Системалык жана программалык камсыздоо бөлүмү
Байланыш маалыматы
Женишбек кызы Мира
Женишбек кызы Мира
Кызматы:
Бөлүм башчысы
Кызматкерлер
Дорофеев Александр Станиславович
Дорофеев Александр Станиславович
Кызматы:
Инженер - программист
Турдумаматов Адилет Болотбекович
Турдумаматов Адилет Болотбекович
Кызматы:
Техника оңдоо боюнча инженер
  • +996 (312) 56 59 32
  • И. Ахунбаев К., 92. Башкы корпус, №15 кабинет
Керимбеков Ихтияр Темирбекович
Керимбеков Ихтияр Темирбекович
Кызматы:
Тармактык администратор
  • +996 (312) 56 59 32
  • И. Ахунбаев К., 92. Башкы корпус, №15 кабинет
Сааданбек уулу Саламат
Сааданбек уулу Саламат
Кызматы:
Техника оңдоо боюнча инженер
  • +996 (312) 56 59 32
  • И. Ахунбаев К., 92. Башкы корпус, №15 кабинет
Мамбеталиев Бектурган Маратович
Мамбеталиев Бектурган Маратович
Кызматы:
Инженер - программист
Оморов Элдияр Абдрашитович
Оморов Элдияр Абдрашитович
Кызматы:
инженер-программист
  • +996 (312) 54-63-61
  • И. Ахунбаев, 92Б, №4 окуу имараты, Студенттерди жана кызматкерлерди тейлөө борбору
Кыскача тарыхы

1997 жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында компьютердик - маалымат борбору уюштурулган.  Ал мезгилде борбордун директору Т. Э. Урусова болгон.

Борбордун кызматкерлери. 1997ж.

Борбордун директору Т. Э. Урусова (1-катардын борборунда)

Борбордун негизги иш - аракети окуу процесстерине компьютердик технологияларды кигизүү, программалык камсыздоонуу колдонуу аркылуу маалыматты иштеп чыгуу менен байланышкан. 

1999 жылы Невада университетинин Медициналык мектеби менен өнөктөшүүнүн негизинде билим берүү ресурстары жана компьютердик технологиялар бөлүмү түзүлгөн.  Академиянын кызматкерлеринен тышкары маалыматтык колдоону миңдеген саламаттыкты сактоонун кызматкерлери колдонуп турушкан. Бөлүмдүн башчысы Исмаилова Жылдыз Сапарбаевна болгон.

Бөлүмдүн кызматкерлери. 1999ж.

Бөлүмбашчы Ж. С. Исмаилова (оңдо)

Лекцияларды, көргөзмөлөрдү, окуу семинарларды жана конференцияларды ийгиликтүү өткөрүү үчүн мультимедиалык борбор ачылган. 2004 жылдан 2010 жылга чейин  бөлүмдү И. Р.  Абдышева башкарган.

Ресурстук бөлүмдүн башчысы Абдышева И. Р.

2010 жылдан 2016 жылга чейин бөлүм системалык жана техникалык камсыздоо бөлүмү болуп аталып, маалыматтык-библиотекалык комплекстин курамында болгон.  Комплекстин башчысы  п.и.к. Карашева Нуржамал Ташматовна болгон.

МБКтин башчысы Крашева Н.Т.

КММАнын программалык-техникалык камсыздоо иш аракети өзүбүздүн автомматташтырылган тутумдарды ойлоп чыгуу, киргизүү жана тейлөө болгон.  2012 жылы медакадемиянын башкы имаратындагы, морфологиялык, стоматологиялык жана №4 корпустарындагы компьютерлерды бириктирген  интернет тармактарын кеңейтүү боюнча жумуштар кылынды. 

Системалык жана техникалык камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери. 2014ж.

2016 жылы маалыматтык-библиотекалык комплекс таркатылган, бөлүмдүн аты системалык жана программалык камсыздоо бөлүмү деп өзгөртүлгөн. Бөлүмдү азыркы учурда Женишбек кызы Мира жетектейт.

Системалык жана программалык  камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери. 2024Ж.

Жалпы маалымат

Системалык жана программалык камсыздоо бөлүмүнүн ишинин негизги максаты-КММАнын маалыматтык инфраструктурасынын туруктуу иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле КММАнын окуу процессинде, административдик башкарууда компьютердик технологиялардын көйгөйлөрүн комплекстүү чечүү жана Бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти өнүктүрүү.

Бөлүм ЖОЖду башкаруунун автоматташтырылган системаларын ишке киргизет жана коштойт. Бул планда "АВН" маалымат системасынын бир нече подсистемалары киргизилген ("кабыл алуу комиссиясы", "тестирлөө", "анкеталоо", "студенттик кадрлар бөлүмү", "кызматкерлердин кадрлар бөлүмү" ж.б.). Ошондой эле, бөлүм тарабынан КММАнын жаңы сайты иштелип чыгып, ага техникалык колдоо көрсөтүлүүдө.

Системалык жана техникалык камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери программалык камсыздоону орнотуу, компьютерлерди жана башка оргтехниканы оңдоо боюнча иштерди аткарышат, оргтехниканы тендердик сатып алуу үчүн жабдуулардын техникалык өзгөчөлүктөрүн даярдоого катышышат.

Азыркы учурда Академияда бирдиктүү маалыматтык локалдык тармак бар, ал глобалдык Интернет тармагына эркин кирүүгө мүмкүндүк берет.