Т.А. Абдылдаев атындагы Философия жана коомдук илимдер кафедрасы
Байланыш маалыматы:
Кафедра кызматкерлери
Кафедра башчысы
Усупова Чолпон Сабыровна
Усупова Чолпон Сабыровна
Окумуштуу даражасы:
философия илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор м.а.
Кызматы:
Кафедра башчысы
Тентигул кызы Назира
Тентигул кызы Назира
Окумуштуу даражасы:
тарых илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Окуу бөлүмүнүн башчысы
Жунушалиева Гульсункан Ишенгазиевна
Жунушалиева Гульсункан Ишенгазиевна
Окумуштуу даражасы:
философия илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Кызматы:
Улук окутуучу
Чоюбекова Гулжамал Асановна
Чоюбекова Гулжамал Асановна
Окумуштуу даражасы:
экономика илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Бексултанова Чинара Дамировна
Бексултанова Чинара Дамировна
Окумуштуу даражасы:
тарых илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Акматова Назгуль Сапарбековна
Акматова Назгуль Сапарбековна
Окумуштуу даражасы:
философия илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
Улук илимий кызматкер
Кызматы:
Доцент
Сатыбалдиева Рахат Абдрамановна
Сатыбалдиева Рахат Абдрамановна
Окумуштуу даражасы:
философия илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Мадалбекова Жамила Бакбуркановна
Мадалбекова Жамила Бакбуркановна
Кызматы:
Окутуучу
Исмаилова Айзада Кайыпбердиевна
Исмаилова Айзада Кайыпбердиевна
Кызматы:
Окутуучу
Асыркулова Айнура Койчумановна
Асыркулова Айнура Койчумановна
Кызматы:
Улук лаборант
Кафедранын тарыхы

Философия жана коомдук илимдер кафедрасы 1966-жылы кадрларды даярдоо жана алардын илимий-теориялык деңгээлин жогорулатуу максатында, экинчиден КММА бардык факультеттеринде жогорку билимдүү адистерди даярдоодо жалпы философия курсу боюнча билим берүү максатында түзүлгөн. Мезгилдин талабына ылайык кафедранын структурасы эки бөлүмдөн турган: 1) философия жана 2) ССКП тарыхы. Кафедра Кыргызстандык гана эмес, чет өлкөлүк келечектеги медициналык кадрларды, окумуштууларды, көрүнүктүү коомдук ишмерлерди жана таланттуу инсандарды даярдап келүүдө. Буга кафедранын профессионалдык-окутуучулар курамынын сиӊирген эмгеги чоӊ. Кафедра түзүлгөндө россиялык окумуштуулар жана педагогдор кафедрага адистик курстар боюнча тиешелүү нормативдик жана окуу куралдары, окуу программалары менен камсыздап, керектүү жардам көрсөтүштү.

Бул кафедрада иштеп, андан соң жооптуу кызматтарга көтөрүлүшкөн бир катар кызматкерлерди атап кетүүгө болот:

1966-жылдан тартып кафедранын жетекчилиги кызматына ф.и.д., профессор Абдылдаев Табылды Абдылдаевич бекитилет. 1988-1990-ж.ж. кафедра башчысы ф.и.к., профессор Исмаилова Эмилия Иринчиевна болгон. 1999-тартып ф.и.к., доцент Чижов Павел Григорьевич, 2004-жылдан тартып ф.и.д., профессор Асанова Умүт Асановна, 2007-2015-жылга чейин ф.и.к., доцент Аалиева Гульзат Карыбековна жетектеп келген.

КММАнын Окумуштуулар кеӊешинин 22.12.2017-ж. (№4-отуруму) чечими менен философия жана коомдук илимдер кафедрасына биринчи башчысы КР УИА корр.-мүчөсү, проф. Т.А. Абдылдаевдин ысымы берилген.

2015-жылдан тартып бул кафедраны ф.и.д., профессордун м.а. Усупова Чолпон Сабыровна жетектеп келүүдө. Анын жетекчилиги менен кафедра билим берүүдө окутуунун инновациялык ыкмаларын активдүү иштеп чыгууда, билим берүүнүн бардык баскычтарында студенттик аудитория менен өз ара аракеттенүүдө, окутулган курстардын мазмундук компонентин жаңылоодо.

