Медициналык алдын алуу иши факультети
Байланыш маалыматы:
Лицензия:
№ LD170000297
Эрбаев Анарбек Ташбаевич
Эрбаев Анарбек Ташбаевич
Кызматы:
Декан
Рахматулина Мээрим Толоновна
Рахматулина Мээрим Толоновна
Кызматы:
Секретарь
Кыскача тарыхы

1953-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда санитардык-гигиеналык факультети уюштурулган. Алгачкы бүтүрүүчүлөрдүн саны 69ду  түзгөн. 2001-жылы факультет "Медициналык алдын алуу иши" факультети болуп аталды.

Факультеттин декандык  кызматына  С. Б. Данияров, Б. М. Мамытов, Т. А. Кожомкулов,  Д. Дооронбеков, А. Ж. Джумабаев, А. К. Кадыралиев, А. К. Казиев, В. И. Модникова, В. С.Тогомбаева, Р. Д. Алымкулов, Д. Д. Рисалиев, Ж. С. Сыдыков өңдүү медицинага зор салым кошкон көрүнүктүү  ишмерлер эмгектенишкен.

Азыркы мезгилде факультеттин деканы болуп, А. Т. Эрбаев иштеп келүүдө.

75 жыл убакыт аралыгында факультет 2350гө  жакын медициналык алдын алуу  дарыгерлерин даярдады. Медициналык алдын алуу иши факультетинин бүтүрүүчүлөрү  дарылоо-алдын алуу мекемелерде жетекчилик кызматтарда,  мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда  дарыгерлик,  орто жана жогорку окуу жайларында окутуучулук, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндөгү илимий-изилдөө мекемелеринде илимий кызматкерлик жумуштарды аркалап келишет.

Жалпы маалымат

Факультеттин негизги ишмердүүлүгү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатына  багытталган адистерди даярдоо, алардын  негизги иши болуп калктын ооруга чалдыгуусун алдын алуу жана төмөндөтүү, айлана-чөйрөнүн  факторлорунун тийгизген таасирин,  гигиена жана эпидемиология тармагындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү,  саламаттык сактоонун сапатын жана тобокелдигин өнүктүрүү, саламаттык сактоо органдарынын туура башкаруунун ар кандай деңгээлдерин камсыз кылуу.

Факультеттин негизги максаты  дипломго чейин жана кийинки жогорку квалификациялуу медициналык адистерди  мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна  даярдоого, коомдук саламаттык сактоо жаатындагы бирдиктүү окутуу системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүүгө багытталган.

Факультеттин бүтүрүүчүлөрү медициналык алдын алуу ишинин дарыгери  дипломун  жана интернатура же ординатурынын төмөнкү адистиктери боюнча тастыктамага ээ болушат

  • Жалпы гигиена боюнча дарыгер
  • Коммуналдык гигиенанын дарыгери
  • Эмгек гигиенасынын дарыгери
  • Тамактануу гигиенасынын дарыгери
  • Радиациялык гигиенанын дарыгери
  • Диетолог-дарыгер
  • Эпидемиолог-дарыгер
  • Эпидемиолог-паразитолог дарыгер
  • Эпидемиолог-иммунолог дарыгер
  • Эпидемиолог-вирусолог дарыгер
  • Эпидемиолог-дезинфектолог дарыгер
  • Микробиолог дарыгери

Өндүрүштүк практиканын базасы катары Бишкек шаарындагы мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен  республиканын мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана бир катар райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору  кирет.

Факультеттин бүтүрүүчүлөрүнө медициналык алдын алуу  иши  адистиги боюнча дарыгер квалификациясы ыйгарылат.

Окутуунун орто билим берүү базасындагы ченемдик мөөнөтү 6 жыл.

Контракттык окутуунун наркы 1-2 курстар үчүн  33000 сом, 3-6-курстар  үчүн 30000 сомду түзөт.

Жетишкендиктер жөнүндө маалымат

Медициналык алдын алуу иши факультетинин, профилдик гигиеналык дисциплина кафедрасында Япон элчилигинин гранттык колдоосу менен тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана сапатын аныктоо боюнча лаборатория  ачылган.  Лаборатория Россиянын, Германиянын, Швейцария, Япония жана Американын  Къельдаля (белоктун аныктамасы) приборлору сыяктуу, Сокслета (майдын аныктамасы), рефрактометр (белоктун аныктамасы), спектрофотометр,  электрдик программа менен жабдылган микроскоп жана башка заманбап жабдуулар менен  камсыздалган. Алар  сапаттуу изилдөө жүргүзүүгө жана жүргүзүлгөн анализдердин так натыйжаларын билүүгө кепилдик берет.

         2017-жылы факультеттин деканы, Эрбаев  А.Т. Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан жаш муунду жана келечектеги дарыгерлерди тарбиялаганга ошондой эле медицина тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазчылык катын алган.

         Патофизиология боюнча факультеттер аралык олимпиадада биздин факультеттин студенттери 1-даражадагы дипломдор менен сыйланышкан.

         Факультетте маданий-массалык жана башка иш-чаралар өткөрүлөт, Студенттер КММАнын жана ЖОЖдор аралык өткөрүлүүчү иш-чараларга фестивалдарга, конкурстарга, шайырлар-тапкычтар клубуна (КВН), спорттук ж. б. мелдештерге үзгүлтүксүз катышып турушат.

2020 жылдын 9-сентябрында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын конференц-залында СОVID-19 илдетине каршы күрөшкөн  студенттерге, ординаторлорго жана окутуучуларга ыраазычылык каттары, төш белгилери берилди. Биздин факультеттин деканы Эрбаев А.Т. "КММА га кылган эмгеги үчүн" төш белгиси менен сыйланды.

Факультеттин деканы

3 курстун студенти Бакыт уулу Бакнур

5 курстун студенти Анарбек кызы Перизат

5 курстун студенти Нурланбекова Наргиза

5 курстун студенти Маликова Дилбара

5 курстун студенти Масалбекова Айжан

Окутуучуларды Жалал - Абад областына узатуу

Окуу планы