Unihood студенттик организациясы
Unihoodдун официалдуу барачасына кош келиңиздер!    
Unihoodдун лидерлери
Айдаров Максатбек Абдукадырович
Айдаров Максатбек Абдукадырович
Кызматы:
Лидер, Улук ментор
Алмазбекова Карина Алмазбековна
Алмазбекова Карина Алмазбековна
Кызматы:
Лидер, Улукментор
Саадабаев Бексултан Мырзабаевич
Саадабаев Бексултан Мырзабаевич
Кызматы:
Лидер, Улук ментор

Наши лидеры 

 

Unihood студенттик уюму «Ментордук» долбоору менен иш алып барат. Анын ичине «Тааныштыруу программасы» жана «Студенттик ментордук программасы» кирет.

Багыттоо программасы КММАнын жаңы студенттерине арналган. Ал окуу жылына бир жума калганда өткөрүлөт. Бул программада академия менен тааныштырышат . Албетте, студенттик жашоонун, академияysy ичинде жана fysy тышында дагы, кызыктуу болорун айтып беришет.

Байланыш: жалпы биринчи курс менен академия

 Студенттик ментордук программа окуу жыл ичинде эки жолу өткөрүлөт, күзүндө анан жазында. Бул программада иш жекече бир жуптун ичинде жүрөт. Ал жуп- ментор жана менти, устат жана окуучу, Шифу жана По. Программада студенттер өздүк сапаттарын жогорлотушат, окууда жетишуусун которушот, тажрыйба менен алмашышат. Маанилүүсү жаңы, кызыктуу адамдар менен таанышышат.

Байланыш: кенже курстар менен чон курстар

 Эки программанын ичинде тең КММАнын студенттери менен медицина тармагынын адамдары менен гана эмес, ар кайсы профильдеги адамдар менен кызыктуу жолугушуулар өтөт. Teambuilding, ар кандай оюн-зоок, мелдештер сыяктуу көңүлдүү чогулуулар да өтөт. Мунун бардыгы студенттердин арасында достук мамиле куруу үчүн уюштурулат.

 Үстүдө айтылгандын баарын уюштурууда шайыр, креативдүү эң негизгиси жоопкерчиликтүү биздин академиянын активисттери турушат.

 Организациянын мүчөлөрү көздөгөн максаттар – булар студентке акадкемияга бат көнүшүнө жардам берүү, ички дүйнөсү, интеллектуалдык жана физикалык тарабынан өсүүсүнө аракет кылуу, ички потенциалын ачууга жөл табуу жана академиялык жетишүүсүн көтөрүү.

 

 

Unihood дайыма жаңы тааныштарга кубанычта!

 

Кобуроок маалымат учун томондогу шилтемелерге отунуздор:

👨‍💻Instagram баракчасы⏬ (@uni_hood)

https://instagram.com/uni_hood?igshid=1qj3pu9rqd21h

✍Telegram каналы⏬ (@unihoodkgma)

https://t.me/unihoodkgma

📸Google Photos альбому⏬

https://photos.app.goo.gl/iefpw21b4mrvyUPU6

Нормативдуу документтер:
Текст спойлера.
Медиа

2019-жылдын багыттоо программасы

2020-жылдын Студенттик Ментордук программасы. Жаз.

Ачылыш аземи.

2020-жылдын жазгы ментордук программасынын алкагында өткөрүлгөн тимбилдинг.

Катышуучулар Аламүдүн капчыгайына бир күндүк экскурсияга барып, чакан пикник уюштурушту.

Студенттик Ментордук программасы 2020. Күз.

Бул программа өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу онлайн режиминде өттү.

Жогорудагы программанын уюштуруучулары мини тимбилдинг уюштурушуп, Ата-Турк паркында пикник жасашкан. 

Студенттик Ментордук программасы 2021. Жаз.

Ачылыш аземи.

Бул иш-чара "Жаш Муун" жаштар борборунун кеңсесинде болуп өттү.

Биринчи конок жолугушуусу 2021-жылдын жаз айларында Ментодук программасынын алкагында өткөрүлдү.

Конок биринчи курс ординатору Айым Турдукеева болду. Тема: "Ийгиликтуу ийгиликсиз".

Ред Петролеум Компаниянын Каржы директорунун орун басары Аманат Молдокеева менен экинчи конок жолугушуусу отту. Талкуунун темасы: "Үй-бүлө, балдар жана мансап".

Үчүнчү конок жолугушуу Ата-Түрк паркында өттү. Конокто "Медитация" темасы менен Accelerate Prosperty Kyrgyzstan компаниясынын директору Индира Узбекова болду. Катышуучулар медитациянын негизги ыкмаларын колдоно алышты.

4-конок жолугушуу невролог, цефалголог жана КММАнын неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти Кундуз Карбозованын катышуусунда өттү. Жолугушууда "Ad astra per aspera" деген темадагы суроолор талкууланды, ал "Кыйынчылыктар аркылуу жылдыздарга" деп которулат.