Кафедра биздин республикада гана эмес, көптөгөн өлкөлөрдө белгилүү болгон кеңири таанылган илимий борбор. Кафедра көптөгөн чет элдик илимий жана билим берүү борборлорунун өкүлдөрү болгон окумуштуулар жана изилдөөчүлөр менен активдүү кызматташат.

Учурда кафедра И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиянын бардык факультеттеринде философияны жана коомдук илимдерди окутуу багытында окуу процессин бир гана студенттер эмес, академиянын  аспиранттары үчүн да камсыз кылууда. Кафедра кандидаттык жана доктордук диссертацияларды коргоодо талкуулоочу уюм, жана бүгүнкү күнгө чейин 1 доктордук жана 3 кандидаттык диссертациялар талкуудан өтүштү. 

Кафедранын кызматкерлери педагогикалык жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүндө топтолгон тажрыйбага жана олуттуу салттарга таянуу менен коомдук-гуманитардык билим чөйрөсүндө жаңы билим берүү технологияларын өздөштүрүү боюнча жигердүү иштеп жатышат.

Кафедранын сыймыктары

Кафедрада Кыргызстандын көрүнүктүү окумуштуулары, мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмерлери кызмат кылышкан:

Абдылдаев Т.А. – философия илимдеринин доктору, профессор, КРнын Улуттук илимдер академиянын корреспондент-мүчөсү

Ажыбекова К.А. - философия илимдеринин доктору, КРСУ философия кафедрасынын профессору, Кыргызстан коммунисттеринин лидери;

Бешимов Б.Б. – Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси, КР ЖК 4-чакырылышынын депутаты, коомдук ишмер;

Брудный А.А. - философия илимдеринин доктору, КР УИА корр.-мүчөсү КР Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, БААУ профессору;

Жумагулов М. Ж. - философия илимдеринин доктору, профессор, КР билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери, КМКТАУ Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы;

Какеев А. Ч. - философия илимдеринин доктору, академик, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университетинин Тарых жана илимдин философиясы кафедрасынын профессору;

Курманов З. К. - тарых илимдеринин доктору, профессор, КР билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери КР 2-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси жана КР ЖК 4-чакырылышынын депутаты, КУУ жана Кыргыз-Россиялык Славян университетинин диссертацияны коргоо боюнча атайын кеӊешинин мүчөсү;

Ниязалиев Ш. М. - философия илимдеринин доктору, КМКТАУнун профессору

Садыркулов М. Ч. - саясат таануу илиминин кандидаты; Кыргызстандын 2 президенттинин аппараттын жетекчиси, КР атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси.

Кафедранын максаты жана милдеттери

Академиянын студенттери философия, Кыргызстандын тарыхы, Манас таануу, Кыргызстандын географиясы сабактары боюнча  коомдук-гуманитардык, табигый, экономикалык жана атайын философиялык дисциплиналар боюнча фундаменталдык билимдерди алышат. Окутуучулук, илимий-изилдөө жана уюштуруучулук-башкаруучулук ишмердүүлүктө көндүмдөрдү калыпташат.

Философия, Кыргызстандын тарыхы, Манас таануу, Кыргызстандын географиясы сабактарынан тышкары “Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүгүнүн калыптанышынын жана өнүгүшүнүн коомдук-саясий факторлору, этика,  дин философиясы, философиялык антропология, медиктер үчүн руханий-адеп-ахлактык маданияттын негиздери  аттуу тандалма курстар маанилүү орунду ээлейт.

Студенттерди жоопкерчилик, мекенчилдик сезимин калыптандыруунун негизинде студенттин жогорку руханий-нарктуулук сапаттарын калыптандыруу, жараандык жана жогорку маданияттуулук сапаттарына тарбиялоо.

Материалдык-техникалык база

Окуу процессин уюштуруу үчүн кафедрага  И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиянын №4 окуу корпусунда жайгашкан.

Бардыгы болуп 8 бөлмө, анын ичинен 6 дарскана, 2 окутуучулардын бөлмөсү бар.

