Кадрлык иштер бөлүмү
Кызматкерлер
Молутбекова Айкерим Жыргалбековна
Молутбекова Айкерим Жыргалбековна
Кызматы:
Бөлүм башчысы
Кусеинова Айдай Рахатбековна
Кусеинова Айдай Рахатбековна
Кызматы:
Улук инспектор
Канатова Айдана Байышовна
Канатова Айдана Байышовна
Кызматы:
Улук инспектор
Кубатбекова Надира Кубатбековна
Кубатбекова Надира Кубатбековна
Кызматы:
Инспектор
Жалпы маалымат

Кадрлар бөлүмүнүн максаты – И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын максаттарына жетүүгө, квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылууга жана КММА кызматкерлеринин дараметин колдонуунун натыйжалуу тутумун түзүү аркылуу салым кошуу.

Жумушка кабыл алуу атайын иштелип чыккан стратегиялардын жардамы менен ишке ашырылат. Мисалы: бош орундар жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттары менен ишке орноштуруу кызматтарына берүү, тандоо ыкмаларын колдонуу, адистерди ыӊгайлаштыруу жол-жоболору жана кийинки квалификациясын жогорулатуу.

КММАнын миссиясын ишке ашырууда кадрлар бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- КММАнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн штаттык санын уюштуруу;

- КММАда кадрлар менен иштөөнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү камсыз кылуу;

- КММА кызматкерлеринин жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылуу;

- КММАдагы эмгек тартибин изилдөө жана талдоо, иштеп чыгуу жана тартиптик укук бузуулардын алдын алууга жана болтурбоого, кызматкерлердин өзүнө жүктөлгөн иш багыты боюнча жеке жоопкерчиликти жогорулатууга, ички тартипти сактоого, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга багытталган комплекстүү чараларды ишке ашыруу;

- Профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын конкурстук жана тандоонун негизинде алмаштырууну камсыз кылуу;

- КБ иши пландоонун, кызматтык иштин маселелерин чечүүдө жеке башкарууну айкалыштыруунун жана аларды талкуулоодо коллегиалдуулуктун, ар бир кызматкердин тапшырылган аянттагы иштердин абалы жана айрым тапшырмаларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилигинин негизинде уюштурулат.

- Кадр маселелери боюнча кадрлар бөлүмү КММАнын бардык түзүмдүк бөлүмү менен дайыма өз ара аракеттенет.

Кыскача тарыхы

Кадрлар, юридикалык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү КММАнын административдик-башкаруу аппаратынын уюштуруу структурасын өркүндөтүү жана иш кагаздарын жүргүзүүнү көзөмөлдөө максатында 2007-жылы Окумуштуулар кеңешинин чечими менен түзүлгөн.

Гетманская Юлия Александровна бөлүмдүн биринчи башчысы болгон. 2009-2014-жылдары Жолдошев Алмазбек Темирбекович,  2014-жылдан баштап кадрлар, юридикалык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүн Исмаилов Анвар Исмаилович жетектеп келген.

Кадрлар, юридикалык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү кадрлар менен иштөө, студенттер менен иштөө, юридикалык иш, иш кагаздарын жүргүзүү секторлорунан турган.

Юридикалык бөлүм  И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

Уюштуруу түзүмүн өркүндөтүү максатында КММА ректорунун 2018-жылдын 12-июлундагы №186 буйругу менен юридикалык бөлүм жана кызматкерлер менен кадрдык иштөө бөлүмү КММАнын юридикалык жана кадрдык иш башкармалыгына бириктирилген.

И.К.Ахунбаев атындагы КММАда башкаруу системасынын сапатын жана окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында КММАнын ректорунун 2022-жылдын 4-октябрындагы №347 буйругу менен КММАнын Юридикалык жана кадрдык иш башкармалыгы эки түзүмдүк бөлүмгө, кадрлар жана юридикалык бөлүм болуп кайра түзүлгөн.

Бөлүмдүн штаттык курамы 4 бирдиктен турат.