Кыргыз тили кафедрасы
Байланыш маалыматы
Кафедра кызматкерлери
Абдырасулова Элмира Кыдырмаевна
Абдырасулова Элмира Кыдырмаевна
Окумуштуу даражасы:
педагогика илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Кафедра башчысы
Домасбекова Салтанат Абылхайыровна
Домасбекова Салтанат Абылхайыровна
Кызматы:
Баш мугалим
Батаканова Света Топчиевна
Батаканова Света Топчиевна
Окумуштуу даражасы:
педагогика илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
Окутуучу
Шералиева Анара Жолдошбековна
Шералиева Анара Жолдошбековна
Окумуштуу даражасы:
педагогика илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Касымбекова Нурида Жумагуловна
Касымбекова Нурида Жумагуловна
Окумуштуу даражасы:
филология илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Улук Окутуучу
Кулматова Шаткүл Океновна
Кулматова Шаткүл Океновна
Окумуштуу даражасы:
педагогика илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Нуралиева Мимоза Туратбековна
Нуралиева Мимоза Туратбековна
Окумуштуу даражасы:
филология илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Окутуучу
Дуйшеналиева Жумагул Асековна
Дуйшеналиева Жумагул Асековна
Кызматы:
Окутуучу
Анарбаева Жамила Калдыбаевна
Анарбаева Жамила Калдыбаевна
Кызматы:
Окутуучу
Шабданбаева Жазгул Кылычбековна
Шабданбаева Жазгул Кылычбековна
Кызматы:
Окутуучу
Саламатова Альмира Саламатовна
Саламатова Альмира Саламатовна
Кызматы:
Улук Окутуучу
Бейшенова Нуриза Карагуловна
Бейшенова Нуриза Карагуловна
Кызматы:
Окутуучу
Акылбекова Алтынай Акылбековна
Акылбекова Алтынай Акылбековна
Кызматы:
Окутуучу
Болотова Айдана Болотовна
Болотова Айдана Болотовна
Кызматы:
Окутуучу
Тынчтыкбекова Насыйкат Тынчтыкбековна
Тынчтыкбекова Насыйкат Тынчтыкбековна
Кызматы:
Улук лаборант
Жалпы маалымат

2004-жылдын 2-апрелиндеги  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, 2011-жылдын 22-апрелиндеги Жогорку Кеңештин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу нормалары боюнча комплекстүү иш-чаралар тууралуу  №54 Токтомуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун кафедрасы жөнүндө Жобого ылайык 2017-жылдын 27-январында М.К.Ахунбаев атындагы КММАнын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен кыргыз, орус тилдер кафедрасынын курамынан  бөлүнүп, кыргыз тили өзүнчө кафедра катары негизделип, п.и.к.доцент Абдырасулова Э.К. кафедра башчысы болуп бекитилген.

Кафедрада 1 п.и.д. профессор, 3 п.и.к., доцент, 2 ф.и.к., 1 улук окутуучу, 5 окутуучу, 1 улук лаборант  эмгектенет.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-жылдын 14-майындагы №70 буйругу менен бекитилген жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик стандарттын 3-муунуна ылайык адистер үчүн  кафедра башчысы, п.и.к., доцент Э.К.Абдырасулова жана кафедранын окутуучулук курамы тарабынан программалар түзүлүп, бардык факультеттин окуу-усулдук профилдик комитеттеринин отурумунан бекитилди. Анын негизинде кафедра «Улуттук баалуулуктар аркылуу кесипкөй адисти даярдоо» аттуу окуу-усулдук теманын үстүндө иш жүргүзүп келет. Кафедранын мүчөлөрү мамлекеттик тил боюнча ЖОЖдор аралык олимпиадаларга, фестивалдарга, усулдук семинарларга, эссе сынактарына жигердүү катышып, байгелүү орундарды камсыздап диплом, тастыктамаларга ээ болуп келишет.

Кыргыз тили кафедрасынын жамааты жыл сайын өткөрүлүүчү КММАнын Илим күндөрүндө «Мамлекеттик тилдин медицинадагы актуалдуу маселелери» аттуу теманын алкагында жогорку окуу жайлар аралык илимий-тажрыйбалык конференцияны үзгүлтүксүз өткөрүп келет. Мындан тышкары кафедранын окутуучулары эл аралык, республикалык деңгээлдеги илимий-тажрыйбалык конференцияларга байма-бай катышып, кесиптик чеберчилигин, усулдук тажрыйбасын өнүктүрүүнүн үстүндө тынымсыз иш жүргүзүп келишет.

Кыргыз тилин  жогорку окуу жайларында окутуу маселеси улам мезгил өткөн сайын учурдун социалдык суроо-талаптарына, зарылдыктарына жаңы маселелерди пайда кылууда. Мамлекеттик тилди жогорку окуу жайларында студенттин адистигине ыңгайлаштыруу багытында окутуу талабы коюлууда. Студенттин адистигине таандык багытта окутуу сабактын түзүлүшүн жаңыча уюштурууну талап кылган, татаал, жоопкерчиликтүү, чыгармачылык менен изденип иш алып баруучу түйшүктүү эмгек экени байкалууда. Бул багытта кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары тарабынан бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, окуу программалар даярдалып, анын негизинде түзүлгөн окуу китептери жарык көрүүдө.

Дисциплиналар
  • Кыргыз тили эне тили катары
  • Кыргыз тили чет тили катары
Окуу-усулдук ишмердуулугу

 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-жылдын 14-майындагы №70 буйругу менен бекитилген жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик стандарттын 3-муунуна ылайык адистиктер үчүн багытталган программалар кафедра башчысы, п.и.к., доцент Э.К.Абдырасулова жана кафедранын окутуучулук курамы тарабынан түзүлүп, бардык факультеттин окуу-усулдук профилдик комитеттеринин отурумунан бекитилди. Анын негизинде кафедра «Улуттук баалуулуктар аркылуу кесипкөй адисти даярдоо» аттуу окуу-усулдук теманын үстүндө иш жүргүзүп келет.

