Терапевтикалык стоматология кафедрасы
Байланыш маалыматы
Кафедранын кызматкерлери
Заведующая кафедрой
Куттубаева Клара Бейшеновна
Куттубаева Клара Бейшеновна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
Кафедра башчысы
Усенова Нуржан Усеновна
Усенова Нуржан Усеновна
Кызматы:
ассистент
Эргешов Салижан Мураталиевич
Эргешов Салижан Мураталиевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Молдобаев Болот Сатарович
Молдобаев Болот Сатарович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Абасканова Перизат Дуйшеновна
Абасканова Перизат Дуйшеновна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Сушко Наталья Юрьевна
Сушко Наталья Юрьевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Иманалиева Ализа Джекшеновна
Иманалиева Ализа Джекшеновна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Садыйев Рысбек Качкынбаевич
Садыйев Рысбек Качкынбаевич
Кызматы:
Ассистент
Турсуналиев Откурбек Эсенбекович
Турсуналиев Откурбек Эсенбекович
Кызматы:
Ассистент
Торокулов Кубанычбек Оморович
Торокулов Кубанычбек Оморович
Кызматы:
Ассистент
Жолдошев Чынгыз Кадыржанович
Жолдошев Чынгыз Кадыржанович
Кызматы:
Ассистент
Отунчиева Чолпон Айтбаевна
Отунчиева Чолпон Айтбаевна
Кызматы:
Ассистент
Кенжеева Асель Алымбековна
Кенжеева Асель Алымбековна
Кызматы:
Ассистент
Костоломова Наталья Александровна
Костоломова Наталья Александровна
Кызматы:
Ассистент
Шаяхметова Канышай Дженишбековна
Шаяхметова Канышай Дженишбековна
Кызматы:
Ассистент
Эсенбаев Эльдар Мурадович
Эсенбаев Эльдар Мурадович
Кызматы:
Ассистент
Кочкомбаева Роза Алмазбековна
Кочкомбаева Роза Алмазбековна
Кызматы:
Ассистент
Макешов Алмаз Макешович
Макешов Алмаз Макешович
Кызматы:
Завуч кафедры
Атабаева Назгуль Джыйналышевна
Атабаева Назгуль Джыйналышевна
Кызматы:
Старший лаборант
Мусульманова Нургуль Эскетбаевна
Мусульманова Нургуль Эскетбаевна
Кызматы:
Медицинская сестра
Шукуралиева Кундуз Эсенбековна
Шукуралиева Кундуз Эсенбековна
Кызматы:
ассистент
Бекташева Аида Кубанычбековна
Бекташева Аида Кубанычбековна
Кызматы:
ассистент
Айсаев Ильзат Ярмаметович
Айсаев Ильзат Ярмаметович
Кызматы:
Ассистент
Тентимишова Нуризат Тентимишовна
Тентимишова Нуризат Тентимишовна
Кызматы:
Ассистент
Джумалиева Беназир Болотовна
Джумалиева Беназир Болотовна
Кызматы:
Лаборант
Кыскача тарыхы

       Терапевтикалык стоматология кафедрасы 1967-жылы уюштурулган. Кафедра уюштурулгандан баштап 2005-жылга чейин медицина илиминин доктору, профессор Сабурова Лариса Борисовна жетектеп келген. Профессор Сабурова Лариса Борисовна өзүнүн иш аракетин 1961-жылы баштаган. Ал 1965-жылы кандидаттык эмгегин жана 1981-жылы “Бийик тоолуу жерлердин шартында пародонт оорууларынын клиникалык-функционалдык өзгөчөлүктөрү” деген темада докторлук эмгегин жактаган. Ошондой эле ага таандык 100 ашык илимий иштер басылып чыккан.

          Азыркы учурда 2005-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин стоматологиянын дарылоо кафедрасынын жетекчиси болуп медицина илиминин доктору, профессор Куттубаева К.Б. эмгектенип келет. Куттубаева К.Б. 1978-жылы стоматологиялык факультетин аяктаган. 1988-жылы Москва шаарында кандидаттыгын жактап, 2002-жылы “Өнөкөт жалпы пародонтитин комплекстүү дарылоодо жаратылыштан алынган биологиялык активдүү заттардынколдонулушун оптимизациялоо” деген темада доктордук эмгегин жактаган. Бир монографиясы, 124 ашык илимий эмгектери бар.

          1974- жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин кафедрада доцент Эргешов С.М. эмгектенип келет. 1969-жылы стоматологиялык факультетти аяктаган.  1969-жылдан баштап 1974-жылга чейин Москва шаарында Стоматологиянын борбордук  илим изилдөө институтунда клиникалык ординатураны жана аспирантураны окуган. 1974-жылы “Пульпитти мышьяк камтыбаган пасталар менен дарылоо” деген темада кандидаттык эмгегин жактаган. Анын 70 ашык илимий эмгектери басылып чыккан.

