Салтанаттуу бүтүрүү
Ар жылы КММА бүтүрүүчүлөрүнүн ант берүү салтанат аземи

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДАРЫГЕРЛЕРИНИН АНТЫ

Шыгым боюнча тандап алган дарыгер деген жогорку наамды алып дарыгерлик ишке киришип жатып, аны менен байланыштуу болгон милдетимди терең түшүнүү менен мен салтанаттуу ант берем:

  • - Бардык билимимди жана күчүмдү биздин элдин ден-соолугун сактоого жана калыбына келтирүүгө жумшоого;
  • - Кудуретимдин, билимимдин жана жөндөмдүүлүгүмдүн болушунча оорулуунун кыйналуусун жеңилдетүүгө;
  • - Улутуна, социалдык шартына, саясий көз караштарына жана динине карабай, адамгерчилик касиетин сыйлоо менен, оорулууга медициналык жардам көрсөтүүгө;
  • - Өзүмдүн пациенттеримдин ишенимине карасанатайлык жасабоого жана дарыгерлик сырды сактоого;
  • - Дарыгерлик адистиктин этикалык принциптерин сактоого жана дарыгерлик жогорку наамга эч кандай чаң жугузбоого;
  • - Азыркы медициналык билимдин жана тажрыйбанын жетишкендиктерине негиздеп ар дайым өзүмдүн билимимди, чеберчилигимди арттырууга, Ата Мекендик медицинанын асыл салттарын өркүндөтүүгө жана сактоого;
  • - Кеңешүү үчүн, эгерде аны оорулуунун кызыкчылыгы талап кылса, адис жолдошторума кайрылууга жана өзүм ар дайым жардам жана кеңеш берүүгө даяр болууга;
  • - Гиппократтын, Улукмандын, Умай-Эненин анттарын жана уулу Манастын осуяттарын, кыргыз элинин салттарын ыйык сактоого.
  • - Мен бул антты өзүмдүн насаатчыларымдын жана элимдин алдында берип жатып аны сыймыктануу менен өмүр бою аткарууга ишендирем.

Ант беремин

Ант беремин

Ант беремин