Жалпы жана клиникалык эпидемиология кафедрасы
Байланыш маалыматы
Кафедранын кызматкерлери
Джумалиева Гульмира Артыкбаевна
Джумалиева Гульмира Артыкбаевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
кафедра башчысы
Тойгомбаева Вера Садвакасовна
Тойгомбаева Вера Садвакасовна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Абдикаримов Сабыржан Токтосунович
Абдикаримов Сабыржан Токтосунович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор

Карагулова Салийкан Таабалдиевна
Карагулова Салийкан Таабалдиевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Ырысова М.Б
Ырысова М.Б
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Исакова ЖайнагульТурганбаевна
Исакова ЖайнагульТурганбаевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Окуу бөлүмүнүн башчысы
Омуралиев Курманбек Токтоналиевич
Омуралиев Курманбек Токтоналиевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Темиргалиева Бегаим Кудусовна
Темиргалиева Бегаим Кудусовна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Богданов Эмиль Рашитович
Богданов Эмиль Рашитович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Ассистент
Белеков Джолдошбек Аманкулович
Белеков Джолдошбек Аманкулович
Кызматы:
Улук окутуучу
Тойчибаева Рахат Исмаиловна
Тойчибаева Рахат Исмаиловна
Кызматы:
Окутуучу
Стамкулова Нурзина Камилжановна
Стамкулова Нурзина Камилжановна
Кызматы:
Окутуучу
Урматова Асель Урматовна
Урматова Асель Урматовна
Кызматы:
Окутуучу
Чаткалбаева Шайыргул Замирбековна
Чаткалбаева Шайыргул Замирбековна
Кызматы:
Окутуучу
Керимбекова Аида Нурдиновна
Керимбекова Аида Нурдиновна
Кызматы:
окутуучу
Байболотова Гулжамал Андабековна
Байболотова Гулжамал Андабековна
Кызматы:
Улук лаборант
Кыскача тарыхы

1955-жылы жугуштуу оорулар кафедрасынын алдында эпидемиология боюнча доценттик курсу уюшулгандыктан, эпидемиология микробиология кафедрасынан бөлүнүп, ѳз алдынча бөлүм катары ишин уланта баштайт. Эпидемиология курсунун башчылыгына Т.А.Тыналиева дайындалып, КНИИЭМиГ негизги жумушчу катары болгон. 1958-жылы КММИнин санитардык гигиеналык факультетинин ачылышына байланыштуу, эпидемиология кафедрасы түзүлгөн. Кафедранын негиздѳѳчүсү жана биринчи башчысы Прорешная Таисия Львовна болгон.

Т.Л.Прорешнаянын жетектѳѳ учурунда кафедранын жалпы жамааты илимий- изилдөө иштерине активдүү катышышкан (1958-1980жж.). Ал Кыргызстандагы оорулардын табигый булагы тагыраак айтканда Ку безгеги, орнитоз, кене энцефалити боюнча илимий иштерди жетектеген. Ал 3 медициналык илимдин кандидатын даярдап, “Кыргызстандагы Ку безгеги жана башка жугуштуу оорулардын табигый булагы” аттуу монографиясы жана 60тан  ашуун илимий макалалары чыккан.  Т.Л.Прорешная Саламаттыкты сактоо тармагына кошкон ак эмгеги үчүн “Ардак Белгиси” орденине, “СССРдин эмгек сиңирген дарыгери” деген ардактуу наамына, ошондой эле Өкмөттүн, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун көптөгөн грамоталары менен алкыштарына ээ болгон.

Анын жетекчилиги астында иштегендер: С.Н.Зеленая – курч ич ѳткѳктүн түрлѳрүн аныктоо жана мүнѳздѳмѳлѳрү боюнча изилдѳѳ жүргүзгѳн, С.Г.Ерохина – Кыргызстандагы орнитоздун ѳзгѳчѳлүктѳрүн изилдесе, Г.П.Кондратьева, Б.И.Исаева, В.С.Тойгомбаевалар токсоплазмоздогу эпидемиологиялык кубулуштун өзгөчөлүктөрү боюнча илимий иштерди жүргүзүшкөн.

