Медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасы
Байланыш маалыматы:
Кафедра кызматкерлери
Куттубаев Өмүрбек Ташыбекович
Куттубаев Өмүрбек Ташыбекович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
Кафедра жетекчиси
Солтобаева Жаңыл Осмонбековна
Солтобаева Жаңыл Осмонбековна
Окумуштуу даражасы:
биология илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Кафедранын окуу бөлүмүнүн башчысы
Кулжабаева Гүлбара Султангазиевна
Кулжабаева Гүлбара Султангазиевна
Окумуштуу даражасы:
биология илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Доцент
Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич
Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич
Окумуштуу даражасы:
биология илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Доцент
Сатарова Гулиза Таалайбековна
Сатарова Гулиза Таалайбековна
Кызматы:
Ассистент
Сабытбекова Жазгуль Сабытбековна
Сабытбекова Жазгуль Сабытбековна
Кызматы:
Ассистент
Смаилбекова Жылдыз Смаилбековна
Смаилбекова Жылдыз Смаилбековна
Кызматы:
Ассистент
Токтосунова Акылай Бейшенбековна
Токтосунова Акылай Бейшенбековна
Кызматы:
Ассистент
Мамалаева Алтынай Рахманалиевна
Мамалаева Алтынай Рахманалиевна
Кызматы:
Ассистент
Келдибекова Самара Кулпудиновна
Келдибекова Самара Кулпудиновна
Кызматы:
Улук лаборант, ассистент
Соловьева Ольга Финагеевна
Соловьева Ольга Финагеевна
Кызматы:
Лаборант
Кафедранын тарыхы

Медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасы 1939-жылы түзүлгөн. Кафедранын уюштуруучусу жана анын  биринчи жетекчиси доцент Д.В.  Шаскольский болгон.

1940-жылдан баштап 1948-жылга чейин кафедраны илимдин ардактуу кызматкери, профессор Н.П. Кеворков жетектеген. Илимий ишинин багыты: мите курттардын таркалышы. Профессор Н.П. Кеворковдун жетекчилиги астында 6 кандидаттык диссертация жакталган.

Илимдин ардактуу кызматкери, профессор Н.П. Кеворков

1949 - жылдан баштап 1961-жылга чейин кафедраны профессор М.И. Ефимов жетектеген. Кафедранын ошол убакта негизги илимий маселелери - сүт эмүүчүлөрдүн органдарынын жана ткандарынын  калыбына келүү жана көчүрүү маселелери болгон. Ушул маселелер боюнча профессордун жетекчилиги астында 4 кандидаттык жана 1 доктордук иш жакталган. 

Профессор М.И. Ефимов 

Профессор М.И. Ефимов биринчилерден болуп реципиентти аллогрантка жана трансплантацияны реципиентке дарылык уйку аркылуу адаптациялоо ыкмасын колдонгон. Коёндордо перифериялык нерв аллопластикасы менен көпчүлүк учурларда чыныгы сиңирүүгө жетишилген. Ошондой эле, коёндордун перифериялык нервинин аллопластикасы менен көпчүлүк учурда оң натыйжа алынган.             Тери трансплантациясынын ээсине адаптациялоо маселесин тактоо максатында М.И. Ефимов жана Ш.В. Мусин лабораторияда ак келемиштерине эксперимент жүргүзгөн.             Бул эксперименттердин аркасында жаңы төрөлгөн келемиштердин балдарынан алынган теринин аллогрантына организмдин жасалма туруктуулугун алууга мүмкүн экени аныкталган.

1962-жылдан баштап 1974-жылга чейин кафедраны биология илимдеринин доктору, профессор Ида Адольфовна Гонтарь жетектеген.

