасын ойлоп табууга патент алган. Х.С.Бебезовдун жетекчилиги менен 1 докторлук жана 4 кандидаттык диссертация корголгон.

Ушул эле жылдары КММАнын ректорунун буйругу менен  онкология кафедрасы рентгенология кафедрасы менен бириктирилип, онкология, нур менен дартты аныктоо жана дарылоо кафедрасы деп аталган. Кафедранын курамы 5 штаттык кызматкерден 16 адамга көбөйтүлгөн. Кафедранын кызматкерлери Россия (Москва шаары), АКШ, Германия өлкөлөрүнөн тажыйырба алышып, онкологдордун жана радиологдордун эл аралык  конференцияларына, съездерине  жигердүү катышып келишкен. 1988-1996-жылдары кафедранын кызматкерлери тарабынан 40 илимий эмгек, анын ичинен 2 монография жарыяланган. Негизги илимий багыттар өпкө, кызыл өңгөч жана ашказан рагын хирургиялык жана айкалыштырып дарылоонун жолдорун иштеп чыгуу болгон.

996-жылдан 2017-жылга чейин онкология кафедрасын м.и.д., профессор И.О.Кудайбергенова жетектеп келген.

1997-1999-жылдары профессор И.О.Кудайбергенова Кыргыз онкология жана радиология илимий изилдөө институтун катарлаш башкарган. Бул жылдары дүйнөнүн (РОИБ МИА РСФСР, Канзас университети (АКШ), Казак онкология жана радиология илимий-изилдөө институту) алдынкы илимий онкологиялык борборлору менен тыгыз байланыштар түзүлгөн. Анын жетекчилиги астында 1998-1999-жылдары Бишкекте онколог жана радиологдордун эки Эл аралык конференциясы өткөрүлгөн. Профессор И.О.Кудайбергенованын демилгеси менен КРдин  Онколог жана радиологдорунун ассоциациясы уюштурулуп, бул уюмду бүгүнкү күнгө чейин жетектеп келет. Ассоциациянын багыты боюнча  РОИБ МИА РСФСР (Москва шаары) КОжРИИИнин онкологдору тарабынан докторлук жана кандидаттык диссертациялар корголгон. 2000-2004-жылдары КММАнын окуу иштери боюнча проректору болуп иштеген. Анын түздөн-түз катышуусу менен КР медициналык билим берүүсүндө реформа жүргүзүлүп, окутуунун интеграцияланган, билимди модулдук-рейтингдик баалоо системалары,  билим берүүнүн жаңы стандарттары, заманбап методдору киргизилип бекитилген. Индира Орозобаевнанын жетекчилиги менен 1 докторлук, 7 кандидаттык диссертация корголгон.

2017-жылдан азыркы учурга чейин онкология кафедрасын медицина илимдеринин кандидаты, доцент Уметалы Карагулович Саяков жетектейт. Саламаттыкты сактоонун отличниги, жогорку категориядагы врач, Эл аралык Мустафа Кемал Ататүрк сыйлыгынын лауреаты, КРдин Онкологдор жана радиологдор ассоциациясынын, КР Хирургиялык коомунун ассоциациясынын,  КР ССМ ОжГУБдун Камкордук кеңешинин  мүчөсү, КР Президентинин Ардак грамотасынын ээси.

1992-жылы борбордук Азияда биринчи жолу ал тарабынан табарсык рагында жоон ичегинин оң жарымынан табарсык резервуарын жасоо ыкмасы  иштелип чыгып, клиникалык практикага киргизилген. 1997-жылы туз ичегинин залалдуу шишик оорусунда  бекитуу каналын пластика кылуу ыкмасы иштелип чыгып (рац. сунуш тууралуу 2 күбөлүк алынган), клиникалык практикага киргизилген. Анын жетекчилиги алдында 1 кандидаттык диссертациялык иш жакталган.

Азыркы учурда кафедрада Улуттук онкология борборунун негизги бөлүмдөрүндө иш алып барган  1 профессор, 6 доцент, 4 ассистент эмгектенишет. 1996-жылдан тарта кафедранын кызматкерлери тарабынан 70 илимий иш, анын ичинде 2 монография жарык көргөн.

Кафедранын ушул убакытка чейинки иш аралыгынды 5 докторлук жана 63 кандидаттык иш жакталган.

Медицина илимдеринин кандидиты, доцент  Амерханов Хомахмед Косумович

  • Саламаттыкты сактоонун отличниги, жогорку категориядагы врач

  • КРдин Онкологдор ассоциациясынын мүчөсү 

А.К. Амерханов академик К.Р. Рыскулованын хирургиялык мектебинин  өкүлү, себеби, 1969-1992-жылдар аралыгында факультеттик хирургия кафедрасында эмгектенген. Ашказан ичеги трактарынын потологиясы учурунда өзгөчө холецистэктомиялык синдромдон кийинки бири-бирине функциясы жактан  байланышкан органдардын өзгөрүү мүнөзүн изилдөө иштерине катышкан.

Ашказан трактарынын эндоскопиялык изилдөөлөрүн Кыргызстандын хирургиялык клиникаларынына кийирүүнүн башында турган.

