Ректордун кайрылуусу

Урматтуу КММА сайтын  жана интернет тармагынын колдонуучулары! Урматтуу достор!

Сиздерди белгилүү хирург, профессор, академик жана коомдук-мамлекеттик  ишмер - Иса Коноевич Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңыланган расмий сайтында саламдашып турганыма кубанычтамын!

Жарым кылымдан ашкан тарыхта, биздин жогорку окуу жайыбыздын басып өткөн улуу жолу жана Кыргызстанда гана эмес кошуна өлкөлөрдө, чет өлкөлөрдө  ийгиликтүү иштеп жатышкан жогорку квалификациялуу дарыгерлерди даярдоодо бай тарыхка ээ.

Биз Сиздер менен Медакадемиянын жаңыланган расмий сайтында жолугушуп олтурабыз. Биздин сайтыбыз биздин жогорку окуу жайыбыз сыяктуу эле, бир ордунда турган жок, ал жаңыланууда, өсүп-өнүгүүдө, Сиздер үчүн бул сайтты биз кызыктуу маалыматтар менен  камсыз кылып турабыз.

Биз бул порталды иштеп чыгууда  колдонуучулар үчүн ыңгайлуу болуусуна  аракеттендик. Биздин сайтта абитуриенттер жана алардын ата-энелери, студенттер, аспиранттар, кошумча билим алып жатышкан адистер, кызматкерлер жана жалпы КММА жашоосуна кайдыгер карабагандар үчүн кызыктуу жана актуалдуу маалыматтар жүктөлүп турат. Алар: иш-чаралар календары, студенттик жашоо, медакадемиянын акыркы кабарлары жана анонстору, факультеттердин расмий баракчалары, кафедралар жана бөлүмдөр, китепкананын китеп фонду жана электрондук ресурсу. Ошондой эле Сиздер 80 жылдык түзүлүү жана өнүгүүдө улуу тарыхый  жолу бар, билим берүүдө жана илимде, жалпысынан болочок дарыгерлерди тарбиялоодо жана даярдоодо бүгүнкү жетишкендиктери тууралуу толук маалыматтарды таба аласыздар.

Сайттын негизги материалдары үч тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланат.

Өзүм тараптан  Сиздер  менен сайт аркылуу байланышууга жол ачык деп билдирем. Ар кандай темада Сиздерди түйшүккө салган маселелерге – жатакананын оңдоп-түзөө иштеринен тартып, университеттин төлөм-акы маселелерине чейинки суроолоруңуздарды бере алсаңыздар.

Азыркы замандын талабына жараша татаал маселелерди чечүүгө иштиктүү маек өбөлгө болооруна ишенемин. Сиздердин демилгеңиздер, принципиалдуулук менен кызыгууңуздар – биздин жалпы ийгилигибиздин керектүү салым кошо алат!