Балдар хирургия кафедрасы
Балдар Хирургия Кафедрасы
Кафедранын кызматкерлери
Омурбеков Талантбек Ороскулович
Омурбеков Талантбек Ороскулович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
Заведующий кафедрой
Султаналиева Айнагул Султаналиевна
Султаналиева Айнагул Султаналиевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Самсалиев Абдымалик Жоробекович
Самсалиев Абдымалик Жоробекович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Жороев Минбай Нийматович
Жороев Минбай Нийматович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Назаралиев Мелис Сейдулдаевич
Назаралиев Мелис Сейдулдаевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Окуутучу
Сатылганов Артур Владимирович
Сатылганов Артур Владимирович
Кызматы:
Кафедранын улук окуутучусу
Арбаналиев Мирбек Казакович
Арбаналиев Мирбек Казакович
Кызматы:
Окуутучу
Передереев Роман Александрович
Передереев Роман Александрович
Кызматы:
Окуутучу
Мирзоев Умиджон Бахтиёрович
Мирзоев Умиджон Бахтиёрович
Кызматы:
Окуутучу
Пак Екатерина Андреевна
Пак Екатерина Андреевна
Кызматы:
Окуутучу
Валиев Азирет Жамшитбекович
Валиев Азирет Жамшитбекович
Кызматы:
Ассистент и ответственный по ординатуре
Момбеков Сарымсак Таалайбекович
Момбеков Сарымсак Таалайбекович
Кызматы:
Ассистент
Келдибеков Руслан Ишеналиевич
Келдибеков Руслан Ишеналиевич
Кызматы:
Ассистент

Кыскача тарыхы

Балдар хирургия кафедрасы 1972-жылы ачылып, балдар хирургия кафедрасынын   алгачкы башчысы окумуштуу, хирург жана педагог профессор Кононов Виктор Сергеевич болгон. Анын башкаруусу менен Ош, Жалал-Абадда жана Каракол шаарларында  областтык балдар хирургия борборлору  уюштурулуп, ал борборлордо балдарга кечиктирилбес хирургия, көкүрөк хиругиясы, ортопедия жана урология боюнча адистештирилген жардам көргөзүлө башталган.

2001-2003-жылдары кафедра башчысы болуп м.и.д. профессор  Абдурахманов  Х.И. болгон. 2003-жылдан  Омурбеков Т.О. 2003-2012-жылга чейин м.и.д.  Адамалиев К.А. болгон 2012-азыркы жылга чейин  кафедра башчысы болуп профессор, м.и.д. Омурбеков Т.О. иштейт.

2003-2012-жылдары кафедраны  м.и.д. профессор К.А. Адамалиев жетектеген

2012-жылдан баштап  азыркы учурга чейин кафедра башчысы проф., м.и.д Талантбек Ороскулович  Омурбеков

Кыргызстанда балдар курагындагы хирургиясынын өнүгүүсүнө жана илимий- практикалык кадрларды даярдоосуна көмөктөшкөндөр академик  И.К. Ахунбаев ,      м.и.к. Асанбеков И.А., профессор Шаган Б.Ф.,  Ильин А, Знаменский М.С., доцентер Круглова, Марков А.С., Алымкулов Э.А., Кагарлицкий А.Я., м.и.к. Мыкыев К.М., профессор Адамалиев К.А.,  Абдарахманов Х.И., жогорку даражадагы дарыгерлер Сатывалдиев  В. И., Насирдинов М. Н., Омуров К. О. Г.Ф. Гальцева, м.и.к. Асанбеков И.А.,  м.и.к. Чернобровкин В.И. болгон.

Дисциплиналар
  • Балдар хирургиясын,
  • балдар травматологиясын,
  • балдар урологиясын,
  • балдар реанимациясын жана интенсивдүү терапиясын окутуу.
Илимий жетишкендиктер

Кыргызстанда балдар курагындагы хирургиясынын өнүгүүсүнө жана илимий- практикалык кадрларды даярдоого  көмөктөшкөндөр: академик   И.К. Ахунбаев. , м.и.к.И.А. Асанбеков ., профессор  Б.Ф.Шаган.,   А.Ильин ,М.С. Знаменский .,доцентер Круглова, Марков А.С., Э.А.Алымкулов ., А.Я.Кагарлицкий ,м.и.к. К.М.Мыкыев.,профессор К.А.Адамалиев,Х.И.,Абдарахманов .,жогорку даражадагы дарыгерлер В.И.Сатывалдиев.,  М.Н.., К.О.Омуров., Г.Ф. Гальцева, м.и.к. Ч.И. Чернобровкин болгон.

Акыркы 10 жылдын ичинде  4 монография, 2 илимий эмгектердин жыйнагы, 26 методикалык сунуштар чыгарылып, ойлоп табууларга 7 патент алынган. Балдар хирургиясынын актуалдуу көйгөйлөрү боюнча 150дөн ашык макалалар, анын ичинде чет элдик басылмаларда жарыяланган. 2002-жылы 2 доктордук диссертация (Т.О. Омурбеков жана К. А. Узакбаев) жана 13 медицина илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн диссертациясын коргошкон . Чет өлкөлөрдөн келген адистердин катышуусу менен 4 илимий – практикалык конференция өткөрүлдү. Балдар хирургия кафедрасынын кызматкерлери тарабынан,балдардын  курч жана өнөкөт кулгунасын дарылоо үчүн  комплекстик ыкма көрсөтмөсү иштелип чыкты,ошондой эле иш түрүндө колдонуга багытталды.Ар кандай уулуу жана кандын  септикопиелиалык формаларын эрте дарт наамы.