1980-1991- жылдары м.и.д., профессор Т.А.Тыналиева кафедра башчысы болуп эмгектенген.

 Т.А.Тыналиева башкаруусундагы жамаат, жугуштуу оорулардын табигый булагы жөнүндө илимий изилдөөлөрдү активдүү улантышкан. Анын жетекчилиги астында 5 кандидаттык диссертация жакталган, 200гө жакын илимий макалалар, 3 монография жарык көрүп, кылдат жана кенен каралган илимий изилдөөнүн жыйынтыгы жана жугуштуу рабиканы, лептоспирозаны алдын алуу боюнча колдонмолору азыркы мезгилге чейин практикалык медицинада колдонулуп келет. Талыкпаган эмгеги үчүн Эмгек Кызыл Туу ордени, ССР  Жогорку Советинин, КР Жогорку Советинин, КР ССМнин жана КММИнин Ардак грамоталары менен сыйланып, СССР Саламатык сактоонун отличниги, Эмгек ардагери медалына жана Кыргыз ССРнин ЭЧЖК (ВДНХ) белгисине ээ болгон.

 Ошол учурда кафедрада доценттер: С.Г. Ерохина, С.Н. Зеленая, Г.П. Кондратьева, В.С. Тойгомбаева, ассистенттер: Б.И. Исаева, Ж.С. Сыдыков, Н.Т. Усенбаев, А.А. Джузеновдор эмгектенишкен.

1992-1996-жылдары кафедраны м.и.к., доцент К.А.Акматов жетектеген. Анын илимий изилдөөлөрү Тянь-Шань табигый булактарындагы кене энцефалитини эпидемиологиясынын жана бул жугуштуу оору менен күрөшүү жолдорунун өзгөчөлүктөрүн аныктоого багытталган. Бул жылдары кафедрада м.и.д.. профессор Т.А.Тыналиева, м.и.к.,  доцент В.С.Тойгомбаева, м.и.к., доцент С.Т.Карагулова, м.и.к. Д.А.Байызбекова, Д.А.Белековдор эмгектенишкен.

1997-2007-жылдары эпидемилогия кафедрасы жалпы гигиеналык жана санитардык-гигиеналык факультеттери менен бириктирилген. Гигиена жана эпидемиология бириккен кафедраны, башында профессор М.Б.Шпирт, андан соң профессор О.Т. Касымов, доцент С.Ж.Сыдыков, В.С.Тойгомбаевалар  жетектешкен. Курстун жамааты: профессор Т.А. Тыналиева, доцент С.Т. Карагулова, ассистенттер: Д.А.Белеков, Т.Б. Козукеев, В.А. Джудемишева, М.Б. Ырысова, А.А. Абдыкадырова, Ж.Т. Исаковалар иштешкен. Эпидемиология курсунун кызматкерлеринин илимий-изилдөө иштери, Республикада катталган жугуштуу оорулардын эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрүнө багытталган.

 2007-2009-жылдары эпидемиология курсу социалдык медицина, экономика жана коомдук саламаттыкты сактоо кафедралары менен бириктирилген. Бул учурда кафедраны доцент В.С. Тойгомбаева, андан кийин профессор Д.Д. Рисалиев башкарган.

 2009-жылы “Жалпы жана клиникалык эпидемиология” кафедрасы өз алдынча кафедра болуп уюшулган. Кафедранын  башчысы м.и.д., профессор Д.Д. Рысалиев тандалып, ал эпидемиология жана саламаттыкты сактоону уюштуруу боюнча 5 монографиянын, 109 илимий эмгектин автору, анын жетекчилиги астында 5 кандидаттык жана 3 докторлук диссертациялар жакталган.

2014-жылы м.и.д., доцент С.Т.Абдикаримов кафедранын башчысы болуп бекитилет.

