И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын тарых музейи
Контактная информация
Мамбетисаева Гульчехра Валиевна
Мамбетисаева Гульчехра Валиевна
Кызматы:
Директор
Жалпы маалымат

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын тарых музейи 2019-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 80 жылдыгына карата түзүлгөн. Ал эми биздин музей өтө жаш болсо дагы келгендерге айта турган жана көрсөтө турган көп нерселери бар.

Негизги экспозициялар:

Уникалдуу сүрөт жана документтерди камтыган "Тарыхый бөлүм" кыргыз элинин тарыхында биринчи жолу эмгекчилердин ден соолугуна кам көрүүнүн Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин кандайча жүзөгө ашырылгандыгын чагылдырат.

 

Экспозиция Жогорку окуу жайынын калыптануу жана өнүгүү жолунун негизги этаптарын чагылдырат. Бул жерде архивделген документтер, сейрек кездешүүчү сүрөттөр, китептер бар.

Эң баалуу коллекциялар: КММИдин бүтүрүүчүлөрүнүн альбомдору, биринчи студенттердин, биринчи бүтүрүүчүлөрдүн сүрөттөрү жана документтери, ХХ кылымдын 50-жылдарындагы республикада саламаттыкты сактоону практикалык уюштуруунун ар кандай баскычтарын чагылдырган альбомдордун жыйнагы. 

  

  

"Ак халатчан жоокерлер" экспозициясында Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги КММИнин ишмердүүлүгү жөнүндө документтер бар, алардын арасында: жаракат алган жоокерлер жана офицерлер үчүн салынган Кыргызстандын аймагындагы госпиталдык базасынын картасы да орун алган. Студенттердин китепчелери жана согуш жылдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдору, фронттон келген каттар, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан КММИнин окутуучулары менен бүтүрүүчүлөрүнүн өмүр баяны жана сүрөттөрү баа жеткис тарыхый булактар ​​болуп саналат.

  

Медициналык академияны түзгɵн көрүнүктүү дарыгерлердин, окутуучулардын элесин түбөлүккө калтыруу үчүн мемориалдык бөлмөлөр иштелип чыккан. Мамлекеттик архивден алынган сүрөттөр, архивдик документтер, китептер, медалдардын коллекциясы жана жеке буюмдары да бар.

  

  

Музейдин виртуалдык ресурстары бекем эс тутум жана бардык муундардын үзгүлтүксүз байланышынын чыныгы далили болуп саналат. Маалымат панелдери келгендерди жогорку окуу жайынын кафедраларынын тарыхы жана бүтүрүүчүлөр галереясы менен тааныштырат.

  

Музей салттуу музей иштеринин формасы болгон - экскурсияларды, жолугушууларды, көргөзмөлөрдү, каражаттарды чогултуу жана сактоо иштерин жүргүзөт. Музейдин фондусу кызыктуу экспонаттар менен толукталып турат.

  

 

 

Кыскача тарыхы

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын тарых музейинин ачылышы 2020-жылдын 20-ноябрында болгон. Музейди түзүү демилгеси КММАнын ректору И.О. Кудайбергеновага таандык. Музейди уюштуруу КММАнын 80 жылдыгына карата академия тарабынан пландаштырылган иш-чаралардын чоң тизмесине кирген.

Олуттуу уюштуруу иштерин музейдин биринчи директору кызматын Сопуева Атыркүл Асанкуловна аткарган (музейдин директору 2019-2023-ж.).

Маалымат булактарын чогултууну башкы библиограф кызматын Мамбетисаева Гүлчехра Валиевна жүргүзгөн. (2023-жылдан баштап музей директору).

Иш нөлдөн башталган. Топтомдор, документтер, сүрөттөр жок болсо да, КММАнын 80 жылдык мааракесине музей ачууга чоң каалоо болгон. Академиянын бардык бөлүмү жардам көрсөтүшүп, материал аз-аздан жыйналган. Бул иш-чаранын натыйжасы болуп -  20-кылымдын 50-жылдарындагы республикада практикалык саламаттыкты сактоону уюштуруунун ар кандай баскычтарын чагылдырган фотоальбомдордун жыйнагы, КММИнин бүтүрүүчүлөрүнүн сүрөттөрү, Кыргызтандагы медицина илиминин көрүнүктүү ишмерлеринин мемориалдык кабинеттери саналат. Расмий жана үй-бүлөлүк сүрөттөр, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивинен алынган документтер, сыйлыктар, ордендер жана медалдар топтому, илимий адабияттар, жеке буюмдар жана башка көптөгөн буюмдар жыйналган.

Чума докторунун маскасы

КММИнин туусу

КММИнин бүтүрүүчүлөрүнүн фотоальбомдору

Медициналык саквояж , ХХ кылым

И.К. Ахунбаевтин документтери

Адинай Мырзабекованын бурчу

Музейге жыл сайын эки миңден ашык адам келет, алардын арасында студенттер гана эмес, окутуучулар, дарыгерлер, КММИнин бүтүрүүчүлөрү, Кыргызстандагы орто мектептердин окуучулары, академиянын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн (Түркия, Германия, Франция, Австрия, Финляндия, Корея, Кытай, Япония, Сауд Аравия Королдугу, Ирак, Италия, Израиль, Индонезия Россия, Казакстан, Өзбекстан, Украина, Тажикстан) коноктору да бар.

КММАнын тарых музейине Россиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Альбертович Мурашко келип кетти.

Израилден келген делегация

КММАнын студенттери академиянын тарыхы менен таанышып жатат

А.А. Сопуева аймактардан келген дарыгерлерге экскурсия өткөрүп жатат

Германиядан коноктор

Урологдордун IV Эл аралык Ысык-Көл форумунун катышуучулары

Коноктордун сын-пикирлери