Дипломго чейинки жана дипломдон кийинки анестезиология жана интенсивдик терапия кафедрасы
Байланыш маалыматы:
  • 0 (312) 46-79-46
  • Бишкек ш., Тоголок Молдо 1/13 көчөсү
Кафедра кызматкерлери
Чынгышова Жамиля Амановна
Чынгышова Жамиля Амановна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
доцент
Кызматы:
Кафедра башчысы
Жайлообаева Азима Турусбековна
Жайлообаева Азима Турусбековна
Окумуштуу даражасы:
философия илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Кафедранын окуу бөлүм башчысы
Толбашиева Гульджан Усеновна
Толбашиева Гульджан Усеновна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент м.а.
Турдушева Динара Коношевна
Турдушева Динара Коношевна
Кызматы:
Ассистент
Турдиев Улан Мудунович
Турдиев Улан Мудунович
Кызматы:
Ассистент
Апиева Элиза Иманкадыровна
Апиева Элиза Иманкадыровна
Кызматы:
Ассистент
Назарбеков Даул Колаевич
Назарбеков Даул Колаевич
Кызматы:
Ассистент
Раимбеков Жылдызбек Алтынбекович
Раимбеков Жылдызбек Алтынбекович
Кызматы:
Ассистент
Султанали уулу Бактыбек
Султанали уулу Бактыбек
Кызматы:
Ассистент
Абдезова Нурпери Таалайбековна
Абдезова Нурпери Таалайбековна
Кызматы:
Ассистент
Кубанычбекова Айдай Кубанычбековна
Кубанычбекова Айдай Кубанычбековна
Кызматы:
Ассистент

Кыскача тарыхы

Кыргызстандагы анестезиолог жана реаниматологдорду даярдоо ишинде 1969-жылдагы КММИнын жалпы хирургия кафедрасынын курамындагы анестезиология жана реаниматологиянын доценттик курсун түзүү неизги мааниге ээ болгон, биринчи жетекчиси Кыргыз ССРнин Саламаттык сактоо министрлигинин штаттык эмес башкы адиси, анестезиология-реаниматология боюнча медицина илиминин кандидаты М. Г. Фингер болгон (10.01.1930-03.11.2015).

1973-жылы КММИнин факультетинде дарыгерлердин ишин жакшыртуу үчүн анестезиология жана реаниматология боюнча доценттик курс уюшулган (башчысы доц. М.Г. Фингер), бул жактан республиканын анестезиолог-реаниматолог дарыгерлери адистиктен өтүшкөн жана квалификациясын жогорулатышкан.

1976-жылы анестезиология-реаниматология курсу жалпы хирургия кафедрасынын курамынан бөлүнгөн. (башчысы доц. М. Г. Фингер, асс. А. А. Шерова, А. Ш. Шаршеев, Ш.О.Абдурахманова ж.б. болгон). 1987-жылы КММИнин анестезиология жана реаниматология курсу кафедрасы болуп өзгөргөн, 1989-жылы М.Г.Фингерге профессор наамы ыйгарылган.

 

 

1991-1997-жылдары кафедраны доцент А.Ш. Шаршеев башкарган (08.03.1940-2003).

1992 – жылы А. Шаршеевдин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын анестезиологдор жана реаниматологдор ассоциациясы түзүлүп жана Ассоциациянын биринчи президенти болгон. Бүткүл дүйнөлүк анестезиологдор федерациясына көз карандысыз мүчө болуп кирип, Гаагадагы анестезиологдордун Бүткүл дүйнөлүк конгрессине (1992) жана Париждеги анестезиологдордун Европалык конгрессине (1995) катышкан.

 

 

А.Ш. Шаршеев КММАнын студенттери менен.

 

1996-жылы КММАнын анестезиология жана реаниматология боюнча доценттик курсун м.и.к., доцент А.А. Шерова жетектеген.

1997-жылы КММА кафедраларынын кеңейтилгенине байланыштуу анестезиология жана реаниматология боюнча доценттик курсу жалпы хирургия кафедрасынын курамына кирген.

1999-жылдын 1-сентябрында КММИнын Усулдукту жогорулатуу базасында анестезиология жана реаниматология кафедрасы түзүлүп, кафедранын башчысы м.и.д., профессор Ж.Б. Бошкоев дайындалган жана кафедраны 2015 жылга чейин жетектеген.

2015 ж. И.К Ахунбаев атындагы КММАда кайра уюштуруу иштерине байланыштуу пропедевтикалык хирургия кафедрасына кошулуп, анестезиология курсу болуп өзгөргөн. 2015-2017-жылдары кафедраны м.и.д., профессор А.С Бейшеналиев, анестезиология жана реаниматология курсун м.и.к., доцент А.К. Молдоташева жетектешкен.