Илимий изилдөөнүн багыты: алдын алуу эмдөөсүнүн таасири алдында кызылча оорусунун таралыш закон ченемдүүлүгүн изилдөө. Молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрдү табуу, аз изилденген курч ич өткөктүн  жугуштуулары: норавирустук, астровирустук жугуштуулар жана балдардын кампилобактериозу, ошондой эле КРдагы кездешкен адамдагы “А” группасындагы   генотиптүү ротавирустар жөнүндө кеңири карап,  5 монографиянын, 45тен ашуун илимий макалалардын, 25 усулдук көрсөтмөлөрдүн автору, КР Саламаттыкты сактоонун отличниги, Мамлекеттин эмгек сиңирген кызматкери, КР ЖАК (ВАК) ЭС жана ДСнын мүчөсү, ӨКМнын, Коргоо министрлигинин жана ШБУнун  медалы менен сыйланган, жогорку даражадагы дарыгер.

Анын жетекчилиги астында: м.и.д. профессор Т.А.Тыналиева, м.и.д. В.С.Тойгомбаева,  м.и.к. М.Б.Ырысова, м.и.к. З.Ш. Нурматов,  ага окутуучу Д.А.Белеков жана окутуучулар: Ж.Т.Исакова, А.А.Абдыкадырова, М.Б.Кайкиева, Р.И. Тойчибаева, Ч.Э. Эгембергенов, В.А. Алымкулова, ординаторлор: Иманкулова К.Т., Стамкулова Н.К., А.У.Урматовалар эмгектенишет.

2021-жылдан баштап жалпы жана клиникалык эпидемиология кафедрасынын башчысы медицина илимдеринин доктору, профессор Джумалиева Г.А. 

Дисциплиналар

* Эпидемиология

* Далилдүү медицина

* Медициналык география

Илимий иштери

Акыркы жылдары кафедра жамаатынын илимий изилдөө иштери Кыргыз Республикасындагы мите ооруларынын эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө багытталган. Кафедранын кызматкерлери мите ооруларына  эпидемиялык көзөмөлдөөнү жакшыртуу боюнча нормативдик-усулдук иш кагаздарды иштеп чыгууга, республика калкынын ооруну жуктурбоосун төмөндөтүү боюнча чараларды уюштуруу жана жүргүзүүгө катышкан. Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында  тажрыйба жүргүзүлгөн республиканын аймактарында (Баткен, Чүй дубандары жана  Бишкек шаары) 82%  калктын оору жуктуруусу төмөндөдү.

         Изилдөөлөрдүн натыйжасында 1 докторлук диссертация жакталды.

         Учурда кафедранын илимий кызыгуулары табигый-булактуу зооноздук (жаныбардык) жана мителик жугуштуу ооруларды изилдөөгө багытталган.

         1997-2010-жылдары кафедранын жамааты республикадагы саламаттыкты сактоо уюмдарына, Ош жана Жалал-Абад МУнун медициналык факультеттерине практикалык жардам көрсөткөн, ошондой эле төмөнкүлөрдү даярдаган: 

  • КР ББИМдин мөөрү менен эпидемиология боюнча 5 окуу китеби (“Эпидемиология боюнча справочник”, “Аскердик эпидемиология”, “КРдагы безгекти жоюу”, “Эпидемиология” (кыргыз тилинде).
  • КММАнын, КРСУнун студенттери үчүн 15тен ашуун усулдук колдонмо;
  • 70тен ашуун илимий макалаларды, анын ичинде чет өлкөлөрдө (Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан, Норвегия, Чехия, Туркия) басып чыгарган.
  • Кафедра кызматкерлери КРдин саламаттыкты сактоо уюмдарына практикалык жардам  берүүдө активдүү катышышат.
  1. Медицина илимдеринин доктору, профессор Джумалиева Гульмира Артыкбаевна

Кандидаттык диссертациясынын темасы: “Кыргыз Республикасындагы ротавирустук инфекциянын эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрү”. Код: 02/03/02- Вирусология. 1992.