          Кафедранын түзүлүшүнө доценттер Снежко Я.М., Мажара Н.М., Магид Е.А., Литвиненко А.Н., Цепелева А.С., профессор. Султанбаева С.У., медицина илиминин кандидаты Кичикова П.Д., медицина илиминин доктору, профессор Чолокова Г.С., ассистентер: Кучукова У.И., Качкынбаева А.С., Кубрушко Т.В., Токтосунова З.К. чоң салымдарын кошушкан. Бүгүнкү күндө кафедрада медицина илиминин кандидаттары, доценттер Молдобаев Б.С.,  Сушко Н.Ю., Абасканова П.Д., медицина илиминин кандидаты, ассистент Иманалиева А.Дж. жана ассистентер: Кочкомбаева Р.А., Костоломова Н.А., Турсуналиев О.Э., Торокулов К.О., Эргешова А.С., Садыйев Р.К., Жолдошев Ч.К., Отунчиева Ч.А., Усенова Н.У., Акынбекова С.Б., Шаяхметова К.Дж., Макешов А.М., Кенжеева А.А., Шабданбекова А.Ш. эмгектенип келишет, булардын баардыгы стоматологиялык факультеттин бүтүрүүчүлөрү. Кафедранын жамааты окуу методикалык, идеологиялык тарбия берүү, илимий изилдөөлөрдү, ошондой ле дарылоожана коомдук иштерди жүргүзүп келишет.

Кафедранын ишмердиги

“Өнөкөт жалпы пародонтитти комплекстүү дарылоодо жаратылыштан алынган биологиялык активдүү заттарды колдонулушун оптимизациялоо”. Кафедранын илимий иш жыйынтыктары макалаларда, тезистерде, окуу усулдарында жарыяланып жана практикалык стоматологияда киргизилет. Жалпысынан 16 ойлоп табылганга патент алынган жана      52 рационалдуу сунуштар киргизилген. Кафедра уюштурулгандан баштап 462 макала, 58 окуу усулдары басылып чыкты. Стоматологиянын дарылоо сабагынстуденттер реферат жана илимий доклад даярдоо менен терең өздөштүргөнгө жетишишет. Көптөгөн илимий ийримдерге активдүү катышуучулары ар жыл сайын өтүүчү КММА жаш окумуштууларынын арасындагы конференцияларында  ар кандай темада доклад окушат. Ооруунун диагнозун табуу жана дарылоо методун бейтаптарды кабыл алуу менен ишке ашырышат.

Илимий ишмердиги

Кафедра стоматологиялык ооруулардын профилактикасын жана дарылануусун изилдөөдө илимий иштерди жүргүзөт. Кафедра кызматчыларынын илимий изилдөө жыйынтыгы кандидаттык жана доктордук эмгектерде көргөзүлгөн.

