Юридикалык бөлүм
Кызматкерлер
Наджафов Ага Валиевич
Наджафов Ага Валиевич
Кызматы:
Бөлүм башчысы
Ахматов Эрмек Байышович
Ахматов Эрмек Байышович
Кызматы:
Юрист
Кыскача тарыхы

Кадрлар, юридикалык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү КММАнын административдик-башкаруу аппаратынын уюштуруу структурасын өркүндөтүү жана иш кагаздарын жүргүзүүнү көзөмөлдөө максатында 2007-жылы Окумуштуулар кеңешинин чечими менен түзүлгөн.

Гетманская Юлия Александровна бөлүмдүн биринчи башчысы болгон. 2009-2014-жылдары Жолдошев Алмазбек Темирбекович,  2014-жылдан баштап кадрлар, юридикалык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүн Исмаилов Анвар Исмаилович жетектеп келген.

Кадрлар, юридикалык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү кадрлар менен иштөө, студенттер менен иштөө, юридикалык иш, иш кагаздарын жүргүзүү секторлорунан турган.

Юридикалык бөлүм  И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

Уюштуруу түзүмүн өркүндөтүү максатында КММА ректорунун 2018-жылдын 12-июлундагы №186 буйругу менен юридикалык бөлүм жана кызматкерлер менен кадрдык иштөө бөлүмү КММАнын юридикалык жана кадрдык иш башкармалыгына бириктирилген.

И.К.Ахунбаев атындагы КММАда башкаруу системасынын сапатын жана окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында КММАнын ректорунун 2022-жылдын 4-октябрындагы №347 буйругу менен КММАнын Юридикалык жана кадрдык иш башкармалыгы эки түзүмдүк бөлүмгө, кадрлар жана юридикалык бөлүм болуп кайра түзүлгөн.

Бөлүмдүн штаттык курамы 2 бирдиктен турат.

Негизги маалымат

КММАнын юридикалык бөлүмүнүн ишинин негизги багыты - академиянын укуктук мамилелер комплексинин субъекти катары ишин юридикалык жактан коштоо жана жогорку билим берүү уюму менен илимий ишмердүүлүк боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга катышуучу болуп саналат.
Юридикалык бөлүмдүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1. Академиянын ишинде мыйзамдуулукту сактоону жана бекемдөөнү камсыз кылуу.
2. Колдонуудагы жана түзүлүүчү келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруунун укуктук каражаттары менен камсыз кылуу.
3. Академиянын мыйзамдуу укуктарын, кызыкчылыктарын жана ишкердик беделин сот тартибинде коргоо.
4. Мыйзамдык жана келишимдик (контракттык) тартипти сактоого багытталган чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга активдүү катышуу.
5. Академиянын локалдык (ички) ченемдик актыларынын юридикалык сапатын жакшыртуу, аларды колдонуудагы мыйзамдарга жана мыйзам алдындагы ченемдик-укуктук актыларга ылайык келтирүү.
6. Локалдык (ички) ченемдик актылардын аткарылышын тутумдаштыруу жана көзөмөлдөө.