Үзгүлтүксүз жана аралыктан окутуу борбору
Кызматкерлер
Эрназарова Бактыгул Кочкорбаевна
Эрназарова Бактыгул Кочкорбаевна
Окумуштуу даражасы:
химия илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Үзгүлтүксүз жана аралыктан окутуу борборунун директору
Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич
Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич
Окумуштуу даражасы:
биология илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Үзгүлтүксүз жана аралыктан окутуу секторунун башчысы
  • 0(312) 56-59-78
  • Ахунбаев, 92 көч, Башкы имарат каб.201
Нурбаева Айнура Рахимбердиевна
Нурбаева Айнура Рахимбердиевна
Кызматы:
Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун адиси
Кубатбекова Надира Кубатбековна
Кубатбекова Надира Кубатбековна
Кызматы:
Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун адиси
Казыева Гулиза Эргешбаевна
Казыева Гулиза Эргешбаевна
Кызматы:
Аралыктан окутуу борборунун адиси
Баишева София Айбековна
Баишева София Айбековна
Кызматы:
Аралыктан окутуу борборунун адиси

Борбордун кыскача тарыхы

Тарыхы:

1963-жылдын 23-декабрындагы Кыргыз ССР Министрлер Советинин №792-Р буйругуна ылайык КММАда дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу факультети ачылган.

1963-жылдан 1965-жылга чейин факультетте үч доцент жана үч ассистент эмгектенип, дарыгерлердин квалификациясын өркүндөтүүдө 6 багыт боюнча иш алып барышкан.

Врачтардын квалификациясын жогорулатуу үчүн талаптардын  көбөйгөндүгүнө жана аларды камтууну көбөйтүү муктаждыгына байланыштуу 1966-жылдан 1969-жылга чейин мугалимдердин багыттары жана штаттары көбөйтүлгөн. Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү борбору 13 адистик боюнча өркүндөтүү жүргүзүлүп, штат 7 адамга көбөйтүлгөн.

1969-жылга карата дипломдон кийинки медициналык окутуу факультетинде иштеген профессордук-окутуучулар составынын саны 50 адамды түзгөн, анын ичинен:

  • Профессор – 3 адам;
  • Доцент – 12 адам;
  • Медицина илимдеринин кандидаттары – 35 адам.

1978-жылы дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу факультетинин базасында терапия жана хирургия кафедрасы түзүлүп, дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу курстары стоматологиялык багыттарды да камтыган, жалпысынан дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу 22 адистик боюнча жүргүзүлгөн.

1999-жылы И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын базасында Практикалык педагогика институтунун ачылышы менен жогорку окуу жайлардын педагогикасы жана психологиясы боюнча квалификацияны жогорулатуу курстары түзүлгөн. Мугалимдер жана аспиранттар үчүн сабактар ​​өткөрүлгөн.

2016-2017-жылдары борбордун директору м.и.к., доцент Стамбекова Канышай Нурмаматовна болгон. Ал эми 2017-2019-жылдары борбордун директору филос.и.к. Жайлообаева Азима Турусбековна аркалаган. 2019-жылдын январь айында Аралыктан окутуу жана квалификацияны жогорулатуу борбору болуп түзүлгөн. Ошол учурда квалификацияны жогорулатуу курстары 26 багыт боюнча өтүлгөн жана лицензиялоого 23 программа даярдалган. 2022-жылга чейин борбордун директору болуп п.и.д., профессор Уметов Таалайбек Эгембердиевич жетектеп келсе, 2022-жылдан баштап м.и.д., доцент Ногойбаева Калыс Асанбековна директор болуп дайындалган. 2023-жылы м.и.к., доцент Умуралиева Алиман Мамадалиевна борборду жетектеген. 

 Азыркы учурда борбордун кызматкерлери: б.и.к., доцент Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич- үзгүлтүксүз жана аралыктан окутуу секторунун башчысы, Нурбаева Айнура Рахимбердиевна - үзгүлтүксүз билим берүү борборунун адиси, Казыева Гулиза Эргешбаевна - аралыктан окутуу борборунун адиси, Кубатбекова Надира Кубатбековна - үзгүлтүксүз билим берүү борборунун адиси, Байшева София Айбековна - аралыктан окутуу борборунун адиси.

Үзгүлтүксүз жана аралыктан окутуу борборунун мүдүрлөрү:

Борбордун мүдүрлөрү Академиялык наамы, академиялык даражасы Иштеген жылы
 м.и.к., доцент Стамбекова Канышай Нурмаматовна 2016-2017 жж.
 филос.и.к., Жайлообаева Азима Турусбековна 2017-2019 жж.
 п.и.д., профессор Уметов Таалайбек Эгембердиевич 2019-2022 жж.
 м.и.д., доцент Ногойбаева Калысбүбү Асанбековна 2022-2023 жж.
 м.и.к., доцент  Умуралиева Алиман Мамадалиевна 2023-2024 жж.

 Бүгүнкү күндө борбор Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү борбору болуп кайрадан түзүлүп, аны х.и.д., доцент Эрназарова Бактыгүл Кочкорбаевна жетектеп келе жатат. Бүгүнкү учурда Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү борборунда 67 багыт боюнча квалификацияны жогорулатуу курстары ачылып, иш алып барылууда.

 

Максаттар жана милдеттер:

  • Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү борбору И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын кызматкерлеринин жана медицина кызматкерлеринин педагогикалык, илимий, медициналык жана социалдык компетенцияларын өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган билим берүү жана илимий максаттардын бир бөлүгүн ишке ашырат.
  • Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү борбору Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо практикасына алдыңкы медициналык жана биологиялык билимдерди, профилактикалык технологияларды, инновациялык диагностика жана дарылоо инновациялык ыкмаларды ишке киргизүү максатында түзүлгөн.
Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү борбору жөнүндө жобо
Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү борборундагы курстардын лицензиялары
Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү борборунун 2023-2024 окуу жылына карата курстардын баа тизмеси
Арыз жазуунун үлгүсү
Семинарлар

Чек арасыз дарыгерлер

2024-жылдын 1-5-апрелине чейин И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын окуу-материалдык базасында  «Чексиз дарыгерлер – Швейцария» долбоорунун алкагында Ысык-Ата, Чүй, Кемин райондорунун жана Токмок шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын үй-бүлөлүк медайымдары үчүн көкүрөк жана жатын моюнчасынын рагына скрининг боюнча кыска мөөнөттүү тренинг уюштурулду. Аялдардын ден соолугу боюнча долбоордун  координатору Андреа Исенеггер жана тренерлер катышуучуларга жатын моюнчасынын рак оорусунун алдын алуу, дарылоо ыкмалары жана оорунун санын  кыскартуу боюнча тренинг өткөрүштү. Катышуучулар тренингдерге активдүү катышышты.

   

Курскка тапшуруу үчүн документтердин тизмеси
Жылдык отчет