  1. Н.М.Мажаранын -кандидаттык эмгеги: “Түндүк Кыргызстандын айрым райондорундагы пародонтоз менен ооруган ооруулуулар сиалдык кислота, белоктун фракциялары, С-реактивдик белок, лизоцимдин изилдөөсү, анын жайылуусу жана клиникалык агымынын өзгөчөлүктөрү”. Фрунзе, 1967- ж.
  2. С.М.Эргешовдун -кандидаттык эмгеги: “Пульпитти мышьяк камтыбаган пасталар менен дарылоо”. Москва, 1974 ж.
  3. А.С.Цепелеванын -кандидаттык эмгеги: “Өнөкөт кайталанма афтоздук стоматитти лизоцим менен айыктыруу”. Москва, 1976-ж.
  4. С.У.Султанбаеванын -кандидаттык эмгеги: “Памир менен Тянь-Шаньдын ар кайсы климаттарында жайгашкан тиштин кариесинин эпидемиологиялык жактары жана калктын тиш дарылоо жардамына керектөөсү”. Фрунзе, 1976 - ж.
  5. Т.Д.Кичикованын -кандидаттык эмгеги: “Поликлиника шарттарында стоматологиялык бейтаптарды дарылоо учурунда фортрандын колдонулушу”. Москва, 1977 - ж.
  6. Л.Б.Сабурованын -доктордук эмгеги: “Бийик тоолуу шартында пародонт оорууларынын клиникалык жана функционалдык өзгөчөлүктөрү”. Москва, 1981- ж.
  7. К.Б.Куттубаеванын -кандидаттык эмгеги: “Пародонт ооруусунун оор абалында клиникалык жана функционалдык көрсөткүчтөрдүн динамикасы жана тууралоо мүмкүнчүлүгү”. Москва, 1989- ж.
  8. Б.С.Молдобаевдын -кандидаттык эмгеги: “Жаш спортсмендеринин пародонтунун абалы”. Санкт-Петербург, 1991-ж.
  9. К.Б.Куттубаеванын -доктордук эмгеги: “Өнөкөт жалпы пародонтитти комплекстүү дарылоодо жаратылыштан алынган биологиялык активдүү заттарды колдонулушун оптимизациялоо”. Бишкек, 2002 -ж.
  10. Н.Ю.Сушконун -кандидаттык эмгеги: “Биологиялык активдүү заттарынын колдонулушунун патогенетикалык негизи жана периодонтит ооруусун комплексттик дарылоону жаңыртуу”. Бишкек, 2002.
  11. В.А.Кожокееванын -кандидаттык эмгеги: “Кондитер өндүрүшүндөгү жумушчулардын стоматологиялык оорууларын жаңы профилактикалык дарылоо каражаттарын колдонуунун клиникалык, фармакологиялык негизи”. Бишкек, 2002 -ж.
  12. Т.В.Кубрушконун -кандидаттык эмгеги: “Кыргызстандагы өспүрүмдөрдө кездешүүчү стоматологиялык ооруулардын профилактикасы жана дарылоосу”. Курск, 2003.
  13. Г.У.Супатаеванын -кандидаттык эмгеги: “Аллергиялык ооруу менен оорууган жаш балдардын ооз көңдөйүнүн былжыр челинин патологиясын дарылоо үчүн табигый антиоксиданттын колдонушунун клиникалык фармакологиялык түшүндүрмөсү”. Бишкек, 2008 -ж.
  14. П.Д. Абасканованын -кандидаттык эмгеги: “Өнөкөт жалпы пародонтитти комплексттик дарылоодо ультрафонфорездин колдонуусунун клиникалык эксперименталдык негизи”. Бишкек, 2013-ж.
  15. А.Дж. Иманалиеванын -кандидаттык эмгеги: “Өнөкөт пародонтитти рационалдуу дарылоонун жолдору жана фармакоэпидемиологиялык, фармакоэкономикалык баасы”. Бишкек, 2015 -ж.
Кафедранын дарылоо жумушу

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган ар жыл сайын өткөрүлүүчү “Таза тиш” акциясы “Карыялар күнүнө” жана “Майыптар күнүнө” карата пенсионерлерди жана Октябрь районунун мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарын акысыз профилактикалык жана тиш дарылоо жумуштарын 5-курстун студенттери жана клиникалык ординаторлордун катышуусу менен жүргүзүлөт. Өсүмдүктөн алынган төмөнкү дары-дармектер кафедрада түзүлүп, практикада колдонгонго киргизилген: “Кирславин”, “Афламент”, “Рецизин”, “Антоксид”, “Галавит”, “Перугенол”. Кафедранын эң негизги максаты саламаттыкты сактоо үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо.

Коомдук иши

Студенттер арасында КММАнын тарбиялык-уюштуруу  бөлүмү тарабынан түзүлгөн план боюнча өткөрүлөт. Студенттерге идеялык-саясий жана нравалык тарбия берууну жакшыртуу максатында кафедранын кызматкерлери лекцияларда жана практикалык сабактарда ата мекендик медицинанын артыкчылыктарын, терапевттик стоматологиянын жетишкендиктерин пропагандалоодо. Топтордо баарлашуу учурунда жүрүм-турум нормалары жана деонтология боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Айрыкча студенттер менен тарбиялык иштерди кураторлор жүргүзүшөт, кураторлордо ар бир студент үчүн бардык зарыл болгон маалымат бар. Алар ар бир окуучунун турмушу менен таанышып, окуудагы жетишкендиктерине, күндөлүк турмушуна, эс алууларына кызыгышат. Алар жатаканада нөөмөттө турушат.

        Кафедрада рефераттарды жана докладдарды даярдоо менен терапиялык стоматология предметин тереңдетип үйрөнүүгө багытталган студенттер менен илимий-изилдөө иштери (НСО ийрими) жүргүзүлөт.

Кафедрада жылына студентердин арасында олимпиада өткөзөт.

Эл аралык кызматташтык
  • Стоматология жана жаак-бет хирургиясынын Борбордук илим-изилдөө институту, Москва;
  • Ташкент медициналык институту, Ташкент;
  • С.Д. атындагы Казак улуттук медицина университети. Асфендияров, Алматы;
  • Астана медициналык университети, Астана;
  • «Семей медициналык университети» ЖАК, Семей
  • Самарканд мамлекеттик медицина университети, Самарканд.
Клиникалык кафедранын базасы
  • Стоматологический учебно-научно-клинический центр

    •  0 (312) 57-80-11
    •  ул. Суеркулова, 2/1