2005-жылдан баштап И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын онкология кафедрасында иштейт. Онкологиялык ооруларга кабылган жана ашказан ичеги-карын трактарынын шишиктери жок оорулар  менен ооруган бейтаптарга консультативдик иштерди алып барат. 10 жыл аралыгында Республиканын дарыгерлерин өнүктүрүү факультети менен бирдиктүү иш алып барган.

Медицина илимдеринин кандидиты, доцент  Джумабаева Фатима Туруспековна

  • Саламаттыкты сактоонун отличниги, жогорку категориядагы врач
  • КРдин Онкологдор ассоциациясынын, ESMOнун, “Онкологиялык кызматты колдоонун Фондусунун”
  • Коомдук фондунун байкоочу кеңешинин, КР ССМ ОжГУБду ишмердүүлүгү боюнча  жумушчу тобунун мүчөсү
  • 40 илимий эмгектин анын ичинен 11 методикалык сунуштаманын автору. 4 эмгеги чет мамлекеттерде жарык көргөн.

Медицина илимдеринин кандидаты, доцент Дыйканбаева Сайкал Качкыновна

  • Саламаттыкты сактоонун отличниги, жогорку категориядагы врач
  • КР Онкологдорунун ассоциациясынын, ESMOнун мүчөсү.

1993-жылы Канзасс (АКШ) университетинин медициналык борборунда стажировкадан өткөн. 1999-жылы “Онкологиянын теориялык жана практикалык актуалдуу суроолору” цикли, 2009-жылы “Клиникалык онкология” цикли боюнча  адистештирүүнү РШМЖКБ жана ДЖФда өткөн. С.К.Дыйканбаева 30дан ашык илимий эмгектин анын ичинде 12 медодикалык сунуштаманын автору, 5 эмгек чет мамлекеттерде жарык көргөн.

Медицина илимдеринин кандидаты, доцент Ахунбаев Стальбек Медерович

  • Саламаттыкты сактоонун отличниги, жогорку категориядагы врач
  • И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын академиялык сыйлыгынын  лауреаты
  • Эл аралык Мустафа Кемал Ататүрк сыйлыгынын лауреаты
  • КРдин Онкологдор ассоциациясынын мүчөсү

Тамак сиңирүү жана өпкөнүн шишиктеринин көйгөйлөрү менен алектенген торкалдык онкологиянын адиси. Чет элдик студенттер менен иш алып барат, лекцияларды, практикалык сабактарды англис тилинде жүргүзөт.

Медицина илимдеринин кандидаты, доцент Лим Евгения Федеровна

  • Жогорку категориядагы врач
  • КРдин Онкологдор ассоциациясынын мүчөсү
  • И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын  онкология кафедрасынын илимий иштери боюнча жооптуу
  • Студенттердин илимий ийриминин жетекчиси.
  • Онкогинекология көйлөйлөрү менен алектенген, онколог хирург адиси.
  • КРдин жатын моюнчасынын рагынын кыздарды вакцинациялоо боюнча ДССУнун мүчөсү

Кафедранын кызматкерлери 2019-жыл

Кудайбергенова И.О.,Саяков У.К. Н.Н.Блохин атындагы КОжРИИИ жана РОИБнун кызматкерлери

Кудайбергенова И.О.,Саяков У.К. Н.Н.Блохин атындагы КОжРИИИ жана РОИБнун кызматкерлери

Онкология кафедрасынын жана Н.Н.Блохин атындагы КОжРИИИ жана РОИБнун кызматкерлери

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын онкология кафедрасынын башчысы Саяков У.К. ийримдин мүчөсү менен

Окуу-усулдук ишмердиги

Кафедранын кызматкерлери онкологдордун Эл аралык конференция жана съездеринде байма-бай катышып келишет. Негизги илимий –изилдөөлөрдүн багыты КРдеги залалдуу  шишиктердин эпидемологиясы жана алдын алуусуна,  сүт бездеринин ооруларынын шишиктерин дарылоо жана дарт аныктоосун, ошондой эле онкологиялык ооруларда реконсруктивдүү-калыбына келүүчү кийлигишүүлөргө арналган.

2004-жылы онкология кафедрасынын кызматкерлери тарабынан “КафМедЦентр” медициналык илимий-билим берүүчү медициналык борбор түзүлгөн. Бул борбор практикалык медицина жана билим берүүнүн интеграциясынын үлгүсү болуп эсептелинет.  Борбордун базасында кафедранын кызматкерлери тарабынан оперативдик кийлигишүүлөрдүн кеңири спектри, консервативдик дарылоо жана онкологиялык бейтаптарга консультативдик кабыл алуу жүргүзүлөт. Ошону менен катар студенттер жана клиникалык ординаторлор, врач-педагогдордун практикалык ишмердүүлүгүнө катыша алышат.

Азыркы учурда кафедранын кызматкерлери тарбынан онкологиялык бейтаптарды калыбына келтирүүнун, залалдуу шишиктерди дарылоонун, дарт аныктоонун жана изилдөөнүн жаңы ыкмалары иштелип, киргизилүүдө.

  • Гормондорго көз каранды шишиктерди иммуногистохимиялык изилдөө
  • Эмчектин залалдуу шишигин органды сактап калуу ыкмасы менен дарылоо
  • “ Төмөнку молекурярдуу пектиндин шишиктерге каршы касиеттери” аттуу тажрыйбалык иш жүргүзүлүүдө

Дисциплиналар
Онкология