Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо кафедрасы
Кафедра кызматкерлери
Кафедра башчысы
Айдаров Зиябидин Абдирайимович
Айдаров Зиябидин Абдирайимович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Каратаев Мадамин Мусаевич
Каратаев Мадамин Мусаевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Орозалиева Анипа Алымбековна
Орозалиева Анипа Алымбековна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кудайбергенова Тамара Асановна
Кудайбергенова Тамара Асановна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Садамкулова Кайыркуль Исакуловна
Садамкулова Кайыркуль Исакуловна
Кызматы:
улук окутуучу
Чоюбекова Гульжамал Асановна
Чоюбекова Гульжамал Асановна
Окумуштуу даражасы:
экономика илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Ибраимова Джылдыз Джумадиловна
Ибраимова Джылдыз Джумадиловна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Смаилова Диана Кадырбековна
Смаилова Диана Кадырбековна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
ассистент
Баймуратов Толкунбек  Ташанович
Баймуратов Толкунбек Ташанович
Кызматы:
Ассистент
Сейсембаева Айгуль Нурбековна
Сейсембаева Айгуль Нурбековна
Кызматы:
Ассистент
Алиев Улан Мамажакыпович
Алиев Улан Мамажакыпович
Кызматы:
Ассистент
Сеитбекова Гульзат Сеитбековна
Сеитбекова Гульзат Сеитбековна
Кызматы:
Окуу бөлүмүнүн башчысы
Кулжабаева Айзат Абдыкалыковна
Кулжабаева Айзат Абдыкалыковна
Кызматы:
ассистент
Рыспекова Эркинай Рустамовна
Рыспекова Эркинай Рустамовна
Кызматы:
ассистент
Кубатова Самара Кубатовна
Кубатова Самара Кубатовна
Кызматы:
улук лаборант
Маралбек кызы Аяна
Маралбек кызы Аяна
Кызматы:
лаборант
Кыскача тарыхы

Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо кафедрасы 1942-жылы негизделген. Ал ачылгандан тарта ар кайсы жылы ар кандай аталышта аты өзгөрүп келген. 2009-жылдан тарта Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо кафедрасы болуп келе жатат.

Кафедраны негиздөөчү болуп, медицина илимдеринин кандидаты Степан Зиновьевич Ткаченко саналат, ал жетектеген жылдары кафедранын калыптануусу, түптөлүүсү эң оор жылдарга туш келет.

1944-1945-жылдары медицина илимдеринин кандидаты, доцент Иван Васильевич Алфимов жетектеген. Ал согуштан кийинки жылдары ооруларды аныктоо жана көз оорулары менен жабыркагандарга жардам берүүнү уюштурууда алгылыктуу чоң иштерди жасаган.

 1953-жылдан 1987-жылга чейин кафедраны эмгек сиңирген врач, медицина илимдеринин доктору, профессор Акматбек Айдаралиевич Айдаралиев жетектеген. А.А. Айдаралиев Ташкент медициналык институн аяктаган. 1952-жылы “Кыргыз жана Казак ССРнин айрым райондорундагы дунган элинин көз оорулары” деген темада кандидаттык диссертациясын, 1960-жылы “Кыргыз ССРинин саламаттык сактоосунун өнүгүүсүнүн негизги этаптары” деген темада докторлук диссертациясын жактаган.

А.А. Айдаралиев 2 илим докторун жана 24 илим кандидатын чыгарган.

1954-жылы анын жетекчилиги астында илимий тарыхий-медициналык коом түзүлгөн.

Профессор Акматбек Айдаралиевич Айдаралиев

1987-жылдан 1997-жылга чейин кафедраны саламаттык сактоонун эмгек сиңирген ишмери, доцент Кашаф Джумаевич Абдуллин жетектеген. Ал профессор А.А. Айдаралиевдин жетекчилиги астында “Кыргызстандын бийик тоолуу шартындагы жүрөк-кан тамыр патологиясы” деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.

К.Д. Абдуллин кафедраны жетектеген мезгилде кафедра сергек жашоо мүнөзүнүн маселелери, Кыргызстандагы медициналык-демографиялык процесстер боюнча иштерди алып барган. К.Д. Абдуллин 137 илимий эмгектин, 3 окуу куралынын автору жана 3 илимдин кандидатына жетекчи болгон. Анын чоң жетишкендиктеринин бири – КММАда медицина тарыхынын оргиналдуу музейин түзгөндүгү.

Доцент Кашаф Джумаевич Абдуллин 

1997-жылдан 2007-жылга чейин кафедараны медицина илиминин доктору, көрүнүктүү окумуштуу, саламаттык сактоону уюштуруучу, профессор Акынбеков Куттубек Усенбаевич жетектеген. Ал 2001-2004-жылдары Башкаруу жана коомдук саламаттык сактоо институтун да жетектеп турган.

