Физика, математика, информатика жана компьютердик технологиялар кафедрасы
Байланыш маалыматы:
Кафедра кызматкерлери
Карашева Нуржамал Ташматовна
Карашева Нуржамал Ташматовна
Окумуштуу даражасы:
педагогика илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Кызматы:
Кафедра башчысы
Джоробеков Байызбек Джоробекович
Джоробеков Байызбек Джоробекович
Окумуштуу даражасы:
биология илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Султанова Фируза Рустамовна
Султанова Фируза Рустамовна
Окумуштуу даражасы:
физика-математикалык илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Окуу бөлүмүнүн башчысы
Сапарбаев Акматбек Арчалиевич
Сапарбаев Акматбек Арчалиевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Абдыбалиева Канышай Абдыбалиевна
Абдыбалиева Канышай Абдыбалиевна
Окумуштуу даражасы:
педагогика илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Сапаралиева Алтынай Надырбековна
Сапаралиева Алтынай Надырбековна
Окумуштуу даражасы:
физика-математикалык илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Преподаватель
Аманбаева Гульнара Мухтаровна
Аманбаева Гульнара Мухтаровна
Окумуштуу даражасы:
физика-математикалык илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Преподаватель
Колпочбаева Марзия Байышовна
Колпочбаева Марзия Байышовна
Кызматы:
Улук окутуучу
Мамытова Толкун Кенжекуловна
Мамытова Толкун Кенжекуловна
Кызматы:
Улук окутуучу
Исмаилова Айгуль Тажибаевна
Исмаилова Айгуль Тажибаевна
Кызматы:
Окутуучу
Урусова Эльмира Бейшеновна
Урусова Эльмира Бейшеновна
Кызматы:
Окутуучу
Айдарова Жылдыз Торогелдиевна
Айдарова Жылдыз Торогелдиевна
Кызматы:
Окутуучу
Алымбаева Зарина Токтосуновна
Алымбаева Зарина Токтосуновна
Кызматы:
Окутуучу
Акылбекова Алтынай Нажмутдиновна
Акылбекова Алтынай Нажмутдиновна
Кызматы:
Окутуучу
Кадырбекова Бегимай Эмилевна
Кадырбекова Бегимай Эмилевна
Кызматы:
Улук лаборант
Кожонбердиева Камила Алтынбековна
Кожонбердиева Камила Алтынбековна
Кызматы:
Лаборант
Кыскача тарыхы:

Кафедранын тарыхы 1939-жылдан башталат. Кафедранын биринчи башчысы доцент П. Ф. Титов болгон. 1943-жылдан 1995-жылга чейин кафедраны илимдин кандидаттары, доценттер  Шиннянский Л.А., Луговой В.С., Абдулина З. М., Рысканов Т. Р. жана Асанов М. А. жетектеп келген. 1996-жылы физика кафедрасынын аты медициналык-биологиялык физика жана жогорку математика болуп өзгөртүлүп, кафедраны доцент Мамаев О.М. 1996-жылдан 2000-жылга чейин жетектеп келген.