Кыргыз тили кафедрасынын алдында мамлекеттик  тилди  деңгээлдер боюнча окутуу курсу ачылган. Бүгүнкү күндө И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын бардык кафедраларынын  окутуучулары курстан өтүп, тастыктамага ээ болушууда.

     

Илимий иштер

Кафедра 2017-жылы өз алдынча бөлүнгөндөн кийин илимий-изилдөө иштери “Улуттук баалуулуктар аркылуу кесипкөй адисти даярдоо” темасынын алкагында жүргүзүлөт. Бул жылдардын аралыгында 1 кандидаттык иш корголуп, филология илимдеринин   кандидаты илимий даражасына ээ болду.  Эки кандидаттык иш  коргоо алдында турат. Ар бир окутуучу  кандидаттык  ишинин  темасын бекитип, анын үстүндө  иштеп жатышат. Эл аралык, ЖОЖдор аралык өтүлүүчү  илимий-теориялык, илимий-практикалык  конференцияларга, ар кандай усулдук семинарларга, квалификацияны  жогорулатуучу   курстарга  тынымсыз катышып келишүүдө. ЖОЖдор, мектептер   үчүн  окуу китептерин, окуу – усулдук куралдарын түзүп, кафедранын  илимий темасы боюнча усулдук семинарларды  өткөрүп  келишет.

Кафедранын  окутуучулары студенттерге мыкты билим берүү менен кыргыз филологиясы, педагогика илимине барандуу салым кошуп, фундаменталдуу илимий эмгектерди жаратышууда. Бул жакшы салт бүгүнкү күндө улантылып жатат десек жаӊылышпайбыз.

Кафедранын эл аралык ишмердуулугу

Кафедранын эл аралык ишмердүүлүгү эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү, жогорку компетенттүү адистерди даярдоо процессиндеги маанилүү этап болуп саналат.

Эл аралык ишмердүүлүк төмөнкүдөй маанилүү маселелерди чечүүгө багытталган:

- эл аралык билим берүү программаларын ишке ашыруу

- студенттердин эл аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү

- кафедранын чет өлкөлүк ЖОЖдор менен илимий жана билим берүү 

   байланыштарын түзүү

- кафедранын профессордук-окутуучу курамынын жана студенттердин эл

 аралык конференция, семинар, вебинар,тренингдерге жана башка билим

 берүү долбоорлоруна катышуусу

 

Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы Казакстан педагогика илимдер академиясы, Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети, Назарбаев университети (Нур – Султан),  Бельгия билим берүү кеңеши,  Байтурсынов атындагы Костанай мамлекеттик университети, Абай  Мырзахметов атындагы Кокшетау университети, Россия табигый илимдер академиясы (Москва), Улуу Британиянын  Бонмут университеттери менен  эл аралык конференция, вебинар, семинар, тренингдерге жана башка билим берүү долбоорлоруна активдүү катышып келишет.

Студенттик илимий ийрим

Кыргыз тили кафедрасында эки илимий ийрим “Жаш канат” жана “Студенттердин илимий ааламы” иш алып барат. Ийримдин мүчөлөрү ЖОЖдор аралык студенттик илимий-тажрыйбалык конференцияларга жана КММАнын “Илим күндөрүнө” жыл сайын  катышып, байгелүү орундарды багындырып келишет. Ийримге 60тан ашык студент мүчө болуп катталган.

       Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө студенттер билим жана көндүмдөрүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Илимий иштердин жүрүшүндө жана баяндамаларды даярдоодо окутуучулар менен студенттердин ортосунда  профессионалдык байланыш ишке ашырылат. Илимий иш  студенттердин билимди тереңирээк  жана системалуу өздөштүрүүсүнө шарт түзөт.

      Кафедранын  окутуучулары студенттерге мыкты билим берүү менен кыргыз тилине, педагогика илимине барандуу салым кошуп, фундаменталдуу илимий, усулдук  эмгектерди жаратышууда.

Сурот галереясы

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата И.К.Ахунбаев атындагы КММА жана К.Үсөнбеков атындагы Аскер инситуту “Тил- аталар  мурасы” аттуу салтанаттуу кече

Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата 

“Айтматовду окуйбуз” аттуу иш - чара  К.Баялинов атындагы китепканада 

Салымбеков университетинин Эл аралык медицина факультетинде  өткөрүлгөн «Медицинское образование  и гуманитарные науки» студенттик илимий –практикалык  конференция. Исраилов Зирофидин -  1-орун (№1 дарылоо иши, 2-курс), Мелисбек кызы Айтурган –  2-орун  (№1 дарылоо иши, 2-курс),   Кадыракунов Бектур – 3-орун (№2 дарылоо иши, 2-курс)

Ч.Айтматовдун  95  жылдыгына карата «Айтматов жана көркөм дүйнө»  аттуу иш-чара.  «Биринчи мугалим» повестинен үзүндү

Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестинен  үзүндү

«Айтматов дүйнө элинин  жазуучусу» аттуу иш-чара.    Таш-Дөбө  студенттик кампус

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультети тарабынан Эл аралык илим күнүнө карата  «Жусуп Баласагын бабабыздын мурастары” аттуу  ЖОЖдор  аралык студенттик илимий - тажрыйбалык конференция.  №2  дарылоо иши факультетинин  1-курсунун  студенти Темуров Аскат 1-орун