Доктордук диссертациясынын темасы: “Кыргыз Республикасында инфекциялык контролду уюштуруу”. Код: 02/14/02 - Эпидемиология.02/14/03. Коомдук саламаттыкты сактоо жана саламаттыкты сактоо» 2011-ж

  1. Медицина илимдеринин кандидаты, доцент Ырысова Миргуль Бакирбаевна

Кандидаттык диссертациясынын темасы: «Медицина кызматкерлеринин арасында парентералдык вирустук инфекциялардын (вирустук гепатит, ВИЧ инфекциясы) эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрү (Бишкек шаарынын мисалында). Код: 02/14/02.- Эпидемиология 2011

  1. Медицина илимдеринин кандидаты, доцент Исакова Жайнагүл Турганбаевна

Кандидаттык диссертациясынын темасы: «Бишкек шаарында ичеги-карын инфекцияларынын жана инвазиялардын жугушунун ар кандай факторлоруна эпидемиологиялык баа берүү». Код: 02/14/02 - Эпидемиология. 2017

  1. Медицина илимдеринин кандидаты, доцент Темиргалиева Бегайым Кудусовна

Кандидаттык диссертациясынын темасы: “Кыргыз Республикасындагы Е гепатитинин эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрү”. Код: 02/14/02 - Эпидемиология. 2003

  1. Медицина илимдеринин кандидаты, доцент Карагулова Салыйкан Табалдиевна

Кандидаттык диссертациясынын темасы: «Сальмонеллаларды адамдардагы жана айлана-чөйрөдөгү объекттерден алардын спецификалык термостабилдүү О-антигени боюнча аныктоонун тездетилген ыкмасы». Код: 02/03/03 - Микробиология. 1984.

  1. Медицина илимдеринин доктору, профессор Абдикаримов Сабыржан Токтосунович

Кандидаттык диссертациясынын темасы: “Кыргыз Республикасында кызамык менен күрөшүүнүн жетишкендиктери жана келечеги”. Код: 02/14/30 - Эпидемиология. 1999.

Доктордук диссертациясынын темасы: “Кыргыз Республикасындагы суу аркылуу жугуучу инфекциялардын эпидемиологиясы”. Код: 02/14/02 - Эпидемиология. 2013

  1. Медицина илимдеринин кандидаты, ассистент Богданов Эмиль Рашитович

Кандидаттык диссертациясынын темасы: «Жаңы төрөлгөн ымыркайлардагы оорукана ичиндеги инфекциялардын эпидемиологиялык өзгөчөлүктөрү». Код: 02/14/02 - Эпидемиология. 2011.

  1. Медицина илимдеринин доктору, профессор Тойгомбаева Вера Садвакасовна

Кандидаттык диссертациясынын темасы: «Маданий кутурмага каршы вакцинанын иммуногендик активдүүлүгүн талаада изилдөө». Код: 02/03/02 - Эпидемиология. 1987.

Доктордук диссертациянын темасы: “Кыргыз Республикасындагы мите оорулары (эпидемиологиялык, клиникалык, диагностикалык жана реабилитациялык аспектилери”). Код: 02/14/02 - Эпидемиология. 2013

  1. Медицина илимдеринин кандидаты, ассистент Омуралиев Курманбек Токтоналиевич

Кандидаттык диссертациясынын темасы: “Кыргыз Республикасындагы сальмонеллездун эпидемиологиясы жана алдын алуу”. Код: 02/14/30 - Эпидемиология. 2003.

 

Учурда кафедрада төмөнкүдөй илимий изилдөөлөр жүргүзүлүүдө:

  • - «Кыргыз Республикасында COVID-19 вакцинанын жардамы менен алдын алуунун натыйжалуулугу», (кафедранын ассистенти Урматова Асель Урматовна).
  • - «Бишкек шаарындагы балдардын аутизминин эпидемиологиялык мүнөздөмөсү» (кафедранын ассистенти Стамкулова Нурзина Камилжановна).
  • - «Тоолуу аймактардын ар кандай климаттык-географиялык шарттарында курч мээ кан тамыр кырсыктарына эпидемиологиялык анализ» (бөлүмдүн ассистенти Тойчибаева Рахат Исмаиловна).
  • - «Мээ-кан тамыр ооруларынын эпидемиологиялык аспектилери жана профилактикалык иш-чараларды оптималдаштыруу» (доцент Ырысова Миргүл Бакирбаевна).