Профессор Куттубек Усенбаевич Акынбеков 

2007-2011-жылдары кафедра башчысынын милдетин доцент В.С. Тойгомбаева, профессорлор Д.Д. Рисалиев жана М.М. Каратаев аткарышкан.

2011-2016-жылдары кафедраны кайрадан м.и.д. К. У. Акынбеков жетектеген. Ал 140 ашуун илимий эмгектин автору, 3 ойлоп табуунун жана 8 рационалдык сунуштаманын ээси. Андан сырткары 25 моноргафия, окуу куралдары жана сунуштамалары бар. К.У. Акынбеков өнөр жай үлгүсүндөгү 2 республикалык стандартты жана 6 техникалык патентти киргизген. Анын жетекчилиги астында 4 илимдин доктору жана 7 илимдин кандидаты даярдалган. Анын жетекчилиги астында “Саламаттык сактоо статистикасы”, “Биостатистика”, “Медицина тарыхы”, “Саламаттык сактоодогу маркетинг” ж.б. окуу курстары боюнча жаңы окуу программалары толугу менен кайрадан каралып, иштелип чыккан. Кыргыз жана орус тилинде 25 окуу куралдары жарык көргөн.

Медицина илиминин доктору, профессор Айдаров Зиябидин Абдирайимович 2016-жылдан тартып кафедра башчысынын милдетин аткарып жана 2018-жылдан бери  кафедраны жетектеп келет.

Профессор Зиябидин Абдирайимович Айдаров

З.А. Айдаров 1996-жылы кандидаттык диссертациясын, 2001-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Ага 2004-жылы “профессор” окумуштуулук наамы ыйгарылган. Ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министерлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Ал 80ден ашык илимий эмгектин, 3 монорграфиянын жана 6 методикалык сунуштаманын автору. Анын жетекчилиги астында 4 илимдин кандидаты, 1 илимдин доктору даярдалып жатат.

Кафедрада жаш кадрларды даярдаган көптөгөн кызматкерлер иштеген: медицина илиминин доктору, профессорлор Н.Е. Чернова, К.У. Акынбеков, Б.А.Абилов, медицина илимдеринин кандидаты, доценттер К.Д. Абдуллин, Б.К. Ходжамбердиев, Н.С. Саалиев, С.К. Койкелов, С.О. Орозалиев, И.А.Абдылдаева, А.И. Золетило, А.С. Сыдыков, медицина илимдеринин кандидаты, ассистенттер: М. С. Юсупова, А.Ж. Жаанбаев, А.А. Сапарбаев, О.А. Болбачан; ассистенттер: С.М. Урманбетова; А.Р. Сатыбалдиева, Н.Ж. Жаныбаев, Э.К. Шатманова, Р.К. Молдоканова ж.б. 

Кафедранын ветерандары жана кызматкерлери. 1999-ж.

Кафедранын ветерандары жана кызматкерлери. 2009-ж.

Дисциплиналар
  • Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо;
  • Биоэтика;
  • Медицина тарыхы;
  • Медициналык статистика;
  • Экономика жана маркетинг;
  • Лидерлик жана менеджмент;
  • Адам, коом жана ден соолук;
  • Медициналык георграфия;
  • Социалдык геронтология;
  • Медициналык этика жана деонтология.
Илимий ишмердиги

Кафедранын илимий ишмердүүлүгүнүн негизги багыты калктын саламаттыгын жакшыртууда коомдук саламаттык сактоонун стратегиялык жана прикладдык аспектилерин иштеп чыгуу болуп саналат. Илимий-изилдөө иштери кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле докторанттар жана аспиранттар  тарабынан камсыз кылынат.

1999-жылы проф. К.У. Акынбековдун демилгеси жана төрагалыгы менен гигиена, эпидемиология, коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо адистиктери боюнча докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча "Диссертациялык кеңеш" ачылган, ал эми 2005-жылдан тартып "Коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо" адистиги боюнча кеңеш бөлүнгөн. Диссертациялык кеңеш иштеген жылдары 7 доктордук жана 37 кандидаттык диссертация корголгон.

Саламаттыкты сактоонун отличниги Айдаров Зиябидин Абдирайимович  медицина илимдеринин 3 кандидатын даярдаган, 80ден ашык илимий макалаларын жарыялаган, анын ичинен 3 монография жана 6 усулдук сунуштаманын автору. 

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, медицина илимдеринин доктору, профессор Каратаев Мадамин Мусаевич 2000-жылы И.П. Сеченов атындагы Москва медициналык академиясында доктордук диссертациясын жактаган. Ал 14 медицина илиминин кандидаттарын жана 5 медицина илимдеринин докторун даярдаган, 170 илимий эмгектерди жарыялаган, алардын ичинен 20 монография жана методикалык сунуштарды даярдаган. Москвадагы "Саламаттыкты сактоо экономикасы" журналынын  жана Түштүк Казакстан медициналык академиясынын илимий журналынын  редакциялык коллегиясынын мүчөсү.