Кафедрада 4 компьютер, 3 принтер, 4 ноутбук, 2 проектор бар.

Окуу-методикалык иштери

Философия жана коомдук илимдер кафедрасы активдүү окуу-методикалык иштерди жүргүзүп келет. Философия, Кыргызстандын тарыхы, Манас таануу, Кыргызстандын географиясы дисциплиналар боюнча окуу колдонмолору жана окуу-методикалык комплекстери мамлекеттик, орус жана англис тилдеринде үзгүлтүксүз чыгарылып турат. Кафедранын окутуучулары биздин республикада жана чет өлкөлөрдө жарык көргөн философиялык дисциплиналар боюнча окуу куралдарынын бөлүмдөрүн жазууга активдүү катышышат.

Аталышы

Саны

1

Жумушчу программалар

140

2

Окуу-методикалык комплекстер

12

3

Окуу куралдар (2020-2024)

4

4

Монографиялар

4

Кафедранын илимий-окуу методикалык эмгектери

Кафедранын окуу иштери

Т. Абдылдаев атындагы философия жана коомдук илимдер кафедрасы И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиянын бардык факультеттеринде жана жогорку окуу жайларынын бардык баскычтарында (студенттер, аспиранттар) философия, Кыргызстандын тарыхы, Манас таануу, Кыргызстандын географиясы сабактарынан тышкары “Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүгүнүн калыптанышынын жана өнүгүшүнүн коомдук-саясий факторлору”, “Этика”,  “Дин философиясы”, “Философиялык антропология”, “Медиктер үчүн руханий адеп-ахлактык маданияттын негиздери”  аттуу тандалма курстарды окутат.

Т.А.Абдылдаев атындагы философия жана коомдук илимдер кафедрасынын кадрдык потенциалы

Кызматы

Профессордук-окутуучулар курамы

Пайызы

1.     

Кафедранын докторлору

1

11,1

2.     

Кафедранын доценттери

6

66,7

3.     

Кафедранын улук окутуучулары

2

22,2

4.     

Бардыгы:

9

100%

Илимий изилдөө иштери

Т. Абдылдаев атындагы философия жана коомдук илимдер кафедрасы философия жана коомдук илимдер боюнча билим берүүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ичинде жана чет өлкөлөрдө философия илиминин өкүлчүлүктүү функцияларын аткарат.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы иштеп жаткан илимий проблема: «Элдик медицинанын тарыхый-философиялык аспектилери». Бул маселе боюнча кафедранын окутуучулары жекече илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Кафедра философиялык, саясий жана маданий илимдер тармагында кеңири илимий коомчулук менен эл аралык кызматташтыкты ишке ашырат. Кафедранын кызматкерлери кафедрада жана академияда өткөрүлгөн илимий-практикалык ишчараларга гана эмес, чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн эл аралык конгресстерге, семинарларга, конференцияларга да катышып келишет. Кафедранын кызматкерлери акыркы 5 жылдын ичинде эле 100дөн ашык республикалык жана эл аралык илимий практикалык иш-чараларга активдүү катышып, илимий эмгектерин илимий басылмаларда жана Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы, Россия Федерациясынын Жогорку аттестациялык комиссиясы, RSCI, Scopus, Web of Science ж.б. рецензияланган журналдарда жарыялашты. Кафедра академиялык мобилдүүлүк боюнча С.Д. Асфендияров атындагы КУМУ (Астана), ОшМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ менен ийгиликтүү кызматташып келет. Кафедра философия илимдери боюнча диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңеш менен жетектөөчү уюм катары илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамынан Кыргыз Республикасынын Улуттук аккредитациялоо комиссиясы тарабынан тастыкталган доценттик наамдын дипломуна ээ болушкан: Тентигүл кызы Назира (2021-ж.); Сатыбалдиева Р.А. (2023). Ошондой эле үзүрлүү эмгеги үчүн ар кандай сыйлыктарга ээ болгон: Усупова Ч.С. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүдөгү инновациялык идеялары үчүн” медалы, Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин “Лидерлик үчүн” алтын медалы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы; Тентигүл кызы Назира - “Билим берүүнүн отличниги” наамы; Сатыбалдиева Р.А. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы; Исмаилова А.К.- КММАнын Ардак грамотасы.

