Эразмус+ деген эмне?
Эразмус + 2014-2020-жылдары билим берүү, кадрларды даярдоо, жаштар жана спорт чѳйрѳсүндѳ Европалык Союздун программасы болуп саналат. Бул программа Европа, жана эл аралык кызматташууда билим берүү, кесиптик даярдоо жана жаштар чѳйрѳсүндѳгү 25 жылдык тажрыйбасы бар европалык программанын жетишкендиктерине таянат.

Эразмус + синергетикалык ѳз ара аракеттенүү жана билим берүүнүн ар кыл тармагында жаштардын кесиптик даярдыгын ѳз ара арттырууга, ар кайсы иш аракеттердин жана долбоордук форматтардын ортосундагы жасалма чектерди жоюп, жаӊы идеяларды кубаттап, жарандык коом жана эмгек рыногунун катышуучуларын ѳзүнѳ тартып, кызматташуунун жаӊы формаларын ѳнүктүрүү жолу менен бул программалардын алкагынан чыгууга багытталган. Эразмус + Европа жана анын чегинен тышкары адам жана социалдык капиталдын кѳз карашынан алып караганда реалдуу керектѳѳнү чечүү үчүн натыйжалуу инструмент болууга аракеттенет.

Ушул себептен улам Программанын алкагында колдоого алынган бардык иш аракеттер жана иш-чаралар «Эразмус + брендинин жардамы менен ѳткѳрүлүшү керек. Анын үстүнѳ, мурдагы программалардын катышуучулары жана бенефициарларына Эразмус + программасын чечмелѳѳгѳ жардам берүүгѳ, аны жайылтуу максатында «Эразмус +» жалпы аталышына кошумча же конкреттүү секторго багытталган аракеттер үчүн тѳмѳнкү аталыштар пайдаланылышы мүмкүн:

Эразмус+ программасынын маанилүү ѳзгѳчѳлүктѳрү

Бюджет

7 жылдык (2014-2020-жж.)  программанын багытточу бюджети 14 774 миллиард еврону түзѳт.

Булак: Эразмус+ Улуттук офисинин сайты