Биология илимдеринин доктору, профессор Ида Адольфовна Гонтарь

Анын жетекчилиги астында кафедрада адамдын жана негизги мите курт ооруларынын табигый очоктору, алардын алдын алуу жана дарылоо боюнча 2 маселе изилденген. Бул иштер боюнча 4 кандидаттык диссертация жакталган. 1975-жылдан 1995-жылга чейин кафедраны медицина илимдеринин доктору, профессор, КР илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КР Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери Айманбетов Миңбай Айманбетович жетектеген.

 

Медицина илимдеринин доктору, профессор, илим жана техника тармагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери Айманбетов Миңбай Айманбетович

Ал өзүнүн устаты, профессор М.И. Ефимовдун илимий маселелеринин улантуучусу болуп саналат.

М.А. Айманбетов жана анын кээ бир окуучулары тажрыйба түрүндө нерв талчаларынын аллотрансплантация маселелери менен алектенишкен. Профессор М.А. Айманбетовдун алектенген дагы бир багыты, бул адамдын мите курт ооруларына байланыштуу болгон. Профессор М.А. Айманбетовдун жетекчилиги астында 1 доктордук жана 3 кандидаттык иш жакталган.

1995-жылдан бүгүнкү күнгө чейин медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасын медицина илимдеринин доктору, профессор Куттубаев Өмүрбек Ташыбекович жетектеп келет.

Кафедра уюшулгандан бери ар кайсы мезгилде медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасында иштеген кызматкерлер.

  1. М.и.к., доцент Мусина Шахида Вахидовна - “Ар кандай эксперименттик шарттардагы келемиштердин терисиндеги гомопластика”;
  2. М.и.к., доцент Сокуренко Анна Ефимовна;
  3. М.и.к., доцент Абдылдаева Кенже Абдылдаевна – “Кыргызстандын кээ бир аймактарындагы арбовирустук жугуштуу оорулардын очокторун изилдөө”;
  4. М.и.к., доцент Шекеков Аскер Шекевич – “Кыргызстандын түндүгүндөгү тениаринхоз ооруларынын эпидемиологиясынын өзгөчөлүктөрү” Азыркы учурда ал КУУ биология факультетинде иштеп жатат.
  5. М.и.к., ассистент Кененбаева Айна Мусаевна – “Кыргызстанда бөлүнүп чыккан кене вирустук энцефалит штампынын биологиялык түзүлүшү”
  6. Б.и.к., ассистент Керимкулов Ашымалы Керимкулович – “Кыргызстандын түндүгүндө Греция жаңгагын өстүрүү”;
  7. Б.и.к., доцент Абдырасулов Сабит Абдырасулович – “Борделл тукумундагы өкүлдөрдүн ультраструктуралык түзүлүштөрүн салыштырып изилдөө”;
  8. Фарм.и.к., доцент Мураталиева Анара Жапаровна – “Фармацефтикалык иш-чараларды уюштуруу”;
  9. Ассистент Плишкин А.А. – “Тянь – Шандын ички бийик тоолуу өрөөнүндөгү кан соргуч чымындардын компоненттерин изилдөө”- Кыргыз-Славян унверситетинин медициналык биология кафедрасынын кызматкери;
  10. Ассистент Бубликова Л.И. – “Кыргызстандын Чүй өрөнүндөгү безгек чиркейлеринин азыркы популяциясынын абалы”. Бүгүнкү күндө М.В Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин биология факультетинин энтомология кафедрасынын профессору болуп эмгектенет;
  11. М.и.д., профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Ибраимов Абыт Ибраимович;
  12. М.и.д., профессор Айтбаев Кубаныч Айтбаевич - Биохимиялык генетика, Улуттук терапия жана кардиология борборунун биохимия лабораториясын жетектейт;
  13. Ассистент Кыдыралиева Асылкан Макеновна, БМКнын директорунун орун басары, андан кийин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда окутуучу болуп иштейт;
  14. Ассистент Максимова Валерия Сергеевна;
  15. Ассистент Мухамеджанов Алгадай Жумакадырович;
  16. Грач Бронислава Борисовна - азыр Израиль өлкөсүнүн жашоочусу.
  17. Абдыжапаров Темирбек Абдыжапарович – кафедранын доценти, азыр ардактуу эс алууда.
  18. Калимова Нурима Маджитовна – азыр Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун медициналык физика, информатика жана биология кафедрасынын ага окутуучусу;
  19. Караева Роза Райымбековна - Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун медициналык физика, информатика жана биология кафедрасынын жетекчиси болгон, азыр Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун медицина факультетинин деканы.