Кафедранын илимий-студенттик ийрими 2020-жылы түзүлгөн. Жыл сайын ийримге академиянын 60тан ашык дарылоо иши, фармация, педиатрия, медициналык алдын алуу иши, стоматология факультеттердин студенттери катышып келүүдө. Ийримдин мүчөлөрү эл аралык жана ЖОЖдор аралык студенттик конференцияларга, семинарларга жана вебинарларга активдүү катышышат.

 

Тарых жана маданият жылын белгилөө. 2016-ж.

Т.Абдылдаевдин 90 жылдыгына арналган илимий конференция. 2022-ж.

Махатма Гандинин 150 жылдыгына арналган конференция. 2015г.

«Чыгыштын философиясы» аттуу студенттик-тажрыйбалык конференция. 2017г.

«Манас» эпосунун күнүнө арналган конференция. 2022-ж.


Куратордук иш

Куратордук иш студенттер менен түзүлгөн план боюнча аткарылууда. Куратордук ишти Акматова Н.С. (улук куратор), Бексултанова Ч.Д., Исмаилова А.К., Мадалбекова Ж.Б., Сатыбалдиева Р.А., Чоюбекова Г.А. студенттер менен иш алып барышууда.

Куратордук иш төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:

  • Уюштуруу бөлүгү: Тайпанын студенттери менен таанышуу, уюштуруу учурларын талкуулоо (жатаканага катталуу жана башка күнүмдүк маселелер), окуучуларды тартип эрежелери менен тааныштыруу, алдыдагы окуу жылына куратордук иштин планы менен тааныштыруу, предметтик конференцияларга жана олимпиадаларга катышуу, сабактардын негизги түрлөрү (BRL), Moodle, ZOOM, AVN платформаларынын мааниси.
  • Негизги бөлүгү: Улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө көңүл буруу максатында Эл аралык карылар күнүнө арналган куратордук саат. Волонтерлордун ролун талкуулоо. Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине баруу. “4-декабрь – “Манас” эпосунун күнүнө” арналган куратордук саат Ч.Т. Айтматовдун 95 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чараларга катышуу. Куратордук саат. Талкуулоо - 3-март Кыргыз Республикасынын туу күнү, 5-март “Калпак күнү”, 20-март “Нооруз: тарыхы жана өзгөчөлүктөрү”, “9-май – Жеңиш күнү” темасында куратордук саат. Ишембилик күнүн өткөрүү
  • Маданий иш-чаралар:

Шаардын маданий жайларына баруу: театрлар, көргөзмөлөр, музейлер.

  • Спорттук иш-чаралар: КММАда өткөрүлгөн спорттук мелдештерге катышуу, жөө жүрүү, жаратылышка чыгуу.
  • Студенттер менен иш-чараларды өткөрүү: СПИД күнү, Эл аралык студенттер күнү, Ата Мекенди коргоочулар күнү, 8-март, Нооруз майрамы, Жеңиш күнү.

Куратордук ишти аткарууда кафедранын окутуучулары Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин "Акниет" турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борбору" муниципалдык мекемеси менен кызматташууда. Т. Абдылдаев атындагы философия жана коомдук илимдер кафедрасынын отурумунда “Акниет” мекемеси менен  туруктуу байланышты камсыз кылуу чечилген жана тайпалар менен тарбиялык иштерди өткөрүп туруу пландалды. “Акниет” балдар борборунун жетекчисинин макулдугу менен иш-чаралардын планы аныкталды.

 

Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата «Айтматов жана мезгил» деген темадагы куратордук саат. 2022-ж. (А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана)

И.Арабаев атындагы КМУда өткөрүлгөн ЖОЖдор аралык  «К.Тыныстановдун 120 жылдыгына» арналган конкурсунун катышуучулары. 2020-ж.

7-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү. 2023-ж.

Кафедранын кураторлору менен дарылоо иши факультетинин студенттери «Акниет»балдар үчүн борборунда  2024-ж.

Фотографиялар