- kafsudmed@mail.ru
- 0 (312) 56 55 38
- Бишкек ш., Суеркулов к., 3.
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин доктору
- Окумуштуу наамы:
- профессор
- kafsudmed@mail.ru
- 0 (312) 56 40 72
- Сүйөркулов, 3.
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент
- Кызматы:
- Баш мугалим
- Окумуштуу даражасы:
- медицина илимдеринин кандидаты
- Окумуштуу наамы:
- доцент м.а.
- Кызматы:
- Улуу окутуучу
- Окумуштуу даражасы:
- юридикалык илимдеринин кандидаты
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Ассистент
- Кызматы:
- Лаборант
Соттук медицина боюнча алгачкы лекцияларды 1941-жылы профессор Малышев Б.Ф. окуган.
Соттук медицина кафедрасы 1942-жылы негизделген, кафедранын башчысы болуп профессорЛазовский Ю.М. дайындалган.
1944- жылдын аягында кафедранын башчысы болуп доцент Наумов Н.А. дайындалган.
1959- жылдан тартып кафедранын башчысы болуп, доцент Хамитов С.Х. дайындалган жана ошол убакыттарда соттук медицина боюнча клиникалык ординатура негизделип, ага биринчилерден болуп КММИнун бүтүрүүчүлөрү: Бектуров С.Б., Саалиев К.С., Мукашев М.Ш., Давлеталиев С.Р. ж.б. окушкан.
Биринчи ассистент мугалимдердин катарын толуктаган улуттук, жергиликтүү калктын өкүлү, КММИнин бүтүрүүчүсү Ачекеев Ш.А. болгон.
1973-жылдан тартып кафедранын башчысы болуп доцент Семенов Б.М. дайындалган (Москвадан чакырылып келген).
1991-жылы кафедранын башчылыгына медицина илимдеринин кандидаты Мукашев М.Ш. чакырылган, ошондой эле 1998- жылы Мукашев М.Ш. докторлук диссертациясын ийгиликтүү аяктаган.
1997-жылы соттук медицина кафедрасынын атын «Соттук медицина жана укук таануу кафедрасы»- деп өзгөртүлгөн. Кафедранын башчысы Мукашев М.Ш. - медицина илимдеринин доктору, профессор, «СССРдин Саламаттыкты сактоонун отличниги», «мыкты кызматкери» – деген наамдардын ээси.
Кафедранын максаты:
- Студенттерди теориялык жана практикалык талаптарга жооп бере турган денгээлде жана алгачкы тергөө иштеринде адистердин ийгиликтүү иш жүргүзүүсүн окутуп үйрөтүү.
- Ар кандай оорулардын патологиялык процесстеринин агымы жана анын морфологиялык өзгөчөлүктөрү менен механикалык жаракаттардан айырмалоо ыкмалары менен тааныштыруу.
- Экстремалдык абалдагы морфологиялык өзгөчөлүктөрү (терминалдык абал, өлүм жана өлүк денесинин кубулушу, уулануу, механикалык асфиксия) менен студенттерди тааныштыруу.
- Студенттерди соттук медицина экспертизасынын укуктук
регламенттери менен тааныштыруу, ошондой эле медициналык биоэтиканын негизги көйгөйлөрү менен тааныштыруу.
- Студенттерди врач катарында, же врачтардын денгээлинде
ой жүгүртүүсүнө эксперттик көз караштарынын айкалышын калыптандыруу.
Милдеттери: өлүктүн табылган жеринде денесиндеги өзгөчөлүктөрүдү айырмалап жазууну жана аларга соттук-медицина ыкмаларын колдонууну үйрөтүү.
Соттук медицинадагы күч колдонуу же күч колдонбогон натыйжадагы өлүктөрдү изилдөөнү жана табылган жаракаттардын морфологиялык, патологиялык өзгөрүштөрүн, соттук медицина диагноздорун, корутундуларын чыгаруу, ден-соолукка тийгизген терс таасирлеринин даражасын айрымалап жазуу ыкмаларын студенттерге үйрөтүү.
Илим изилдөө жолдору: ар кандай стресс факторлорунун таасиринен келип чыккан регионардык лимфа түйүндөрүнүн морфологиялык өзгөрүүсүн практикада колдонүү.
Кыргыз Республикасынын климатына байланыштуу өлүк дененин өзгөрүүсүнүн убактысын аныктоо.
Өзүн-өзү өлтүрүү (суицид), жана кишинин наркотикалык заттардан уулануусу.