 

Окуу иши

Кафедрада бардык факультеттердин 1-2 курсунун студенттери окуйт.

Дисциплиналар:

Медициналык биология бардык факультеттерде

Медициналык паразитология СФО (кечинде окуу бөлмөсү)

Жогорку мээрман иши (тез окутуу курсу)

Паразитологиянын негиздери менен медициналык биология Мээрман иши факультети (бакалавр).

Медициналык генетиканын негиздери менен биология “Мед.инженерия” факультетинде

Элективдик курстар

“Тропикалык паразитология”   ЛДАЯО факультетинде

“Уулуу жаныбарлар жана тропикалык климаттын мителери” бардык факультеттерде

” Өсүмдүктөрдүн генетикасы”  Дарылоо иши, педиатрия, фармация, МПД, жогорку медайым факультеттерде

Илимий ишмердиги

Азыркы учурда кафедранын илимий ишмердүүлүгүнүн негизги багыты болуп үй жана жапайы жаныбарлардын арасындагы эхинококк жана альвеокок курттарынын биологиясы менен экологиясынын өзгөчөлүктөрүн, калк арасында эхинококкоз жана альвеококкоздун таралуу өзгөчөлүктөрүн, көрүнүштөрүн, жугуу жолдорун, жогорку деңгээлдерин оптималдаштыруу маселелерин, бийиктикке ылайыкташуусун, дезадаптациянын алдын алуу жана коррекциясын, Кыргыз Республикасынын популяцияларынын популяция-генетикалык жана генетика-демографиялык изилдөөлөрдү, экологиялык факторлорду (санариптештирүү, йоддун жетишсиздиги, сапатсыз суу, мителик токсиндердин таасири) адамдын ден соолугуна жана тукум куучулукка тийгизген таасирин изилдөө болуп саналат.

 

2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган илимий изилдөөлөр.

«Кыргыз Республикасынын ар кандай экологиялык шарттарында эхинококкоздун жана альвеококкоздун санариптик картасы жана инвазияга каршы күрөштүн негиздемеси».

 

Кафедрада төмөнкүлөр аткарылды жана жакталды:

 

1) «Үзгүлтүктүү («Флюктуациялык») бийик тоолуу адаптацияны оптималдаштыруу, анын бузулушунун алдын алуу жана коррекциялоо» деген темада докторлук диссертация;

2) «Эхинококкоздун өнүгүүсүнүн иммуногенетикалык тобокелдик факторлору» деген темада кандидаттык диссертация; 

3) «Кыргыз Республикасынын айыл калкынын популяциялык генетикалык изилдөөсү» деген темада кандидаттык диссертация; 

4) «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жайыттарынын аймагында альвеококкоздун табигый очокторунун пайда болушунда кемирүүчүлөрдүн ролу» деген темада кандидаттык диссертация. 

5) «Кыргызстандын түндүк аймактарындагы альвеококкоздун табигый жана синантроптук очоктору» деген темада кандидаттык диссертация. «Тукум куучулук жана сырткы чөйрө»  аттуу Студенттердин илимий ийрими  калктын популяциялык-генетикалык жана генетико-демографиялык изилдөөлөрдү, мите курттардын жана мителер чакырган оорулардын таралышын, адамга жугуу жолдорун, ошондой эле йододефицит көйгөйлөрүн жана алдын алуу чараларын изилдейт.