 

2017-жылдын 26-майында курс пропедевтикалык хирургия кафедрасынан бөлүнүп, дипломго чейинки жана дипломдон кийинки анестезиология интенсивдүү терапия кафедрасы болуп өзгөргөн, кафедранын башчысы болуп м.и.к., доцент Чынгышова Жамиля Амановна дайындалган.

 

Кафедранын кызматкерлери

Учурда кафедрада кафедра башчысы м.и.д., доцент Чынгышова Ж.А., окуу бөлүм башчысы, ф.и.к. Жайлообаева А.Т., м.и.к., доценттин м.а.Толбашиева Г.У., ассистенттер: Турдиев У.М., Турдушева Д.К., Назарбеков Д.К., Апиева Э.И., Абдезова Н.Т., Раимбеков Ж.А., Султанали уулу Б., сырттан айкалыштыруучулар жана лаборанттар иштешет. Кафедранын ар бир клиникалык базаларында клиникалык ординаторлор насаатчылары менен иштешет.

Кафедранын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы – медицина илимдеринин доктору, доцент. Чынгышова Ж.А., КР саламаттык сактоонун отличниктери: Толбашиева Г.У., Жайлообаева А.Т., Назарбеков Д.К., Турдиев У.М., Турдушева Д.К., ошондой эле, Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы, КММАнын Ардак грамотасы, КР УКМК 9-кызматынын жана КР Коргоо министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланышкан.

Окуу иштери

Кафедрада студенттерге үч тилде: орус, кыргыз жана англис тилдеринде билим берилет.

Кафедрада төмөндөгү дисциплиналар өтүлөт:

6 курс дарылоо иши факультетинде

  • “Анестезиология, реаниматология жана интенсивдүү терапия”
  • Симуляциялык курс

5 курс англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультетинде

  • “Анестезиология, реаниматология жана интенсивдүү терапия”

5 курс медициналык алдын алуу иши факультетинде

  • “Тез жардам жана интенсивдүү терапия”

5 курс стоматология факультетинде

  • “Реаниматология жана интенсивдүү терапия”

5 курс жогорку медициналык айымдык билим берүү факультетинде

  • “Анестезиология жана реаниматология тез жардам негиздери менен”

2, 3 курстарынын дарылоо иши факультетинде өндүрүштүк практика

  • “Медайымдын жардамчысы”
  • “Тез жардам медициналык кызматынын фельдшеринин жардамчысы”.

 

М.и.д., доцент Ж.А. Чынгышова англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультетинин студенттери менен операция алдында.

 

Кафедранын ассистенти Д.К. Назарбеков дарылоо иши факультетинин 6 курсунун студенттери менен “практикалык сабак учурунда.

 

Кафедранын ассистенти Д.К. Турдушева дарылоо иши факультетинин 6 курсунун студенттери менен “өпкөнү жасалма дем алдыруу жолу” практикалык сабак учурунда.

 

 

Кафедранын кызматкерлери клиникалык ординаторлордон экзамен алуу учурунда.

  

Кафедранын ассистенти У.М. Турдиев англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультетинин студенттеринин өндүрүштүк пратикадан экзамен алуу учурунда.

 

КММАнын клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана билимдерин баалоо борборунда клиникалык кафедралардын ассистентери жана ординаторлор менен кафедранын ассистенти А.Т. Жайлообаева “BLS жана ALS” практикалык сабак учурунда.

Кафедранын ассистентери А.Т. Жайлообаева жана Ж.А. Раимбековдор мектеп мугалимдерине өзгөчө кырдаалдар учурунда биринчи жардам көрсөтүү боюнча мастер-класс учурунда.

Профессордук - окутуучулук курам

 Кызматкерлердин саны: 24

негизги кызматкерлер - 8;

эки кызматта  иштегендер - 16.

  1. кафедра башчысы – м.и.к. Чынгышова Жамиля  Амановна   
  2. кафедранын окуу бөлүмүнүн башчысы – Турдиев Улан Мудунович, ассистент.
  3. клиникалык ординаторлор кафедрасынын улук окутуучусу – Турдушева Динара Коношевна, ассистент.
  4. 4. илимий жана клиникалык иштер боюнча улук окутуучу  – м.и.к, ассистент Толбашиева Гульджан Усеновна.
  5. Профком -   Апиева Элиза Иманкадыровна, ассистент.

Ассистенттер-4

  • Турдушева Д.К.
  • Турдиев    У.М.
  • Щевчук  О.И.
  • Апиева   Э.И.

