Кызматкерлердин профсоюздук комитети

 

Байланыш маалыматы

Иманходжаев Дильшат Абдувалиевич

Кызматы:

Төрага

Бейсенова Эрмек Бектуровна

Кызматы:

Бухгалтер

Профсоюздук комитеттин мүчөлөрү

1

Маматов

Сагыналы Мурзаевич

Госпиталдык терапия, профпатология кафедрасынын жана  гематология курсунун башчысы

2

Кулданов

Нурлан Рапкомович

Студенттик шаарчанын директору

3

Бакиев

Бахтияр Абдуллаевич

Хирургиялык стоматология жана бет-жаак  хирургиясы кафедрасынын профессору 

4

Орозалиев

Мурат Батырканович

  Онкология кафедрасынын ассистенти

 

5

Бектурганова

Асель Орумбековна

Биохимия кафедрасынын  жана жалпы биорганикалык химия курсунун окутуучусу

6

Алымкулов

Раушанбек Добулбекович

  Клиникалык реабилитология жана физиотерапия каф.башчысы

7

Шабданбеков

Женишбек Мергенович

АМД жана ЭМ кафедрасынын улук окутуучусу 

8

Наркулова

Гульнара Оросбековна

Ички оорулар кафедрасынын жана  эндокринология курсунун ассистенти

9

Абдиева

Джулия Муратовна

 Ректордун жардамчысы

11

Нуркеев

Нургазы Бактыбекович

  ЛОР оорулары кафедрасынын ассистенти

 

12

Аманов

Азамат Сабырдинович

  КММА юристи

13

Сыдыков

Жумабек Сыдыкович

 

  Гигиеналык дисциплина кафедрасынын доценти

14

Бауров

Азамат Бекболотович

  Госпиталдык хирургия кафедрасынын  жана   оперативдик  хирургия курсунун ассистенти

15

Шамшиев

Алтынбек Туабыевич

 Дипломго чейинки жана дипломдон кийинки нейрохирургия кафедрасынын ассистенти

16

Борякин

Юрий Васильевич

  Госпиталдык педиатрия кафедрасынын доценти

17

Жакетаева

Елена Рысбаевна

Эмгеекти коргоо жана ТК боюнча инженер  

Жалпы маалымат

КММА кызматкерлеринин профсоздук комитети коммерциялык эмес уюм болуп саналат, юридикалык   статуска ээ жана мекеме формасында түзүлгөн. Профсоюз комитет  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун Уставынын жана Профсоюз жөнүндө жобонун чегинде иштейт. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин органдарында катталган КММАнын уюму.

КММАнын профсоюз комитети тармактык Профсоюздун коргоосунан пайдаланат, анын Уставы менен аныкталган милдеттенмелерди алат, аны менен бирге Кыргызстандын мамлекеттик профсоюздарынын улуттук мамлекеттик программаларын,   иш-аракеттерин жүзөгө ашырууга катышат. КММАнын профсоюз комитети өз ишинде иш берүүчүдөн, академиянын башкаруу органдарынан, мамлекеттик органдардан жана саясий партиялардан көз-карандысыз; аларга отчет бербейт жана алардын көзөмөлүндө эмес, алар менен өз ара мамилелерин тең укуктуу кызматташуунун жана социалдык өнөктөштүк принциптеринин негизинде курат. КММАнын профсоздук комитети өз ишин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен аныкталган уставдык милдеттеринин алкагында жүргүзөт. Профсоздук комитет   мүчөлөрүнүн мамлекеттик, чарбалык, саясий жана коомдук уюмдар менен болгон мамилелеринде кесиптик, эмгек жана социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын   билдирет жана коргойт. Кызматкерлердин ден-соолугуна жана коопсуздугуна кам көрөт.

Профсоюз комитетинин алдында төмөнкүдөй комиссиялар ийгиликтүү иштеп жатышат: эмгекти коргоо жана коопсуздук, кызматкерлерди социалдык камсыздандыруу жана экономикалык жактан коргоо, турак жай жана тиричилик маселелери, уюштуруу, массалык-маданий иштер, спорт жана эс алуу иштери. Комиссиялар өз ишмердүүлүгүн   академиянын кызматкерлеринин эмгек укуктарын жана социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын жигердүү коргоого багытташат.

Профсоюз комитеттин төрагалары: профессор Б.С.Мамбеталиев (1980-1983), доцент Э.А.Аджикулов (1983-1986), профессор М.А.Айманбетов (1986-1989), доцент А.А.Асамбаев (1989-1991, 2005-2008) ), профессор Касымов О.Т (1991-1996), доцент Н.И.Козловский (1996-2005), доцент С.А.Абдырасулов ​​(2008-2018).

2018-жылдын январь айынан баштап, профсоюздук комитеттин төрагасы дене тарбия кафедрасынын башчысы Иманходжаев Д.А.