Илимий иштердин тизмеси:

  • Балдардагы крипторхизм.
  • Балдардын тамак-кекиртегиндеги бөтөн органдар.
  • Балдардагы гипостазияны дарылоонун принциптери.
  • Балдардагы фиброторокс.
  • Балдардын өпкө системасынын тубаса аномалиялары.
  • Балдардын жаракатына байланышкан дарылоонун жана дарт аныктоонун негизги принциптери.

*Дарылоо иштери кафедранын кызматкерлери тарабынан 2 базасында ЭБКУБ жана ШБКО ТЖ жүргүзүлөт.

Жалпы кафедранын кызматкерлери дарт аныктоодо жана балдардын хирургиялык патологиясына операция жасоодо план боюнча жана ыкчам хирургия дарылоосунда  активдүү катышышат. Кечиктирилгис хирургия ооруканасында нөөмөттө турушат, санитариялык авиация боюнча балдарга операция жасашат жана кеңеш беришет, эл аралык конференцияларда активдүү катышышат, каза болгондор боюнча эксперттик комиссиянын мүчөлөрү болуп эсептелишет.

Кафедранын кызматкерлеринин илимий ишмердүүлүктөрү, клиниканын илимий бөлүмү менен биргеликте КММА ИИИ программа- максаттуу пландаштыруунун негизинде ишке ашырылат жана төмөнкү башкы программалар менен аныкталат:

  1. “Патофизиологиялык, морфофункционалдык жана иммунобиологиялык профилактиканын негиздери, ириң сезгенүү жана ыкчам хирургиялык балдардын курсак көңдөйүндөгү органдарынын ооруларын аныктоо жана дарылоо”.
  2. “Интенсивдүү терапиянын, реаниматологиянын, функционалдык дарт аныктоонун жана хирургиялык дарылоонун ар кандай курч жана өнөкөт ооруларынын, жаш курактагы аспектисиндеги тубаса аномалиялардын өөрчүшүнүн методдорун иштеп чыгуусу менен   балдардын гомеостазисинин бузулушундагы анестезиологиянын маселелерин изилдөө”. Бул маселенин алкагында кафедрада жана ооруканада дарт аныктоонун жана берилмелердин сапаттуу иштеп чыгуусунун жаңы ыкмаларынын иштелмелери жүргүзүлүп жатат; балдардын организминдеги курч жана өнөкөт ириңдүү илдеттеринин, тубаса аномалиялардын өөрчүшүнүн коргоо механизмдерин жакшыртуу ыкмалары; ириң-септикалык оорулуу бейтаптарды, тубаса аномалияларды дарылоо ыкмалары; клетка мембранасынын бузулушунун алдын алуу ыкмалары жана аларды курч жана өнөкөт ооруларында, аномалиялардын өөрчүшүндө жана жаракаттарында турукташтыруу; дарт аныктоо профилактикасынын ыкмалары, өнөкөт хирургиялык сөөк оорулары менен балдарды дарылоо жана диспансеризациялоо.
  3. “Балдардын органдарынын системаларынын бириктирилген жана аралашкан зыяндарында, патогенетикалык негиздердин жаракат натыйжасындагы реакциялары жана жаракат натыйжасындагы ооруларын изилдөө. Жаракат алып жабыркагандарга ирээт менен ыкчам хирургиялык жардамдын иштелмеси, дарт аныктоосу жана профилактикасы”.

Түркүн стадиядагы травматикалык шоктун патогенетикалык механизмдери,  жаракаттын оорудугунан жана кайталануусунан көз карандылыкта гемодинамиканын көрсөткүчтөрү изилденүүдө. Балдардын ар кандай курактагы топторунун интенсивдүү терапиядагы травматикалык ооруларынын ыкмалары жана патогенетикалык принциптери иштелип жатат. Ткандык гипоксия патогенезинин, гиповелемиянын, дем алуу функцияларынын жана гемодинамиканын бузулушунун, кандын уюшунун, зат алмашуу жүрүшүнүн абалынын маселелери боюнча изилдөөлөр уланууда.

Клиникалык кафедра

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жана  ШБКТО:  нейрохирургия бөлүмү, травматология бөлүмү, 1хирургия бөлүмү, 2хирургия бөлүмү, урология бөлүмү, проктология бөлүмү, торакалдык бөлүм, кайра жандандыруу бөлүмү, ымыркайлардын патологиясы бөлүмү.

Кафедранын фотолору

Кафедранын  доценттин м.у.а. Жороев Минбай Нийматович менен кафедранын курамы жана ординаторлор.

Балдар хирургия кафедрасынын курамы  3-балдар ооруканасынын 80-жылдыгын  майрамдоо бирге кафедра башчысы м.и.д.профессор Талантбек Ороскулович Омурбеков менен