Кафедранын кызматкерлери тарабынан бардыгы болуп 390 ашык басылмалар, анын ичинде 5 монография, 45 усулдук сунуштамалар жарык көргөн.

Кафедранын кызматкерлери ар кандай эксперттик коммисиялардын мүчөлөрү, ошондой эле Кудайбергенова Т.А. КММАнын биоэтика боюнча комитетинин орун басары жана РФ саламаттык сактоо министрлигинин "медициналык этика" журналынын редакцтондук коллегиясынын мүчөсү-РИНЦ.

Жыл сайын кафедра ар кандай форумдарда, конференцияларда жана башкаларда  өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө катышат(эл аралык форумдар -38, эл аралык илимий жыйындар, семинарлар, конференциялар - 46). Ошондой эле кафедра тарабынан 22 конференция, семинар жана тегерек столдор уюштурулган жана өткөрүлгөн.

Кафедра илимий-практикалык изилдөө долбоорлорун, программаларды, семинарларды жана башка иш-чараларды биргелешип аткаруу үчүн саламаттык сактоо уюмдары менен активдүү кызматташат(бардыгы болуп 12 иш-чара болгон).

Кафедранын кызматкерлери. 2018-ж.

Кафедранын кызматкерлери. 2023-ж.

Эл аралык кызматташуусу

Кафедра Эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулат жана жыл сайын ишмердүүлүктүн төмөнкү багыттары боюнча Эл аралык уюмдардын жана фонддордун билим берүү жана илимий гранттарын издөө боюнча конкурстарга катышат:

1. Билим берүү жана илимий ишмердүүлүк жаатындагы долбоорлорду колдогон гранттар:

  • ЕБ Эразмус+ программасы боюнча ЖОЖдо биоэтиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен билим берүү потенциалын өнүктүрүү грантына өтүнмөлөрдүн конкурсунда;
  • Эрасмус проекинде + «KyrMedU” Advancing University Education in Biomedical Engineering and Health Management in Kyrgyzstan.

2. Окутуу гранттары жана кызматкерлердин Эл аралык конференцияларга катышуусун колдогон гранттар:

  • Аралыктан окутуу программасы боюнча MoodleMOOC (доцентин м.а. Т.А. Кудайбергенова)  ЕС Эрасмус + «KyrMedU” Advancing University Educationin Biomedical Engineeringand Health Management in Kyrgyzstan;
  • Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышуу (доцентин м.а. Т.А. Кудайбергенова): Transcending Borders: Building and Sustaining a Bioethics Network for Low Countries( August 9-11, 2017), Riga, Latviа.

Жыл сайын кафедранын кызматкерлери  С. Д. Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университетинин кышкы жана жайкы мектебине активдүү катышып келет.

Кафедра Билим берүү жана илимий иш-чараларды өнүктүрүү боюнча ЮНЕСКОнун өнөктөшү болуп саналат. Биоэтика илиминин берүүнү илгерилетүү жана медициналык этиканын окуу программаларын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, дүйнөдөгү медициналык окуу жайлардын талаптарын канааттандыруу боюнча, кафедранын демилгеси менен 2019-жылы Хайфа университетинин астында биоэтика кафедрасынын медициналык этика боюнча Эл аралык институттар тармагынын бөлүмү болуп түзүлдү.  Биоэтика предмети боюнча лекцияларды, курстарды, семинарларды ар кандай кесиптик жамааттар жана жалпы коомчулука жайылтуу максатында кафедрада жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топ ЮНЕСКОнун жана анын Биоэтика бөлүмдөрүнүн принциптери, эрежелери жана көрсөтмөлөрү менен иш алып барат.

Кафедранын коомдук иш-чаралары

Кафедра жыл сайын коомдук-маданий жана тарбиялык иш-чараларга активдүү катышат:

  • "Ден соолук күнү" ("сергек жашоо", "тамеки чегүүнүн кесепеттери" ж.б. темаларда студенттер менен биргеликте мектеп окуучуларына сабактарды өткөрөт);
  • "Бүткүл дүйнөлүк Биоэтика күнүн" өткөрүү;
  • "Дүйнөлүк саламаттыкты сактоону камтуу" күнүн өткөрүү;
  • "Мамлекеттик тил күнүн" өткөрүү;
  • "Таза шаар" күнүнө катышуу;
  •  "Нооруз" майрамына катышуу.Кафедра кызматкерлери ар кандай иш-чараларда ("таза шаар", Нооруз майрамында," ден соолук күнү","кыргыз тили күнү").