Лаборанттар- 2

  • Туратбекова А.Т -  башкы лаборант  
  • Гайназарова М.А –  кенже жардамчы

 Окутуучулар: 

  • м.и.д.. Искаков  М.Б                                             
  • м.и.к. Беков М.Ж                                        
  • м.и.к. Саткеева А.Ж                                                                   
  •  Болотов К.А                                          
  • Мамбетсеитова Г.Б                                  
  • Тикибаев Т.Т                                               
  • Кийизбаева Л.Э                                          
  • Чолпонбаева Н.С
  • Ташибекова З.С
  • Деркембаева Ж.С    
  • Аширова З.Т
  • Аминов Ш.Р  
  • Рахманкулов М.З
  • Исаев С.С
  • Денисова П.В
  • Таштанбаев К.Т

Максаттары

Анестезиология, реаниматология, тез жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүү тармагындагы   заманбап билим берүү эл аралык стандартка ылайык келген көлөмдө теориялык негиздерди жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүнү камсыз кылат. 

Бул үчүн: 

  • билим берүүнүн жыйынтыгын жана максатын аныктоодо студенттерге жардам берүү;  
  • студенттерди  ар түрдүү ыкмаларды, жолдорду колдонуу менен ишмердиктин ар кандай түрлөрүнө катыштыруу жана аларга  керектүү ыкмаларды колдонуу үчүн маалыматтарды вербалдык жана вербалдык эмес жолдор аркылуу берүү;
  • илимий ийримдерди уюштуруу жана башкаруу, ишмердиктин ар кандай түрлөрүндө студенттер тарабынан көрсөтүлгөн эксперттик компотенцияларын кабылдоо жана аларды тесттердин жардамы менен баалоо;
  • катышуучулар талкууланып жаткан долбоорго өздөрүнүн  ойлорун, суроолорун жана көз караштарын айта ала тургандай  абалды түзүү.

Студенттердин илимий-изилдөө иштери  жогорку окуу жайдын окуу процессинде бирден-бир маанилүү форма болуп саналат. Билим берүү прцессине ИОИП киргизүү окуу процессинин мүнөзүн толугу менен өзгөртөт. ИОИП окутулуп жаткан дисциплиналар боюнча билимдин тереңдешине, келечектеги адистердин илимий эрудициясынын кеңейишине, чыгармачыл ой жүгүртүүсүнө  шарт түзөт.  КММАнын  анестезиология кафедрасынын ИОИП илимий көйгөйлүү  маселелерди карап чыгат, студенттик илимий конференцияларда, илимий иштердин конкурстарында катышат.

Милдеттери

1) Хирургияда, акушерликте,  педиатрияда  анестезиология, реаниматология, тез жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүү маселелери  боюнча  жогорку квалификациялуу адистерди  (студенттерди, ординаторлорду,  интерндерди жана аспиранттарды) даярдоо.

2) Анестезиология-реаниматология жана интенсивдүү терапияга  жаңы технологияларды жана негиздерди киргизүү;  

3) Илимий изилдөөлөрдү камсыздоо, илимдин жана техниканын жаңы жетишкендиктерин эске алуу менен билим берүүнүн  ыкмаларын жакшыртуу.
Илимий ишмердиги

Кафедранын илимий ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары:

  • «Боор, бөйрөк, калкан бези, ЖБХдагы жана кан тамыр хирургиясындагы анестезиологиялык жардамдардын өзгөчөлүктөрү.
  • «Операциядан кийинки ооруу»
  • «Операция алдындагы даярдык»
  • «Ар кандай кырдаалдагы хирургиялык, акушердик иш-аракеттерде жана сепсисте оорутпоо ыкмаларын оптималдаштыруу».
  • «Сепсистик жана педиатриялык оорулуулардын баш-сөөк оор жараатарында ӨЖЖ (өпкөнү жасалма дем алдыруу) ыкмаларын оптималдаштыруу».
  • «Абдоминалдык узак мөөнөттүү операцияларында нерв-булчуң блокадасынын реверсиясы»

Анестезиология жана интенсивдүү терапия кафедрасы С.П. Боткин атындагы Россия медициналык академиясынын дипломдон кийинки билим берүү анестезиология-реаниматология жана Казахстан Республикасынын анестезиология-реаниматология кафедралары менен тактап айтканда А.Н. Сызганов атындагы Хирургиянын улуттук илимий борбору менен, ошондой эле Казахстандын Анестезиолог-реаниматологдорунун федерациясы менен тыгыз байланышта иштешип ар дайым байланышта болуп турат.