1936-жылдан 2005-жылга чейинки аралыкта кафедрада илимий багыттарда төмөнкү иштер  жүргүзүлүп келген: биохемилюминесценциялар (Асанов М.А., Атанаев Т.Б., Азимбаев Т. К., Сологубова Т.И.); магнит талаасынын биологиялык системага тийген таасири (Рысканов Т.Р., Усенбеков Т.У., Абдукаримова Н.А., Уралиев К.У.); бийик тоолуу жерлерге адамдын ылайыкташуу касиеттерин изилдөө үчүн статистикалык ыкмалардын колдонулушу (Джоробеков Б. Дж.).1994-жылы кафедрада информатика илиминин жана эсептөө технологиясынын негиздерин окутуу максатында жана анын медицинада кеңири колдонулушунун негизинде, медициналык информатика жана AБС (Автоматтык башкаруу системасы) доценттик курс уюштурулган. Бул доценттик курстун башчысы болуп Джоробеков Б.Дж. дайындалган. 1997-жылы аталган курс кафедра болуп өзгөрүлгөн. Кафедранын негизги маселеси болуп  студент-дарыгерлерди маалымат технологиялар тармагында сапаттуу даярдоо жана жогорку окуу жайынын окуу процессинде маалыматтык камсыздоонун заманбап фомаларын  киргизүү жана өнүктүрүү саналган.1997-жылдан 2003-жылга чейин медициналык информатика жана AБС кафедрасынын башчысы болуп медицина илимдеринин кандидаты, доцент Счастливый О.Я. иштеген. 2003-жылы медициналык информатика жана AСБ кафедрасы информатика жана компьютердик технологиялар кафедрасы деп аталып жана жетекчиси катары  физика-математика илимдеринин кандидаты Урусова Т.Э. дайындалган. Бул мезгил аралыгында кафедранын кызматкерлери тарабынан информатиканы окутуу жана окуу процессин маалыматташтыруу боюнча көптөгөн илимий-усулдук иштер аткарылды. 2009-жылы Кыргыз Республикасындагы илим жана жогорку билим берүү системасындагы инновацияларга жана медициналык окуу жайларында окуу процессинин сапатына  коюлган жаңы талаптарга байланыштуу информатика жана АБС кафедрасы физика, математика, информатика жана компьютердик технологиялар кафедрасы болуп аталды. 2004-2015-жылдары кафедраны биология илимдеринин кандидаты Джоробеков Б.Д. жетектеп келген. 2015-жылдан баштап кафедра башчысы болуп педагогика илимдеринин кандидаты Карашева Н.Т. иштеп келе жатат.Сабактар: физика, жогорку математика жана информатика сабактары 1-курстун бардык факультеттеринде окутулат. Физика сабагы дарылоо факультетинде предмет аралык модулдун негизинде окутулат: “Адам, коом, ден соолук”, “Молекуладан клеткага”, “Клеткадан органга” жана “Нерв системасы”.”Биологиялык статистика” сабагы жогорку мээрмандык билим берүү факультетинин 2-курсунун студенттерине окутулат жана студенттерге биомедициналык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын статистикалык анализдөө негиздери менен тааныштырат.“Медициналык информатика” сабагы 4-курстун стоматология факультетинин студенттерине окутулат. Аспиранттар жана илим изилдөөчүлөр “Медициналык жана биологиялык маалыматтарды статистикалык анализдөө” курсунун алкагында медициналык жана биологиялык маалыматтарды статистикалык анализдөөчү компьютердик  программалар менен иштөөнү үйрөнүшөт.Кафедрада медициналык алдын алуу иштери  факультетинин 1-курсунун студенттери үчүн негизги сабактардан тышкары төмөндөгүдөй тандоо курстар боюнча сабак өткөрүлөт: “Медициналык маалыматтар системасы” жана “Медициналык алдын алуу иштери жана саламаттыкты сактоо багытындагы нанотехнологиялар”, педиатрия факультетинде: “Медицинадагы маалыматтык-коммуникалдык технологиялар” жана “Педиатриядагы нанотехнологиялар”, стоматология факультетинде: “Стоматологиядагы  маалыматтык-коммуникалдык технологиялар” жана “Катуу телолордун физикасы”, фармация факультетинде: “Фармациядагы  маалыматтык-коммуникалдык технологиялар” жана “Фармациялык процесстерди моделдештирүүдө биологиялык физиканын негиздери”.  Ошондой эле жогорку мээрмандык билим берүү факультетинин  2-курсунун студенттери үчүн “Медициналык маалыматтык системалар” жана “Медицина жана саламаттыкты сактоодогу нанотехнологиялар” тандоо курстары боюнча сабак өткөрүлөт.

Кафедра кызматкерлери

Жалпы маалымат:
Кафедранын жамааты лекциялардын, семинарлардын жана лаборатордук-практикалык сабактардын сапатын жогорулатуу боюнча окуу-методикалык иштерди жүргүзүшөт, ошондой эле физика, жогорку математика, информатика, медициналык информатика сабактары үчүн практикалык иштерди жүргүзүү боюнча методикалык колдонмолорду иштеп чыгышат, бардык сабактар боюнча студенттердин билимин текшерүү үчүн тесттик суроолорду иштеп чыгышат, илимий-методикалык макалаларды жарыялашат, илимий-практикалык конференцияларга жана семинарларга катышышат.Азыркы учурда кафедрада Интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү болгон 4 замапбап компьютердик бөлмөлөр, медициналык жана биологиялык физика сабагы боюнча практикалык-лаборатордук иштерди жасоодо колдонулуучу электрокардиограф, спектрофотометр, төмөнкү жана жогорку жыштыктагы терапиялык аппараттар «Амплипульс», «УВЧ - терапия», «УЗИ - терапия», электростимулятор, газдык лазер жана башка приборлор менен камсыздандырылган окуу бөлмөлөрү бар.
Илимий ишмердиги

Азыркы учурда кафедра илимий - изилдөө иштерин 3 негизги багытта алып барат:

  • медициналык билим тармагында келечектеги дарыгерлердин маалыматтык-техникалык маданиятын жогорулатуунун дидактикалык негиздери;
  • медициналык ЖОЖ медициналык жана биологиялык физиканы окутуу процессин жакшыртуу;
  • медициналык жана биологиялык физиканы окутуунун дидактикалык –психологиялык негиздери.
Кафедра  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети, Кыргыз эл аралык университети, Б. Ельцина атындагы Кыргыз-Россия Славян университети менен илимий тыгыз мамиледе.