Миссиясы жана максаты
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын
БИЛИМ БЕРҮҮ САПАТЫНЫН КЕПИЛДИГИНИН САЯСАТЫ

 

Урааныбыз: Scientia, Experientia et Novitates - Билим, тажрыйба жана инновациялар!

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын билим берүүнүн сапатына кепилдик саясаты КММАнын мурдагы өнүгүү Стратегиясынын (2010-2020-жж.) ишке ашырылышын талдоонун, “2018-2040-жылдардагы Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн Улуттук стратегиясында” (КР Өкмөтүнүн 1918-жылдын 20-декабрындагы № 600 токтому), КР Өкмөтүнүн  калктын саламатчылыгын коргоо жана саламаттыкты сактоо системасын 2019-2030-жылдары өнүктүрүү боюнча “Дени сак адам - өсүп-өнгөн  өлкө” Программасында (КР Президентинин 31.11.2018-жылдагы №221 Жарлыгы менен бекитилген), коюлган жаңы милдеттердин, “2021-2040-жылдардагы  Кыргыз Республикасынын билим берүү Стратегиясы” долбоорунун жана 2015-жылы БУУга мүчө мамлекеттер тарабынан кабыл алынган 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү Күн тартибинин негизинде иштелип чыккан, ошондой эле бардык кызыктар тараптардын, Кыргыз Республикасынын жана жалпы глобалдык коомчулуктун керектөөлөрүн чагылдырат.    

2021-жылдан 2030-жылга чейинки КММАнын билим берүү сапатына кепилдик саясаты КММАнын окутуучулары жана кызматкерлери, студенттик жамаат, практикалык саламаттыкты сактоонун өкүлдөрү жана башка стейкхолдерлер менен Билим берүүнүн сапаты боюнча Кеңештин (18.11.2020-ж.), Ректорат Кеңешинин (08.01.2021-ж.), Окумуштуулар Кеңешинин (29.01.2021-ж.) ачык жыйындарында кеңири талкуулангандан соң  кабыл алынды.  

Билим берүүнүн сапатынын кепилдигинин системасын камсыздоо максатында КММАнын билим берүү сапатын камсыздоо саясаты Миссия, Көз-караш, Максаттарды, “КММанын 2021-2030-жылдардагы өнүгүү Стратегиясын”, “КММАнын 2021-2030-жылдардагы өнүгүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын”, Сапат менеджментинин системасын (СМС), ошондой эле билим берүүнүн максаттары менен натыйжаларын (бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларынын каталогдору) камтыйт.  

КММАнын МИССИЯсы Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүү жана илимдин флагманы катары калктын ден соолугу менен жашоосунун сапатын жакшыртууда, медициналык жана фармацевтикалык кадрларды сапаттуу жана үзгүлтүксүз даярдоо аркылуу, ХХ1 кылымдын чакырыктарына ылайыктуу билим берүү жараянынын, илимий изилдөө жана клиникалык практиканын ажырагыс биримдигинин негизинде коом менен инсандын интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн керектөөлөрүн канаатандырууда турат. 

КӨЗ-КАРАШ:

КММА – изилдөө-инновациялык түрдөгү мамлекеттик медициналык ЖОЖ, дүйнөнүн алдыңкы медициналык университеттери менен үзөңгүлөш Азия регионундагы медициналык билим берүүнүн жана илимдин алдыңкы борборлорунун бири.  

КММА – бул окуу жараянынын, фундаменталдык илимий изилдөөлөрдүн жана инновациялык мамилелердин интеграциясынын негизинде медициналык жана фармацевтик кадрларды мезгилден озуп даярдаган ЖОЖ. КММА - бул медицина менен коомду инновациялык өнүктүрүү үчүн жаңы жетишкендиктерди, атаандаштыкка туруштук бере алган, социалдык жактан жоопкерчиликтүү, демилгелүү жана компетенттүү адистерди тарбиялоону камсыздаган ЖОЖ.