Акыркы жылдары студенттер, клиникалык ординаторлор жана дарыгерлер үчүн 3 методикалык жана окуу куралы басылып чыккан, 20дан ашык илимий макалалар жарык көргөн, 2 кандидаттык диссертация корголгон, 1 докторлук жана 3 кандидаттык диссертациялар даярдалууда, ойлоп табууларга Кыргыз Республикасынын 2 патенти алынган.

 

Мюнхен шаарынан профессор А.Бабаяндын катышуусунда «Строма-кан тамыр терапиясы MIBAR» илимий-практикалык конференциясы

Эл аралык кызматташтык

Анестезиология жана интенсивдүү терапия кафедрасы С.П. Боткин атындагы Россия медициналык академиясынын дипломдон кийинки билим берүү анестезиология-реаниматология жана Казахстан Республикасынын анестезиология-реаниматология кафедралары менен тактап айтканда А.Н. Сызганов атындагы Хирургиянын улуттук илимий борбору менен, ошондой эле Казахстандын Анестезиолог-реаниматологдорунун федерациясы менен тыгыз байланышта иштешип ар дайым байланышта болуп турат.

Мындан сырткары кафедранын кызматкерлери жыл сайын Россия Федерациясынын, Казахстан Республикасынын, Түркиянын, өзбекстан Республикасынын жана башка мамлекеттердин эл аралык илимий конференцияларына катышып турушат.

 

İnönü университетинин ректору профессор, академик Ахмет Кызылай менен, Түркия, Малатия ш.

 

      

 

Түркия, Малатия ш. Боор алмаштыруу операция убагында (стажировкада)

 

Кафедранын кызматкерлери С.П. Боткин атынданы № 35 анестезиология - реанимация борборунун дарыгерлери менен ультрасонографиякык КАДАВЕР практикалык курсун өткөрүү учурунда.

 

Кафедра кызматкерлери Алматыда өткөн Казакстандын анестезиологдор жана реаниматологдорунун IV конгрессинде «Анестезиологдор жана реаниматологдор федерациясынын» президенти, медицина илимдеринин доктору, А.Н. Сызганов атындагы Улуттук хирургиялык илимий борборунун профессору Миербеков Э.М. менен.

 

 

 м.и.к., доценттин м.а. Г.У. Толбашиева Казакстандын анестезиологдорунун жана реаниматологдорунун IV Съездинде, модерация убагында.

 

 

III-Эл аралык медициналык жогорку окуу жайларынын студенттеринин олимпиадасы, Өзбекстан Республикасы, Самарканд мамлекеттик медициналык университети.

Студенттик илимий ийрим

М.и.к., доценттин м.а. Г.У. Толбашиеванын жетекчилиги алдында студенттик илимий ийррими иштейт. Ийримчилер ар жыл сайын олимпиадаларга жана эл аралык илимий конференцияларга активдүү катышып, байгелүү орундарды ээлешет.

 

 

Кафедранын ийриминин мүчөлөрү Москва жана Самарканд шаарларында өткөн эл аралык олимпиадаларда.

           

       

 

Кафедранын ийриминин мүчөлөрү менен биринчи жардам көрсөтүү боюнча мастер-класс өткөрүү учурунда.

 

Кафедранын клиникалык базалары

Кафедранын клиникалык базалары:

  • Бишкек шаарындагы клиникалык базалар:
  • КР ССМ Улуттук госпиталы
  • М.М. Мамакеев атындагы УХБ
  • Онкология жана гематология УБ
  • Бишкек шаардык гинекологиялык больниша
  • Репродуктивдуу ден соолук борбору
  • №1- шаардык клиникалык больницасы
  • Кафмед центр
  • КММАнын медициналык борбоору
  • КММАнын дарт аныктоо жана дарылоо республикалык борбору
  • Тез жардам клиникалык больницасы
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору
  • 6- төрөт үйү
  • Веданта клиникасы
  • Бишкек шаарынын тез жардам борбору

Кафедранын аймактык клиникалык базалары

  • Чүй облустук төрөт үйү·      
  • Чүй облустук бириккен ооруканасы·      
  • Жайыл аймактык ооруканасы·      
  • Беловодск аймактык ооруканасы·      
  • Ысык-Ата аймактык ооруканасы·      
  • Кадамжай аймактык ооруканасы·      
  • Балыкчы аймактык ооруканасы·      
  • Жалал-Абад аймактык ооруканасы·      
  • Ыссык-Көл областтык бириккен ооруканасы·      
  • Нарын облустук бириккен ооруканасы·      
  • Ош областтык бириккен ооруканасы ·      
  • Талас областтык бириккен ооруканасы