МАКСАТТАР:

Стратегиялык максаттар:

  1. КММАнын саламаттыкты сактоодогу дүйнөлүк деңгээлдеги фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдүн, бийик тоолуу медицинанын, биотехнологиялардын, фармациянын жана окутуунун инновациялык технологияларын кеңири кийирүүнүн эсебинен негизги эл аралык рейтингдер боюнча Азия регионундагы алдыңкы медициналык ЖОЖдордун катарына кириши жана бекем орун  алышы;    
  2. Мезгилден озгон билим берүүнүн принциптерин камсыздоо үчүн КММАнын инновациялык инфраструктурасын өнүктрүү;
  3. Азия жана Европанын алдыңкы ЖОЖдору менен атаандашууга жарамдуу илимий-билим берүү кызматтарынын турмуштук циклинин бардык баскычтарында сапатты системалуу камсыздоо;
  4. КММАнын комплекстүү кызматташуусунун негизинде бардык кызыктар тараптар менен интеллектуалдык потенциалды, материалдык, каржылык жана кадрдык ресурстарды бириктирүү жолу аркылуу адистерди профессионалдык даярдоо боюнча стратегиялык өнөктөштүктү камсыздоо;
  5. Адистерди жана илимий кадрларды көп баскычтуу даярдоо системасын билим берүү менен илимдин фундаменталдуулугу, сапаты, үзгүлтүксүздүгү жана өтмө катардуулугунун, ошондой эле дүйнөлүк билим берүү жана илимий коомчулукка сөзсүз интегрциялоонун эсебинен өнүктүүү.   

Билим берүүнүн максаттары:

  1. Саламаттыкты сактоонун материалдык-техникалык жабдылышынын заманбап деңгээлинин шарттарында өз алдынча практикага профессионалдык жактан даяр адисти калыптандыруу.
  2. Глобалдык коомчулуктун рухий-адеп-ахлактык жана гуманисттик нарктарынын негизинде ар тараптуу өнүккөн жана социалдык жактан жоопкерчиликтүү инсанды, жогорку даражадагы маданияттуу жана боорукер билим алуучу инсанды калыптандыруу. 
  3. Бүт эмгекчил жашоосунда окууга жана өндүрүш менен башкаруунун инновациялык технологияларын, социалдык өнүктүрүүнүн прогрессивдүү жараяндарын  демилгелөөгө жана колдоого,  глобалдык коомчулукта лидер болууга даяр билим алуучу инсанды калыптандыруу.  
  4. Илимий-орентациялык окутууну (Research Based Learning)  кийирүү жана медициналык илимди өнүктүрүү аркылуу студенттердеги изилдөөчүлүк компетенцияларды өнүктүрүү жана калыптандыруу;    
  5. Социалдык жана экономикалык жараяндардын интенсивдүү өнүгүшүнүн бат өзгөргөн шарттарына ылайык, коом менен эмгек рыногунун суроо талаптарына жооп берген, өзүнүн катышуусун опреативдүү сунуштоого даяр компетенцияларга негизделген билим алуучуларды  мезгилден озуу менен профессионалдык даярдоо.       

КММАнын нарктары:

Академиялык эркиндик – КММА окутуунун темаларын  жана илимий изилдөөнүн, публикациялардын ыкмаларын эркин тандоого, а билим алуучулар  үчүн өз жөндөмү менен керектөөлөрүнө ылайык билим алууга жол ачат.  

Инновациялуулук жана креативдүүлүк – КММА жаңы билимдерди издөөнү улантат жана жеке адамдык жана социалдык өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн алга сүрөйт.  

Ачыктык жана чынчылдык – КММАнын жетишкендиктери кыймыл аракеттин, жоопкерчиликтин жана отчеттуулуктун ачыктыгына негизделет.  Инсанды урматтоо - ар түрдүүлүктү баалап жана жеке айрымачылыкты сыйлап, КММА кызматкерлер менен билим алуучулардын ар-намысы жана укуктарына урматтоо  менен мамиле жасайт. 

Инсандык өнүгүү жана лидерлик - КММА инсандык өнүгүүнүн жана профессионалдык жактан өзүн көрсөтүүнүн маданиятын көтөрүүгө шарт түзүүгө; кызматкерлер менен студенттер лидердик сапатын көтөрүүгө мүмкүн болгон чөйрөнү түзүүгө аракеттенет.

Жогорку стандарттар - КММА өз ишмердүүлүгүн эң жогорку эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүүгө умтулат. 

Позитивдүү чөйрө – КММА жумуш жана окутуудан канаатанууга алып келген, ЖОЖго берилген, анын салттарын сактоого жана өнүктүрүүгө даяр турган абалды жаратууну  шарттайт.  

Коомдук аң-сезим жана ден соолукту кароо – КММА сыркоолор үчүн  медициналык жардамдын жогорку сапатын камсыздоого, коомдун керектөөлөрүнө кылдаттык менен жооп берүүгө, дарыгерлер менен медкызматкерлердин жаңы муунуна гуманизм менен боорукердикти үйрөтүүгө, дени сак жашоо образын шарттоого умутулат.      

Конструктивдик кызматташуу – КММА өз багыты боюнча жакшы натыйжага жетүүгө жардамдашкан өнөктөштөр менен кызматташат.